Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-февралындагы № 75 токтомунун 2-тиркемеси
Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө бул нускама (мындан ары - Нускама) "Лотереялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык иштелип чыккан жана лотерея ишин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) лотереяларды уюштуруучулардын бере турган отчетунун курамын, тартибин жана мөөнөтүн белгилейт.
2. Бул Нускаманы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын негизинде иш жүргүзгөн лотерея уюштуруучулардын бардыгы колдонот.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Нускамада белгиленген тартипте отчет ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн учурдан тартып лотереяны уюштуруучунун отчету берилди деп эсептелинет.
4. Лотереяны уюштуруучунун отчету кагазга жазылып берилет.
5. Отчеттун барактары (2 же андан ашуун болгондо) номерленүүгө жана көктөлүүгө тийиш. Бул Нускама менен белгиленген лотереяны уюштуруучунун отчеттору жетекчинин жана лотереяны уюштуруучунун койгон колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.
2. Лотереяны уюштуруучунун берүүчү отчетунун курамына, тартибине жана мөөнөтүнө коюлуучу талаптар
6. Лотереяны уюштуруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүдөй отчетторду берет:
а) айлык отчетторду (тез утуштурулуучу, тираждык, электрондук лотереялар үчүн) 1, 2 жана 3-тиркемелерге ылайык тариздер боюнча;
б) бүткөн лотереялардын жыйынтыгы боюнча отчетту (кызыктыруучу лотереялар үчүн) 4-тиркемеге ылайык тариз боюнча.
7. Бул нускаманын 6-пунктунун «а)» пунктчасында көрсөтүлгөн документ ай сайын түзүлөт жана кийинки отчеттук мезгилдеги айдын 10 күнүнөн кечиктирилбей, ар бир айдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек.
8. Бул Нускаманын 6-пунктунун «б)» пунктчасында көрсөтүлгөн документ, кызыктыруучу лотереянын жыйынтыгы боюнча түзүлөт жана ал бүткөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек.
9. Бул Нускаманын 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү керек болгон учурда, алар киргизилген учурдан тартып үч иш күндүн ичинде лотереяны уюштуруучу аларды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бериши керек.
10. Берилүүчү тариздердеги отчеттун бардык аянтчасы толтурулат. Толтурулуучу аянтта маалыматтар жок болгон учурда сызыкча ("--") коюлат.
3. Берилген отчет үчүн жоопкерчилик
11. Лотереяларды уюштуруучулар бул Нускаманын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн отчетторду өз убагында бербей коюу жана отчеттордун ишенимсиздиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
|
| Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын 1-тиркемеси |
Тариз
_____________ 201__-ж. үчүн тез утуштурулуучу лотереяны өткөрүү жөнүндө отчет ( 201__ -ж. үчүн)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
Лотереяны уюштуруучу_______________________________________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
Лотереянын аталышы_________________________________________________________________________ |
лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берилген күн, анын номери______________________________ |
Лотереялык билеттерди даярдоочу (басмакана) _________________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
N | Көрсөткүчтөр |
|
1 | Резервдик каражаттардын өлчөмү (сом) |
|
2 | Даярдалган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
3 | Лотереялык билеттин баасы(сом) |
|
4 | Лотереянын сыйлык фондусу (%) |
|
5 | Лотереянын сыйлык фондусу (сом) |
|
6 | Лотереялык иштин башталышында түзүлгөн сыйлык фондусу (сом) |
|
7 | Отчеттук мезгилдин башталышында сатыла элек лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
8 | Отчеттук мезгилде сатылган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
9 | Отчеттук мезгилдин аягындагы лотереялык билеттердин калдыгы |
|
10 | Лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчалар (сом) |
|
11 | Отчеттук мезгилдин башталышындагы сыйлык фондусунун калдыгы (сом) |
|
12 | Отчеттук мезгилде төлөнүп берилген иш жүзүндөгү сыйлык фонду (сом) |
|
13 | Отчеттук мезгилдин аягындагы сыйлык фондусунун калдыгы (сом) |
|
14 | Лотереядан түшкөн киреше (сом) |
|
15 | Сыйлык фондусунун талап кылынбаган бөлүгүнөн түшкөн киреше (сом)(*) |
|
16 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
(*) Лотереянын бүтүшү боюнча.
Лотереяны уюштуруучунун жетекчиси__________________________________________________________ |
(Аты-жөнү, койгон колу) |
М. О.
|
| Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын 2-тиркемеси |
Тариз
_____________ 201__-ж. үчүн тираждык лотереяны өткөрүү жөнүндө отчет ( 201__ -ж. үчүн) Тираждын номери жана күнү_________________
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
Лотереяны уюштуруучу_______________________________________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
Лотереянын аталышы_________________________________________________________________________ |
лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берилген күн, анын номери______________________________ |
Лотереялык билеттерди даярдоочу (басмакана) _________________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
N | Көрсөткүчтөр |
|
1 | Резервдик каражаттардын өлчөмү (сом) |
|
2 | Даярдалган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
3 | Сатылган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
4 | Сатылбаган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
5 | Лотереялык билеттердин баасы (сом) |
|
6 | Лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акча (сом) |
|
7 | Лотереянын сыйлык фондусу (%) |
|
8 | Түзүлгөн сыйлык фондусу(сом) |
|
9 | Иш жүзүндө төлөнүп берилген сыйлык фонду (сом) |
|
10 | Сыйлык фондусунун талап кылынбаган бөлүгү (сом) |
|
11 | Лотереядан түшкөн киреше (сом) |
|
12 | Сыйлык фондусунун талап кылынбаган бөлүгүнөн түшкөн киреше (сом)(*) |
|
13 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
Кошумча:
- бул отчет отчеттук мезгилде өткөрүлгөн ар бир тираж боюнча берилет;
- отчеттук мезгилде өткөрүлгөн, тиражды өткөрүүнүн жыйынтыктары жарыяланган жалпыга маалымдоо каражатынын аты, номери, билдирүү чыккан күн көрсөтүлөт (утуштардын тиражынын жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып 10 күндөн кечиктирилбей жарыяланат);
- тираждык комиссиянын мүчөлөрү кол койгон тиражды өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле тираждын башталышына карата сатылбаган лотереялык билеттерди жок кылуу жөнүндө протокол берилет (утуштардын тиражынын жыйынтыктары аныкталган күндөн тартып жумалык мөөнөттө).
(*) Тираждын жыйынтыктарын расмий жарыялаган күндөн 3 ай өткөндөн кийин.
Лотереяны уюштуруучунун жетекчиси__________________________________________________________ |
(Аты-жөнү, койгон колу) |
М. О.
|
| Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын 3-тиркемеси |
Тариз
_____________ 201__-ж. үчүн электрондук лотереяны өткөрүү жөнүндө отчет ( 201__ -ж. үчүн)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомунун редакциясына ылайык)
Тираждын номери жана күнү_________________
Лотереяны уюштуруучу______________________________________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
Лотереянын аталышы________________________________________________________________________ |
лотереялык ишти жүзөгө ашырууга лицензия берилген күн, анын номери______________________________ |
Электрондук лотереялык программаны даярдоочу ______________________________________________ |
(аталышы, юридикалык дареги, телефонунун номери) |
N | Көрсөткүчтөр |
|
1 | Резервдик каражаттардын өлчөмү (сом) |
|
2 | Сатылган лотереялык билеттердин саны (даана) |
|
3 | Лотереялык билеттердин баасы (сом) |
|
4 | Лотереяны өткөрүүдөн түшкөн акчалар (сом) |
|
5 | Лотереянын сыйлык фондусу (%) |
|
6 | Түзүлгөн сыйлык фондусу(сом) |
|
7 | Иш жүзүндө төлөнүп берилген сыйлык фонду (сом) |
|
8 | Сыйлык фондусунун талап кылынбаган бөлүгү (сом) |
|
9 | Лотереядан түшкөн киреше (сом) |
|
10 | Сыйлык фондусунун талап кылынбаган бөлүгүнөн түшкөн киреше (сом)(*) |
|
11 | (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |
Кошумча:
(*) Лотереянын бүтүшү боюнча.
Лотереяны уюштуруучунун жетекчиси__________________________________________________________ |
(Аты-жөнү, койгон колу) |
М. О.
|
| Лотерея боюнча отчет берүүнүн тартиби жөнүндө нускаманын 4-тиркемеси |
Тариз
_____________ 201__-ж. - 201__-ж. мезгил үчүн кызыктыруучу лотереяны өткөрүү жөнүндө отчет
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 токтомуна ылайык күчүн жоготту)