Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 27-январы № 55
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын тышкы соодасын өнүктүрүү жана илгерилетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы 539 "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир терезе" борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги текстинин аталышында жана 1-пункттагы "Бир терезе" деген сөздөр "Бирдиктүү терезе" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бир Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын уставында:
- мамлекеттик тилдеги аталышында жана бүткүл текст боюнча "Бир Терезе" жана "бир терезе" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Бирдиктүү терезе" жана "бирдиктүү терезе" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту менен толукталсын:
"5-1. Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери боюнча чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Ишкана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкарыда өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.";
- 6-пункттун төртүнчү абзацындагы "Ce№tre of Si№gle Wi№dow" i№ the foreig№ trade are№a" деген сөздөр "Si№gle Wi№dow" "Ce№tre for foreig№ trade" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"9. Ишкана Кыргыз Республикасынын тышкы соодасын өнүктүрүүгө жана илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү максатында өз ишин жүзөгө ашырат.";
- 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"10. Ишкананын негизги маселелери импорттук-экспорттук иш чөйрөсүндө тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бажы алдындагы жол-жоболордон өтүүдө "бирдиктүү терезе" системасын түзүү, уюштуруу, өнүктүрүү жана талаптагыдай иштөөсүн, кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу, экспортту илгерилетүүгө жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.";
- 11-пункт төмөнкү мазмундагы ок алтынчы - жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:
"- экспорттук иш чөйрөсүндөгү ишкерлер үчүн зарыл болгон маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, жаңылоону жана талдоону жүзөгө ашырат;
- экспорт чөйрөсүндөгү шарттар, жол-жоболор жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча методикалык, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды таратат;
- консультациялык жана башка атайын кызматтарды көрсөтүү аркылуу ата мекендик ишкерлердин дараметин өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин экспорттук өндүрүмдөрүнүн беделин жогорулатуу жана илгерилетүү боюнча маркетингдик иш-чараларга катышат;
- экспортту илгерилетүү үчүн экспорттук ишканалардын дараметин өнүктүрүүгө техникалык жана каржылык жардам тартуу маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;";
- 13-пунктта:
экинчи абзацтагы "иш-аракетти өркүндөтүү" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле экспортту илгерилетүү жана өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын:
үчүнчү абзацтагы "бир терезе" принцибинин алкагында" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда;";
бешинчи абзац "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жана мамлекеттик эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучулары болгон жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;";
он экинчи абзацтагы "бир терезе" принцибинин алкагында" деген сөздөр алып салынсын;
он тогузунчу абзац "семинарларга" деген сөздөн кийин "жана башка иш-чараларга" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктта:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын экономика министринин сунушу" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын экономика министринин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын сунуштамасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Ишкананын директорунун бир орун басары болот, ал Кыргыз Республикасынын экономика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.";
- 19-пункттун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Ишкананын директорунун, директордун орун басарынын кызмат орундарына талапкерлерди сунуштайт жана анын бухгалтерин дайындоо үчүн талапкерлерди макулдашат;";
- мамлекеттик тилдеги текстинде 29-пунктунун экинчи абзацындагы "(бир терезенин" деген сөздөр "бирдиктүү терезенин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Ж.Сатыбалдиев |