Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 29-февралы № 155
Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 ,КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын «Патент мыйзамы», «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө», «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географикалык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө», «Интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө», «Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө», «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуштар жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 ,КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 71, 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619, 2015-жылдын 21 сентябры № 652,2017-жылдын 20-январындагы № 37, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлерин (мындан ары - ИМО мамреестрлери) жүргүзүү тартибин аныктайт.
1. Ушул Жободо пайдаланылган негизги кыскартуулар:
ИМБДУ - Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму;
ИМБДУ SТ.9 - Патенттик документтердеги жана кошумча коргоо күбөлүктөрүндөгү библиографиялык маалыматтар боюнча сунуштар;
ИМБДУ SТ.60 - Товардык белгилер жөнүндө библиографиялык маалыматтарга тиешелүү сунуштар;
ИМБДУ SТ.80 - Өнөр жай үлгүлөрү жөнүндө библиографиялык маалыматтарга тиешелүү сунуштар;
ИНИД - Патенттик документтердин библиографиялык маалыматтарынын коддору;
ЭПК - Эл аралык патенттик классификация;
РСТ - Патенттик кооперация жөнүндө келишим;
ТКЭК - Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо. Кыргыз Республикасы «Белгилерди каттоо үчүн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү эл аралык классификациялоо жөнүндө Ница макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кошулган;
ӨҮЭК - Өнөр жай үлгүлөрүнүн эл аралык классификациясы;
СССР - Советтик Социалисттик Республикалар Союзу;
реестрлер бөлүмү - Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмү;
Автордук укук объектилеринин идентификатору:
С01 - адабий чыгармалар (адабий көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка чыгармалар);
С02 - драмалык жана сценарийлик чыгармалар;
С03 - музыкалык-драмалык чыгармалар;
С04 - хореографиялык чыгармалар жана пантомималар;
С05 - тексти бар же тексти жок музыкалык чыгармалар;
С06 - живопись, скульптура, график, дизайн чыгармалары жана көркөм сүрөт искусствосунун башка чыгармалары;
С07 - декоративдик-колдонмо жана сценографиялык искусство чыгармалары;
С08 - архитектура, шаар куруу жана сейил бак искусство чыгармалары;
С09 - фотосүрөт чыгармалары жана фотосүрөткө окшош ыкма менен алынган чыгармалар;
С10 - географиялык, геологиялык жана башка карталар, пландар, эскиздер жана географияга, топографияга жана башка илимдерге тиешелүү чыгармалар;
С20 - аудиовизуалдык чыгармалар (кино-, теле- жана видеофильмдер, слайд фильмдер жана башка видео чыгармалар);
Чектеш укуктар объектилеринин идентификатору:
Р21 - коюулар;
Р22 - аткаруулар;
Р23 - фонограммалар;
Р24 - эфирдик-кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрү.
2. ИМО Мамреестрлери Кыргыз Республикасынын укуктук коргоосу берилүүчү интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо, ошондой эле алардын укуктук статустарынын бардык өзгөртүүлөрү үчүн арналган расмий документтер болуп эсептелишет.
ИМО мамреестрлери ар бир бети номерлештирилген, көктөлгөн жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, Кыргызпатенттин Мамлекеттик реестрлер бөлүмүндө (мындан ары - Мамреестрлер бөлүмү) дайыма сакталып туруучу китептер болуп саналат.
ИМОнун электрондук мамлекеттик реестри - бул ИМОну, ошондой эле алардын укуктук статусунун бардык өзгөрүүлөрүн каттоо үчүн арналган жалпыга жеткиликтүү маалыматтар базасы, анын жардамы менен Кыргыз Республикасында укуктук коргоо камсыздалат.
Кыргыз Республикасынын ИМО Мамреестрлери төмөндөгүлөрдү камтыйт:
1) Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестри;
2) Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестри;
3) Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестри;
4) Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестри;
5) Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестри;
6) Кыргыз Республикасынын товарлар чыгарылган жерлердин географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана аталыштарынын мамлекеттик реестри;
7) Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестри;
8) Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестри;
9) Кыргыз Республикасынын электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаларынын мамлекеттик реестри;
10) Кыргыз Республикасынын маалымат базаларынын мамлекеттик реестри;
11) Кыргыз Республикасынын интегралдык микросхемалардын топологияларынын мамлекеттик реестри;
12) Кыргыз Республикасынын автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестри;
13) Кыргыз Республикасынын чектеш укуктар объектилеринин мамлекеттик реестри;
14) Кыргыз Республикасынын рационализатордук сунуштарынын мамлекеттик реестри;
15) Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестри;
16) Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри.
Өтүнмө ээсинин арызы боюнча электрондук коргоо документи берилиши мүмкүн (ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент, товардык белгиге, тейлөө белгисине, жалпыга белгилүү товардык белгилерге, товар чыгарылган жердин географиялык көрсөтмөсүнө жана аталышына, автордук укук объектисине, чектеш укуктар объектисине, ЭЭМ үчүн программаларга, интегралдык микросхемалардын топологияларына, рационализатордук сунуштарга, салттуу билимдерге күбөлүк).
Патенттик ишенимдүү өкүлдүн арызы боюнча электрондук күбөлүк берилиши мүмкүн.
ИМОнун жогоруда саналган Мамреестрлерин жүргүзүү тартиби ушул Жобого 1-16-тиркемелерде келтирилген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
Тартиби
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21 сентябры № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ОТ мамреестринде ойлоп табууну каттоо тартиби
1. Кыргыз Республикасынын ойлоп табууларынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ОТ мамреестри) ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары - патенттер) берилген ойлоп табууларды каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ойлоп табуу жөнүндө маалыматтарды ОТ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп, ойлоп табууга патент берүү жөнүндө чечим жана ойлоп табууну каттоо, жарыялоо жана патент бергендиги үчүн алымдарды төлөө эсептелет.
Патентти каттоо, жарыялоо жана берүү үчүн алым төлөгөндүгүн ырастоочу документ патент берүү жөнүндө чечим өтүнмө ээсине жөнөтүлгөн датадан тартып үч айдын ичинде же көрсөтүлгөн үч айлык мөөнөт өткөн күндөн тартып кошумча акы төлөнгөн шартта үч айдын ичинде берилет.
4. ОТ мамреестринде ойлоп табууну каттоодо маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды бирдейлештирүү үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен, ИМБДУнун SТ.9 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. ОТ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- СССРдин коргоо документинин номери (10);
- ОТ мамреестриндеги каттоо номери (11);
- документтин түрү (12);
- ОТ мамреестринде ойлоп табуунун катталган датасы (15);
- өтүнмөнүн каттоо номери (СССР коргоо документтерин кайра каттоо үчүн СССР өтүнмөсүнүн номери) (21);
- өтүнмө берилген дата (22);
- ойлоп табууга менчик укугунун аракети башталган дата (24);
- анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери (31);
- конвенциялык артыкчылыктын датасы (32);
- конвенциялык артыкчылыктын өлкөсү (33);
- ойлоп табуу жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери (46);
- ЭПКнын индекси(тери) (51);
- ойлоп табуунун аталышы (54);
- ойлоп табуунун формуласы (57);
- ушул өтүнмө бөлүнүп алынган алгачкы өтүнмөнүн номери жана берилген датасы (62);
- өтүнмө ээсинин(леринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (71);
- автордун(лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду (72);
- патент ээсинин(леринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патентик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- ошондой эле өтүнмө ээси (ээлери) болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (75);
- ошондой эле өтүнмө ээлери жана патент(тердин) ээси(лери) болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (76);
- РСТ өтүнмөсүнүн каттоо маалыматтары: каттоо номери, берилген датасы (86);
- кат алышуулар үчүн даректер (98).
2. ОТ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
6. ОТ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- патент ээсинин аталышын же атын өзгөртүү жөнүндө жана/же анын дарегинин же жүргөн жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө;
- патентти өткөрүп берүү жөнүндө же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү тууралуу катталган лицензиялык келишим жөнүндө;
- ачык лицензия берүү жөнүндө;
- патентти толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- (5-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө;
- патентти жарым жартылай жараксыз деп таанууда ойлоп табуунун формуласын өзгөртүү жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;
- патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө;
- патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- патентти күчүндө кармап туруу жөнүндө;
- укуктарды мурастоо (мурас боюнча) тартибинде укукту өткөрүп берүү жөнүндө.
1) Патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын дарегинин же жүргөн жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ОТ мамреестрине патент ээсинин аталышын же атын өзгөртүү жөнүндө жана/же анын дарегинин же жүргөн жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин, же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- патент номерин;
- өтүнмө номерин;
- өтүнмө берилген датаны;
- ойлоп табуунун аталышын;
- патент ээсинин мурунку жана жаңы аты-жөнүн же аталышын жана дарегин.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү (мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патент ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү патент ээсинин аталышы же аты-жөнү анын кайра түзүлүүсүнө, укук мураскорлугуна байланыштуу өзгөргөндө болушу мүмкүн.
Бул учурда өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документ төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- кайра түзүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
- кайра түзүү жана укук мураскорлугу жөнүндө соттун чечими;
- кайра түзүү жөнүндө белгиси бар уюмдун уставы;
Чет өлкөлүк юридикалык жактар, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болуп өткөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документти көрсөтүшөт.
Документтер алар келип түшкөн датадан баштап бир айдын ичинде каралат. Кароонун процессинде патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө почталык же электрондук дарекке жетишпеген же тактоочу документтерге суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Сурам жөнөтүлгөндө документти карап чыгуунун мөөнөтү ылайыгына жараша бир айга узартылат.
Документтерди карап чыгуунун оң натыйжасында реестрлер бөлүмү:
- ОТ мамреестрине жана патентке кошумча баракка патент ээсинин жаңы аты-жөнүн, аталышын жана (же) жашаган/турган ордунун дарегин киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн почталык же электрондук дарегине киргизилген өзгөртүүлөр менен патентке кошумча баракты жөнөтөт.
2) Патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензия же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим тууралуу маалыматтарды киргизүү.
Патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензия же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим тууралуу маалыматтарды ОТ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишимди, комплекстүү ишкердик лицензияны же ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди каттоодо реестрлер бөлүмү чечимди алган датадан баштап бир айдын ичинде:
- ОТ мамреестрине жана патентке карата кошумча баракка тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө почталык же электрондук дарегине киргизилген маалыматтар менен патентке кошумча баракты жөнөтөт.
Мында ОТ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча:
укук мураскору;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- ойлоп табууну пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишим боюнча:
лицензиат;
(12-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
өткөрүлүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
(15-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ачык лицензия берүү жөнүндө арыз боюнча:
ачык лицензия жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата жана бюллетендин номери;
- ачык лицензияны чакыртып алуу жөнүндө өтүнмө боюнча:
ачык лицензияны кайра чакыртып алуу жөнүндө маалымат жарыяланган датасы жана бюллетендин номери.
- комплекстүү ишкердик лицензиянын келишими (франчайзинг) боюнча:
лицензиат;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата.
3) Патентти толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Ойлоп табууну толук же жарым жартылай жараксыз деп таануунун негизи болуп ("Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренеси (мындан ары - Мыйзам)) мыйзамдык күчүнө кирген соттун чечиминин негизиндеги Апелляциялык кеңештин чечими же соттун чечиминин негизинде чыгарылган Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Апелляциялык кеңештин чечимин же Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн баштап бир айдын ичинде:
- ОТ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ОТ мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарларды жарыялоого жөнөтөт.
ОТ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ойлоп табууну каттоону толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- ойлоп табууну каттоону жарым жартылай жараксыз деп таанууда ойлоп табуунун формуласын өзгөртүү жөнүндө.
4) Патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Патенттин колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды ОТ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп (Мыйзамдын 39-беренеси) Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн баштап бир айдын ичинде:
- ОТ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ОТ мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарларды жарыялоого жөнөтөт.
ОТ мамреестрине патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- Мыйзамдын 9-беренесине ылайык белгиленген жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин;
- патентти күчүндө кармоо үчүн алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндө - патентти күчүндө кармоо үчүн алым төлөөнүн белгиленген мөөнөтү өткөн датадан баштап;
- Кыргызпатентке патент ээси берген арыздын негизинде.
5) Патенттин, өтүнүүчүнүн жоопкерчилиги астындагы патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү.
Мыйзамдын 40-беренесине ылайык, эгерде ойлоп табууга патенттин жана өтүнмө ээсинин жоопкерчилигиндеги патенттин колдонулушу патентти күчүндө кармап туруу үчүн белгиленген мөөнөттө алым төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында токтотулган болсо жана патенттин колдонуу мөөнөтү өтө элек болсо, анда анын ээсинин өтүнмөсү боюнча мындай патенттин колдонулушу алым боюнча карыз жана өтүнмө берүү үчүн алым төлөгөн шартта калыбына келтирилиши мүмкүн.
Патенттин колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнмө Кыргызпатентке Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин, патентти колдонуунун ар бир өткөрүп жиберилген жылы үчүн алым жана ушундай өтүнмөнү берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта берилет.
Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө же Мыйзамда каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.
Өтүнүч мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.
Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
- ойлоп табууга патент (түпнуска);
- патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнмө жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура эмес таризделген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо-талапты алган датадан тартып эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен суроо-талап жиберилет.
Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан баштап эсептелет.
Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүү шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.
Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн почталык же электрондук дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.
6) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.
7) Патенттин дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Патенттин түпнускасы жоголгон же бузулган учурда, патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан патенттин дубликаты берилиши мүмкүн.Патенттин бир нече ээси болгондо, дубликат патенттин бардык ээлеринин же алардын укук мураскерлеринин биргелешкен арызы боюнча берилет. Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет.
Арызга тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскорлугу жөнүндө документ (зарыл болгон учурда) (мисалы, мураска укук жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
Документтерди карап чыгуунун оң натыйжасында ОТ мамреестрлер бөлүмү:
- ОТ мамреестрине дубликат берилгендиги жөнүндөгү маалыматтарды киргизет;
- дубликатты патент ээсине же анын укук мураскерине (патенттик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Патенттин дубликатын берүү, Кыргызпатентке арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Патенттин дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча патенттин түпнускасына дал келет жана аны менен юридикалык бирдей күчкө ээ.
Патенттин дубликаты патенттин бланкасында (жана кошумча баракта, ал бар болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде патенттин түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелинет.
Ойлоп табууга патенттин дубликаты берилгендиги жөнүндөгү маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
8) Патентти күчүндө сактоо.
Мыйзамдын 9-беренесине ылайык патенттин колдонуу мөөнөтү алым төлөнгөн шартта сакталат.
9) Мурастоо (мурас боюнча, кайра уюштуруу тартибинде) тартибинде укуктун өткөрүп берилиши.
ОТ мамреестрине мурастоо тартибинде укукту өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин же анын мураскеринин, өкүлүнүн арызы саналат.
Арыз төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- патенттин номерин;
- ОТ мамлекеттик реестринде катталган датасын;
- ойлоп табуунун аталышын;
- патент ээсинин аты-жөнүн же толук аталышын жана дарегин;
- патенттин жаңы ээсинин аты-жөнүн же толук аталышын жана дарегин.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастаган документтин көчүрмөсү (мурастоого укук жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүк);
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патент ээси патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берген ишеним кат.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датасынан тартып он төрт жумуш күндүн ичинде каралат.
7. ОТ мамреестринен көчүрмө берүү.
ОТ мамреестринен көчүрмө патент ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнмөнүн негизинде берилет.
Өтүнмө юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнмөгө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнмө - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнмөдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- патенттин номери;
- ОТ мамреестринде катталган датасы;
- ойлоп табуунун аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датасынан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ПМ мамреестринде пайдалуу моделди каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу моделдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары-ПМ мамреестри) пайдалуу моделге Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары-патенттер) берилген пайдалуу моделдерди каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. Пайдалуу модель жөнүндө маалыматтарды ПМ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп, пайдалуу моделге патент берүү жөнүндө чечим жана пайдалуу моделди каттоо, жарыялоо жана патент бергендиги үчүн алымдарды төлөө эсептелет.
3. ПМ мамреестринде пайдалуу моделди каттоодо маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды бирдейлештирүү үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен, ИМБДУнун SТ.9 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ПМ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ПМ мамреестриндеги каттоо номери (11);
- документтин түрү (12);
- ПМ мамреестринде пайдалуу моделдин катталган датасы (15);
- өтүнмөнүн каттоо номери (21);
- өтүнмө берилген дата (22);
- пайдалуу моделге менчик укугунун аракети башталган дата (24);
- анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери (31);
- конвенциялык артыкчылыктын датасы (32);
- конвенциялык артыкчылыктын өлкөсү (33);
- пайдалуу модель жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери (46);
- ЭПКнын индекси(тери) (51);
- пайдалуу моделдин аталышы (54);
- пайдалуу моделдин формуласы (57);
- ушул өтүнмө бөлүнүп алынган алгачкы өтүнмөнүн номери жана берилген датасы (62);
- өтүнмө ээсинин(ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (71);
- автордун(лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду (72);
- патент ээсинин(ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патентик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- өтүнмө ээлери болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (75);
- өтүнмө ээлери жана патент(тердин) ээси(лери) болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (76);
- (22-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кат алышуулар үчүн даректер (98).
2. ПМ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
5. ПМ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- патент ээсинин аталышын же атын өзгөртүү жөнүндө жана/же анын дарегинин же жүргөн жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө;
- патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим жөнүндө;
- пайдалуу моделди пайдаланууга укук берүү тууралуу катталган лицензиялык келишим жөнүндө;
- ачык лицензияга укук берүү жөнүндө;
- патентти толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- патенттин жарактуулугун токтотуу, жоюу жөнүндө;
- патентти жарым жартылай жараксыз деп таанууда пайдалуу моделдин формуласын өзгөртүү жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;
- патентти колдонууну калыбына келтирүү жөнүндө;
- патентти алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- патентти күчүндө кармап туруу жөнүндө;
- мурастоо тартибинде (мурас боюнча) укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- комплекстүү ишкердик лицензия жөнүндө.
ПМ мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана пайдалуу моделди каттоо жөнүндө патент берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
6. ПМ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ӨҮ мамреестринде өнөр жан үлгүсүн каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын өнөр жай үлгүлөрүнүн мамлекеттик реестри (мындан ары - ӨҮ мамреестри) өнөр жай үлгүсүнө Кыргыз Республикасынын патенти (мындан ары-патенттер) берилген өнөр жай үлгүлөрүн каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. ӨҮ мамреестринде өнөр жай үлгүсү жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн негиз болуп өнөр жай үлгүсүнө патент берүү жөнүндө чечим жана өнөр жай үлгүсүн каттагандыгы, жарыялагандыгы жана патент бергендиги үчүн алымдардын төлөнүшү эсептелет.
4. ӨҮ мамреестринде өнөр жай үлгүсүн каттоодо маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды бирдейлештирүү үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен, ИМБДУнун SТ.80 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
5. ӨҮ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- СССРдин коргоо документинин номери (10);
- ӨҮ мамреестриндеги каттоо номери (11);
- документтин түрү (12);
- ӨҮ мамреестринде өнөр жай үлгүсүнүн катталган датасы (15);
- өтүнмөнүн каттоо номери (СССР коргоо документтерин кайра каттоо үчүн СССР өтүнмөсүнүн номери) (21);
- өтүнмө берилген дата (22);
- өнөр жай үлгүсүнө менчик укугунун аракети башталган дата (24);
- билдирилген варианттардын саны (28);
- анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери (31);
- конвенциялык артыкчылыктын датасы (32);
- конвенциялык артыкчылыктын өлкөсү (33);
- өнөр жай үлгүсү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери (45);
- ӨҮЭКнын индекси(тери) (51);
- өнөр жай үлгүсүнүн аталышы (54);
- өнөр жай үлгүсүнүн сүрөттөлүшү (сүрөтү, фотосүрөтү) (55);
- өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмеси (57);
- ушул өтүнмө бөлүнүп алынган алгачкы өтүнмөнүн номери жана берилген датасы (62);
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (71);
- автордун(лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду (72);
- патент ээсинин(леринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патентик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- ошондой эле өтүнмө ээлери болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (75);
- ошондой эле өтүнмө ээлери жана патент(тердин) ээси(лери) болуп эсептелген(ишкен) автор(лор), өлкөнүн коду (76);
- кат алышуулар үчүн даректер (98).
2. ӨҮ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
6. ӨҮ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
- патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- патентти өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим жөнүндө;
- өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укук берүү жөнүндө катталган лицензиялык келишим жөнүндө;
- өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укук берүү жөнүндө;
- патентти толугу менен же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- патентти жарым-жартылай жараксыз деп таанууда өнөр жай үлгүсүнүн маанилүү белгилеринин тизмегин өзгөртүү жөнүндө;
- патенттин колдонулушун токтотуу, жокко чыгаруу жөнүндө;
- ачык лицензияга укук берүү жөнүндө;
- айкын жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- патенттин, автордун күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө;
- патент алууга укугун өткөрүп берүү жөнүндө;
- патенттин күчүн узартуу жөнүндө;
- мурастоо тартибинде (мурас боюнча) укукту өткөрүп берүү жөнүндө;
- комплекстүү ишкердик лицензия жөнүндө.
7. Мыйзамдын 9-беренесине ылайык патенттин колдонуу мөөнөтү патент ээсинин өтүнмөсү боюнча алым төлөгөн шартта ар бир жолу 5 жылга узартылат. Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөгө патент ээси, аларды дайындаган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт. Юридикалык жактын атынан өтүнмөгө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан анын аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Патентти колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин өтүнмө ээсинин өнөр жай үлгүсүнө патентти колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө өтүнмөсү боюнча кошумча алым төлөнгөн шартта ага алты айлык мөөнөт берилет.
ӨҮ мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өнөр жай үлгүсүн каттоо жөнүндө патент берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 6-пунктунун 1-7 жана 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
8. ӨҮ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү
Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-февралындагы № 71, 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ТБ мамреестрине товардык белгини каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестри (мындан ары-ТБ мамреестри) товардык белгилерге жана тейлөө белгилерине Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген товардык белгилерди жана тейлөө белгилерин каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ТБ мамреестринде ага каттоо номерин берүү менен товардык белги жөнүндө маалыматтарды каттоо үчүн негиз болуп товардык белгиге күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана товардык белгини каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн алымдардын төлөнүшү эсептелет.
Алымды төлөө мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген учурда, укук ээсине кошумча алымды төлөгөн шартта, ТБ мамреестринде товардык белгини каттоо үчүн алымды төлөөгө кошумча үч ай берилет.
3. ТБ мамреестринде товардык белгилерди каттоодо маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды бирдейлештирүү үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен, ИМБДУнун SТ.60 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ТБ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- СССРдин күбөлүктөрүнүн номери (10);
- ТБ мамреестриндеги каттоо номери (11);
- ТБ мамреестринде товардык белгинин катталган датасы (15);
- товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүнүн бүткөн датасы (18);
- өтүнмөнүн каттоо номери (21);
- өтүнмө берилген дата (22);
- көргөзмөдө көрсөтүлгөн датаны камтуу менен, артыкчылыктын башка датасы (23);
- товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтү башталган дата (24);
- анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери (31);
- конвенциялык артыкчылыктын датасы (32);
- конвенциялык артыкчылыктын өлкөсү (33);
- ТКЭКтин классы(тары) (51);
- Вена классификациясы боюнча класстар (53);
- товардык белгинин сүрөттөлүшү (54);
- белги жамааттык болуп эсептелээрине көрсөтмө (55);
- белги көлөмдүү болуп эсептелээрине көрсөтмө (56);
- катталган товардык белгилерди белгилөө үчүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси (57);
- айрым бир элементтерди коргоодон чыгаруу (дискламация) (58);
- билдирилген түстөрдү көрсөтүү (59);
- товардык белгинин ээсинин(леринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- кат алышуулар үчүн даректер (98).
5. Жамааттык белгини каттоо "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары - Мыйзам) 25-беренесине ылайык жүргүзүлөт. Жамааттык товардык белгилерге кошумча ТБ мамреестрине жана күбөлүккө жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар юридикалык жактар жөнүндө маалыматтар, уставга шилтеме жана жамааттык белгини пайдаланууга укугу бар ишканалардын жана уюмдардын бардык жетекчилери кол койгон датасы киргизилет.
2. ТБ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
6. ТБ мамреестрин алып баруу процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн өзгөрүшү жөнүндө жана/же анын дарегинин же турган жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө;
- аларга карата товардык белги катталган товарлардын тизмесин кыскартуу жөнүндө;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- товардык белгини өткөрүп берүү жөнүндө;
- товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө;
- товардык белгини каттоону толугу менен же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- товардык белгини каттоонун аракетин токтотуу жөнүндө;
- товардык белгини каттоонун аракеттенүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө;
- товардык белгиге күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө;
- товардык белгиге укуктун укук улантуучулук тартибинде өтүшү жөнүндө (мурас боюнча, кайра уюштуруу тартибинде);
- комплекстүү ишкердик лицензиясы жөнүндө.
1) Укук ээсинин аталышынын же ээсинин аты-жөнүнүн өзгөрүшү жөнүндө жана/же анын дарегинин же турган жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ТБ мамреестрине укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн өзгөрүшү жөнүндө жана/же анын дарегинин же турган жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, товардык белгинин ээсинин, же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- өтүнмө берилген дата;
- товардык белгинин аталышы;
- укук ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген, Кыргызпатентте катталган ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү анын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу укук ээсинин аталышынын, же аты-жөнүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул учурда өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документ төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- кайра түзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
- кайра түзүү же укук мураскерлик жөнүндө соттун чечими;
- кайра түзүү тууралуу белгиси менен уюмдун уставы.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болуп өткөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документти көрсөтүшөт.
Документтер алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Карап чыгуу процессинде укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө, башка кызыкдар жакка почта, электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу жетишпеген же тактала турган материалдардын сурамы жиберилиши мүмкүн. Сурамды жиберүүдө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат. Сурамды жөнөтүүдө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына укук ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн жана/же дарегин киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- почта, электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын жиберет.
2) Аларга карата товардык белги катталган товарлардын тизмесин кыскартуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү.
ТБ мамреестрине товардык белги катталгандарга карата товарлардын тизмесин кыскартуу жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп, укук ээсинин, же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- берилген датасы;
- укук ээсин көрсөтүү (жеке жактын аты-жөнү, же юридикалык жактын аталышы);
- укук ээсинин өкүлүн көрсөтүү;
- кат алышуу үчүн дарек;
- кыскартылган товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси.
Арызга алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ тиркелет.
Арыз ал келип түшкөн датадан баштап бир айдын ичинде каралат. Карап чыгуу процессинде укук ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) жетишпеген же тактоочу материалдардын сурамы жиберилиши мүмкүн. Сурамды жөнөтүүдө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- ТБ мамреестрине жана күбөлүккө берилген кошумча баракка товарлардын тизими кыскаргандыгы жөнүндө өзгөртүүлөрдү киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук түрлөрү аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын жиберет.
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4) Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу) жөнүндө катталган келишим, комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ТБ мамреестрине товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу), комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Товардык белгиге өзгөчө укукту өткөрүп берүү (ажыратуу), комплекстүү ишкердик лицензиясы же товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө лицензиялык келишимди каттоодо реестрлер бөлүмү чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө маалыматтар киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же коммуникациянын башка электрондук формалары аркылуу жиберет.
Ошол эле учурда ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча: укук улантуучусу; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- товардык белгини пайдаланууга укук берүү жөнүндө келишим боюнча: лицензиат; берилүүчү укуктардын көлөмү; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими боюнча: лицензиат; келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата.
5) Товардык белгини каттоону толук же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Товардык белгини каттоону толук же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Апелляциялык кеңештин чечими же күчүнө кирген соттун чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Апелляциялык кеңештин чечимин же Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ТБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ТБ мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
ТБ мамреестрине товардык белгини каттоону толук же жарымжартылай жараксыз деп таануу жөнүндө төмөндөгүдөй маалыматтар киргизилет:
- эгерде ал Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн болсо, анын аракетинин бүтүндөй мөөнөтү ичинде;
- Мыйзамдын 10-беренесинде белгиленген негиз боюнча расмий бюллетенде товардык белгини каттоо жөнүндө маалыматтар жарыяланган датадан тартып беш жыл ичинде;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кайсы жак болбосун алым төлөө менен колдонула турган бардык мөөнөт ичинде товардык белгини каттоого каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6) Товардык белгини каттоонун аракетин токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ТБ мамреестрине товардык белгини каттоонун аракетин токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү (Мыйзамдын 33-беренеси) үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ТБ мамреестрине тийиштүү маалыматтарды киргизет;
- ТБ мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
ТБ мамреестрине товардык белгини каттоонун жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- Мыйзамдын 19-беренесинде караштырылган анын жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин;
- Мыйзамдын 25-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бирдиктүү сапатка же башка жалпы мүнөздөмөгө ээ болбогон товарларга жамааттык белгини пайдалануу себеби боюнча анын жарактуулук мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө мыйзамдык күчүнө кирүүчү соттун чечиминин негизинде;
- Мыйзамдын 26-берененин 4-пунктуна ылайык товардык белгини пайдаланбагандыгы боюнча анын жарактуулук мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө мыйзамдык күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
- анын жарактуулук мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргызпатенттин чечиминин негизинде, ал эми юридикалык жак - товардык белгинин ээси жоюлганда же укук мураскерлиги түзүлбөстөн жеке жактын - укук ээсинин ишкердик иши токтотулганда ал сотко даттанылган болсо - соттун чечими боюнча;
- товардык белги товардын белгилүү бир түрүн белгилөө катары жалпы колдонууга кирген белгиге айланган учурда, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде,
- товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө укук ээсинин арызынын негизинде.
7) Товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүнүн акыркы жылынын ичинде берилген укук ээсинин же укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы кызмат кылат. Каттоонун жарактуулук мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар бир жолу он жылга узартылышы мүмкүн. Товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн, товардык белгинин ээсинин өтүнүч каты боюнча, кошумча алым төлөнгөн шартта каттоонун жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин ага алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Арыз төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтү;
- укук ээсин көрсөтүү (жеке жактын аты-жөнү, же юридикалык жактын аталышы);
- кат алышуу үчүн дарек.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелүүгө тийиш:
- (10-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патентик ишенимдүү өкүлгө берилген, ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Документтерди карап чыгуу алар Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүккө кошумча барак даярдайт;
- ТБ мамреестрине товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтү кайсыга чейин узартылган датаны киргизет;
- товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- почта, анын ичинде электрондук почта боюнча же байланыштын башка электрондук формалары аркылуу укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө товардык белгини каттоонун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүккө кошумча баракты жиберет.
8) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.
8-1) Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды ТБ мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп эл аралык каттоонун укук ээси, же болбосо анын өкүлү тарабынан белгинин улуттук каттоосун күбөлөндүрүүчү күбөлүктүн номерин көрсөтүү менен, товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө Кыргызпатентке берилген арыз эсептелет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- ишеним кат, эгерде арыз товардык белгинин ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе.
Товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу төмөнкү шарттар сакталган учурда ишке ашырылат:
- 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусунун 3 ter беренесине жана 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна протоколдун 3 ter беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын көрсөтмөсү эл аралык каттоодо же аймактык кеңейтүү жөнүндө арызда камтылат;
- улуттук жана эл аралык каттоонун укук ээси болуп бир эле адам эсептелет;
- улуттук жана эл аралык каттоонун предмети болуп бир эле белги эсептелет;
- улуттук жана эл аралык каттоонун предмети болуп эсептелген белги, ошол эле товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр үчүн катталган.
Арыз жана тиркелген документтер Кыргызпатент тарабынан алар келип түшкөн күндөн тартып эки айдын ичинде каралат.
Кароо процессинде укук ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү жөнүндө суроо-талап жиберилиши мүмкүн. Суроо-талап жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү узартылат.
Документтерди кароонун оң жыйынтыгында реестрлер бөлүмү:
- ТБ мамреестрине товардык белгини улуттук каттоону эл аралык каттоо менен алмаштыруу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарламаны жарыялоого жиберет;
- укук ээсине же анын өкүлүнө улуттук каттоонун эл аралык каттоо менен алмаштырылгандыгы жөнүндө кабарландырууну жиберет.
ТБ мамреестрине маалыматтар киргизилген күндөн тартып бир айдын ичинде Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Эл аралык бюросуна товардык белгини улуттук каттоонун эл аралык каттоо менен алмаштырылгандыгы жөнүндө кабарландыруу жиберилет.
9) Товардык белгиге күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн түпнускасы жоголгон же бузулган учурда товардык белгинин ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн. Дубликатты берүү жөнүндө маалыматтар ОТ мамреестрине киргизилет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ (зарыл болгон учурда) (мисалы, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ишеним кат, эгерде арыз товардык белгинин ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- дубликаттын берилиши жөнүндө маалыматтарды ТБ мамреестрине киргизет;
- дубликаты күбөлүктүн укук ээсине же анын укук мураскерине (патенттик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Күбөлүктүн дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түпнускасына дал келет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Күбөлүктүн дубликаты күбөлүктүн бланкасында (жана кошумча баракта, ал бар болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде күбөлүктүн түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелинет.
Күбөлүктүн дубликаты берилгендиги жөнүндөгү маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
10) Товардык белгиге укуктун укук улантуучулук тартибинде өтүшү (мурас боюнча).
ТБ мамреестрине укук улантуучулук тартибинде (мурас боюнча) укуктун өтүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн укук ээсинин же анын укук мураскорунун, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн арызы эсептелет.
Арызда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- ТБ мамреестринде катталган датасы;
- товардык белгинин аталышы;
- күбөлүк ээсинин аты-жөнү же толук аталышы жана дареги;
- күбөлүктүн жаңы ээсинин аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү (мурастоо укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патенттин укук ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка талапкер тарабынан берилген ишеним кат.
7. ТБ мамреестринен көчүрмө берүү.
ТБ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн укук ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл тарабынан берилген өтүнүчтүн негизинде берилет.
Өтүнүч юридикалык же жеке жактардан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактын өтүнүчүнө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат орду көрсөтүлүп кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактын өтүнүчү - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгерде бар болсо, мөөрү).
Өтүнүчтө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ТБ мамреестринде катталган датасы;
- товардык белгинин, тейлөө белгисинин аталышы;
- укук ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. ЖБТБ мамреестрине жалпыга белгилүү товардык белгилерди каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын жалпыга белгилүү товардык белгилеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - ЖБТБ мамреестри) жалпыга белгилүү товардык белгилерге Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген жалпыга белгилүү товардык белгилерди каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ЖБТБ мамреестрине жалпыга белгилүү товардык белгилерди каттоо үчүн негиз болуп, товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө Апелляциялык кеңештин чечими эсептелет.
3. ЖБТБ мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ЖБТБ мамреестрине каттоо номери;
- товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңешинин чечими чыгарылган дата;
- жалпыга белгилүү товардык белгинин укук ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- ЖБТБ мамреестрине жалпыга белгилүү товардык белгинин катталган датасы;
- жалпыга белгилүү товардык белгинин сүрөттөлүшү;
- кат алышуу үчүн дарек.
Апелляциялык кеңештин товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечими сот тарабынан жараксыз деп таанылган учурда товардык белги жалпыга белгилүү деп Кыргызпатенттин буйругу менен таанылат.
Кыргызпатенттин буйругунун негизинде реестрлер бөлүмү ЖБТБ мамреестринде каттайт, күбөлүк берет жана бир айдын ичинде расмий бюллетенге маалыматтарды жарыялайт.
2. ЖБТБ мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. ЖБТБ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- жалпыга белгилүү товардык белгинин аталышынын же ээсинин өзгөрүшү жөнүндө жана/же анын дарегинин же турган жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө;
- жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө;
- жалпыга белгилүү товардык белгиге укук улантуучулук тартибинде өтүшү жөнүндө (мурас боюнча).
1) Жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө маалыматтарды киргизүү
Жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө маалыматтарды киргизүү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-августундагы № 520 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө жобонун 16-пункту) үчүн негиз болуп, жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндөгү Апелляциялык кеңештин чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ЖБТБ мамреестрине жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- жалпыга белгилүү товардык белги жалпыга белгилүүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт.
2) Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө өзгөртүүлөрдү, оңдоолорду жана маалыматтарды ЖБТБ мамреестрине киргизүүнүн Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибинин 6-пунктунун 1, 8 жана 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
5. ЖБТБ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын товардык белгилеринин, тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 7-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ТЧЖА мамреестрине товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын географиялык көрсөтмөлөрүнүн жана товарлар чыгарылган жерлеринин аталыштарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ГК жана ТЧЖА мамреестри) географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү укугуна Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоо жана аларды пайдаланууга укук берүү жана каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн алым төлөнгөндүгү жөнүндө чечим эсептелет.
3. Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоодо жана аларды пайдаланууга укук берүүдө маалыматтарды киргизүү библиографиялык маалыматтарды идентификациялоо үчүн ИНИДдин коддорун коюу менен ИМБДУнун ST.60 стандартына ылайык жүзөгө ашырылат.
4. ГК жана ТЧЖА мамреестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- ТЧЖА мамреестриндеги географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышынын каттоо номери/географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери (11);
- ТЧЖА мамреестриндеги географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышы катталган дата (15);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктаган дата (18);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн номери (21);
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө өтүнмөнүн же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата (22);
- географиялык көрсөтмөлөрдүн жана товар чыгарылган жердин аталышы (билдирилген белги) (54);
- товардын түрү жана анын өзгөчө касиеттеринин сыпаттамасы (57);
- товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду (73);
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери (74);
- кат алышуу үчүн дарек (98).
2. ТЧЖА Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
5. ТЧЖА мамреестрин алып баруу процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын жана/же анын дарегинин же жүргөн жеринин (жашаган жеринин) өзгөрүшү жөнүндө;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн аракетин токтотуу жөнүндө;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Укук ээсинин аталышын же атын жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине жана күбөлүккө укук ээсинин аталышына же атына өзгөртүүлөрдү, ошондой эле башка өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп укук ээсинин же анын укук мураскорунун, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн Кыргызпатентке берилген арызы эсептелет.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө берилген дата;
- географиялык көрсөтмөлөр жана товар чыгарылган жердин аталышы (билдирилген белги);
- укук ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Укук ээсинин жүргөн жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга укук ээсинин, катталган товар чыгарылган жердин аталышына туура келген ушул географиялык объектиде тургандыгын ырастоочу компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу тиркелет.
Документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө жетишпеген же тактоочу материалдардын сурамы жөнөтүлүшү мүмкүн. Сурам жиберилгенде документтерди кароо мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Карап чыгуунун жыйынтыгы оң болгон учурда реестрлер бөлүмү:
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине, күбөлүккө жана күбөлүктүн кошумча барагына укук ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет;
- укук ээсинин (патенттик ишенимдүү өкүлгө) почта же электрондук дарегине күбөлүктүн кошумча барагын киргизилген өзгөртүүлөр менен жиберет.
2) Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү толук же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Апелляциялык кеңештин чечими же күчүнө кирген соттун чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Апелляциялык кеңештин чечимин же Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине жана күбөлүккө тийиштүү маалыматтарды киргизет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- каттоонун аракетинин бүткүл мөөнөтүндө географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө, эгерде ал "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - Мыйзам) белгиленген талаптарды бузуу менен жүргүзүлгөн болсо;
- географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоону жараксыз деп таанууга байланыштуу географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун жараксыз деп таануу жөнүндө.
Кайсы гана жак болбосун, алым төлөө менен, Апелляциялык кеңешке географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы пикир бере алат, ал келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде өтүнмө ээси тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
3) Географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун жана географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун же географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган датадан тартып бир айдын ичинде:
- каттоонун колдонулушу токтотулган учурда:
ГК жана ТЧЖА мамреестрине мындай географиялык объект үчүн мүнөздүү шарттардын жок болуп кеткендигине жана ГК жана ТЧЖА мамреестринде көрсөтүлгөн касиеттери менен товарды өндүрүүгө мүмкүн эместигине, чет өлкөлүк юридикалык же жеке жактардын товар чыгарылган өлкөдө мындай географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына укуктарын жоготкондугуна байланыштуу каттоонун колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
ГК жана ТЧЖА мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- күбөлүктүн колдонулушу токтотулган учурда:
юридикалык жак жоюлганда же укук ээсинин Кыргызпатентке берген өтүнмөсүнүн негизинде жеке жактын - укук ээсинин ишкердик иши укук мураскерин түзүүсүз токтотулганда ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун колдонулушун токтотууга, күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө (Мыйзамдын 44-беренеси), мындай географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына карата ГК жана ТЧЖА мамреестринде көрсөтүлгөн өзгөчө касиеттерин жоготкондугуна байланыштуу каттоонун колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- ГКК жана ТЧЖА мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Кайсы жак болбосун жогоруда көрсөтүлгөн негиздер боюнча географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун же географиялык көрсөтмөлөрдү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө каршы пикирин Апелляциялык кеңешке бере алат. Каршы пикир ал келип түшкөн күндөн тартып үч айдын ичинде каралууга тийиш.
Апелляциялык кеңештин чечими өтүнмө ээси тарабынан аны алган күндөн тартып үч айдын ичинде сотко даттанылышы мүмкүн.
4) Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестрине географиялык көрсөтмөлөргө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп географиялык көрсөтмөлөргө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүнүн акыркы жылынын ичинде укук ээсинин же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн берген өтүнмөсү эсептелет.
Күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү ар бир жолу он жылга алым төлөнгөн шартта узартылышы мүмкүн. Ээсинин өтүнүч каты боюнча географиялык көрсөтмөгө жана товар чыгарылган жердин аталышына күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин кошумча алым төлөнгөн шартта ага алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Өтүнмө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү;
- укук ээсин көрсөтүү (жеке жактын аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын);
- укук ээсинин дареги.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) укук ээсинин мындай географиялык объектте жүргөндүгүн жана күбөлүктө көрсөтүлгөн касиеттер менен товар өндүрүп жаткандыгын ырастоочу корутундусу;
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде өтүнмө ал аркылуу берилсе.
Документтер келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат жана карап чыгуу бүткөндөн кийин оң натыйжа болгондо реестрлер бөлүмү:
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүккө кошумча барак даярдайт;
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине күбөлүктүн колдонуу мөөнөтү узартылган дата киргизилет;
- күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- укук ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же өкүлгө күбөлүктүн колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүккө кошумча баракты почта аркылуу, электрондук почта аркылуу же коммуникациянын башка электрондук түрлөрү аркылуу жөнөтөт.
5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.
6) Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн түп нускасы жоголгон же бузулган учурда укук ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн. Дубликаттын берилиши күбөлүктүн дубликатынын берилгендиги жөнүндө маалыматтарды киргизүү учун негиз болуп эсептелет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ (зарылдыгына жараша) (мисалы, мураскерлик укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
- ишеним кат, эгерде арыз укук ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан берилсе.
Документтерди карап чыгуунун оң натыйжасында реестрлер бөлүмү:
- ГК жана ТЧЖА мамреестрине дубликат берилгендиги жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- укук ээсине же анын укук мураскерине (патентик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) дубликат берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Күбөлүктүн дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн дубликаты анын ичиндеги көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түпнускасына ылайык келет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Күбөлүктүн дубликаты күбөлүктүн бланкасында (жана кошумча баракта, ал бар болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде күбөлүктүн түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелет.
Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
6. ГК жана ТЧЖА мамреестринен көчүрмө берүү.
ГК жана ТЧЖА мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн укук ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ГК жана ТЧЖА мамреестринде катталган датасы;
- географиялык көрсөтмөнүн жана товар келип чыккан жердин аталышы;
- укук ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 7-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652, 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. ФА мамреестринде фирмалык аталышты каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын фирмалык аталыштарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ФА Мамреестри) Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары-күбөлүктөр) берилген катталган фирмалык аталыштар жөнүндө маалыматтарды сактоого арналган расмий документ болуп саналат.
2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. ФА мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. ФА Мамреестрин жүргүзүү процессинде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- фирмалык аталыштын ээсинин дарегин өзгөртүү жөнүндө;
- фирмалык аталышты каттоону соттун чечими менен толук же жарым-жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө;
- күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Фирмалык аталыштын ээсинин дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ФА Мамреестрине фирмалык аталыштын ээсинин дарегинин өзгөртүүлөрүн киргизүү үчүн негиз болуп, фирмалык аталыштын ээсинин, же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн өтүнүч каты эсептелет.
Жолдомо төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш;
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- өтүнмө берилген дата;
- фирмалык аталыштын аталышы;
- юридикалык жактын мурдагы жана жаңы дареги.
Өтүнүч катка төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (12-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- күбөлүктүн ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген, ишеним кат, эгерде өтүнмө кат ал аркылуу берилсе.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болгон өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документти көрсөтүшөт.
Документтер келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Карап чыгуу процессинде күбөлүктүн ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) жетишпеген же тактоочу материалдардын сурамы жиберилиши мүмкүн. Сурам жөнөтүлгөндө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди кароодо реестрлер бөлүмү:
- ФА Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүктүн ээсинин жаңы дарегин киргизет.
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
- күбөлүктүн ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
2) Фирмалык аталышты каттоону толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Фирмалык аталышты каттоону толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күчүнө кирген соттун чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү соттун чечимин алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ФА Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына себептерин көрсөтүү менен күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө тийиштүү маалыматтарды киргизет;
- күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жөнөтөт.
ФА Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- күбөлүктү толук же жарым жартылай жараксыз деп таануу жөнүндө.
3) Күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ФА мамреестрине күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу, күбөлүктүн ээсинин арызы кызмат кылат.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ФА Мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ФА Мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
ФА Мамреестрине күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- фирмалык аталышка өзгөчө укуктан баш тартуу жөнүндө ээсинин арызы боюнча;
- юридикалык жак жоюлган учурда же анын фирмалык аталышы өзгөргөн учурда;
- (9-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- соттун чечими боюнча.
4) ФА Мамреестрине каталардын оңдоолорун же күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү, ошондой эле күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин жана тейлөө белгилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 2-главасынын 6-пунктунун 8 жана 9-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 8-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү
Тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619, 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. СЖ мамреестрине селекциялык жетишкендиктерди каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын корголуучу селекциялык жетишкендиктеринин мамлекеттик реестри (мындан ары-СЖ Мамреестри) Кыргыз Республикасынын патенттери (мындан ары-патенттер) берилген селекциялык жетишкендиктерди каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп саналат.
2. СЖ Мамреестрине селекциялык жетишкендиктер жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп селекциялык жетишкендикти каттоо жөнүндө чечим жана каттагандыгы, жарыялагандыгы жана патент бергендиги үчүн алымдарды төлөө эсептелет.
3. СЖ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- СССРдин коргоо документинин номери;
- СЖ Мамреестрине каттоо номери;
- СЖ Мамреестрине селекциялык жетишкендикти каттоо датасы;
- өтүнмөнүн каггоо номери (СССРдин коргоо документтерин СССРдин өтүнмөлөрүн кайра каттоо үчүн);
- өтүнмө берилген дата;
- селекциялык жетишкендикке менчик укугунун аракети башталган дата;
- СССРдин коргоо документтерин кайра каттоого жолдомо берилген дата;
- анын негизинде конвенциялык артыкчылык суралган өтүнмөнүн номери;
- конвенциялык артыкчылык датасы;
- конвенциялык артыкчылык өлкөсү (өлкөнүн коду);
- селекциялык жетишкендик жөнүндө маалыматтарды жарыялоонун датасы, бюллетендин номери;
- селекциялык жетишкендиктин аталышы;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- автордун(лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду;
- патент ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- патентик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү жана каттоо номери;
- кат алышуу үчүн дарек.
2. СЖ Мамреестриие өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. СЖ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө;
- патентти өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө;
- селекциялык жетишкендикти пайдаланууга укук берүү тууралуу лицензиялык келишим жөнүндө (аргасыз лицензия);
- селекциялык жетишкендикти каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө;
- патентти токтотуу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- патенттин дубликатын берүү жөнүндө.
1) Патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же дарегин анын турган жерин (жашаган жерин) өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СЖ Мамреестрине патент ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же анын турган жеринин (жашаган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп патент ээсинин же анын укук мураскеринин, өкүлүнүн арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- патенттин номери;
- өтүнмөнүн номери;
- өтүнмө берилген дата;
- селекциялык жетишкендиктин аталышы;
- патент ээеинин мурдагы жана азыркы аты-жөнү же толук аталышы.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документтин көчүрмөсү;
- (он биринчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- патенттин ээси тарабынан Кыргызпатентте катталган патентик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү анын кайра түзүлүүсүнө же укук мураскерлигине байланыштуу патент ээсинин аталышынын өзгөрүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүн.
Мындай учурда өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документ төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- кайра түзүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
- кайра түзүү жана укук мураскерлиги жөнүндө соттун чечими;
- кайра түзүү жөнүндө белгиси менен уюмдун уставы;
Чет өлкөлүк юридикалык жактар көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр болуп өткөн өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документти көрсөтүшөт.
Документтер алар келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Карап чыгуу процессинде күбөлүктүн ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) жетишпеген же тактоочу материалдардын сурамы жиберилиши мүмкүн. Сурам жөнөтүлгөндө документтерди карап чыгуу мөөнөтү тиешелүү узартылат.
Документтерди карап чыгуунун он натыйжасында реестрлер бөлүмү:
- СЖ Мамреестрине жана патенттин кошумча барагына патент ээсинин жаңы аты-жөнүн же аталышын жана (же) дарегин киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндөгү кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- патент ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) өзгөртүүлөр киргизилген патентти тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
2) Патентти өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө же селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугун берүүгө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СЖ Мамреестрине Патентти өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө же селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугун берүүгө лицензиялык келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Патентти өткөрүп берүү жөнүндө келишимди же селекциялык жетишкендикти пайдлануу укугун берүүгө лицензиялык келишимди каттоодо Мамреестрлер бөлүмү чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- СЖ Мамреестрине жана патенттин кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- патент ээсине (патенттик ишенимдүү өкүлгө) маалыматтар киргизилген патентке кошумча баракты тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Мында СЖ мамреестрине жана патенттин кошумча барагына төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча;
укук мураскери;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- селекциялык жетишкендикти пайдалануу укугун берүү жөнүндө лицензиялык келишим боюнча:
лицензиат;
(он экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
өткөрүлүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
(он бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 619 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- кайсы жакка болбосун ачык лицензияга укук берүү жөнүндө келишим боюнча:
ачык лицензия жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата жана бюллетендин номери;
- аргасыз лицензия боюнча:
аргасыз лицензия берүү жөнүндө маалыматтар.
3) Селекциялык жетишкендикти каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Селекциялык жетишкендикти каттоону жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Апелляциялык кеңештин чечими же күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Апелляциялык кеңештин чечимин же Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- СЖ Мамреестрине жана патенттин кошумча барагына тийиштүү маалыматтарды киргизет:
- СЖ Мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
СЖ Мамреестрине патентти жараксыз деп таануу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- эгерде патент берүү датасына селекциялык жетишкендик жаңылык, айырмалуулук, бир түрдүүлүк жана стабилдүүлүк шарттарына ылайык келбеген болсо;
- эгерде патентте патент ээси катарында көрсөтүлгөн адам патент алуу үчүн мыйзамдык негиздерге ээ болбогон болсо.
4) Патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СЖ Мамреестрине селекциялык жетишкендикке патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу кызмат кылат.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- СЖ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет:
- СЖ Мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
СЖ Мамреестрине патенттин жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- патент ээси тарабынан белгиленген мөөнөттө патентти күчүндө кармап тургандыгы үчүн алым төлөнбөгөн учурда - патентти күчүндө кармап тургандыгы үчүн алым төлөөнүн белгиленген мөөнөтү бүткөн датадан;
- патент ээси белгиленген мөөнөттө айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сурамы боюнча селекциялык жетишкендиктин коргоого жарамдуулугун текшерүү үчүн урукту, асыл тукум материалын, документтерди жана башка маалыматты бербеген учурда же селекциялык жетишкендикти текшерүүнү ордунда өткөрүү үчүн шарттарды камсыз кылбаган учурда;
- селекциялык жетишкендик бир түрдүүлүк жана туруктуулук шарттарына ылайык келбегенде;
- "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык белгиленген жарактуулук мөөнөтү бүткөндө.
5) Талашсыз жана техникалык каталарга оңдоолорду киргизүү.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан ОТ мамреестрине киргизилет.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалыматтар жарыялоого жөнөтүлөт.
6) Патенттин дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Патенттин түпнускасы жоголгон же бузулган учурда патент ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан патенттин дубликаты берилиши мүмкүн. Патенттин бир нече ээси болгон учурда патенттин дубликаты бардык ээлеринин же алардын укук мураскерлеринин биргелешкен арызы боюнча берилет. Дубликат берүү патенттин дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Арызга тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ (зарыл болгон учурда) (мисалы, мураскерликке укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ишеним кат, эгерде арыз патент ээсинин өкүлү же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилсе.
Документтерди карап чыгуунун оң натыйжасында реестрлер бөлүмү:
- СЖ Мамреестрине дубликат берүү жөнүндө маалыматтар киргизилет;
- ээсине же анын укук мураскерине (патенттик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) патенттин дубликатын берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Патенттин дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Патенттин дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча патенттин түпнускасына дал келет жана аны менен юридикалык бирдей күчкө ээ.
Патенттин дубликаты патенттин бланкасында (жана кошумча баракта, ал болгон учурда, ал бар болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде патенттин түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелет.
Патенттин дубликаты берилгендиги жөнүндөгү маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
7) Мыйзамдын 30-1-беренесине ылайык патенттик алым аны күчүндө кармоо үчүн белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу жарактуулугу токтотулган патенттин жарактуулугу патент ээсинин өтүнүчү боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
Патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч жарактуулуктун ар бир өткөрүлгөн жылы үчүн алым жана мындай өтүнүчтү бергендиги үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөн шартта, Мыйзамдын 17-беренесине ылайык патенттин жарактуулугунун белгиленген жыйырма беш жылдык мөөнөтү аяктаганга чейин, өсүмдүктөрдүн сорттору үчүн үч жылдын ичинде, ал эми жүзүмдүн, декоративдүү бак-дарак, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн жана токой өсүмдүктөрүнүн сорттору үчүн, анын ичинде алардын кыйыштырылуучу көчөттөрүнө, ошондой эле жаныбарлардын тукумуна - аталган патенттик алым төлөнгөн мөөнөт аяктаган датадан тартып беш жылдын ичинде Кыргызпатентке берилет.
Патент ээси патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлүнө (мындан ары - патенттик ишенимдүү өкүл) же "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда башка өкүлгө ага тиешелүү ишеним кат берүү менен ыйгарым укук бериши мүмкүн.
Өтүнүч ушул тартиптин тиркемесинде келтирилген үлгүгө ылайык мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Өтүнүчкө патент ээси, алар дайындалган учурда патенттик ишенимдүү өкүл же башка өкүл кол коёт.
Юридикалык жактын атынан өтүнүчкө уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коёт жана мөөр коюлат.
Кол койгон адамдын аты-жөнүн көрсөтүү менен коюлган кол чечмеленет.
Өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
- селекциялык жетишкендикке патент (түпнуска);
- патенттин жарактуулугун калыбына келтирүү үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- өткөрүлгөн жылдар үчүн белгиленген алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- эгерде өтүнүч патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл аркылуу берилсе, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу келип түшкөн өтүнүч жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он күндүк мөөнөттө каралат.
Зарыл болгон кайсы бир документтер жок болгон же туура таризделбеген учурда патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө суроо-талапты алган датадан баштап эки айдын ичинде жетишпеген жана/же оңдолгон документтерди Кыргызпатентке берүү сунушу менен суроо-талап жиберилет.
Мында ушул пунктчада каралган өтүнүчтү кароо мөөнөтү жетишпеген же оңдолгон документтердин акыркысы келип түшкөн датадан тартып эсептелет.
Эгерде ушул пунктчада каралган өтүнүчтү берүүнүн шарттары жана документтерге коюлган талаптар сакталса, патенттин жарактуулук мөөнөтү калыбына келтирилет.
Мында Кыргызпатент төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- он жумуш күндүн ичинде ОТ мамреестрине тиешелүү маалымдарды киргизет;
- патентти бир айдын ичинде калыбына келтирүү жөнүндө кабарлоону жарыялоого жиберет;
- патент ээсинин, патенттик ишенимдүү өкүлдүн же өкүлдүн дарегине коргоо документтерин жана патентти күчүндө кармоо даталары жана аны күчүндө кармоо үчүн алымдарды эсепке алуу жөнүндө маалыматтарды келтирүү менен патенттин жарактуулук мөөнөтүн калыбына келтирүү тууралуу жазуу менен кабарламаны он жумуш күндүн ичинде жөнөтөт.
Эгерде бардык зарыл болгон, туура таризделген документтер белгиленген мөөнөттө берилбесе, патент калыбына келтирилбейт, бул тууралуу патент ээсине, патенттик ишенимдүү өкүлгө же башка өкүлгө кабарланат.
5. СЖ мамреестринен көчүрмө берүү.
СЖ мамреестринен көчүрмө патент ээси, патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка жак тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- патенттин номери;
- СЖ мамреестринде катталган датасы;
- селекциялык жетишкендиктин аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 9-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. ЭЭМдер үчүн программаларды ЭЭМ Мамреестринде каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын электрондук эсептөөчү машиналары үчүн программаларынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ЭЭМ Мамреестри) ЭЭМдер үчүн программаларды расмий каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген ЭЭМдер үчүн программаларды каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ЭЭМдер үчүн программалар жөнүндө маалыматтарды ЭЭМ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана ЭЭМ үчүн программаны каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн жыйымдын төлөнүшү эсептелет.
3. ЭЭМ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ЭЭМ Мамреестринде каттоо номери;
- өтүнмөнүн каттоо номери;
- өтүнмө келип түшкөн дата;
- ЭЭМ үчүн программанын биринчи жарыкка чыккан (жарыяланган) жери жана датасы;
- ЭЭМ үчүн программаны расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- ЭЭМ үчүн программаны ЭЭМ Мамреестринде расмий катталган датасы;
- ЭЭМ үчүн программанын аталышы;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- автордун (авторлордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду;
- укук ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- программа жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери;
- кат алышуу үчүн дарек.
2. ЭЭМ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. ЭЭМ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же анын дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- катталган ЭЭМ үчүн программага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө;
- катталган ЭЭМ үчүн программага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же анын дарегинин өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ЭЭМ Мамреестрине укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же жашаган жеринин дарегинин өзгөрүшү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргызпатентке берилген укук ээсинин арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- өтүнмө келип түшкөн дата;
- ЭЭМ үчүн программанын аталышы;
- укук ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- укук ээсинин - жеке жактын аты-жөнүнүн же укук ээсинин - юридикалык жактын аталышынын өзгөртүүлөрүнүн укуктуулугун тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- өкүлгө берилген ишеним кат, эгерде арыз ал аркылуу берилсе.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү анын кайра түзүлгөндүгүнө байланыштуу укук ээсинин - юридикалык жактын аталышынын өзгөрүүсү менен байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул учурда өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун ырастоочу документ төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- кайра түзүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
- кайра түзүү жана укук мураскерлиги жөнүндө соттун чечими;
- кайра түзүү жөнүндө белгиси менен уюмдун уставы;
Чет өлкөлүк юридикалык жактар укук ээсинин аталышынын өзгөрүшү болуп өткөн өлкөнүн мыйзамына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун тастыктоочу документти беришет.
Документтер алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат. Документтерди карап чыгуунун он натыйжасында реестрлер бөлүмү:
- ЭЭМ Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча брагына укук ээсинин жаңы аты-жөнүн же толук аталышын жана (же) дарегин киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүккө кошумча баракты укук ээсине же өкүлүнө түздөн-түз же электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүү системасы аркылуу анын дарегине жөнөтөт.
2) Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим тууралуу же катталган ЭЭМ үчүн программага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ЭЭМ Мамреестрине мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө катталган келишим тууралуу же катталган ЭЭМ үчүн программага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди же ЭЭМ үчүн программаны пайдаланууга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоодо Мамреестрлер бөлүмү келишимди каттоо жөнүндө чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде жана күбөлүктүн түпнускасы бар болгондо:
- ЭЭМ Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүккө кошумча баракты укук ээсине (өкүлүнө) тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Мында ЭЭМ Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ЭЭМ үчүн программага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча:
укук мураскери;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- ЭЭМ үчүн программаны пайдаланууга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим боюнча:
лицензиат;
лицензиянын түрү;
келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
келишимдин жарактуулук мөөнөтү.
3) Талашсыз жана техникалык каталардын оңдоолорун киргизүү.
Өтүнмө ээсинин эркинен тышкары кетирилген талашсыз же техникалык каталарды оңдоо алым төлөтүлбөстөн Кыргызпатент тарабынан ЭЭМ Мамреестрине жана күбөлүккө киргизилет. Өтүнмө ээси тарабынан кетирилген каталарды оңдоо үчүн алым төлөтүлүп алынат.
Талашсыз жана техникалык каталарды оңдоону ЭЭМ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин кабарлоосу же укук ээсинин арызы кызмат кылат.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин кабарлоосун же укук ээсинин арызын алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ЭЭМ Мамреестрине талашсыз жана техникалык каталарды оңдоону киргизет;
- күбөлүккө тиешелүү оңдоолорду киргизет;
- киргизилген оңдоолор жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
4) Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн түпнускасы жоголгон же бузулган учурда товардык белгинин ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынаи күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн.
Дубликаттын берилиши күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндөгү маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ (зарыл болгон учурда) (мисалы, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ишеним кат, эгерде ушул ээсинин өкүлү аркылуу берилсе.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- дубликаттын берилиши жөнүндө маалыматтарды ЭЭМ Мамреестрине киргизет;
- дубликаты күбөлүктүн ээсине же анын укук мураскерине (патенттик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Күбөлүктүн дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түпнускасына дал келет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Күбөлүктүн дубликаты күбөлүктүн бланкасында (жана кошумча баракта, ал болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде күбөлүктүн түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелинет.
Күбөлүктүн дубликаты берилгендиги жөнүндөгү маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
5. ЭЭМ мамреестринен көчүрмөнү берүү.
ЭЭМ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Аты-жөнүн көрсөтүү менен жеке жактан өтүнүч кат (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- ЭЭМ мамреестринде катталган датасы;
- электрондук эсептөө машиналары үчүн программанын аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 10-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Маалымат базаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. МБ мамреестринде маалымат базаларын расмий каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Маалымат базаларынын мамлекеттик реестри (мындан ары - МБ Мамреестри) маалымат базаларын расмий каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген маалымат базаларын каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. Маалымат базалары жөнүндө маалыматтарды МБ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана маалымат базасын каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн жыйымдын төлөнүшү эсептелет.
3. МБ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- МБ Мамреестринде расмий каттоо номери;
- өтүнмөнүн каттоо номери;
- өтүнмө келип түшкөн дата;
- маалымат базасынын биринчи жарыкка чыккан (жарыяланган) жери жана датасы;
- маалымат базасын расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- МБ Мамреестринде маалымат базасынын расмий катталган датасы;
- маалымат базасынын аталышы;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- автордун (лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду;
- укук ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- маалымат базасы жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери;
- кат алышуу үчүн дарек.
2. МБ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. МБ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же анын дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- катталган маалымат базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө;
- катталган маалымат базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө;
МБ мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 2-главасынын 4-пунктунун 1-4-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
5. МБ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 11-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Интегралдык микросхемаларынын топологияларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. ИМСТ мамреестринде топологияларды расмий каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Интегралдык микросхемаларынын топологияларынын мамлекеттик реестри (мындан ары - ИМСТ мамреестри) интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген маалымат базаларын каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ИМСТ Мамреестрине топологиялар жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана топологияны каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн жыйымдын төлөнүшү эсептелет.
3. ИМСТ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ИМСТ Мамреестрине топологиянын каттоо номери;
- өтүнмөнүн каттоо номери;
- өтүнмө келип түшкөн дата;
- коммерциялык максаттарда топология биринчи жолу пайдаланылган жер жана датасы;
- топологиянын расмий каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- ИМСТ Мамреестрине топология расмий катталган дата;
- топологиянын аталышы;
- өтүнмө ээсинин (ээлеринин) аты жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- автордун (лордун) аты-жөнү, өлкөнүн коду;
- укук ээсинин (ээлеринин) аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- топология жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата, бюллетендин номери;
- кат алышуу үчүн дарек.
2. ИМСТ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
4. ИМСТ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же анын дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- катталган топологияга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган келишим жөнүндө;
- катталган топологияга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө;
- топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун аракеттерин токтотуу жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө;
- башка өзгөртүүлөр.
1) ИМСТ мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күбөлүк берүү (топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун аракетин токтотуу жөнүндө маалыматты киргизүүдөн башка учурларда) Кыргыз Республикасынын электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларынын мамлекеттик реестрин алып баруунун тартибинин 2-главасынын 4-пунктунун 1 - 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
2) Топологияны пайдаланууга өзгөчө укуктун аракетин токтотуу жөнүндө маалыматты киргизүү.
ИМСТ Мамреестрине күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу кызмат кылат.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- ИМСТ Мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- ИМСТ Мамреестрине киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
ИМСТ Мамреестрине күбөлүктүн жарактуулугун токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилет:
- Кыргыз Республикасынын «Интегралдык микросхемаларынын топологияларын укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесине ылайык белгиленген анын жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин.
5. ИМСТ мамреестринен көчүрмөнү берүү Кыргыз Республикасынын Электрондук эсептөө машиналары үчүн программалардын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 12-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Автордук укук объектилеринин 1 мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 , КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. АУ Мамреестрине автордук укук объектилерин каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - АУ Мамреестри) автордук укук объектилерин каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген автордук укук объектин каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. АУ Мамреестрине автордук укук объектилери жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана автордук укук объектисин каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн жыйымдын төлөнүшү эсептелет.
3. АУ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- АУ Мамреестрине күбөлүктүн каттоо номери;
- өтүнмөнүн каттоо номери;
- өтүнмө берилген дата;
- чыгарма биринчи жолу эл алдында аткарылган (жарыяланган (жарыкка чыккан)) дата;
- автордук укук объектисин каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- АУ Мамреестрине автордук укук объектисин каттоо датасы;
- автордук укук объектисинин бирдейлештирүүчүсү;
- чыгарманын аталышы;
- автор(лор):
автордун(лордун) аты-жөнү (псевдоними), өлкөнүн коду;
кат алышуу үчүн дарек;
жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруу уюмуна таандыктыгы;
- мүлктүк укуктардын ээси (ээлери):
аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
кат алышуу үчүн дарек;
жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруу уюмуна таандыктыгы.
Автордук укук объектилеринин бирдейлештирүүчүсү төмөндөгүдөй тизмеге жана коддорго ээ:
- адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка чыгармалар) С01;
- драмалык жана сценарийлик чыгармалар С02;
- музыкалык-драмалык чыгармалар С03;
- хореографиялык чыгармалар жана пантомималар С04;
- тексти бар же тексти жок музыкалык чыгармалар С05;
- живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана сүрөт искусствосунун башка чыгармалары С06;
- декоративдик-колдонмо жана сценографиялык искусствонун чыгармалары С07;
- архитектура, шаар куру жана сейил бак искусство чыгармалары С08;
- фотосүрөт чыгармалары жана фотосүрөткө окшогон ыкмалар менен алынган чыгармалар С09;
- географиялык, геологиялык жана башка карталар, пландар, эскиздер жана географияга, топографияга жана башка илимдерге кирүүчү чыгармалар С10;
- аудиовизуалдык чыгармалар (кино-, теле- жана видеофильмдер, слайдфильмдер жана башка кино-, теле- жана видеочыгармалар), радиочыгармалар С20.
2. АУ Мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
4. АУ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- автордун же укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн жана/же дарегинин өзгөрүшү жөнүндө;
- катталган чыгармага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган автордук келишим жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Автордун же укук ээсинин аталышын же аты-жөнүн жана/же дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
АУ Мамреестрине мүлктүк укуктун ээсинин аталышын (аты-жөнүн) жана (же) анын дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, ээсинин Кыргызпатентке берген арызы эсептелет.
Арыз төмөндөгү маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- өтүнмөнүн номери;
- өтүнмө берилген дата;
- чыгарманын аталышы;
- мүлктүк укуктун ээсинин мурдагы жана жаңы аты-жөнү же толук аталышы жана дареги.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш:
- мүлктүк укуктун ээсинин - жеке жактын же автордук укуктун ээсинин - юридикалык жактын аталышынын аты-жөнүнүн өзгөрүшүнүн укуктуулугун тастыктоочу документтин көчүрмөсү;
- (11-абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 652 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- өкүлдүн ишеним каты, эгерде арыз ал аркылуу берилген болсо.
Өзгөртүүлөрдү киргизүү анын кайра түзүлүүсүнө байланыштуу мүлктүк укук ээсинин - юридикалык жактын аталышынын өзгөртүүгө байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул учурда өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун тастыктоочу документ төмөндөгүлөр болушу мүмкүн:
- кайра түзүүнү жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий документи;
- кайра түзүү жана укук мураскерлиги жөнүндөгү соттун чечими;
- кайра түзүлгөндүгү жөнүндө белги менен уюмдун уставы;
- автордук укук объектисине укукту өткөрүп берүүнү (мүлктүк укуктун ээсинин укук мураскерине) тастыктоочу, мүлктүк укуктун ээсинин ишканасынын жоюлгандыгы же жоюлган балансы жөнүндө актынын көчүрмөсү.
Чет өлкөлүк юридикалык жактар мүлктүк укуктун ээсинин аталышы өзгөртүлгөн өлкөнүн мыйзамына ылайык, өзгөртүүлөрдүн укуктуулугун тастыктоочу документти көрсөтүшөт.
Документтер алар келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат жана карап чыгуу бүткөндөн кийин оң натыйжа чыккан учурда реестрлер бөлүмү:
- АУ Мамреестрине жана күбөлүккө мүлктүк укуктун ээсинин жаңы аты-жөнүн же толук аталышын жана/же дарегин киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт;
- мүлктүк укуктун ээсинин (өкүлүнүн) дарегине түздөн-түз же электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүү системасы аркылуу киргизилген өзгөртүүлөр менен күбөлүккө кошумча баракты жөнөтөт.
2) Катталган чыгармага мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган автордук келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
АУ Мамреестрине чыгарманы (автордук укук объектисин) пайдаланууга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу катталган автордук келишим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргызпатенттин чечими эсептелет.
Чыгарманы (автордук укук объектисин) пайдаланууга мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү тууралуу автордук келишимди каттоодо реестрлер бөлүмү автордук келишимди каттоо жөнүндө чечимди алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- АУ Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына ылайыктуу маалыматтарды киргизет;
- өзгөртүүлөр киргизилген күбөлүккө кошумча баракты мүлктүк укуктун ээсине (өкүлүнө) тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Мында АУ Мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- пайдалануучу;
- автордук келишимдин түрү;
- келишимдин номери;
- өткөрүлүп берилүүчү укуктардын көлөмү;
- автордук келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- келишимдин жарактуулук мөөнөтү жана аймагы.
3) Талашсыз жана техникалык каталардын ондоолорун киргизүү.
Өтүнмө ээсинин эркинен тышкары кетирилген талашсыз же техникалык каталарды оңдоо алым төлөтүлбөстөн Кыргызпатент тарабынан АУ Мамреестрине жана күбөлүккө киргизилет. Өтүнмө ээси тарабынан кетирилген каталарды оңдоо үчүн жыйым төлөтүлүп алынат.
Талашсыз жана техникалык каталарды ондоону АУ Мамреестрине киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин кабарлоосу же мүлктүк укук ээсинин арызы кызмат кылат.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин кабарлоосун же мүлктүк укук ээсинин арызын алган күндөн тартып бир айдын ичинде:
- АУ Мамреестрине талашсыз жана техникалык каталарды оңдоону киргизет;
- күбөлүккө тиешелүү оңдоолорду киргизет;
- киргизилген оңдоолор жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
4) Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн түпнускасы жоголгон же бузулган учурда мүлктүк укуктун ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн. Дубликаттын берилиши күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндөгү маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп эсептелет.
Арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
- жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ (зарыл болгон учурда) (мисалы, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мураска укук жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү);
- ишеним кат, эгерде арыз мүлктүк укуктун ээсинин өкүлү аркылуу берилсе.
Документтерди карап чыгууда оң натыйжа чыгарылган учурда реестрлер бөлүмү:
- дубликаттын берилиши жөнүндө маалыматтарды АУ Мамреестрине киргизет;
- дубликаты күбөлүктүн ээсине же анын укук мураскерине (патенттик ишенимдүү өкүлгө, өкүлгө) берет;
- киргизилген маалыматтар жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
Күбөлүктүн дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн дубликаты анда көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түпнускасына дал келет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Күбөлүктүн дубликаты күбөлүктүн бланкасында (жана кошумча баракта, ал болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда "Дубликат" деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин жетекчисинин кол коюусу жана мөөр менен күбөлөидүрүлөт.
Дубликат берилгенде күбөлүктүн түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелинет.
Күбөлүктүн дубликаты берилгендиги жөнүндөгү маалыматтар Кыргызпатенттин расмий бюллетенинде жарыяланат.
5. АУ мамреестринен көчүрмө берүү.
АУ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүл берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам тарабынан аты-жөнү, кызмат ордун көрсөтүү менен кол коюлат жана мөөр басылат.
Жеке жактан өтүнүч кат - аты-жөнүн көрсөтүү менен (эгер бар болсо, мөөр).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- АУ мамреестринде катталган датасы;
- автордук укук объекттеринин аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берген же почта аркылуу же электрондук түрдө берилген өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 13-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Чектеш укуктар объектилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. ЧУ Мамреестринде чектеш укуктар объектисин каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Чектеш укуктар объектилеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - ЧУ Мамреестри) чектеш укуктар объектилерин каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген чектеш укуктар объектилерин каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ЧУ Мамреестрине автордук укук объектилери жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана чектеш укуктар объектисин каттагандыгы, жарыялагандыгы жана күбөлүк бергендиги үчүн жыйымдын төлөнүшү эсептелет.
3. ЧУ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- ЧУ Мамреестрине күбөлүктүн каттоо номери;
- өтүнмөнүн каттоо номери;
- өтүнмө берилген дата;
- чектеш укуктар объектиси биринчи жолу эл алдында аткарылган (жарыяланган (жарыкка чыккан)) дата;
- чектеш укуктар объектисин каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- ЧУ Мамреестрине чектеш укуктар объектисин каттоо датасы;
- чектеш укуктар объектисинин бирдейлештирүүчүсү;
- чектеш укуктар объектисинин аталышы;
- өткөрүлүп берилүүчү укуктардын көлөмү жана аймагы;
- чектеш укуктардын субъектиси(лери);
- аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
- кат алышуу үчүн дарек;
- жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруу уюмуна таандыктыгы;
- автор(лор):
автордун (лордун) аты-жөнү (псевдоними), өлкөнүн коду;
кат алышуу үчүн дарек;
жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруу уюмуна таандыктыгы;
- мүлктүк укуктун ээси(лери):
аты-жөнү же толук аталышы, өлкөнүн коду;
кат алышуу үчүн дарек;
жамааттык негизде мүлктүк укуктарды башкаруу уюмуна таандыктыгы.
4. Чектеш укуктардын объектилеринин бирдейлештирүүчүсү төмөндөгү объекттерди жана алардын коддорун камтыйт:
- коюулар - Р21
- аткаруулар - Р22
- фонограммалар - Р23
- эфирдик жана кабельдик уктуруу уюмунун берүүлөрү - Р24
2. ЧУ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
5. ЧУ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- укук ээсинин аталышынын же аты-жөнүнүн өзгөрүшү жөнүндө;
- катталган чектеш укук объектисине мүлктүк укуктарды ыктыярдуу ыйгарып берүү жөнүндө;
- катталган чектеш укук объектисине мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө;
- талашсыз жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
ЧУ Мамреестрине кошумча маалыматтарды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана чектеш укуктар объектилерин каттоо жөнүндө күбөлүк берүү Кыргыз Республикасынын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 2-главасынын 4-пунктунун 1 - 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
6. ЧУ мамреестринен көчүрмө берүү Кыргыз Республикасынын Автордук укук объектилеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибинин 5-пунктунда көрсөтүлгөн иш-аракеттерге окшош жүргүзүлөт.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 14-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Рационализатордук сунуштарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. РС Мамреестринде рационализатордук сунуштарды каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Рационализатордук сунуштарынын мамлекеттик реестри (мындан ары - РС Мамреестри) рационализатордук сунуштарды каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын күбөлүктөрү (мындан ары - күбөлүктөр) берилген рационализатордук сунушту каттоого, ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүүгө арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. РС Мамреестринде рационализатордук сунуштар жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, күбөлүк берүү жөнүндө чечим жана каттагандыгы үчүн алымдын төлөнүшү эсептелет.
3. РС Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- РС Мамреестринде каттоо номери;
- арыздын каттоо номери;
- арыз берилген дата;
- рационализатордук сунуштун аталышы;
- ишкананын(лардын) аталышы;
- автордун (лордун) аты-жөнү;
- Реестрде сунуш катталган дата;
- рационализатордук сунуш жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата жана бюллетендин номери;
- кат алышуу үчүн дарек.
2. Күбөлүктүн дубликатын берүү
4. Күбөлүк жоголгон же бузулган учурда күбөлүктүн ээсинин же анын укук мураскеринин арызы боюнча Кыргызпатент тарабынан күбөлүктүн дубликаты берилиши мүмкүн.
Арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
- алым төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- укук мураскерлиги жөнүндө документ ( зарылдыгына жараша) (мисалы, мураскерлик укугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү).
Күбөлүктүн дубликатын берүү Кыргызпатентке арыз келип түшкөндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт.
Күбөлүктүн дубликаты анын ийиндеги көрсөтүлгөн маалыматтардын курамы боюнча күбөлүктүн түпнускасына ылайык келет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ.
Күбөлүктүн дубликаты күбөлүктүн бланкасында (жана кошумча баракта, ал бар болгон учурда) дубликаты берүү мезгилинде аракетте болгондун үлгүсүндө берилип, оң жактагы жогорку бурчунда «Дубликат» деген мөөр басылат. Берилген дубликат Кыргызпатенттин директорунун кол коюусу жана мөөр менен күбөлөндүрүлөт.
Дубликат берилгенде күбөлүктүн түпнускасы юридикалык күчүн жоготкон болуп эсептелет.
5. РС мамреестринен көчүрмө берүү.
РС мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же анын өкүлү берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана мөөр басуу менен кол коёт.
Жеке жактын өтүнүч каты - аты-жөнүн көрсөтүү менен (мөөр, эгер бар болсо).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- РС мамреестринде катталган дата;
- рационализатордук сунуштун аталышы;
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 15-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү
тартиби
1. ПИӨ мамреестринде патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоонун тартиби
1. Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн мамлекеттик реестри (мындан ары - ПИӨ мамреестри) Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү катарында аттестацияланган Кыргыз Республикасынын жарандарын каттоо үчүн арналган расмий документ болуп эсептелет.
2. ПИӨ Мамреестрине патенттик ишенимдүү өкүлдү каттоо жөнүндө маалыматты киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин аттестациялык комиссиясынын чечими, каттагандыгы үчүн белгиленген акы төлөнгөндүгү жөнүндө документ эсептелет.
3. ПИӨ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- күбөлүктүн номери да болуп дагы эсептелүүчү каттоо номери;
- Кыргызпатенттин аттестациялык комиссиясынын чечиминин каттоо номери жана датасы;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн катталган датасы;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн аты-жөнү;
- жашаган жеринин дареги;
- интеллектуалдык менчик объектилери боюнча патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердүүлүгүнүн чектөөлөрү;
- кат алышуу үчүн дарек, ошондой эле телефонунун, телефаксынын номери, электрондук почтасынын дареги, эгерде алар бар болсо.
2. ПИӨ Мамреестрине өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүүнүн тартиби
4. ПИӨ Мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилиши мүмкүн:
- патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жана толуктоолор жөнүндө;
- патенттик ишенимдүү өкүлгө карата жаза-чара жөнүндөгү белги тууралуу;
- патенттик ишенимдүү өкүлдү ПИӨ Мамреестринен чыгаруу жөнүндө.
1) Патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
ПИӨ Мамреестрине патенттик ишенимдүү өкүл жөнүндө маалыматтардын өзгөртүүлөрүн жана толуктоолорун киргизүү үчүн негиз болуп, патенттик ишенимдүү өкүлдүн төмөндөгү маалыматтарды камтуучу арызы кызмат кылат:
- кесиптик ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырууга байланышкан бардык өзгөртүүлөр жөнүндө;
- юридикалык жактын уставындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө - патенттик ишенимдүү өкүлдүн ишмердүүлүгүн токтотуу, жоюу же патенттик ишенимдүү өкүлдүн юридикалык жагынын кайра түзүлүүсү жөнүндө.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде реестрлер бөлүмү:
- ПИӨ Мамреестрине тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө кабарлоону жарыялоого жөнөтөт.
2) Патенттик ишенимдүү өкүлгө карата жаза-чара жөнүндө белгини киргизүү.
Патенттик ишенимдүү өкүлгө карата жаза-чара жөнүндө белги тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп, Кыргызпатенттин апелляциялык комиссиясынын чечиминин негизиндеги Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү бир айдын ичинде:
- ПИӨ Мамреестрине патенттик ишенимдүү өкүлгө карата кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- патенттик ишенимдүү өкүлгө карата кабыл алынган чаралар жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет.
ПИӨ Мамреестрине төмөндөгү маалыматтар киргизилет:
- эскертүү;
- Апелляциялык комиссиянын чечиминин негизинде ПИӨ Мамреестринен чыгаруу;
- аттестациянын жыйынтыктары боюнча калыбына келтирүү менен 1 жылга чейинки мөөнөткө ПИӨ Мамреестринен убактылуу чыгаруу;
- 5 жыл ичинде аттестацияга укуксуздугу менен Мамреестрден чыгаруу.
3) ПИӨ Мамреестринен патенттик ишенимдүү өкүлдү чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
ПИӨ Мамреестринен патенттик ишенимдүү өкүлдү чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу эсептелет.
Реестрлер бөлүмү Кыргызпатенттин буйругун алган датадан тартып бир айдын ичинде:
ПИӨ Мамреестрине патенттик ишенимдүү өкүлдү ПИӨ Мамреестринен чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизет;
- патенттик ишенимдүү өкүлдү ПИӨ, Мамреестринен чыгаруу жөнүндө маалыматтарды жарыялоого жиберет.
ПИӨ Мамреестрине патенттик ишенимдүү өкүлдү ПИӨ Мамреестринен чыгаруу жөнүндө төмөндөгү негиздер киргизилет:
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн жеке арызы;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуусу, анын ичинде туруктуу жашап турган жерин алмаштыруусу (башкача айтканда бир жылдан ашык чет өлкөдө болуусу) жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы юридикалык дарегин жоготуусу, же «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин экинчи бөлүгүндө каралган кырдаалдардын пайда болуусу;'
- патенттик ишенимдүү өкүл тарабынан Кыргызпатентке көрсөтүлгөн маалыматтардын же документтердин чыныгылыгына ылайык келбестигинин табылышы;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн аракетине карата кардардын же кайсы болбосун жактын даттануусун карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча апелляциялык комиссиянын чечими;
«Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган укуктарды жана милдеттерди патенттик ишенимдүү өкүл кыянатчылык менен пайдаланган фактыны карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча апелляциялык комиссиянын чечими;
- үч жыл ичинде патенттик ишинин өкүлдүн ишинин ишке ашырылбай калышы;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн иши боюнча иш алып барууга тыюу салуу жөнүндө же мындай иштин мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу башка жаза жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдык күчүнө кириши;
- патенттик ишенимдүү өкүлдүн дүйнөдөн кайтышы.
Күбөлүк күчүн жоготот жана Кыргызпатентке тапшырылышы керек.
| Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндөгү жобого 16-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-январындагы № 12 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын салттуу билимдеринин мамлекеттик реестри (мындан ары - СБ мамреестри) салттуу билимдерди каттоо, салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүү, катталган салттуу билимдерди пайдалануу укугун (мындан ары - күбөлүк), ошондой эле алардын укуктук статусун өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн арналган расмий документ болуп саналат.
2. СБ мамреестрине салттуу билим жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп салттуу билимди каттоо, катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүү жана аларды пайдалануу укугун каттоо жөнүндө чечим жана каттоо, жарыялоо жана күбөлүк берүү үчүн алымды төлөө эсептелет.
3. Салттуу билимди каттоодо жана аны пайдалануу укугун берүүдө СБ мамреестрине төмөнкү маалыматтар киргизилет:
1) салттуу билимди каттоо номери/салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн номери;
2) СБ мамреестринде салттуу билим катталган дата;
3) салттуу билимди пайдалануу укугуна күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү бүткөн дата;
4) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн же катталган салттуу билимди пайдалануу укугун берүүгө өтүнмөнүн номери;
5) салттуу билимди каттоого жана аны пайдалануу укугун берүүгө өтүнмө же катталган салттуу билимди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө берилген дата;
6) салттуу билимдин аталышы;
7) билдирилген салттуу билимдин сыпаттамасы;
8) күбөлүктүн ээси жөнүндө маалыматтар: юридикалык жактын толук аталышы, анын турган жери, жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери;
9) өтүнмө ээсинин өкүлүнүн аты-жөнү;
10) кат алышуу үчүн дареги;
11) салттуу билимди каттоо жөнүндө маалыматтар жана күбөлүктү берүү жөнүндө маалыматтар жарыяланган дата.
2. Мамреестрге өзгөртүүлөрдү жана кошумча маалыматтарды киргизүү тартиби
4. СБ мамреестрин жүргүзүү процессинде ага төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана кошумча маалыматтар киргизилет:
- күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган ордунун) дарегин өзгөртүү жөнүндө;
- күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө;
- катталган салттуу билимди пайдалануу келишими жөнүндө;
- ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө;
- күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө.
1) Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүү жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн ээсинин аталышын же аты-жөнүн өзгөртүүлөр жана/же анын жашаган жеринин (турган жеринин) дарегин өзгөртүү жөнүндө маалыматтар күбөлүктүн ээсинин же болбосо анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн Кыргызпатенттин почталык же электрондук дарегине берген арызынын негизинде СБ мамреестрине жана күбөлүккө киргизилет.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн ээсинин мурунку жана жаңы толук аталышы же аты-жөнү жана жашаган жеринин (турган жеринин) дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээси тарабынан өкүлгө берилген ишеним кат.
Кайра уюштурууга, укугун улантууга байланыштуу күбөлүктүн ээсинин аталышын өзгөртүү жөнүндө арызга бул өзгөртүүнү ырастоочу документ тиркелет.
Күбөлүктүн ээсинин турган жерин же жашаган жерин өзгөртүү жөнүндө арызга компетенттүү органдын (органдардын) күбөлүктүн ээсинин катталган салттуу билимге ылайык келген географиялык бул объектте жайгашкандыгын ырастоочу корутундусу тиркелет.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- СБ мамреестрине жана күбөлүктүн кошумча барагына күбөлүк ээсинин жаңы аталышын же аты-жөнүн киргизет;
- киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген адамдын почталык же электрондук дарегине киргизилген өзгөртүүлөр менен күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
2) Күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин буйругу саналат.
Кыргызпатент буйрук чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде:
- СБ мамреестрине тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- Мамреестрге киргизилген маалыматтар жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт.
СБ мамреестрине күбөлүктүн колдонулушун токтотуу жөнүндө маалыматтар төмөнкүдөй киргизилет:
- "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-статьясында белгиленген күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн алым белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учурда;
- күбөлүктүн ээси тарабынан Кыргызпатентке берилген арыздын негизинде.
3) Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн негиз болуп күбөлүктүн ээсинин же анын укук улантуучусунун, өкүлүнүн күбөлүктүн жарактуулугунун акыркы жылынын ичинде берилген арызы саналат.
Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү алым төлөнгөн шартта ар жолу он жылга узартылат. Күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн ээсинин өтүнүч каты боюнча ага кошумча алым төлөнгөн шартта күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү аяктагандан кийин алты айлык мөөнөт берилиши мүмкүн.
Арыз төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- күбөлүктүн номери;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү;
- күбөлүктүн ээсин көрсөтүү (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын аты-жөнү);
- күбөлүктүн ээсинин дареги.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:
- алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документ;
- арыз өкүл аркылуу берилген учурда, күбөлүктүн ээсинин өкүлүнө берилген ишеним кат.
Документтер Кыргызпатентке келип түшкөн датадан тартып бир айдын ичинде каралат. Кароо процессинде күбөлүктүн ээсине (өкүлүнө) жетишпеген же тактоочу материалдарды берүү үчүн почталык же электрондук дарегине суроо-талап жөнөтүлүшү мүмкүн. Суроо-талап жөнөтүлгөн учурда документтерди кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө бир айга узартылат.
Документтерди кароонун натыйжасы оң болгон учурда Кыргызпатент:
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө күбөлүктүн кошумча барагын даярдайт;
- СБ мамреестрине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү узартылганга чейинки датаны киргизет;
- күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө билдирүүнү жарыялоого жөнөтөт;
- арыз берген жактын почталык же электрондук дарегине күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө маалыматтарды камтыган күбөлүктүн кошумча барагын жөнөтөт.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды киргизүү.
Катталган салттуу билимдерди пайдалануу келишими жөнүндө маалыматтарды Мамреестрге киргизүү үчүн негиз болуп Кыргызпатенттин келишимди каттоо жөнүндө чечими саналат.
Салттуу билимди пайдалануу келишимин каттоодо Кыргызпатент чечимди алган датадан тартып бир айдын ичинде:
- Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына тиешелүү маалыматтарды киргизет;
- арыз берген адамга киргизилген маалыматтар менен күбөлүктүн кошумча барагын тапшырат же анын дарегине жөнөтөт.
Ошол эле учурда Мамреестрге жана күбөлүктүн кошумча барагына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
- салттуу билимдин ээси жөнүндө;
- пайдаланылуучу укуктардын көлөмү жөнүндө;
- Жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү фондуна салттуу билимдерди пайдалануу үчүн төлөмдөрдү чегерүүлөр жөнүндө;
- келишимди каттоо жөнүндө чечим чыгарылган дата;
- келишимдин жарактуулук аймагы;
- келишимдин жарактуулук мөөнөтү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоолорду киргизүү.
Ачык жана техникалык каталарды оңдоо Кыргызпатент тарабынан СБ мамреестрине киргизилет. Ачык жана техникалык каталарды оңдоо жөнүндө маалымат жарыялоого жөнөтүлөт.
5. СБ мамреестринен көчүрмөнү берүү.
СБ мамреестринен көчүрмө күбөлүктүн ээси же өкүлү берген өтүнүч каттын негизинде берилет.
Өтүнүч кат юридикалык же жеке жак тарабынан мамлекеттик же расмий тилде берилет. Юридикалык жактан өтүнүч катка уюмдун жетекчиси же буга белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген башка адам аты-жөнүн, кызмат ордун көрсөтүү жана мөөр басуу менен кол коёт.
Жеке жактын өтүнүч каты - аты-жөнүн көрсөтүү менен (мөөр, эгер бар болсо).
Өтүнүч катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- күбөлүктүн номери;
- РС мамреестринде катталган датасы;
- рационализатордук сунуштун аталышы.
- ээсинин аталышы.
Түздөн-түз берилген же почта аркылуу же электрондук түрдө келип түшкөн өтүнүч кат жана ага тиркелген документтер алар келип түшкөн датадан тартып он жумуш күндүн ичинде каралат.