Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-февралы № 96
“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри аталган Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 88-статьянын экинчи абзацындагы “ондон жыйырма өлчөмүнө чейин” деген сөздөр “жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 89-статьянын экинчи абзацындагы “бештен он өлчөмүнө чейин” деген сөздөр “ондон жыйырма өлчөмүнө чейин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 90-статьяда:
- 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн эки жүз өлчөмүнө чейин, бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз администрациялык айып салууга алып келет.”;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин, бузуулар четтетилгенге чейин иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу менен же ансыз администрациялык айып салууга алып келет.”.
4. 286-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он, кызмат адамдарына – элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин бузуулар четтетилгенге чейин сатууну токтото туруу менен администрациялык айып салууга алып келет.”.
5. 306-статьянын экинчи абзацындагы “бирден” деген сөз “бештен” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти