Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы №539 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" системасын киргизүү, "бирдиктүү терезе" принцибин жүзөгө ашыруу жана илгерилетүү максатында түзүлгөн.
2. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.
3. Ишкана өз ишин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Уставды карманат.
4. Ишкана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине (мындан ары - Министрлик) түздөн-түз баш ийет.
Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналып, өз алдынча мүлккө ээ болуу менен, өзүн актоочу негизде иш жүргүзөт.
Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын банк мекемелеринде жана чет өлкөлүк банктарда улуттук же чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептери, мөөрү, фирманын аталышы көрсөтүлгөн бланкалары, штампы жана башка атрибуттары бар.
5. Ишкана Министрлик менен макулдашып жана ушул Уставга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте аймактык кызматтарды ачууга укуктуу.
5-1. Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле өкүлчүлүктөрдүн жайгашкан жери боюнча чет мамлекеттердин мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Ишкана Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкарыда өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын аталышы:
- кыргыз тилинде - "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы "Тышкы соода чөйрөсүндөгү "Бирдиктүү Терезе" борбору" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде - "Государственное предприятие "Центр "единого окна" в сфере внешней торговли при Министерство экономики Кыргызской Республики";
- англис тилинде - "Single Window" "Centre for foreign trade under Ministry of Economy of the Kyrgyz Republic".
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Ишкананын юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.
8. Бул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киргизилет.
9. Ишкана өз ишин импорттук-экспорттук операцияларды жөнгө салуу үчүн арыз ээлеринин зарыл болгон уруксат берүүчү-лицензиялык документтерди алуусунун жеткиликтүүлүгүн, жөнөкөйлүгүн жана ыкчамдуулугун камсыз кылуу аркылуу соода жүргүзүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында жүргүзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ишкананын негизги маселелери импорттук-экспорттук иш чөйрөсүндө тышкы экономикалык иштин катышуучулары үчүн бажы алдындагы жол-жоболордон өтүүдө "бирдиктүү терезе" системасын түзүү, уюштуруу, өнүктүрүү жана талаптагыдай иштөөсүн, кызмат көрсөтүүсүн камсыз кылуу болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Тапшырылган маселелерге ылайык Ишкана төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин жүзөгө ашырууга жана илгерилетүүгө катышат;
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары болгон жеке жана юридикалык жактарга "бирдиктүү терезе" системасынын иштөө жана өнүгүү тартиби жана шарттары тууралуу маалымат жана консультация берет;
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары жөнүндө маалыматтарды эсепке алып, каттоодон өткөрөт;
- белгиленген тартипте, "бирдиктүү терезе" принцибинин алкагында мамлекеттик органдар менен жеке жана юридикалык жактардын ортосунда маалымат алмашуу ишин жүзөгө ашырат;
- белгиленген тартипте коомчулукту Кыргыз Республикасынын тышкы соода ишмердиги боюнча ченемдик укук актыларды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат;
- тышкы соода чөйрөсүндө маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызматтар менен камсыз кылуу максатында, кызыкдар тараптардын ортосунда документтерди автоматташкан түрдө өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат;
- "бирдиктүү терезе" принцибинин алкагындагы экспорт-импорт операцияларын тариздөөгө катышкан мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салып, мониторингин жүргүзөт;
- "бирдиктүү терезе" системасынын маалыматтарынын электрондук ченемдик укуктук базасын түзүп, аны жүргүзүп, жаңыртып турат;
- "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында, тийиштүү мамлекеттик органдарга, жеке жана юридикалык жактарга статистикалык жана башка маалыматтарды берет;
- мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын аткарган иштеринин натыйжаларынын мониторинги жана Ишкананын иши тууралуу башка маалыматтарды даярдап, Министрликке тапшырат;
- Ишкананын иши, "бирдиктүү терезе" системасынын ишинин натыйжалуулугу тууралуу отчетту Министрликке квартал сайын, жыл сайын тапшырып турат;
- тышкы соода чөйрөсүндө "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү маселеси боюнча эл аралык уюмдар жана институттар менен өз ара иштешип, тажрыйба алмашат;
- документтерди кагаз жана электрондук форматтарда жүргүзүп, топтоп, эсебин алып, сактайт;
- "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тийиштүү документтерди тариздөө боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн жыйымдарды алып, белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга төлөп турат;
- (16-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (17-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (18-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (19-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (20-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- чарба жүргүзүү укугунун негизинде өткөрүлүп берилген мүлктүн сакталышын жана максатка ылайык пайдаланылышын камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттердин түрлөрүн жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Ишкана чарба жүргүзүү укугунун негизинде өткөрүлүп берилген мүлктүн менчик ээси болбойт.
Ишкана ага өткөрүлүп берилген каражаттарды жана мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген иштер үчүн пайдаланат.
13. Ушул Уставда белгиленген маселелерди жана иш-милдеттерди аткаруу үчүн, Ишкана төмөндөгүлөргө укуктуу:
- тышкы соода чөйрөсүндөгү "бирдиктүү терезе" принцибин жүзөгө ашыруу жана илгерилетүү боюнча жүргүзүлүүчү иш-аракетти өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды Министрликке берүүгө;
- тышкы экономика жана тышкы соода чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Министрликке берүүгө;
- тышкы соода операцияларын администрациялоого тартылган мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар, жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда;
- тышкы экономикалык иштин катышуучуларын эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү үчүн тийиштүү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардан, жеке жана юридикалык жактардан "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында маалымат суроого жана алууга;
- тышкы экономикалык иштин катышуучулары тууралуу маалыматтарды белгиленген тартипте эсепке алууга жана каттоого;
- "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында, уруксат документтерди бергендик үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жана арыз ээлеринен тийиштүү документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана алмашууга;
- Кыргыз Республикасынын тышкы соода чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын электрондук базасы жана башка ыкмалар аркылуу тышкы экономикалык иштин катышуучулары болгон жеке жана юридикалык жактарга маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө;
- Ишкананын чарбалык башкаруусундагы мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө;
- чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү Министрлик менен макулдашып, белгиленген тартипте ижарага берүүгө;
- өзүнчө мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга, жалпы юрисдикция сотторунда доочу жана жоопкер катарында катышууга;
- тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын, жеке жана юридикалык жактардын керектөөлөрүнө жараша аткарылчу иштердин жана кызматтардын көлөмдөрүн аныктоого;
- Ишкананын максаттарына жана маселелерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен белгиленген тартипте акчасыз же накталай эсептешүү жүргүзүүгө;
- ушул Уставга ылайык Министрлик менен макулдашып, Кыргыз Республикасынын аймагында тийиштүү аймактык кызматтарды түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактардан улуттук дагы, чет өлкөлүк валютада дагы коммерциялык негизде алынчу кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
- көрсөтүлчү кызматтардын баасын белгиленген тартипте аныктоого;
- жарандык-укуктук келишимдерди түзүүнүн негизинде Ишкананын кызматкерлерин окутуу, аларга консультация берүү жана башка кызматтарды көрсөтүү үчүн адистерди тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн, анын ичинде чет мамлекеттердин аймактарына иш-сапарларга жиберүүгө;
- Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн аларды Ишкананын эсебинен окутууга;
- эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин, жалдама келишимдердин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишканада иштерди аткаруу үчүн жарандарды тартууга;
- жарнама берүүчү болууга;
- акысыз жана акылуу негизде маалыматтык, коммуникациялык, статистикалык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө;
- Ишкана мамлекеттин жана анын органдарынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштерди аткарууга.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55, 2016-жылдын 14-октябрындагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ишкананын кызматкерлеринин иштөө режими жана эс алуу убактысы, алардын социалдык камсыздоосу, социалдык камсыздандыруусу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык белгиленет.
Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамына ылайык, Ишкана өзүнүн кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.
15. Ишкана төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен жүктөлгөн маселелердин жана иш-милдеттердин кыйла натыйжалуу аткарылышын камсыз кылууга;
- Министрликке квартал сайын, жыл сайын Ишкананын аткарган иши тууралуу отчет тапшырууга;
- мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын аткарган иштеринин натыйжаларынын мониторинги жөнүндө жана башка маалыматтарды ушул Уставга ылайык Министрликке тапшырууга;
- Министрлик менен макулдашып, ишкананын кызматкерлеринин жана аймактык кызматтардын кызматкерлеринин жалпы санын аныктоого, квалификациялык талаптарды белгилөөгө;
- Министрлик менен макулдашып, кызматкерлердин эмгек акысын төлөө формасын жана системасын аныктоого, иш убактысын суммалаштырып эсептөө ыкмасын киргизүү тууралуу чечим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттенмелерин аткарууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жактан жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн, ошондой коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого, Ишкананын кызматкерлеринин ден-соолугуна жана эмгекке жарамдуулугуна келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берүүгө;
- Ишкананын отчетторун салык жана башка органдарга өз маалында тапшырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка жыйымдарды төлөөгө.
16. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, коммерциялык, кызматтык жана башка мыйзам тарабынан корголгон купуя сырды Ишканада иштөөсү токтотулгандан кийин дагы сактоого милдеттүү.
Келишимдик, кредиттик, эсеп-кысаптык, салыктык жана башка милдеттенмелер бузулган учурларда Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартат.
17. Ишкананын байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) Ишкананын ишин жалпы көзөмөлдөөчү жана стратегиялык жактан башкаруучу жогорку жетекчи орган болот.
Байкоочу кеңештин курамы жана анын Жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
18. Ишкананын ишин Кыргыз Республикасынын экономика министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындачу жана кызматтан бошотуучу башкы директор (мындан ары - директор) башкарат.
Директор эки жылдык мөөнөткө дайындалып, ушул Уставдын жана Министрлик менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде иштейт.
Ишкананын директорунун бир орун басары болот, ал директордун сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын экономика министри тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ишкананын бухгалтери Министрлик менен макулдашылып, директор тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Министрликтин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- Ишкананын ишин жалпы жетектейт жана координациялайт;
- Ишкананын ишинин негизги багыттарын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго Ишкананын директорунун, директордун орун басарынын кызмат орундарына талапкерлерди сунуштайт жана анын бухгалтерин дайындоо үчүн талапкерлерди макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын тийиштүү аймактык кызматтарын түзүү боюнча маселелерди макулдашат;
- Ишкананын түзүмүн жана штаттык жүгүртмөсүн макулдашат;
- Ишкананын жана аймактык кызматтардын кызматкерлеринин жалпы санын макулдашат жана квалификациялык талаптарды белгилейт;
- кызматкерлердин эмгек акысын төлөө формасын жана системасын макулдашат жана иш убактысын суммалаштырып эсептөөнү киргизүү тууралуу чечим кабыл алат;
- Ишкананын келечек пландарын бекитет;
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн тийиштүү пайдаланылышын жана сакталышын контролдойт;
- Ишкананын жылдык отчетторун жана бухгалтердик баланстарын бекитет;
- Ишкананын жетекчилигине карата тартиптик жоопко тартуу иш-чараларын көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Директор:
- Ишкананын ишин жетектеп, Ишканага жүктөлгөн маселелердин жана иш-милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жооптуу болот;
- Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- мамлекеттик органдарда, Кыргыз Республикасынын уюмдарында, мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коет;
- Ишкананы жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде буйруктарды чыгарат жана Ишкананын бардык кызматкерлерине милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берет;
- Ишкананын директорунун орун басарынын, бухгалтеринин, аймактык кызматтардын жетекчилеринин ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Министрлик менен макулдашып, Ишкананын түзүмүн жана штаттык жүгүртмөсүн бекитет;
- Ишкананын аймактык кызматтары жөнүндө жоболорду, Ишкананын ишинин ички тартибин жана кызматкерлерге сыйакыларды берүү жөнүндө жобону бекитет;
- Ишканадагы кызмат орундардын номенклатурасын бекитет, Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт, кызмат ордунан бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрөт;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Министрликке кварталдык жана жылдык отчет берип турат.
21. Ишкананын кызматкерлери кызматка Директор тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дайындалышат жана бошотулушат.
22. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү мүлккө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.
23. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүүдөгү каражаттар, ошондой эле Ишкананын балансында чагылдырылган, ага кирген түзүмдөрдүн өндүрүштүк иштери үчүн керектүү башка материалдык баалуулуктар түзөт.
Ишканадан негизги фонддорун жана жүгүртүүдөгү каражаттарын жана пайдаланып жаткан мүлкүн Уюштуруучунун же соттун чечими боюнча гана алып коюуга болот.
24. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар төмөндөгүлөр болот:
- ага чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилген мүлк;
- чарбачылык иштен түшкөн пайда;
- жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен түзүлгөн келишимдердин негизинде аткарылган иштерден жана көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн пайда;
- мамлекеттик бюджеттин каражаттары;
- бюджеттик ссудалар;
- гранттар, банктардын жана башка мекемелердин кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кошумчалары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
25. Чарбачылык иштин натыйжасында түшкөн пайда, ошондой эле өздүк каражаттардын эсебинен сатылып алынган мүлк Ишканага тиешелүү болуп, анын балансында эсепке алынат.
26. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктү сатууга, ижарага берүүгө, чарбакер коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына салым (пай) катары кошууга жана менчик ээсинин макулдугусуз ал мүлктү башкача жол менен тескөөгө укугу жок.
27. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда тиешелүү башка мүлктү Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленгенден башка учурларда өз алдынча тескейт.
28. Ишканада "бир терезе" системасын өнүктүрүү фонду түзүлөт, ал Ишкананын таза кирешесинин жана гранттык каражаттарынын эсебинен куралат.
"Бир терезе" системасын өнүктүрүү фондунан акча каражаттарын чегерүүнүн өлчөмү Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленет.
29. "Бирдиктүү терезе" системасын өнүктүрүү фондунун акча каражаттары өзүнчө ачылган банк эсебинде топтолуп, Байкоочу кеңештин чечими боюнча төмөндөгү максаттарга жумшалат;
- "бирдиктүү терезенин" маалыматтык системасынын инфраструктурасын өнүктүрүү;
- "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын натыйжалуу киргизүү үчүн технологияларды, материалдык-техникалык каражаттарды өркүндөтүүгө жана модернизациялоого;
- "бирдиктүү терезе" системасынын алкагында тышкы экономикалык ишти өнүктүрүү максатында заманбап технология менен камсыздоого жана жабдууга;
- Ишкананын айырмаланган айрым кызматкерлерин көтөрмөлөөгө жана сыйлоого.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 55 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишинин натыйжаларынын оперативдүү чарбалык, бухгалтердик, статистикалык жана башка эсебин жүргүзөт.
Ишкана салыктык, статистикалык жана башка отчетту даярдап, белгиленген тартипте, тийиштүү мамлекеттик органдарга өзүнүн финансылык-чарбалык ишинин натыйжалары тууралуу отчетторду жана керектүү маалыматтарды тапшырат.
31. Ишкананын финансылык-чарбалык ишти жүргүзүшүн Министрлик контролдойт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, ошондой эле Министрликтин чечими боюнча Ишкана өзүнүн каражаттарынын эсебинен аудит жүргүзөт.
32. Ишканада бухгалтердик отчеттогу маалыматтардын тууралыгы үчүн жооптуу адамдар, мамлекеттик мүлктүн уурдалганын жашыруу максатында жалган отчетту бурмалашса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопко тартылат.
33. Ишкананын иштөөсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.
34. Ишкананы өзгөртүп уюштуруу (кошулуу, биригүү, бөлүү, бөлүнүп чыгуу, өзгөртүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
35. Ишкананын ишин токтотууда Ишкана иштеп турганда түзүлгөн документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.