Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры № 703
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-январындагы № 41 "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо катары келип түшкөн каражаттарды башкаруу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жободо:
3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Атайын эсептин максаты Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын (мындан ары - Жазы-Кечүү айылы) аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыянды компенсациялоо болуп саналат.
4. Атайын эсептин каражаттары социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды, жана курулмаларды курууга, курулуш техникаларын алууга, жерлерди өздөштүрүү жана жакшыртуу үчүн, атап айтканда:
- суу чарба жана маданий тиричилик объекттерин курууга, реконструкциялоого жана Токтогул районунун калктуу конуштарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга;
- жерлерди мелиорациялык жакшыртуу, ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларга (Атайын эсептин каражаттарынын кеминде 70 пайызы);
- Токтогул районунун калктуу пункттарынын жана Жазы-Кечүү айылынын инфраструктурасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иш-чараларга;
- Токтогул районунун жана Жазы-Кечүү айылынын аймагында жерлерди өздөштүрүүгө жана жакшыртууга;
- Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын аймагында социалдык-маданий объекттерди, суу чарба объекттерин, өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн курулуш техникаларын алууга;
- "Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция" мамлекеттик мекемесинин ишин каржылоого пайдаланылат.
Атайын эсептин каражаттарын башка максаттарга пайдаланууга, анын ичинде мааракелер, тойлор, майрамдар сыяктуу коомдук иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилбейт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |