Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014 жылдын 17 февралы № 97
Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө
Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүүгө байланыштуу маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежеси бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |