Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 448 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-августу № 397
"Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
"Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин ишке ашыруу, үрөнчүлүк чарбаларына, ошондой эле айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттуу сертификатталган үрөндөрү жана себилүүчү материал менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация берүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 "2014-жылы айыл чарба талаа иштерин өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 5-пункту;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 145 "Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М. Абылгазиев |