Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 25-февралы № 103
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 «Буудай-Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
«Дан» мамлекеттик ишканасынын туруктуу жана натыйжалуу иштөөсүн камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги прнциптери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 218 «Буудай-Кара-Балта» ачык акционердик коомунун өндүрүштүк кубаттуулуктарын сактап калуу жана мамлекеттик резервди колдоо боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү «Мамлекеттик мүлк министрлиги» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункта:
Бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- «Дан» мамлекеттик ишканасы менен бүткүл мүлктү комплексти милдеттүү түрдө күрөөлүк камсыздоо жана жеңилдетилген пайыздык ставканы эске алуу менен баалоо наркынын суммасына төмөнкү шарттарда жаңы карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн:»;
Мамлекеттик тилдеги текстти алтынчы абзацы алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
«3-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду «Дан» мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик резервдеги азык-түлүк буудай данын сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрүн Фонддун атайын эсебиндеги атайын каражаттарынын эсебинен акциялардын контролдук пакети мамлекетке таандык эмес болгон менчиктини башка түрүндөгү ушул сыяктуу жоопту сактоочу-мекемелер үчүн белгиленген баа боюнча төлөп берсин.».
2. Бул токтом 2010-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-пункттун жетинчи абзацынан тышкары, расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |