Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
5-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 токтому менен бекитилген |
1. Кесиптик орто билим берүү уюмдарынын студенттеринин өндүрүштүк (кесиптик) практикасы кесиптик орто билим берүүчү окуу программасынын курамдык бөлүгү болот.
2. Өндүрүштүк (кесиптик) практика студенттердин теориялык окутуу процессинде алган билимин бышыктоо жана тереңдетүү, зарыл ыкмаларды алуу, окуп жаткан адистик боюнча практикалык иштердин тажрыйбасын үйрөнүүнү максат кылат.
3. Кесиптик орто билим берүү уюмдары студенттердин өндүрүштүк (кесиптик) практикасын өткөрүү боюнча усулдук рекомендацияларды даярдоочу профилдерди эске алуу менен иштеп чыгышат.
4. Студенттердин практикасынын түрлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүүчү уюмдарынын иш-аракеттерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары жөнүндө жобо менен аныкталган.
5. Баштапкы кесиптик үйрөнүү жана машыгуу, студенттерди жалпы кесиптик жана атайын кесиптик сабактар боюнча тереңдетип даярдоо, аларды тандаган адистиги боюнча такшалтуу жана практиканы үйрөтүү окуу практикасынын милдети болот.
6. Адистик профили боюнча (технологиялык) практика атайын кесиптик сабактар боюнча үйрөнүүдө алган билимдерди системалаштырууга жана кеңейтүүгө, тереңдетип бекемдөөгө, конкреттүү уюмдун иш чарасын, баштапкы практикалык тажрыйбаны үйрөнүүгө багытталат.
7. Студенттердин диплом алдындагы практикасы окуунун аяктоочу этабы болот жана алардын баштапкы кесиптик тажрыйбаны алуусу үчүн өткөрүлөт, ошондой эле болочок кесип ээсинин кесиптик даярдыгын текшерүүгө жана дипломдук ишке материал топтоого пайдаланат.
8. Өндүрүштүк (кесиптик) практиканын уюштурулушу бардык этаптарында төмөнкүлөргө багытталат:
- алчу адистигине жана берилчү квалификациясына жараша туура келген бүтүрүүчүлөрдү даярдоо деңгээлинин минимум мазмунуна жана даярдык деңгээлине карата мамлекеттик талаптардын аткарылышы;
- студенттердин практиканын программасына жараша кесиптик ишти үйрөнүүсүнүн үзгүлтүксүздүгү жана ырааттуулугу.
9. Баштапкы кесиптик үйрөнүү үчүн практика окуу жайынын окуу-өндүрүштүк мастерскойлорунда, окутуучу чарбаларында, окуу-тажрыйбалык участокторунда жана башка көмөкчү окуу объекттеринде өткөрүлөт.
10. Студенттердин технологиялык жана диплом алдындагы өндүрүштүк практикасы, эреже катары, кесиптик орто окуу жай менен мекеменин ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде уюштуруу-укуктук формасы ар түрдүү уюмдарда өткөрүлөт.
Эгерде иш практиканын программасынын талабына туура келсе, студенттер бош кызмат орунга кызматка алынышы мүмкүн.
11. Өндүрүштүк (кесиптик) практика төмөнкү формаларда өткөрүлөт:
- өндүрүштүк үйрөтүү сабактары;
- практикалык сабактар;
- практиканын программасынын талабына жооп берген даярдоонун технологиясы боюнча окуу-өндүрүш устаканаларында студенттердин көргөзмө куралдарды, окуунун техникалык каражаттарын, окуу мебелдерин жана башка товардык продукцияларды жасоо боюнча өндүрүштүк иши;
- студенттердин тажрыйба-эксперименталдык, конструктордук, ойлоп табуучулук ишке катышуусу.
12. Өндүрүштүк (кесиптик) практиканы өткөрүү мөөнөтү студенттердин теориялык даярдыгын жана мастерскойлордун, окуу-өндүрүш базасынын мүмкүнчүлүгүн, жана окуу жайдын окуу полигондорунун, практика өтүүчү жердеги уюмда иш орундун болуусун эске алуу менен окуу жай аркылуу белгиленет.
13. Өндүрүштүк (кесиптик) практика же үзгүлтүксүз цикл түрүндө, ошондой эле теориялык окуу жана практиканын мазмунунун өз ара байланышы камсыз болгон шартта теория менен алмаштырылып, күнүмдүк (жумалык) жол менен ишке ашырылса болот.
14. Практиканын базаларын окуу жайдын администрациясы уюмдар менен алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин формасына карабастан түз байланыштардын негизинде бекитип берет.
15. Студенттердин окуу (үйрөнүү) практика мезгилиндеги аткарган өндүрүштүк ишине эмгек акы Кыргыз Республикасынын тийиштүү тармактагы уюмдар үчүн мыйзамдарында каралган тартипте, ошондой эле кесиптик орто окуу жайдын жана менчик формасына карабастан уюмдар менен түзүлгөн келишимине ылайык төлөнөт.
16. Практика өтүп жаткан мезгилде студентти практикант катары жумуш ордуна алуу убакытынан баштап аларга Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары колдонулат.
17. Кесиптик орто билим берүүчү мекемелердин студенттери уюмдарда өндүрүштүк (кесиптик) практика өтүп жатканда төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өндүрүштүк (кесиптик) практиканын программасында каралган тапшырмаларды толук аткарууга;
- уюмда колдонулган ички эмгек тартибин сактоого;
- эмгекти коргоо нормаларын жана өрттөн сактануу эрежесин үйрөнүүгө жана катуу сактоого.
18. Студенттердин отчет берүү формасын окуу жайы аныктайт.
19. Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, айыл чарба жана башка адистиктер боюнча окуулук практика мезгилинде тийиштүү лицензиясы бар уюмдардын окуу-өндүрүштүк мастерскойлорунда, окуу участокторунда (цехтерде), ошондой эле окутуу бөлүктөрүндө (мектепке чейинки жана жалпы башталгыч, негизги жана орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү мекемелеринен бөлөктөрүндө), жана билим берүүчү ишти жүргүзүүгө укугу бар адистерде жекече даярдоо түрүндө кесиптик даярдыктан өтүүгө болот. Мында, квалификациялык экзамендерди тапшыргандан кийин студенттерге жумушчулук кесиптер боюнча квалификациялык разряд берилиши мүмкүн.
20. Баштапкы кесиптик ыкмаларга практикалык окууну эреже катары өндүрүштүк окутуучу мастерлер өткөрүшөт:
Окуу практикасы окутулуп жаткан сабактардын уландысы болгондо (геодезиялык, педагогикалык, медициналык ж.б.), аны атайын сабактардын мугалимдери өткөрүшөт.
Окулуп жаткан сабактардын уландысы болгон окуу практикасынын тизмесин окуу жайы аныктайт.
21. Өндүрүштүк окутуучу мастерлердин окутуу жүгү окуу планында каралган окуулук сааттардын санына жараша аныкталат.
22. Адистиктин профили боюнча (технологиялык) практиканы жана диплом алдындагы (квалификациялык же стажировканы) окуу жайдын практика жетекчилери өткөрүшөт.
23. Окуу жайдын практика жетекчилери:
- уюмдун практика жетекчилери менен байланышып жана аны менен бирдикте практика өтүүнүн иш программасын түзүшөт;
- жеке тапшырмалардын тематикасын иштеп чыгышат;
- студенттерди иш ордуна бөлүштүрүүгө же аларды жумуштун түрлөрү боюнча орун алмаштырууга катышат;
- практика убактысында студенттердин туура пайдаланылышын контролдошот;
- студенттердин жеке тапшырмаларды: аткарышына жана дипломдук ишке материал топтоосуна методикалык жардам көрсөтүшөт;
- практиканттардын практиканын программасын аткаруу жыйынтыгын баалашат.
Уюмдун жетекчиси, анын орун басары же башкы адистердин бири студенттердин практикасына жалпы жетекчилик кылат.