Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы № 71
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 6-январындагы Өнөр жай менчиги жаатындагы эл аралык келишимдерге карата декларациясы менен Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун 4-bis беренесин, 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна протоколдун 4-bis беренесин ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобонун 4-тиркемесинин 6-пункту:
- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:
"- товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пунктча менен толукталсын:
"8-1) Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды ТБ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп эл аралык каттоонун ээси, же болбосо анын өкүлү тарабынан белгинин улуттук каттоосун күбөлөндүрүүчү күбөлүктүн номерин көрсөтүү менен, товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө Кыргызпатентке берилген арыз эсептелет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- ишеним кат, эгерде арыз товардык белгинин ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе.
Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу төмөнкү шарттар сакталган учурда ишке ашырылат:
- 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун 3 ter беренесине жана 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна протоколдун 3 ter беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын көрсөтмөсү эл аралык каттоодо же аймактык кеңейтүү жөнүндө арызда камтылат;
- улуттук жана эл аралык каттоонун ээси болуп бир эле адам эсептелет;
- улуттук жана эл аралык каттоонун предмети болуп бир эле белги эсептелет;
- улуттук жана эл аралык каттоонун предмети болуп эсептелген белги, ошол эле товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн катталган.
Арыз жана тиркелген документтер Кыргызпатент тарабынан алар келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде каралат.
Кароо процессинде товардык белгинин ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберилиши мүмкүн. Суроо-талап жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү узартылат.
Документтерди кароонун оң жыйынтыгында реестрлер бөлүмү:
- ТБ мамреестрине товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарламаны жарыялоого жиберет;
- товардык белгинин ээсине же анын өкүлүнө улуттук каттоонун эл аралык каттоо менен алмаштырылгандыгы жөнүндө кабарландырууну жиберет.
ТБ мамреестрине маалыматтар киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросуна товардык белгини улуттук каттоонун эл аралык каттоо менен алмаштырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу жиберилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |