Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 4-февралы № 72
“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. Кыргыз Республикасынын “Коомдук саламаттык сактоо” Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 758-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү - он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги – калктын ден соолугунун абалы, адамдын жашоо чөйрөсү, мында жашоо чөйрөдөгү зыяндуу факторлор ага таасир көрсөтпөөгө тийиш жана адамдын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шарттары түзүлүшү керек.
Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза – өндүрүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигин же шайкеш эместигин аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү иш.
Санитардык-эпидемиологиялык корутунду – өндүрүмдөрдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкештигин (шайкеш эместигин) күбөлөндүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документ.”.
2. 4-берененин жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- коомдук саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин координациялоо;”.
3. 5-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5-берене. Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо
Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо жана адистерди даярдоо сапатын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.”.
4. 15-берененин биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен нормативдерге” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 16-беренеде:
- биринчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен ченемдерге жана эрежелерге” деген сөздөр “калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги тексттин экинчи абзацындагы “саламаттык сактоо” деген сөздөр “билим берүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 17-беренеде:
- биринчи жана экинчи абзацтардагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7. 18-берененин үчүнчү абзацындагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын ченемдик укуктук актыларына ылайык” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
8. 19-берененин биринчи абзацындагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы бекиткен ченемдер менен эрежелерге” деген сөздөр “калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. Төмөнкүдөй мазмундагы 19-1-беренеси менен толукталсын:
“19-1-берене. Адамдын ден соолугу үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү
боюнча өндүрүмдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн
коопсуздугунун санитардык-эпидемиологиялык экспертизасы
Адамдын ден соолугу үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча өндүрүмдүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугунун санитардык-эпидемиологиялык экспертизасы коомдук саламаттык сактоо кызматынын уюмдарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү санитардык-эпидемиологиялык корутундуну түзүү менен жүргүзүлөт.”.
10. 20-беренеде:
- биринчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- экинчи абзацтагы “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке” деген сөздөр “калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 21-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)
Инфекциялык оорулардын пайда болуу жана жайылуу коркунучу жаралганда чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.
Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүү жана жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.”.
12. 4-бап төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-берене менен толукталсын:
“22-1-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги
Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги төмөнкүдөй иш-чараларды өткөрүү аркылуу камсыздалат:
- санитардык-эпидемиологиялык абалга жана анын өзгөрүү божомолуна ылайык ооруларды профилактикалоо;
- санитардык, эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды аткаруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен техникалык регламенттердин, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана гигиеналык ченемдердин жеке, юридикалык жана кызмат адамдары тарабынан сакталышын контролдоо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилигин камсыздоо боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл;
- адам үчүн потенциалдуу коркунучту түзгөн өндүрүмгө жана кызмат көрсөтүүлөргө санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзүү;
- адам үчүн потенциалдуу коркунучту түзгөн химиялык жана биологиялык заттарды, өндүрүмдүн айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасына алгачкы ирет ташып киргизилүүчү өндүрүмдүн айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо;
- социалдык-гигиеналык мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилигин камсыз кылуу жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- инфекциялык оорулардын, жалпы уулануулардын жана инфекциялык эмес оорулардын келип чыгышы, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана өткөрүлүүчү профилактикалык, санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкты өз убагында маалымдоо;
- адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу инфекциялык оорулардын, эпидемиялардын дүрт этүүсүн, авариялардын, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, катастрофалардын кесепеттерин жоюу үчүн эпидфонддун резервдерин түзүү;
- калкты гигиеналык жактан окутуу жана тарбиялоо, сергек жашоону үгүттөө боюнча иштерди жүргүзүү;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилчилиги жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.”.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти