Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-марты № 112
Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдарда кабарлоо жана маалымдоо тутумун өркүндөтүү максатында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4 жана 12-беренелерине, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 27-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын калкын өзгөчө кырдаалдар жөнүндө кабарлоо жана маалымдоо үчүн телерадиоберүү каналдарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |