Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-августундагы № 397 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Бул Жобо өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында нан болумдуу сапаты жогорку аштык данынын түшүмдүүлүгүн жана дүң жыйымдарын көбөйтүү үчүн дыйкандардын жана фермерлердин үрөн чарбаларынан күздүк жана жаздык буудайдын тастыкталган экинчи репродукциядагы үрөндөрүн сатып алууга кызыкчылыгын арттырып, аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыкты.
2. Мамлекеттик дотация Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген өсүмдүктөрдүн мамлекеттик реестрине киргизилген, күздүк жана жаздык буудайдын сортторунун жана гибриддеринин экинчи репродукциясынын тастыкталган үрөндөрүн өндүрүүгө жумшалган үрөн чарбаларынын чыгымдарын (30 пайыз көлөмүндө) төлөп берүүгө багытталган.
3. Үрөн чарбаларына берилүүчү мамлекеттик дотациянын көлөмү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан ар бир жылга республикалык бюджетте бул максаттарда каралган каражаттардын чегинде аныкталат.
4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги конкреттүү үрөн чарбаларында экинчи репродукциядагы тастыкталган үрөн алууга арналган, күздүк жана жаздык буудайдын сорттуу эгүүлөрүнүн талаа инспекциясынын актыларынын негизинде республиканын облустары боюнча мамлекеттик дотацияларды төлөөгө бөлүнгөн акча каражатын пайдалануунун эсебин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
5. Облустар боюнча фермерлерге жана дыйкандарга тастыкталган буудайдын экинчи репродукциядагы үрөнүн берүү квотасын Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен макулдаштыкта ишке ашырат.
6. Буудайдын экинчи репродукциядагы тастыкталган үрөнүнүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ар бир облус үчүн аныктаган квотасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө берилет, алар бөлүнгөн квотаны райондор боюнча керектүүлүгүн эске алуу менен бөлүштүрүшөт.
7. Айыл чарба тармагын тейлеген райондук мамлекеттик администрациянын орун басарынын төрагалыгы алдындагы райондук комиссиялар, райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынын начальнигинин, укук коргоо органдарынын жана каржы органдарынын, ошондой эле социалдык коргоо жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн курамында айыл аймактары боюнча квотаны керектүүлүгүн эске алуу менен бөлүштүрүп, мамлекеттик дотациянын эсебинен үрөн берүүчү үрөн чарбасын аныктайт жана алардын аткаруусуна өткөрүп берет.
8. Үрөнчүлүк чарбалардын мамлекеттик дотациядагы үрөндүн эсебинен үрөн берүүчү үрөн чарбасын тандоонун негизги критерийлери төмөнкүлөр болуп саналат:
- тиешелүү үрөн чарбасы статусуна ээ болгондор;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасындагы үрөн чарбалары жөнүндө жобонун талаптарына жооп бергендер;
- сорт жаңыртуу жана сорт алмаштыруу иштеринин зарыл процесстерин жүргүзүү боюнча иш-чараларды дайыма аткаргандар;
- буудайдын жаңы катталган сортун, ошондой эле таңсык жана келечектүү сортторун өндүргөндөр;
- мамлекеттик үрөн инспекциясынын талаа инспекциясынын кызматкерлери жүргүзгөн сыноонун натыйжалары боюнча эң жогорку сорттук жана өнүмдүүлүк сапатка ээ болгон, экинчи репродукциядагы буудайдын тастыкталган үрөнү жетиштүү көлөмдө болгондор;
- республиканын тоолуу жана тоо этегиндеги региондорундагы өтмө фонддогу күздүк буудайдын тастыкталган үрөнү барлар;
- тастыкталган экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн фермер-бенефециарларга мүшөктөп жана дарылап берүүнү камсыздагандар.
9. Төмөнкү учурларда квота өзгөртүлүшү же алынып коюлуп, башка үрөн чарбасына берилиши мүмкүн:
- экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн өндүрүүнүн технологияларын одоно бузуулар аныкталганда;
- экинчи репродукциядагы буудайдын үрөнүнүн сапаты бурмаланганда.
10. Буудайдын экинчи репродукциясындагы үрөнүн ар бир айыл аймагынын чарба субъекттерине бөлүштүрүү "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине ылайык жүргүзүлөт. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык үрөн чарбаларынан буудайдын экинчи репродукциядагы үрөнүн тандап алуусун, алардын максаттуу пайдалануусун камсыздоо боюнча бардык ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
Коррупциялык элементтердин пайда болушуна жол бербөө максатында мамлекеттик дотациянын эсебинен үрөн алуучулардын тизмесин түзүү комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Комиссиянын курамына алардан бири үрөн алуучуда калат, экинчиси жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет.
18. Мамлекеттик дотация алуу үчүн ар бир үрөн чарбасы жергиликтүү мамлекеттик администрацияга мамлекеттик дотациялардагы үрөндүн эсебинен экинчи репродукциядагы буудай үрөнүн берүү боюнча бардык зарыл болгон документтери, анын ичинде квота боюнча ошол үрөн чарбасына бекитилген, үрөн алуучу-бенефициарлардын тизмесин, ар бир конкреттүү алуучу боюнча товардык транспорттук иш кагаздарынын үрөндүн жеңилдетилген баа боюнча сатылгандыгын ырастаган, көлөмү жана үнөм бирдиги үчүн баасы көрсөтүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле ар бир айыл чарба субъекттеринин үрөндү максаттуу пайдалангандыгы жөнүндө актыны берет.
Жогорудагы аталган бардык иш кагаздар ушул Жобонун 7-пунктунун негизинде түзүлгөн райондук комиссия тарабынан толук каралат. Алар жактырылган учурда, иш кагаздарын жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчылары бекитип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жиберилет.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү райондук комиссиялардын өздөрү текшерген отчетторун жалпылашат жана аткарылгандыгы жөнүндөгү облус боюнча жыйынды отчетун даярдашат, ал отчет Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берилет.
20. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бардык облустардын аткарылгандыгы жөнүндөгү иш кагаздарын толук карап чыгып, 3 күндүн ичинде мамлекеттик дотация берүү же берилген иш кагаздарынын аныктыгы бузулган учурда дотация төлөөдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарып, ал жөнүндө мамлекеттик дотация алуучуларга маалымдоо жиберилет.
21. Мамлекеттик дотация алуу үчүн берилген иш кагаздарынын, аларда камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн мамлекеттик дотация алуучулар жоопкерчиликтүү болот.
22. Мамлекеттик дотацияны төлөө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде ачылган, мамлекеттик дотация алуучулардын алыш-бериш эсебине акча каражаттарын которуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.
23. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги мамлекеттик дотация каражаттарын пайдалангандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине отчет берет.