Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О. Осмоналиев, Н.В. Никитенко, Р.К. Акназарова, Э.С. Иманалиева, Э. Эрматов демилге кылган «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбоорун (мындан ары - долбоор) карап чыгып, төмөнкүдөй корутунду берет.
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын негизинде билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда иш-милдеттерди бөлүштүрөт.
Ушуга байланыштуу долбоордун бүткүл тексти боюнча бийликтин аткаруу бутагынын тутумунда иштеген мамлекеттик органдардын укуктук статусун, иш-милдеттерин, ыйгарым укуктарын, компетенцияларын аныктоочу жоболорду алып салууну сунуштайбыз. Мисалы, долбоордун 10-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 14-беренесинин 9-бөлүгү, 24-беренесинин 3 жана 5-бөлүктөрү, 27-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрү, 33-беренеси, 45-беренесинин 6-бөлүгү, 47-беренесинин 2-бөлүгү.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга: Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Улуттук банк, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сыяктуу ченем жаратуучу органдар укуктуу деп белгиленген.
Ушуга байланыштуу долбоордун бүткүл тексти боюнча башка мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугун берүүчү айрым беренелердин редакциясын кайра кароону сунуштайбыз, атап айтканда: долбоордун 6-беренесинин 2-бөлүгү, 59-беренесинин 5 жана 7-бөлүктөрү, 61-беренесинин 3-бөлүгү, 67-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 75-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 77-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун экинчи абзацы, 81-беренесинин 12-бөлүгү, 83-беренесинин 3-бөлүгү, 85-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары, 86-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5 жана 6-пункттары.
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек. Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
Ушуга ылайык долбоордун бүткүл тексти боюнча ашкере жиктелген жоболорду алып салууну сунуштайбыз. Ушуну менен бирге, тигил же бул маселелерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай тургандыгын көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун бүткүл тексти боюнча мамлекеттик, мамлекеттик эмес, муниципалдык сыяктуу менчигинин түрүн тактоо менен «билим берүү уюму» терминин колдонууну сунуштайбыз.
Долбоордун 2-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- «когнитивдүү өнүгүү», «компетенция/компетенттүүлүк» деген түшүнүктөрдү ачуучу аныктамалар менен толуктоону;
- дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо зарылчылыгы менен келип чыккан жогорку билим берүү тутумунун жогорку кесиптик билим берүүнүн эки деңгээлдүү түзүмүнө өтүүсүнө байланыштуу «базалык» жана «толук жогорку билим берүү» түшүнүктөрүн колдонуудан баш тартууну сунуштайбыз. Ушуга байланыштуу алтынчы абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«бакалавр – жалпы орто билим берүүнүн базасында 4 жылдан кем эмес ченемдик окуу мөөнөтү менен жогорку кесиптик билимдин негизги тиешелүү билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүргөн адамдарды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ыйгарылган академиялык даража, ага ээ болгон адамдар кандайдыр бир кесиптик иш жүргүзүүгө же кыйла жогорураак академиялык даража (квалификация) алуу үчүн магистрдик жана башка эквиваленттүү билим берүү программалары боюнча окууну улантууга укуктуу;»;
- сегизинчи абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«жогорку кесиптик билим берүү – квалификациянын ар түрдүү деңгээлинде иштин тандап алынган чөйрөсүндө зарыл илимий билимге жана практикалык көндүмдөргө ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын канааттандыруу максатын көздөгөн билим берүү;»;
- он тогузунчу абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«инклюзивдик билим берүү - балдардын сегредациясынын каалагандай формаларын четтетүүчү окутуу жана социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу бардык билим алуучулардын муктаждыктарынын жана керектөөлөрүнүн ар түрдүүлүгүнө билим берүү тутумунун багыт алуусунун жана таасир этүүсүнүн динамикалуу процесси;»;
- жыйырма үчүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«магистр – жалпы орто билим берүү базасында алты жылдан кем эмес, бакалаврларды даярдоонун тиешелүү багыты боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында эки жылдан кем эмес, адистик боюнча жогорку кесиптик билим берүүнүн базасында бир жылдан кем эмес окуу мөөнөтү менен жогорку билимдин тиешелүү билим берүү программаларын ийгиликтүү өздөштүргөн адамдарды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча ыйгарылган академиялык даража (квалификациялык даража, квалификация), ага ээ болгон адамдар кандайдыр бир кесиптик иш жүргүзүүгө же кыйла жогорураак академиялык даража (квалификация) алуу үчүн Рh.D программалары боюнча же аспирантурада окууну улантууга укуктуу;»;
- отуз төртүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
- «окутуу – окуучулардын жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана компетенттүүлүктү калыптандыруу, ошондой эле өмүр бою билим алууга жүйөлөштүрүү боюнча окуу ишин уюштуруунун максаттуу багытталган процесси;»;
- отуз сегизинчи абзацты «музыкант жетекчилер» деген сөздөрдөн кийин «, социалдык педагогдор жана тренер-мугалимдер» деген сөздөр менен толуктоону;
- кырк жетинчи абзацтагы «дене-бойлук жана психикалык жактан өсүп жетилиши ойдогудай эмес балдар» деген сөздөрдү «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар» деген сөздөргө алмаштырууну. Ушуну менен бирге долбоордун бүткүл тексти боюнча «атайын муктаждыктарга ээ болгон балдар» жана «дене-бойлук жана психикалык жактан өсүп жетилиши ойдогудай эмес балдар» деген түшүнүктөрдүн ордуна «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар» деген түшүнүктү колдонууну сунуштайбыз;
- элүү үчүнчү абзацты төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«мектептик (жалпы) билим берүү - тарбиялоо жана билим берүү тутуму, ал кандайдыр бир кырдаалда (окуунун жүрүшүндө, жекече, кесиптик) окуучунун жемиштүү натыйжалуу иши үчүн тарбиялоонун жана билим берүүнүн баскычтарына шайкеш келген жетиштүү деңгээлдеги билимди, ыкты, көндүмдү камсыз кылат;»;
- элүү бешинчи абзацтагы «башка» деген сөздү алып салууну.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин 3-бөлүгүндө Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптери менен ченемдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын ажыралгыс бөлүгү болуп саналаары белгиленген. Ушуга байланыштуу долбоордун 3-беренесинин, 7-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 47-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн, 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацынын редакциясын кайра кароону сунуштайбыз.
Долбоордун 4-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз, анткени көрсөтүлгөн берене деңгээлине карабастан билимге жалпы укуктарды белгилейт. Мындан тышкары, аталган маселелерди долбоордун «Мектепке чейинки билим берүү» деп аталган 9-главасында чагылдыруу максатка ылайыктуу болот. Ошондой эле долбоордун 4-беренесинин катар номерлерин кайра кароону сунуштайбыз.
Долбоордун 5-беренесинин 2-бөлүгү боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- биринчи сүйлөмүн алып салууну;
- 2-пунктун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 2-бөлүгүнө шайкеш келтирүүнү:
- 14-пунктундагы «билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрү» деген түшүнүккө тактоо киргизүүнү.
Мамлекеттик билим берүү стандарттары азыркы учурда билим берүүнү милдеттүү кармоону белгилебестен, окутуунун күтүлүүчү минималдуу жыйынтыктарын аныктай тургандыгын эске алуу менен (универсалдуу жана кесиптик компетенциялар) долбоордун 6-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«1. Кыргыз Республикасында негизги билим берүү программасынын окутуусунун күтүлүүчү натыйжаларын, окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмүн, бүтүрүүчүнүн даярдыгынын деңгээлине коюлган талаптарды, окуучулар тарабынан кандайдыр бир билим берүү программаларын өздөштүргөндүгүн күбөлөндүргөн документтердин формасын аныктоочу билим берүүнүн бардык деңгээлдери үчүн мамлекеттик билим берүү стандарттары белгиленет.».
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10-беренесине ылайык орус тили «расмий» деген статуска ээ болгондугун эске алуу менен долбоордун 7-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
«2. Мамлекет ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерде окуусу үчүн мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруудан баштап негизги жалпы билим берүүгө чейинки шарттарды түзөт.».
Долбоордун 8-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-пункттагы «мектепке чейинки» жана «жалпыга жеткиликтүү» деген сөздөрдү алып салууну, анткени мектепке чейинки билим берүү милдеттүү болуп эсептелбейт жана акысыз болушу мүмкүн эмес;
- 3-пункттагы «ишке ашыруу» деген сөздөрдү «камсыз кылуу» деген сөздөргө алмаштырууну;
- 6-пункттагы «жана транспортто жүрүүгө» деген сөздөрдү алып салууну.
Долбоордун 9-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын алып салууну сунуштайбыз, анткени анын мазмуну «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жөнгө салуу предмети болуп саналат.
Долбоордун 11-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы «мектепке чейинки билим берүү» деген сөздөрдөн кийин «мектепке чейинки даярдык программасы» деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Долбоордун 12-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- жалпы билим берүү уюмдары менен орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын түрлөрүн караштыруучу бөлүктөр менен толуктоону;
- 1-бөлүк «мектептер, гимназиялар» деген сөздөрдөн кийин «, инновациялык мектептер, лицейлер» деген сөздөр менен толуктоону;
- 2-бөлүктүн 5-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«5) балдар үйү – жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн билим жана тарбия берүү уюму (3 жаштан өйдө);»;
- 3-бөлүктүн 2-пунктунда «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын» деген сөздөрдү «жазык-аткаруу тутумунун» деген сөздөргө алмаштырууну.
Долбоордун 13-беренесинин 2-бөлүгүндөгү «дистанциялык» деген сөздү алып салууну сунуштайбыз, анткени долбоордун 1-беренесинде жана 13-беренесинин 1-бөлүгүндө окуунун дистанциялык формасы көрсөтүлгөн эмес. Долбоордун 1-беренесинде дистанциялык билим берүү технологиясы деген түшүнүк киргизилген, ал окуунун ар түрдүү формаларында колдонулушу мүмкүн. Долбоордун 23-беренесинин 9-бөлүгү боюнча да ушул сыяктуу сунуш берилет.
Долбоордун 14-беренесинин 4-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«4. Орто жана жогорку кесиптик билим берүү тиешелүү дипломдор, жогорку окуу жайынан кийинки билим – аспирантураны аяктоо жөнүндө күбөлүк, Ph.D докторунун, илимдер кандидатынын же докторунун диплому, доценттин, улук илимий кызматкердин же профессордун аттестаты менен тастыкталат.».
Долбоордун 15-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1 жана 3-бөлүктөрүнүн редакциясын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык келтирүүнү;
- 5-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
«5. Мамлекеттик билим берүү уюмдарына «улуттук» деген статус ыйгарылышы мүмкүн. «Улуттук» деген статусту ыйгаруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.».
Долбоордун 16-беренесинин 1-бөлүгүндө «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» деген сөздөрдү «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» деген сөздөргө алмаштырууну.
Долбоордун 17-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, ошондой эле башка билим берүү уюмдарын» деген сөздөрдү алып салууну, «Мыйзамдарынын жоболорунда» деген сөздөрдү «ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөргө алмаштырууну;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацынын редакциясын кайра кароону, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарына билим берүү уюмдарын түзүү боюнча сунуштарды берүү кирбейт;
- 2-бөлүктүн үчүнчү абзацы «жалпы билим берүүчү мектеп» деген сөздөрдөн кийин «баштапкы кесиптик билим берүүдө – кесиптик лицей» деген сөздөр менен толуктоону. Мындан тышкары көрсөтүлгөн абзацта өзгөчө учурларды кошпогондо билим берүү уюмдарын түзүү учурда алар баштапкы статуска ээ болот деп каралган. Ушуну менен бирге, бул ченем дискрециялык болуп эсептелет, анткени айрым субъекттер үчүн кеңири ыйгарым укуктарды берүүдө. Ушуга байланыштуу аталган абзацта «өзгөчө учурларды кошпогондо» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ушуга байланыштуу долбоордун бүткүл тексти боюнча дагы «эреже катары», «өзгөчө учурларды кошпогондо», «шарттуу, өзгөчө учурларда», «зарыл болгон учурларда», «айрым сабактардан тышкары» ж.б.у.с. сөз айкалыштарын алып салуу зарыл. Мисалы, долбоордун 19-беренесинин 3-бөлүгүндө, 20-беренесинин 2-бөлүгүндө, 28-беренесинин 1-бөлүгүндө, 36-беренесинин 3-бөлүгүндө, 58-беренесинин 2-бөлүгүндө, 66-беренесинин 1-бөлүгүндө;
- 5-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашылып» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте» деген сөздөргө алмаштырууну.
Долбоордун 19-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык 4-бөлүктөгү «чыныгы аскердик кызмат» деген сөздөрдү «мөөнөттүү аскер кызматы» деген сөздөргө алмаштырууну, «же» деген сөздү «жана» деген сөзгө алмаштырууну;
- 5-бөлүктү алып салууну, анткени аскердик милдетке тиешелүү коомдук мамилелер жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат;
- 11-бөлүктүн 2-абзацын алып салууну, анткени долбоордо тиркелген маалымкатка ылайык Кодекстин долбоору тутумдаштырылган ченемдик укуктук акт катары өзүнө билим берүү процессинин маселелерин регламенттештирген негизги ченемдерди камтыйт.
Балдардын тарбиясы үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу максатында долбоордун 20-беренесинде администрациялык же башка чараларды кароону сунуштайбыз, алар баланын укугу бузулган учурда, кара күч жана зордук-зомбулук колдонулганда, баланы милдеттүү окутуу милдеттери аткарылбаганда жана башка учурларда ата-энелерге карата колдонулушу мүмкүн.
Долбоордун 21-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктө кандай билим берүү педагогикалык иш жүргүзүүлөргө укук бере тургандыгын тактоону;
- 3-бөлүктө мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуган жана бөлүштүрүү жерине келбеген, педагогикалык адистиктеги бүтүрүүчүлөрдүн жоопкерчилик чарасын кароону;
- 6-бөлүктө «соттуулугу» деген сөздөн мурда «жабылбаган же алып салынбаган» деген сөздөр менен толуктоону.
Долбоордун 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык педагогикалык ишке соттуулугу же медициналык терс көрсөткүчтөрү бар адамдарга жол берилбейт, алардын тизмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат. Ошол эле учурда долбоор кыйла чоң көлөмдө болуп, ченемдик укуктук актыларга карата ошол сыяктуу эле башка шилтеме ченемдерин камтып, аны колдонууну кыйындатаарын белгилейбиз.
Бул маселелердин бир бөлүгү бүгүнкү күндө тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынгандыгы менен шартталган, ал эми бир бөлүгү шартталган эмес, бул өз кезегинде убактылуу ченемдин пайда болушуна алып келип, ал убакта коомдук мамилелер шилтеме жасалган түздөн-түз аракеттенүү нормасы кабыл алынбагандыгынын натыйжасында жөнгө салынбайт.
Ошондой эле, долбоордун 21-беренесинин 1, 4 жана 5-бөлүктөрү бири-бирине каршы келет. Алсак, 1-бөлүктө педагогикалык иш жүргүзүүгө зарыл болгон билим алган жана тиешелүү квалификациядагы адамдар ээ болот. 4-бөлүккө ылайык педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар кайра даярдоодон өткөндөн кийин педагогикалык иш жүргүзүүгө укуктуу болушат. 5-бөлүктө педагогикалык ишке жана жогорку кесиптик билим берүү уюмуна эгерде кесиптик билим берүү жөнүндө диплом 2007-жылдан баштап берилсе, магистрден төмөн эмес билими бар адамдарга жол берилет.
Ошол эле учурда бүгүнкү күндө жождордун көптөгөн окутуучулары өз ишин педагогикалык билими жок эле, же болбосо, тиешелүү педагогикалык квалификациясы жок ишке ашырышууда. Эгерде билими да, квалификациясы да жок болсо, мындай адам кайра даярдоодон өтүүгө тийиш. Бирок, алардын арасында 5 жылга эмгек келишимдерин түзгөн адамдар бар. Мындай учурда эмгек келишимдерин кайра түзүүгө же аларды бузууга туура келет. Ушуну менен бирге долбоордун жоболору «өткөн мезгилге карата колдонуу күчүнө» ээ болбоого тийиш, анткени бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы болот.
Долбоордун 22-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.
-1-бөлүктүн 5-пунктунда педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну каржылоонун булактарын тактоону;
- 1-бөлүктүн 7-пунктун алып салууну, анткени педагогдор белгиленген тартипте камсыздандырылган жана Мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жарым-жартылай акысыз дарыланышат.
Долбоордун 23-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1 жана 9-бөлүктөрдү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте» деген сөздөр менен толуктоону;
- 7-бөлүктөгү «окуу китептерин» деген сөздөрдү алып салууну, анткени азыркы учурда окуу китептерин ижарага алуу системасын калыбына келтирүү процесси жүргүзүлүүдө;
- 5 жана 8-бөлүктөрдү бириктирүүнү же алып салууну, анткени социалдык билим берүү кредиттерин берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эмес;
- 6 же 12-бөлүктөрдүн бирин алып салууну, анткени алар бири-бирин кайталайт, ошондой эле 4 жана 13-бөлүктөрдү бириктирүүнү;
- 10 жана 11-бөлүктөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени долбоордун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлктүк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигине, иштеген ишинин мүнөзүнө жана түрүнө, тутунган динине, саясий жана диний ишенимдерине, жашаган жерине жана башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу экендиги каралган.
Долбоордун 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүндөгү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштамаларынын негизинде Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик органдары менен макулдашуу боюнча» деген сөздөрдү «саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык» деген сөздөргө алмаштырууну.
Долбоордун 25-беренесинин 2-бөлүгүн төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«2. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген (атайын муктаж) балдарга мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына баруу укугу, ошондой эле мамлекеттин эсебинен аларда багуу жана билим берүү кепилденген.».
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 36-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык долбоордун 26-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1 бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«1. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат.»;
- 3-бөлүктөгү «кемтиктери» деген сөздү «бузуулар» деген сөзгө алмаштырууну;
- 4-бөлүктү алып салууну, анткени « Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, менчигинин түрүнө карабастан социалдык тейлөө уюмдарын түзүүнүн, иштөөсүнүн, өзгөртүп түзүүнүн жана жоюунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат, башкача айтканда бул ченем Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине шилтеме жасайт;
- 5 жана 7-бөлүктөрдү алып салууну, анткени балдарды уюмдарга жана интернат-мекемелерине жиберүү тууралуу ченеми балдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 37-беренеси менен регламенттештирилет.
Долбоордун 27-беренесинин 4-бөлүгүн төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«4. Тамак-аштын сапатын контролдоону жана көзөмөлдөөнү ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.».
Долбоордун 28, 29, 31, 32-беренелери жарым-жартылай бирин-бири кайталагандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары долбоордун 29-31-беренелери боюнча көрсөтүлгөн беренелердин белгиленген жоболору атайын ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуу предмети болуп саналаарын белгилейбиз, атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын предмети.
Долбоордун 28-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктөгү «кызматтык маяна» жана «(контрактта)» деген сөздөрдү алып салууну;
- 2-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«2. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт». Буга байланыштуу 5, 9 жана 14-бөлүктөрдү алып салууну;
- 4-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«4. Билим берүү кызматкерлерине илимдин доктору, илимдин кандидаты, окумуштуу даражасы үчүн жана педагогикалык стажы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдерде кошумча акы белгиленет.»;
- 17-бөлүктөгү «айыл» деген сөздү алып салууну;
- 19-бөлүктү алып салууну, анткени аталган берененин 4-бөлүгүндө окумуштуулук даражасы бар, билим берүү кызматкерлерине кошумча акы төлөө маселеси жөнгө салынган;
- 20-бөлүктөгү «Мугалимдердин» деген сөздү «Педагогикалык кызматкерлердин» деген сөздөргө алмаштырууну;
- 21-бөлүк «мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары» деген сөздөрдөн кийин «баштапкы кесиптик билим берүүнүн билим берүүчү уюмдары менен бирге» деген сөздөр менен толуктоону.
Долбоордун 29-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктөгү «социалдык жеңилдиктерди» деген сөздөрдү «социалдык кепилдиктер» деген сөздөргө алмаштырууну;
- 2-бөлүктөгү «берүүгө милдеттүү» деген сөздөрдү «бере алат» деген сөздөргө алмаштырууну;
- беренени педагогикалык кызматкерлердин пенсиялык камсыздоо укугун регламенттөөчү жобо менен толуктоону сунуштайбыз.
Долбоордун 30-беренесин төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
«2. Педагогдорго эмгектик өргүү окуу жылы аяктагандан кийин жайкы мезгилде берилет.».
Долбоордун 31-беренесинин 2-бөлүгүндө «кезексиз» деген сөздү алып салууну, аталган бөлүктүн редакциясын «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. Ушундай эле сунуш долбоордун 50-беренесинин 10-бөлүгү боюнча колдонууну.
Долбоордун 33-беренесинин 1-бөлүгүндө билим берүү системасын башкарууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ишке ашыра тургандыгы сунушталууда. Ошону менен бирге эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинде парламенттин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси каралган, анда билим берүү системасын башкаруу кирген эмес. Буга байланыштуу долбоордун көрсөтүлгөн беренесинин 1-бөлүгүнүн редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз.
Долбоордун 34-беренесинин 11-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууну контролдоону ченемдик укуктук актыны кабыл алуу укугуна ээ болгон субъекттер ишке ашырат.
Ошондой эле долбоордун кыйла сандагы жоболору (мисалы, 28, 29, 31, 34 жана 35-беренелер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына тиешелүү экендигин белгилейбиз. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди жана жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бөлүштүрүү маселелерин чечүүдө өз алдынчалыкка ээ. Буга байланыштуу долбоордун көрсөтүлгөн беренелери кыйла дыкаттык менен иштеп чыгууну жана макулдашууну талап кылат.
Долбоордун 35-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкү мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толуктоону сунуштайбыз:
«6) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аймагында мектепке чейинки жана мектеп курагындагы балдардын эсебин алуу;
7) окуучулардын бош убактысын уюштуруу.».
Долбоордун 36-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын компетенциялары менен катар беренени башка деңгээлдеги уюмдардын компетенциялары менен толуктоону;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 90-беренесинде юридикалык жактар өкүлчүлүктөрдү жана филиалдарды түзүү укугуна ээ боло тургандыгын эске алуу менен 4-бөлүктөгү экинчи сүйлөмдүн редакциясын тактоону;
- 6-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«6. Билим берүү уюмунун түрү жана статусу (мектепке чейинки жана мектептик билим берүү уюмдарынан башкалар) институттук аккредитациялоо процессинде белгиленет жана өзгөртүлөт.»;
- 9 жана 10-бөлүктөрдөгү «белгиленген тартипте» деген сөздөрдү алып салууну;
- 7, 8, 9 жана 10-бөлүктөрдүн жоболорун мектепке чейинки билим берүүгө арналган долбоордун 9-главасында кароону сунуштайбыз.
Долбоордун 37-беренесинде төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 3-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«3. Билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин билим берүү уюмдарынын жетекчилерин (шайлануучу кызмат орундарынан башка) дайындоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.»;
- 4-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«4. Мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси (ректор), Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү, аскердик кызмат мыйзамдарда каралган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары үчүн кесиптик билим берүү программасын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын жетекчилеринен башкалар мамлекеттик жогорку окуу жайынын жамаатынын жалпы чогулушунда альтернативдик негизде, жашыруун добуш берүү аркылуу, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен окумуштуулук даражасы жана наамы бар, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен шайланат.
Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жогорку окуу жайдын жетекчиси (ректор) мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы чогулушунда альтернативдик негизде Кыргыз Республикасынын ардактуу наамына, ошондой эле тиешелүү квалификацияга ээ болгон адистердин ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен шайланат.
Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин шайлоону өткөрүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, долбоордун 81-беренесинин 5-8-бөлүктөрүн алып салууну сунуштайбыз;
- 5 жана 8-бөлүктөрдү алып салууну;
- 6-бөлүктүн экинчи сүйлөмүндөгү «Мыйзамы» деген сөздү «Кодекси» деген сөзгө алмаштырууну.
Долбоордун 39-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- лицензиялоо маселелери «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынгандыгына байланыштуу лицензиялоо жол-жоболоруна тиешелүү бөлүктү алып салууну. Ошол эле учурда аталган Мыйзамдын 18-беренесинде Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките тургандыгы белгиленген. Ушундай эле сунуш долбоордун 41-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнө карата колдонууну;
- 2-бөлүктүн жоболорун долбоордун 82-беренесинде чагылдырууну;
- 6 жана 8-бөлүктөрдүн редакциясын 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып республикада аттестациялоо системасынын жоюлгандыгына, институттук жана программалык аккредитациялоо системасына өтүү жүзөгө ашырылгандыгына байланыштуу кайра кароону;
- менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүү уюмдарын жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин белгилеген жобону кароону.
Долбоордун 42-беренесинин 7-пунктунун редакциясын кайра караштырууну сунуштайбыз.
Долбоордун 43-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-бөлүктөгү «белгиленген тартипте» деген сөздөрдү алып салууну;
- 4-бөлүктөгү «каражат бөлүү» деген сөздөрдү алып салууну;
- 5-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«5. Жалпы билим берүүчү уюмдарды каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү ченемдик бюджеттик каржылоонун негизинде аныкталат.»;
- 6-бөлүктөгү «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү» деген сөздөрдү алып салууну;
- 10-бөлүктү төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«10. Билим берүү уюмдарынын финансылык каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурлардан тышкарыда алынууга жатпайт.».
- 17-19-бөлүктөрдү төмөнкү редакцияда баяндоону:
«17. Мамлекеттин эсебинен окутууга кабыл алынган адамдардын саны жана билим берүүнүн, кесиптик билим берүүнүн адистиктеринин багыттарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
18. Колдо болгон бюджеттик жана билим берүү уюмунун бюджетинен тышкары каражаттарынын чегинде уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык окугандарга жана педагогдорго социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашырат.
19. Мамлекеттик билим берүү уюмдары өздөрүнүн каражаттарын, анын ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө жана материалдык стимулдаштырууга жумшалган өздөрүнүн үлүшүн пайдалануунун багыттарын жана тартибин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкташат.»;
- 20-бөлүктү алып салууну же болбосо мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эле эмес, бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын финансылык чарбалык ишин контролдоону толук иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Долбоордун 45-беренесинде:
- 2-бөлүктө билим берүү уюму бекитип берилген имаратты жана башка мүлктү кармоону белгиленген ченемден төмөн эмес камсыз кылууга милдеттүү экендиги каралган. Имараттарды кармоого каржылоо булактарын жана көлөмдөрүн аныктоо, имараттарды кармоого сарптоо көлөмүнө эскирүүнүн деңгээлдик шкаласын киргизүү зарыл деп эсептейбиз;
төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 5-бөлүктө «башкы уюм» түшүнүгүн тактоону;
- «Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин ченемдерин эске алуу менен 7-бөлүгүнүн экинчи абзацын төмөнкү редакцияда баяндоону:
«Материалдык-техникалык базаны ижарага (жеке менчик) уюмдарга берүүдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бөлүштүрүлөт.».
Долбоордун 46-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 3-бөлүктүн экинчи абзацынын экинчи сүйлөмүн алып салууну, анткени жоболору аталган абзацтын биринчи сүйлөмүндө камтылган;
- 8-бөлүгүн алып салуу керек, анткени мамлекеттик менчикти менчиктештирүү маселелери «Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Долбоордун 50-беренесинин 8-бөлүгүн «иш жүргүзүүчү адамдардын» деген сөздөрдөн кийин «педагогикалык,» деген сөз менен толуктоону; «билим берүү жагында» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Долбоордун 51-беренесинин 1-бөлүгүн түшүнүк аппаратын ачып берүүчү долбоордун 2-беренесинде берүүнү сунуштайбыз. Ушундай эле сунуш долбоордун 56-беренесинин 1-бөлүгүнө да колдонууну.
Долбоордун 51-беренесинин 3-бөлүгү шайкеш келбестигин жана долбоордун 12-беренесинин 2-бөлүгүн жарым-жартылай кайталаарын белгилейбиз, анда мектепке чейинки билим берүүчү уюмдардын түрлөрүнүн толук тизмеси келтирилген.
Долбоордун 53-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин» деген сөздөрдү «мамлекеттик, расмий жана чет тилдерди» деген сөздөргө алмаштырууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 54-беренесинин 3-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 2-бөлүгүнө шайкеш келтирүүнү сунуштайбыз.
Долбоордун 55-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 8-бөлүгүн «жана кечкисин окутуу формаларында» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинде дистанциялык билим берүү технологияларын колдонуу менен» деген сөздөр менен толуктоону, ошондой эле төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толуктоону:
«Кечкисин окутуу формасында акысыз негизги жана орто жалпы билим алууга жол берилет, эгерде ушул деңгээлдеги билимди окугандар биринчи жолу алып жатса.»;
- 9-бөлүгүндөгү «Балдардын» деген сөздү алып салууну.
Долбоордун 57-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктү каржылоо булагын жана пайыздык ставкалар шкаласын аныктоо менен «окуу-тарбиялоо комплекси» түшүнүгүн ачып берүүчү пункт менен толуктоону;
- 3-бөлүктөгү «ушул Кодексте белгиленген учурларды кошпогондо» деген сөздөрдү алып салууну. Андан сырткары көрсөтүлгөн бөлүктө билим берүү уюмдарына белгиленген тартипте лагерлерди жана туристтик базаларды ачуу мүмкүндүгү каралган, бирок лагерлерди жана базаларды кармоо шарттары жана каржылоо булактары аныкталган эмес.
Долбоордун 58-беренесинин 1-бөлүгүндө «жалпыга жеткиликтүү жана» деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз. Ушундай эле сунуш долбоордун 68-беренесинин 3-бөлүгүнө да колдонууну.
Долбоордун 59-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 4-бөлүктү алып салууну, анткени аталган берененин 5-бөлүгүндө окугандарга мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүү тартиби өзүнчө ченемдик укуктук акты менен аныкталаары белгиленген;
- 6-бөлүктүн биринчи абзацын төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толуктоону:
«Окугандарга негизги жалпы же жалпы орто билим берүү жөнүндө документ алуу укугу мамлекеттик (жыйынтыктоочу) аттестациядан өткөн шартта бир жылдан кийин берилет.».
Долбоордун 61-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктөгү «зарылдыгына жараша» деген сөздөрдү алып салууну; «мектептердин, мектептерде» деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөдө «уюмдар» деген сөзгө алмаштырууну;
- 2-бөлүктү алып салууну, анткени реабилитациялоо программасы организмдин компенсатордук мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде саламаттык сактоо органдары тарабынан иштелип чыгат;
- 3-бөлүктөгү «мектептер» деген сөздү «уюмдар» деген сөзгө алмаштыруу керек;
- 3-бөлүктүн экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
«Коррекциялык жалпы билим берүүчү уюмдарда билим берүүнүн мазмуну жана билим берүү процессин уюштуруу шарттары окуучулардын психофизикалык өнүгүү өзгөчөлүктөрүн жана жекече мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мамлекеттик билим берүү стандартынын жана негизги жалпы билим берүү программаларынын негизинде иштелип чыгат.»;
- 4-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«4. Класстардын жана топтордун чектик толукталышы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулардын категориясына жараша белгиленет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.»;
- 5-бөлүктөгү «мектеп-интернатта» деген сөздөрдү «интернат тибиндеги уюмдарда» деген сөздөргө алмаштыруу, ушул бөлүктүн экинчи абзацындагы «башка» деген сөздү алып салууну.
Долбоордун 62-беренесинде психологиялык-педагогикалык жана медициналык-социалдык борборлордун компетенцияларын бөлүүнү сунуштайбыз, анткени аларда түрдүү максаттар жана милдеттер бар. Андан сырткары ушул беренеде аталган борборлорду каржылоо булактарын көрсөтүү керек.
Долбоордун 63-беренесин алып салуу керек, анткени мамлекеттин саясаты интернаттык мекемелердеги балдардын жана республикадагы интернаттардын санын кыскартууга багытталган. Ошондой эле «девианттык жүрүм-турум» түшүнүгү коомдук кооптуу жүрүм-турумду гана билдирбейт. Ушундай балдар менен иштөө социалдык педагогдор, медиктер арасында жана үй-бүлөдө жүргүзүлөт. Алар үчүн атайын окуу-тарбиялоочу мекемелерди ачуу жолу менен ушул балдарды коомдон бөлүп салуу алгылыктуу эмес.
Андан сырткары социалдык кооптуулукту жараткан жана тарбиялоонун, окутуунун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдарды окутуу маселелери ушул долбоордун 26-беренесинде чагылдырылган.
Долбоордун 64-беренесинде жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүүнү мамлекеттин эсебинен каржылоону караган маселени чечүү мүмкүндүгүн кароону сунуштайбыз. Азыркы учурда ченемдик (жан башына) каржылоого өтүүдө кошумча билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөргө ата-энелер акы төлөйт, бул социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдүн балдарынын ушундай кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышын кыйындатат. Мисалы, Россия Федерациясында жана Тажикстан Республикасында кошумча билим берүү кызматтарынын наркы бюджеттик каржылоонун стандартына кирет.
Долбоордун 67-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
«1. Башталгыч кесиптик билим берүү квалификацияланган эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларды) даярдоону, алардын квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону, ошондой эле жалпы орто билим берүүнү максат кылат. Башталгыч кесиптик билим берүүчү окуу жайларда негизги жалпы билими жок адамдарды кесипке окутуу үчүн шарттар түзүлөт.»;
- 3-бөлүктүн биринчи абзацын төмөнкү редакцияда баяндоону:
«3. Мамлекет баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайларында жалпы орто билимди (зарыл учурда жалпы негизги) акысыз алууну кепилдейт.».
Долбоордун 70-беренесинин аталышын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү сунуштайбыз:
«70-берене. Башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттары».
Андан сырткары аталган беренеде жумушчу кесипке ээ болуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды чагылдырууну.
Долбоордун 71-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-бөлүктү алып салууну, анткени ар бир адистик боюнча квалификациялык экзамендин түзүмү стандарт менен аныкталат;
- 3-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«3. Башталгыч кесиптик билим берүү программасын толук өздөштүргөн жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн адамдарга билими жөнүндө документтер берилет.».
Квалификациялуу жумушчуларды даярдоо баштапкы кесиптик билим берүүнүн алкагында ишке ашырылаарын, ага долбоордун 11-главасы арналганын эске алып, долбоордун 72-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктөгү «квалификациялуу жумушчулардын» деген сөздөрдү алып салууну;
- 2 жана 4-бөлүктөрдү алып салууну;
- 6-бөлүктөгү «квалификациялуу жумушчуларды даярдоо программалары» деген сөздөрдү алып салууну.
Долбоордун 73-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени кесиптик лицей баштапкы кесиптик билим берүүнү ишке ашыруу билим берүү уюмдарынын милдети.
Долбоордун 77-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 2-бөлүктүн 4-пунктунун биринчи абзацындагы «мүмкүн» деген сөздү алып салууну;
- 2-бөлүктүн онунчу абзацын алып салууну, анткени кыскартылган жана тездетилген программаларды ишке ашыруу жогорку билим берүүнүн сапатына терс таасирин тийгизет.
- 4-бөлүктү «бакалавр» деген сөздү «бакалаврдын» деген сөзгө алмаштырууну жана аталган сөздөн кийин «, адистин» деген сөз менен толуктоону;
- 6-бөлүктүн экинчи абзацын алып салууну сунуш кылабыз, анткени мамлекеттик кызматка өтүү тартиби «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.
Долбоордун 79-беренеси «улуттук» деген статусту ыйгаруу маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү максатында толуктап иштеп чыгууну талап кылат.
Долбоордун 37 жана 81-беренелери жарым-жартылай бирин-бири кайталайт, буга байланыштуу аларды бириктирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылабыз.
Долбоордун 81-беренесинин 1-бөлүгүндө жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмун башкаруу долбоордун 79-беренесине ылайык ишке ашырылаары каралган. Ошол эле убакта билим берүү уюмун башкаруу маселеси долбоордун 37-беренесинде каралган.
Долбоордун 81-беренесинин 10, 11-бөлүктөрүн алып салууну сунуш кылабыз, анткени азыркы учурда жождор уюштуруучулук тутумунун ар кандай, анын ичинде факультеттери жана кафедралары камтыбаган түрлөрүнө ээ.
Долбоордун 82-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктөгү «каражаттардын» деген сөздү «бюджеттин каражаттарынын» деген сөздөргө алмаштырууну жана «эсебинен» деген сөздөн кийин «жана окуунун наркын төлөө менен юридикалык жана (же) жеке жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча» деген сөздөр менен толуктоону;
- 3-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«3. Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.»;
5-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«5. Магистратуранын программаларын өздөштүрүүгө бакалавриат, адис – жогорку билими бар адамдарга жол берилет;
6-бөлүктүн 1-пунктундагы «жана билим берүүнү башкаруунун борбордук мамлекеттик органы белгилеген тартипте өткөрүлгөн» деген сөздөрдү алып салууну;
төмөнкүдөй мазмундагы бөлүк менен толуктоону сунуш кылабыз:
«Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча конкурстан тышкары жождорго тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча учурдагы жылы эң жогорку балл алган адамдар тандаган мамлекеттик жогорку окуу жайларына каалаган адистигине кабыл алынат. Бул категориядагы адамдарды кабыл алуу үчүн гранттардын санын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.».
Долбоордун 84-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- 1-бөлүктү «илимдин доктору» деген сөздөрдөн кийин «жана Ph.D доктору» деген сөздөр менен толуктоону;
- 3-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«3. Илимдин кандидатынын жана илимдин докторунун окумуштуулук даражасы изденүүчү тарабынан диссертацияны айкын коргоонун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан ыйгарылат. Ph.D доктору окумуштуулук даражасы изденүүчү тарабынан диссертацияны айкын коргоонун жыйынтыгы боюнча диссертациялык комиссиянын чечими боюнча ыйгарылат.».
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинин 1-бөлүгүндө Кыргыз Республикасындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерде белгиленгенден башка учурларда Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктан пайдаланышаары жана милдеттерди аткарышаары белгиленгендигин эске алуу менен долбоордун 85-беренеси боюнча төмөнкүлөр сунушталат:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацын «чет өлкөлүк жарандарды» деген сөздөрдөн кийин «жана жарандыгы жок адамдарды» деген сөздөр менен толуктоону, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерине» деген сөздөргө алмаштырууну
2-бөлүктүн экинчи абзацын алып салууну;
- 3-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону:
«3. Аспирантурага (адъюнктурага) кабыл алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.».
Долбоордун 89-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы «кыргызстандык» деген сөздү «улуттук» деген сөзгө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам ченемдик укуктук актылардын түрлөрүнүн бири болуп саналаарын эске алуу менен долбоордун 92-беренесинин 2-бөлүгүнүн редакциясын кайра кароону сунуштайбыз.
Долбоордун 93-беренеси боюнча төмөнкүлөрдү сунуштайбыз:
- долбоордун 93-беренесинин 1-бөлүгүнүн редакциясын кайра кароону, анткени «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген бардык ченемдик укуктук актылары же анын түзүмдүк элементтери бир эле мезгилде күчүн жоготууга берилет;
- 2-бөлүктүн биринчи жана экинчи абзацтарын төмөнкүдөй редакцияда берүүнү:
«2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Кодекске ылайык келтирсин;».
Долбоор көлөмүнүн ири болгонуна карабастан билим берүү тутумунун көпчүлүк аспекттерин камтыбай калган. Мисалы: долбоордо окуучулардын жетишкендиктерине байкоо жүргүзүү шайманы катары баалоо жөнүндө жоболор келтирилген эмес; профессордук-мугалимдик курамдын укуктары жана милдеттенмелери жөнгө салынган эмес.
Ошондой эле долбоордо азыркы учурда «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилген бир катар жагдайлар чагылдырылган эмес, натыйжада Кодекстин долбоору сунушталган редакциясында бизди кайра артка тартып жатат. Мисалы, долбоордо билим берүү уюмдарынын камкордук кеңештерин түзүү жана алардын функциялары, бюджеттик угууларды өткөрүү ж.б. маселелери чагылдырылган эмес.
Долбоорго карата кыйла кеңири коомдук талкуулоо өткөрүү максатка ылайык экендигин белгилөө зарыл, анткени ал билим берүү чөйрөсүнүн ири сандагы жумушчуларынын, ата-энелердин, окуучулардын кызыкчылыгын козгоп жатат.
Ушуну менен бирге «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат. Ушуга байланыштуу мындай түрдөгү документти кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге кылынышы керек, анын курамында бул үчүн атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бар, ал билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзүү үчүн жооптуу, толук маалыматка ээ, аталган чөйрөдөгү көйгөйлөрдү, ошондой эле аларды чечүүнүн механизмдерин билет.