ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-февралындагы № 100 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 «Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн «Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы» жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция18.02.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 18-февралы № 100

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-февралындагы № 56 "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясын куруу жана пайдалануу долбоорун ишке ашыруу үчүн "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталын түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Ушул токтомго тиркелген схемага жана экспликацияга (1 жана 2-тиркемелер) ылайык Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо райондорундагы жана Нарын облусунун Жумгал районундагы жер участокторун пайдалануу укугу "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык андан ары мөөнөтүн узартуу укугу менен 49 жыл мөөнөткө, "Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунун уставдык капиталына "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун салымы катары Макулдашуунун бүткүл колдонулуу мөөнөтүнө берилсин.";

- 5-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- Камбар-Ата-1 гидроэлектрстанциясы" жабык акционердик коомунан алынган акциялары түрүндө "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун түшкөн кирешесине дивидендди эсептебесин.";

- 7-пунктундагы "5" деген цифра "6" деген цифрага алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев