Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-февралы № 64
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 “Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын алдыңкы чыгармачыл күчтөрүн жаштарды патриотизм духунда тарбиялоочу чыгармаларды түзүүгө тартуу, салттуу, адеп-ахлактык-маданий баалуулуктарды жаратуу, өнүктүрүү жана сактоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы № 514 “Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- (Абзац Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын изденип алууга чыгармаларды, иштер менен материалдарды көрсөтүү, кабыл алуу жана карап чыгуу тартиби жөнүндө жободо:
2-пунктунун үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин” деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлиги” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги” деген сөздөргө,“1-августуна” деген цифра жана сөз “15-февралына” деген цифраларга жана сөзгө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 71 пункт менен толукталсын:
“71. “Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин бюджетинин каражатынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.”.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Ч.Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жаштар сыйлыгын түзүүнү жана ыйгарууну караган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |