Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 69 токтому менен бекитилген "XXI кылым - дени сак улут кылымы" девизи менен IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндары жөнүндө ЖОБО Максаттар жана милдеттер IV Эл аралык Ысыккөл спорттук оюндары (мындан ары - оюндар) ачыкжана спорттук уюмдардын ортосундагы "XXI кылым - дени сак улут кылымы"девизи менен достукту чыњдоо максатында өткөрүлөт. Оюндардын максаттары: - калктын кењири катмарын физкультура жана спорт менен системалуутүрдө машыгууга тартуу; - жашоонун сергек образын таркатуу; - спорттун элдик жана массалык түрлөрүн өнүктүрүү; - физкультура, спорт жана эмгекчилердин ден - соолугун жакшыртуутармаганда иш тажрыйба алмашуу. Оюндарды өткөрүү мөөнөтү Оюндар "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинин спорттук базаларында2004-жылдын 5-12 сентябрында өткөрүлөт. Делегациялардын келүү күнү-2004-жылдын 5-сентябры, кетүү күнү - 2004-жылдын 12-сентябры. Оюндарды өткөрүүнү жетектөө Оюндарды өткөрүүнү жалпы жетектөө Кыргыз Республикасынын Туризм,спорт жана жаштар саясаты мамлекеттик комитети, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык - маданий өнүктүрүү бөлүмү,Кыргызстан профсоюздар федерациясы жана Спорт уюмдарынын эл аралык кон-федерациясы ишке ашырат. Оюндарды өткөрүүнү жетектөөнү Уюштуруу комитет жана башкы судьяларколлегиясы жүзөгө ашырат. Катышуучулар жана оюндарды өткөрүүнүн шарттары Мелдештерге чет өлкөлөрдүн жана Кыргызстандын делегациялары каты-шат. Жашы боюнча эки топтун ар бир өзүнчө делегациянын курамы 174 адам-ды, анын ичинде делегациялардын эки жетекчисин камтыйт. Мелдештер эркектер жана аялдар командаларынын, 20 жаштан 35 жашкачейинки жана 35 жаштан жогору жашы боюнча топтордун спортсмендерининарасында өз-өзүнчө өткөрүлөт. Спорттун түрлөрү боюнча улуттук курамакомандалардын мүчөлөрү жана спорттун оюндук түрлөрү боюнча улуттук чем-пионаттардын жогорку лигаларынын (дивизиондорунун) мастерлер командала-ры оюндарга киргизилбейт. Оюндардын бардык катышуучулары милдеттүү түрдө медициналыккүбөлөндүрүүдөн өтүүгө жана тиешелүү аныктама алууга (врачтын уруксатыменен өздүк заявка) тийиш. Финалдык мелдештердин программасы жана ар бир жашы боюнча топтордогу спорт түрлөрү боюнча катышуучулардын курамы -----------------------------------------------------------------------| Спорт түрлөрү | Аялдар |Эркектер |Тренер - | Судья | Бардыгы || | | |өкүл | | ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Волейбол | 8 | 8 | 1 | 1 | 18 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Пляждагы | 2 | 2 | 1 | 1 | 6 ||волейбол | | | | | ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Чоюн шар спорту| - | 3 | 1 | 1 | 5 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Жењил атлетика | 3 | 3 | 1 | 1 | 8 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Кичи-футбол | - | 12 | 1 | 1 | 14 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Столдун үстүндө| 2 | 2 | 1 | 1 | 6 ||ойнолуучу | | | | | ||теннис | | | | | ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Теннис | 1 | 1 | 1 | 1 | 4 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Сууга сүзүү | 4 | 4 | 1 | 1 | 10 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Армрестлинг | 2 | 6 | 1 | 1 | 10 ||---------------|---------|---------|---------|---------|-------------||Спорттук | 1+бала| 1 | 1 | 1 | 5 ||үй-бүлө | | | | | |----------------------------------------------------------------------- Спорттун башка түрлөрү боюнча катышуучулардын ичинен -----------------------------------------------------------------------| Аркан тартуу | | 8 | ||---------------------------------------------------------------------||"XXI кылым - дени сак улут кылымы" массалык жењил атлетикалык чуркоо ||---------------------------------------------------------------------||Массалык ден-соолукту чындоо үчүн сууга сүзүү ||---------------------------------------------------------------------||"Ысыккөлдүн баатыры" конкурсу |----------------------------------------------------------------------- Жењүүчүлөрдү аныктоо жана сыйлоо Оюндардын программасына кирген ар бир спорттун түрү боюнчатөмөнкүлөр ойнолот: - спорттун жеке түрлөрү боюнча өздүк биринчилик; - спорттун оюн жана жамаатык түрлөрүндөгү командалык биринчилик. 2. Оюндардын катышуучулары өздүк биринчиликте 1 - 3-орундарды ээ-легенде медалдар жана дипломдор менен сыйланат. 3. Спорттун оюн жана жамаатык түрлөрү теннис, столдун устүндө ой-нолуучу теннис, кичи-футбол, волейбол, пляждагы волейбол, аркан тартуубоюнча командалар 1-3-орундарды ээлегенде медалдар жана дипломдор мененсыйланат. Билдирүүнү берүү мөөнөттөрү Оюндарга катышуу үчүн (спорттун түрлөрүн жана программалардын но-мерлерин көрсөтүү менен) алдын ала билдирүүлөр уюштуруу комитетке2004-жылдын 25-августуна чейин төмөнкү дарек боюнча берилет: КыргызРеспубликасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү 17, факс: (0312)21-28-45 тел: 66-15-94, 62-52-17, 62-26-56. Өздүк билдирүүлөр жана ар бир катышуучуга тиешелүү документтер(паспорт) делегациялардын келген күнү, каттоодо мандаттык комиссиягаберилет. Катышуучулардын жашы - 20 жаштан 35 жашка чейин жана андан жогору.Катышуучуларды жана жетекчилерди аккредитациялоо мандаттык комиссия бе-китилгенден кийин жүргүзүлөт. Оюндардын катышуучуларын кабыл алуу Делегация мүчөлөрүн жайгаштыруу, тамактандыруу, мелдештержүргүзүүлүчү жерге жетүү жана кайтууга байланыштуу чыгамдарды команди-ровкага жиберген уюмдар төлөйт. Бир адамдын оюндарга катышуу бир күнү20 АКШ доллары (жайгаштыруу жана тамактандыруу). Жумушчу топторду, судьялар коллегиясын, театрлаштырылган көрсөтүү-нүн катышуучуларын командировкага жиберүү, судьялар коллегиясынын ишин,оюндарды ачуу жана жабуу иш-чараларды төлөө, типография продукциясындаярдоо, башкы судьялар коллегиясын экипировкалоо, сыйлоо боюнча чыгым-дар Кыргыз Республикасынын Туризм, спорт жана жаштар саясаты мамлекет-тик комитетине жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын курама командасынын келип-кетүүгө, жайгаш-тырууга, тамактандырууга, экипировкага байланыштуу чыгымдар Кыргызстан-дын профсоюздар федерациясына жүктөлөт. Спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин программасы Оюндардын мелдештер программасына эркектер жана аялдар үчүн спорт-тун жеткиликтүү жана кењири таркаган түрлөрү киргизилген. Катышуучуларжана командалар спорттун тандалган түрлөрүндө спорттун башка түрлөрүндөкатышууну айкалыштырууга укугу жок (аркан тартуудан тышкары) катышаалышат. Спорттун ар бир түрүндө мелдештерди өткөрүү тартиби спорттун ушултүрлөрү боюнча Башкы судьялар коллегиясы тарабынан аныкталат. Уюштуруу комитет түзүлгөн жагдайга (катышуучулардын, командалардынсаны, аба ырайы ж.у.с.) жараша Башкы судьялар коллегиясына финалдыкмелдештердин тартибин жана өткөрүү күндөрүн өзгөртүүгө уруксат береалат. Бул жөнүндө делегациялардын жетекчилерине жана мелдештердин каты-шуучуларына алдын ала маалымат берилет. Спорттун түрлөрү Чоюн шар спорту Команданын курамы - тренер жана судьяны кошуу менен 5 адам. Мел-дештер өздүк. Катышуучулардын бардыгы мелдештердин башталышына чейинбир саат мурда таразага түзүшөт, таразага түшкөндөн кийин жребий кармоожүргүзүлөт. Мелдештер салмагы 24 кг, 32 кг болгон чоюн шарлар мененөткөрүлөт. Катышуучулар эки салмак категориясына бөлүнөт: 70, 90 кг жана 90килограммдан жогору. Ар бир катышуучуга көнүгүүнү аткаруу үчүн 10 мүнөтберилет. "Булкуп көтөрүү" көнүгүүсү бир гана ыкма менен аткарылат. Бул-куп көтөрүү бир колу анан экинчи колу менен аткарылат. Жењүүчү ар бирсалмак категориясында сол жана оњ кол менен көтөргөндүн жыйынтыгы боюн-ча аныкталат. Жењил атлетика Команданын курамы - 8 адам, анын ичинде 3 аял, 3 эркек, 1 тренер,1 судья. Мелдештер өздүк. Эркектер: 100 метрге чуркоо, 3000 м кросс, ордунан узундукка се-кирүү, ядро ыргытуу. Аялдар: 100 метрге чуркоо, 1000 м кросс, ордунан узундукка се-кирүү, ядро ыргытуу. Өздүк биринчилик эњ мыкты жыйынтыктар боюнча эркектердин жана аял-дардын арасында бөлүнүп аныкталат. Кичи-футбол Команданын курамы - 14 адам, анын ичинде 12 спортсмен, 1 тренержана 1 судья. Оюнга 5 оюнчу катышат. Командалар топко бөлүнүшөт, мел-дештер айланма системасы боюнча жүргүзүлөт, команда утканга - 3 упай,тењ болгондо -1 упай, утулганда - 0 упай алат. Эки же андан көбүрөөк командалар тењ болгон учурда утуш ушул тап-тагы бардык оюндардагы жењиштердин эњ көп саны, андан ары упайлардынсанына жана ушул таптагы бардык кездешүүлөрдөгү топтордун салыштырмалуусаны боюнча берилет. Бир жолугушуунун мөөнөтү билдирилген командалардынсанына жараша башкы судьялардын коллегиясы тарабынан аныкталат. Эсепбирдей болгон учурда жарым финалдык жана финалдык оюндарда 5 оюнчудантурган пенальти урулат, эгерде пенальти ургандан кийин эсеп өзгөрбөсө,оюнчулар алмаштырылып, биринчи гол урулганга чейин пенальти урулат. Столдун үстүндө ойнолуучу теннис Команданын курамы - 6 адам, анын ичинде 2 эркек, 2 аял, 1 тренер,1 судья. Мелдештер өздүк жана топ менен эркектердин жана аялдардын ара-сында өзүнчө өткөрүлөт. Бардык жолугушуулар мелдештердин эрежелеринеылайык беш партиядан өткөрүлөт. Аркан тартуу Команданын курамы - 8 адам, делегациянын катышуучуларынан же бол-босо жашы жана жынысына карабастаи өзүнчө команданы чыгарууга болот. Аркандын узундугу 33,9 метрге чейин, диаметри 10дон 12,5 см, орто-сунда кызыл лента байланат, кызыл лентадан 5 м аралыкта аркандын оњ жа-на сол жагана эки жерде тиешелүү түрдө ак жана көк лента байланат. Аркан тартуу боюнча мелдештерди өткөрүү жерлерде жењүүчүнү аныктооүчүн контролдук чийин белгиленет. Судьянын белгиси боюнча ар бир коман-да жењүүчү аныкталганга чейин арканды тарта баштайт. Командалардын ор-тосундагы жолугушуу үч жолку аракеттен турат. Эгерде эки оюнда команда-лардын бири утушка ээ болсо, анда үчүнчү оюн өткөрүлбөйт. Ар бир ара-кеттен кийин командалар 2 мүнөттөн ашык эс албайт. Кийим формасы спорт-тук, такасы жок бут кийим. Мелдештерге делегациянын кайсы болбосунмүчөсү катыша алат. Сууга сузүү Команданын курамы - 10 адам, анын ичинде 4 эркек, 4 аял, 1 тренер,1 судья. Мелдештер өздүк. Эркектер: аралыгы 50 м, 100 м - сүзүүнүн эркин түрү, эстафета4x100 м э/т. Аялдар: аралыгы 25 м, 50 м - сүзүүнүн эркин түрү, эстафета 4x50 мэ/т. Аралашма эстафета 4x50 м - сүзүүнүн эркин түрү (2 аял, 2 эркек). Спорттук программасынын алкагында 1000 м аралыкка сууга сүзүүжүргүзүлөт. Өздүк биринчилик эркектердин жана аялдардын арасында өзүнчөмыкты жетишкендиктер боюнча аныкталат. Волейбол Команданын курамы - 18 адам, анын ичинде 8 эркек, 8 аял, 1 тренер,1 судья. Жењүүчү эркектердин жана аялдардын арасында өзүнчө аныкталат.Алдын ала мелдештер үч оюндан өткөрүлөт. Финалдык мелдештердин система-сы жана шарттары башкы судьялар тарабынан аныкталат. Теннис Команданын курамы - 4 адам, анын ичинде 1 эркек, 1 аял, 1 тренер,1 судья. Мелдештер өздүк. Оюнду өткөрүү системасы утулгандыгына жараша.Бардык сеттерде оюндар "Тайм брейк" система боюнча жүргүзүлөт. Жалгызданган эркектер жана аялдар разряды. Аралашма топ разряд - 1 эркек, 1 - аял. Пляждагы волейбол Команданын курамы - 6 адам, анын ичинде 2 эркек, 2 аял, 1 тренер,1 судья. Жењүүчү эркектердин жана аялдардын арасында өзүнчө аныкталат. Ал-дын ала мелдештер үч оюндан өткөрүлөт. Финалдык мелдештердин системасыжана шарттары башкы судьялар тарабынан аныкталат. 2-0 эсепте үчүнчү оюнойнолбойт. Армрестлинг Команданын курамы - 10 адам, анын ичинде 6 эркек, 2 аял, 1 тренер,1 судья. Мелдештер өздүк, оњ кол менен эркектердин жана аялдардын ара-сында өзүнчө жашына жараша эки топ боюнча жүргүзүлөт. Салмак категориясы (эркектер); 63, 70, 78, 86, 95 кг жана 95 кгданжогору. Салмак категориясы (аялдар): 65 кг жана 65 кгдан жогору. Катышуучулардын санына жараша судьялар коллегиясынын чечими мененсалмак категориясын жылдырууга жана кошууга уруксат берилет. Мелдештер2 утулуштан кийин чыгып кетүү системасы боюнча жүргүзүлөт. "Ысыккөлдүн баатыры" конкурсу Мелдештер өздүк, 35 жашка чейин жана 35 жаштан жогору жашы боюнчатоптордо жүргүзүлөт. Жењүүчү төмөнкү түрлөр боюнча ээлеген орундардын эњ аз суммасынажараша аныкталат: - 50мге сүзүү - эркин түрү; - ядрону ылдый жактан түртүү; - оордук көтөрүү(таш, салмагы___) - күрөш. Атам,апам жана мен - спорттук үй-бүлө" Баланын жашы - 14 жашка чейин. Жењил атлетика: эстафета 200 м -атасы; 140 м - апасы; 60 м - баласы. Биринчилик эркек балдарлуу жанакыздарлуу үй-бүлөлөр арасында эњ мыкты убакыт боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Столдун үстүнө ойнолуучу теннис Команданын курамы 2 адам (баласы, атасы же апасы). Мелдештер тобүменен, эркек балдар жана кыздар командалар үчүн өзүнчө өткөрүлөт. Мелдештерди өткөрүү системасы башкы судьялар коллегиясы тарабынананыкталат. Жолугушуулар мелдештер эрежелерине ылайык үч оюндан өткөрүлөт. Сүзүү Эстафета (э/т): 1 - тап 25 м - баласы, 2-тап 25 м - апасы, 3-тап50 м - атасы. Биринчилик эркек балдарлуу жана кыздарлуу үй-бүлөлөр арасында эњмыкты убакыт боюнча өзүнчө жүргүзүлөт. Команданын биринчилиги програм-манын 3 түрү боюнча ээленген орундардын эњ аз суммасы боюнча аныкталат.