Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 25-июну № 418 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 94
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Курулуш материалдарына салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 354-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасында:
40-пункттагы "(цемент менен шиферден башкасын)" деген сөздөр "(цементти кошпогондо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |