Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 25-июну № 418 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2008-жылдын 30-декабры № 733
Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 145, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 739, 2011-жылдын 22-февралындагы № 66, 2011-жылдын 10-июнундагы №296 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613, 2014-жылдын 14-февралындагы № 94, 2014-жылдын 4-ноябры № 625 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-пунктуна жана 354-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети 2009-жылдын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-чөйрөлөр менен бирдикте ишкердик субъекттерине хронометраждык текшерүүлөрдү жүргүзсүн жана ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын белгилөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтом 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №733 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 145, 2009-жылдын 8-декабрындагы № 739, 2011-жылдын 22-февралындагы № 66, 2011-жылдын 10-июнундагы №296 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613, 2014-жылдын 14-февралындагы № 94, 2014-жылдын 4-ноябры № 625 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Ишмердиктин түрүнүн аталышы | ГКЭД боюнча код | Салыктын базалык суммасы (сом менен 30 күнгө) |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Жер иштетүү жана түшүм жыйноо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 01.41 | 2000 |
2 | Мал союу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 01.42 | 2000 |
3 | Нан жана нан азыктарын чыгаруу | 15.81 | 10000 |
4 | (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 145 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
5 | Токардык буюмдарды даярдоо | 29.11 | 4000 |
6 | Теле жана радиоэлектрондук аппаратураларды оңдоо | 32.30 | 3000 |
7 | Жалпы курулуш иштери | 45.21 | 5000 |
8 | Электромонтаж иштери | 45.31 | 5000 |
9 | Санитардык-техникалык иштер | 45.33 | 6000 |
10 | Жыгач устачылык иштер | 45.42 | 2500 |
11 | Автомобилдерди техникалык жактан тейлөө жана оңдоо | 50.20 |
|
а) автомобилдерди техникалык жактан тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр (1 машина үчүн орун) |
| 3000 | |
б) транспорттук каражаттарды сырдоо жана кузовдорун оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 10000 | |
в) шиналарды оңдоо, анын ичинде дөңгөлөктөрдү балансировкалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 3000 | |
г) машиналарды, анын ичинде эшик, терезе, кулпуларын ж.б. оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 2000 | |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-ноябрындагы № 625 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | |||
12 | Айыл чарба сырье, тирүү мал, текстиль сырьесун жана чала фабрикаттар менен соода жүргүзүү боюнча агенттердин ишмердиги | 51.17 | 3000 |
13 | Тигилүү, тор кийимдерди жана бут кийим сатуу | 52.62 | 2000 |
14 | Мехтен, териден, булгаарыдан жана жасалма булгаарыдан жасалган буюмдарды сатуу | 52.62 | 10000 |
15 | Кездемелерди жана кездеме полотнолорун сатуу | 52.62 | 2000 |
16 | Килемдерди жана килем буюмдарын сатуу | 52.62 | 5000 |
17 | Жуугуч каражаттарды жана парфюмериялык-косметикалык буюмдарды сатуу | 52.62 | 2000 |
18 | Галантерея буюмдарын жана бижутерия сатуу | 52.62 | 2000 |
19 | Оюнчук жана сувенирлерди сатуу | 52.62 | 2000 |
20 | Элдик көркөм өндүрүш буюмдарын сатуу | 52.62 | 1500 |
21 | Темирден жасалган буюмдарды сатуу | 52.62 | 3000 |
22 | Видео-аудио кассеталарды жана | 52.62 | 2000 |
| компакт дисктерди сатуу |
|
|
23 | Автомобилдердин тетиктерин жана материалдарын сатуу | 52.62 | 4000 |
24 | Радиотелевизиондук аппаратураларды жана ага керектүү тетиктерин жана бөлүктөрүн сатуу | 52.62 | 3000 |
25 | Кеңсе товарларын сатуу | 52.62 | 3000 |
26 | Үй жана үй чарбасы үчүн товарларды жана жабдыктарды сатуу | 52.62 | 3000 |
27 | Гүлдөрдү жана гүлдөрдүн композицияларын сатуу | 52.62 | 2000 |
28 | Газета, китеп жана журналдарды атайын сатык орундарында жана колдо сатуу | 52.62 | 500 |
29 | Тамеки буюмдарын сатуу | 52.62 | 2000 |
30 | Нан жана нан азыктарын сатуу | 52.62 | 1000 |
31 | Кондитердик товарларды сатуу | 52.62 | 1500 |
32 | Үй малынын, канаттуунун жана башка жаныбарлардын этин тирүү, чийки жана иштетилген түрдө сатуу | 52.62 | 1800 |
33 | Сүт жана сүт азыктарын сатуу | 52.62 | 500 |
34 | Жашылча, мөмө-жемиштерди жана өсүмдүк өстүрүүнүн башка түрлөрүн табигый же иштетилген түрдө сатуу | 52.62 | 1300 |
35 | Бал чарбачылык продуктуларын сатуу | 52.62 | 2000 |
36 | Муздатылган жана улуттук суусундуктарды сатуу | 52.62 | 2000 |
37 | Тамакка даам берүүчү азыктарды жана балмуздак сатуу | 52.62 | 1000 |
38 | Азык-түлүк товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б. пайдалануу менен сатуу | 52.62 | 7000 |
39 | Пиротехникалык буюмдардан башка, азык-түлүккө кирбеген товарларды стационардык соода жайларында жана күркөлөрдү, павильондорду, контейнерлерди, вагондорду, дүкөнчөлөрдү, текчелерди, чатырларды, боз үйлөрдү, колго сүйрөп жүрүүчү арабаларды, бастырмаларды ж.б., пайдалануу менен сатуу | 52.62 | 15000 |
40 | Курулуш материалдарын сатуу (цементти кошпогондо) | 52.62 | 10000 |
41 | Менчик үйлөрдө жана автотрассаларда автотранспорт каражаттарына майлоочу жана муздаткыч материалдарды сатуу | 52.62 | 2000 |
42 | Электр тиричилик техникасын, шаймандарын жана аспаптарын сатуу | 52.62 | 2500 |
43 | Балык жана балыктын продуктуларын сатуу (какталган, туздалган, жаңы ж.б.) | 52.62 | 2000 |
44 | Токардык буюмдарын сатуу | 52.62 | 1000 |
45 | Айыл чарба техникасы үчүн тетиктерди сатуу | 52.62 | 1000 |
46 | Аквариум балыктарын, сайроочу чымчыктарды өстүрүү жана алардын азыктарын, керек-жарактарын сатуу | 52.62 | 1000 |
47 | Аңчылык кылууда, балык уулоодо жана спортто колдонулуучу шаймандарды сатуу | 52.62 | 1000 |
48 | Сүрөт жана портрет сатуу | 52.62 | 2000 |
49 | Мал үчүн тоют сатуу | 52.62 | 1000 |
50 | Дан өсүмдүктөрүн: буудай, арпа, жүгөрү ж.б. сатуу | 52.62 | 1500 |
51 | Бут кийим оңдоо | 52.71 | 1000 |
52 | Саат оңдоо | 52.73 | 1000 |
53 | Тиричилик буюмдарын жана жекече колдонуу буюмдарын оңдоо | 52.74 | 1000 |
54 | Хот-дог, чизбургер жана гамбургер жасоо жана сатуу | 55.4 | 3500 |
55 | Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 60.21 |
|
| а) 12 орундуу чакан автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 2000 |
| б) 12ден 33кө чейинки орундуу автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 3000 |
| в) 33төн жогору орундуу автобус менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 4000 |
| г) жүргүнчүлөрдү жеңил транспорт менен ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр (таксинин кызмат көрсөтүүлөрү) |
| 1000 |
| д) жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннага чейинки транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 2000 |
| е) жүк көтөрүмдүүлүгү 1ден 8 тоннага чейин транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 4000 |
| ж) жүк көтөрүмдүүлүгү 8 тоннадан өйдө болгон транспорт каражаттары менен жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр |
| 6000 |
56 | Сактоо камерасынын кызмат көрсөтүүлөрү | 63.12 | 6000 |
57 | Ижарага, жалдоого берүү: - менчик кыймылсыз мүлктү мейманканага берүү (1 адамдык жатуучу орун үчүн); - турак жай аянтын батирге берүү (1 бөлмө үчүн); - турак эмес аянтты (аянтына жараша) | 70.20 |
4000
1500 10000 |
58 | Фото сүрөт жагындагы ишмердик | 74.81 | 3000 |
59 | Товарларды (жүктөрдү) таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.83 | 2000 |
60 | Эмеректерди оңдоо жана реставрациялоо | 74.84 | 3000 |
61 | Дизайндык жасалгалоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.84 | 15000 |
62 | Саркындылар агуучу аңдарды тазалоо жана тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 90.00 | 2000 |
63 | Сүрөтчүлөрдүн ишмердиги | 92.31 | 1000 |
64 | Аттракциондордун ишмердиги (1 аттракцион үчүн) | 92.33 |
|
| а) Бишкек шаары боюнча б) курорттук зоналардын аймактарында в) республиканын башка аймактарында |
| 5000 50000 4000 |
65 | Суу мотоциклдерин, лыжа, парашют, катамаран жана аттарды (1 мүлк же даана үчүн) убактылуу колдонууга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 92.72 | 25000 |
66 | (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 613 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
67 | Акы алынуучу даараткана тейлөөлөрү | 93.04 | 200 |
| (1 орундук үчүн) |
|
|
68 | Дарылоо массажы | 93.04 | 5000 |
69 | Кесүүчү шаймандарды оңдоо жана курчутуу, айнектерди кесүү | 93.05 | 2000 |
70 | Кол араба менен жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 93.05 | 150 |
71 | Айнек идиштерин кабыл алуу кызматы | 93.05 | 500 |
72 | Иттерди тукумдатуу жана сатуу | 01.2 | 500 |
73 | Малдын терисин жана жүнүн даярдоо | 01.2 | 5000 |
74 | Калктын малын кайтаруу боюнча кызмат көрсөтүү | 01.42 | 1500 |
75 | Малдын жана үй канаттууларынын этинен шишкебек жасоо жана сатуу | 15.13 | 1500 |
76 | Жеке менчик тегирмендердин, май чыгаргычтардын жана күрүч актагычтардын кызмат көрсөтүүлөрү | 15.61 | 2500 |
77 | Текстилдик даяр буюмдарды, анын ичинде автоунаалардын жапкычтарын жана бут койгучтарын тигүү | 17.40 | - негизги техникалык жабдуулардын санына (түз тигүүчү универсал машина, токуучу машина, терини тигүүчү машина) 10 бирдикке чейин - 2000 негизги техникалык жабдуунун кийинки ар бир 10 бирдигине кошумча 1000 |
78 | Трикотаж жана токума буюмдарды өндүрүү | 17.7 | |
79 | Булгаары кийимдерди тигүү, булгаарыдан, териден жана жасалма булгаарыдан буюмдарды жасоо | 18.10 | |
80 | Атайын кийимдерди тигүү | 18.21 | |
81 | Сырт кийимдерди тигүү | 18.22 | |
82 | Ич кийимдерди тигүү | 18.23 | |
83 | Баш кийимдерди, кийимдин башка түрлөрүн жана жабдыктарды өндүрүү | 18.24 | |
84 | Мех буюмдарды өндүрүү | 18.30 | |
85 | Тери буюмдарды өндүрүү | 19.20 | 1000 |
86 | Жыгач тилүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 20.10 | 1500 |
87 | Макулатура алуу боюнча тейлөөлөр | 21.22 | 1000 |
88 | Керамикалык жана кооз буюмдарды өндүрүү | 26.25 | 1500 |
89 | Кулпуларды жана ачкычтарды оңдоо жана жасоо | 28.63 | 500 |
90 | Айыл чарба техникаларын оңдоо | 29.31 | 1500 |
91 | Атайын медициналык техникаларды оңдоо | 33.20 | 1000 |
92 | Улуттук музыкалык аспаптарды жасоо | 36.30 | 1000 |
93 | Музыкалык аспаптарды оңдоо жана күүгө келтирүү боюнча тейлөөлөр | 36.30 | 600 |
94 | Элдик көркөм өнөр буюмдарын үйдө жасоо | 36.63 | 800 |
95 | Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын жасоо | 36.63 | 1000 |
96 | Газ баллондорду сатуу | 51.55 | 1500 |
97 | Тери буюмдарды сатуу | 52.43 | 800 |
98 | Улуттук музыкалык аспаптарды сатуу | 52.45 | 1000 |
99 | Жасалма гүлдөрдү жана аза күтүү чамбарларын сатуу | 52.62 | 800 |
100 | Керамикалык жана кооздук буюмдарын сатуу | 52.62 | 1500 |
101 | Мүрзө эстеликтери, постаменттерин жана аны коштоочу буюмдарды сатуу | 52.62 | 2000 |
102 | Жалпы аянты 10 кв.м. чейинки соода жайларында кымбат металлдардан жана таштардан жасалган буюмдарды сатып алуу, оңдоо жана сатуу | 52.48 | 2000 |
103 | Кийимдерди, баш кийимдерди, мехтен жасалган, тигилген, трикотаж кийимдерди, галантерея жана башка буюмдарды оңдоо | 52.74 | 1500 |
104 | Коомдук тамактануу жайларынын тейлөөлөрү: - убактылуу орнотулган жайларды (павильон, боз үй, чатыр ж.б.) пайдалануу менен, 4 орундугу бар 1 стол үчүн; - жалпы билим берүү мекемелеринде орун алгандар (окуучулардын санына жараша); - курорттук зоналарда орун алган жана курорттук маалда иштечү, капиталдык туруктуу жайларда (4 орундугу бар 1 стол үчүн); | 55.51 |
1000
4000
2000 |
105 | Базарларда жана башка эл топтолуучу жерлерде радио аркылуу жарыя берүү боюнча тейлөөлөр | 64.20 | 1000 |
106 | Колдонууга берүү боюнча тейлөөлөр: - компьютердик оюндар (ар бир компьютерге); - оюн үстөлдөрү (ар бир үстөлгө) | 71.33 |
500 300 |
107 | Эсептөөчү жана көбөйтүүчү техниканы техникалык жана программалык тейлөө боюнча кызматтар | 72.20 | 2000 |
108 | Иттерди үйрөтүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 74.60 | 500 |
109 | Эл аралык долбоорлордун жана программалардын котормочуларынын жана жергиликтүү кеңеш берүүчүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрү | 74.83 | 2000 |
110 | Эл аралык долбоорлордун жана программалардын жергиликтүү кызматкерлеринин кызмат көрсөтүүлөрү | 74.83 |
|
а) менеджерлер жана кеңешчилер; |
| 3000 | |
б) координаторлор; |
| 2000 | |
в) адистер жана эксперттер; |
| 1500 | |
г) администрациялык жана финансылык ассистенттер; |
| 1000 | |
д) секретарлар, айдоочулар; |
| 700 | |
е) техникалык персонал (кароолчулар, вахтерлор, тазалоочулар ж.б.) |
| 500 | |
111 | Кызмат көрсөтүүлөр: - материалдарды компьютердик жана ксерокөчүрмөлүк иштетүү боюнча; - машинкада жазуу боюнча; - уюлдук байланыштын бирдигин салуу кызматтары | 74.83 |
1000 500
500 |
112 | Кызмат көрсөтүүлөр: - чет тилге, компьютердик техникага, бухгалтердик эсепке, автотранспорт айдоого, бычууга, тигүүгө, токууга жана башкаларга окутуу боюнча; - репетитор катары сабак окутуу боюнча | 80.42 |
2000
600 |
113 | Үн жазуу, кино-видео тартуу жана караоке кызмат көрсөтүүлөрү | 92.11 | 1500 |
114 | Тойлорду жана ырым-жырымдарды музыкалык тейлөө кызматтары | 92.31 | 2500 |
115 | Оюндарды уюштуруу: - акы алынуучу оюндарды (теннис, шахмат, шашки ж.б.); - "Русское-лото" жана "Бинго-лото" оюндары | 92.72 |
1000 2000 |
116 | Катерлерде, теплоходдордо жана яхталарда сүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 92.72 | 50000 |
117 | Үй шартында кир жууш боюнча тейлөөлөр | 93.01 | 500 |
118 | Визажисттин кызмат көрсөтүүлөрү | 93.02 | 1000 |
119 | Мүрзөгө эстеликтерди жана аны коштоочу буюмдарды жасоо | 93.03 | 1200 |
120 | Астрологиялык божомолдорду түзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 93.05 | 500 |
121 | Гувернанткалардын, бала багуучулардын жана үй кызматчылардын кызматы | 95.00 | 500 |
122 | Телеантенналарды орнотуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 800 |
123 | Дюбель мыктарды кагуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 900 |
124 | Ширетүү иштери боюнча кызмат көрсөтүүлөр | 95.00 | 1000 |
125 | (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 66 токтомуна ылайык күчүн жоготту) | ||
Эскертүү: Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын суммасын аныктоодо 5ке барабар коэффициент колдонулат, бирок салыктын базалык суммасынан жогору болбошу керек.