КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-февралы № 87
Жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Жарандарды аскердик кызматка сапаттуу даярдоону жана өсүп келе жаткан муунду мекенчил сезимде тарбиялоону камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Орто жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдарда жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Карамагында орто жалпы билим берүү программаларын, башталгыч жана орто кесиптик билим берүүчү кесиптик окутуу программаларын ишке ашыруучу билим берүүчү уюмдары бар министрликтер жана ведомстволор Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети менен бирге өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомдун 1-пунктунда аталган Жобого ылайык келтирсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 1-октябрындагы № 487 "Уландарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |