Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 331-беренесинин 3-пунктчасынын, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө жаран Жолдошбек Алиевдин өтүнүчүнүн негизинде козголгон иш боюнча
2014-жылдын 12-февралы № 11-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы төмөнкү курамында:
төрагалык кылуучу: М.Ш.Касымалиев,
судьялар: Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, К.С.Сооронкулова,
жыйналыштын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин,
кайрылуучу тарап - жаран Жолдошбек Алиевдин,
жоопкер-тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним катынын негизинде өкүлдөрү болгон М.И.Арзиевдин, К.С.Карабекованын,
башка жак - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним катынын негизинде өкүлү болгон Н.Т.Султаналиевдин катышуулары менен,
Конституциянын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42 -беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - ЖПК) 331-беренесинин 3-пунктчасынын, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчаларынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран Ж.Алиевдин өтүнүчү себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп, талашылып жаткан ЖПКнын ченемдеринин Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелди.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы К.С.Сооронкулованын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 11-октябрында жаран Жолдошбек Алиевдин ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасынын, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчаларынын Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табуу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Берилген материалдардан келип чыккандай, Ж.Алиев Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучунун 2011-жылдын 25-февралындагы № 80-б буйругунун негизинде вице-мэр милдетин аткаруучунун кызматынан бошотулган.
Ж.Алиев аталган буйрук менен макул болбой, Кара-Көл шаардык сотуна кайрылган жана Кара-Көл шаардык сотунун 2011-жылдын 27-апрелиндеги чечими менен Ж.Алиевдин доо арызы толугу менен канааттандырылган. Бул чечим жоопкер Кара-Көл шаарынын мэринин милдетин аткаруучу И.М.Еркеев тарабынан Жалал-Абад областтык сотуна даттанылган. Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2011-жылдын 16-июнундагы аныктамасы менен апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган. Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы 2011-жылдын 9-декабрында жоопкер-тараптын даттануусун көзөмөл тартибинде карап, Жалал-Абад областтык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы бузулсун, иш кайра апелляциялык тартипте кароо үчүн ошол эле сотко жиберилсин деп токтом кылган. Ишти жаңыдан кароодо, Жалал-Абад областтык сотунун соттук коллегиясынын 2012-жылдын 20-февралындагы аныктамасы менен биринчи инстанциядагы соттун чечими толугу менен алынып салынып, иш боюнча өндүрүш кыскартылган. Ж.Алиев бул аныктамага даттануу менен кайрылганда, Жогорку соттун соттук коллегиясы 2012-жылдын 26-ноябрында экинчи инстанциядагы соттун аныктамасын жокко чыгарып, Ж.Алиевдин Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2011-жылдын 25-февралындагы № 80-б буйругун жокко чыгаруу жана аны кайра ээлеген кызматына орноштуруу жөнүндө доо арызы канааттандыруусуз калтырылсын жана Ж.Алиевдин көзөмөл тартибиндеги даттануусу канааттандырылбасын деп жаңы чечим кабыл алган.
Жогоруда көрсөтүлгөндөргө таянып, Ж.Алиев ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчалары менен жөнгө салынган апелляциялык жана көзөмөл инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктары сот адилеттигинин принциптерин бузуп, соттук коргонуу укугун ишке ашырууга тоскоолдук түзүүдө деген пикирде.
Соттук жыйналышта Ж.Алиев ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчалары Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет жана Конституцияга ылайык эмес деп табуу жөнүндөгү өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранды.
Жогорку Кеңештин өкүлдөрү кайрылуучу тараптын жүйөөлөрү менен макул болбой, өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранышты.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп чыгып, жактардын жүйөөлөрүн угуп, жыйналышка катышкан башка жактын пикирин угуп, төмөнкү тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкү мазмундагы ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчалары эсептелет:
"331-статья. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы областтык соттун сот коллегиясынын ыйгарым укуктары
Апелляциялык инстанциядагы сот төмөнкүлөргө укуктуу:
3) биринчи инстанциядагы соттун чечимин толугу менен же анын бир бөлүгүн алып салууга жана иш боюнча өндүрүштү токтотууга, же арызды карабастан калтырууга.
356-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда төмөнкүдөй укуктарга ээ:
3) эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга;
4) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга.
Жарандык процессуалдык кодекс мыйзамда белгиленген тартипке ылайык, № 146 сандуу 1999-жылдын 29-декабрында кабыл алынган, "Эркин-Тоо" газетасында 2000-жылдын 12-январында № 2 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Соттук коргонуу укугу адамдын негизги, ажырагыс укуктарына таандык болгондуктан ал Конституция тарабынан таанылуу менен бирге, ар кимге бардык башка укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктери берилген (20-берененин 5-бөлүгүнүн 8-пункту, 40-берененин 1-бөлүгү).
Конституциянын соттук коргонуу укугу тууралуу жоболорунун, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8-беренесинин, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн мазмуну менен маанисинен келип чыккандай, укуктарды таасирдүү, адилеттүүлүктүн таламдарына толугу менен жооп берген түрдө калыбына келтирүүнү камсыз кылуу сот адилеттигинин милдети экендиги күнөмсүз.
Соттук коргонуу укугунун конституциялык мазмунун аныктоо максатында Конституциялык палата айрым чечимдеринде төмөнкү укуктук позицияларды келтирген: соттук коргонуу адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин мамлекет тарабынан коргоонун универсалдуу укуктук каражаты катары эсептелет жана башка конституциялык укуктарга жана эркиндиктерге карата камсыз кылуу функциясын аткарат; соттук коргонуу укугу, мыйзам менен бекитилген уюштуруу-укуктук жана процессуалдык формаларда укуктардын таасирдүү калыбына келишинин кепилдиги болот (Конституциялык палатанын 2013-жылдын 22-ноябрындагы жана 2013-жылдын 27-декабрындагы чечимдери).
3. Соттук коргонуу укугунун таасирдүү кепилдиги болуп, жогору турган сот тарабынан ишти кайра кароо мүмкүнчүлүгү эсептелет. Бул багытта, Конституция, соттук коргонуу укугунун курамдык бөлүгү катары, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун максаттуу түрдө бөлүп, эч чектелүүгө тийиш эмес деп белгилейт (20-берененин 5-бөлүгүнүн 3-пункту). Ушул конституциялык көрсөтмөнү ишке ашыруу максатында, ишти кайра каратууга болгон укукту жүзөгө ашыруу укуктук механизмин (ар бир сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен) камсыздоо үчүн адамдын жана жарандын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо системасынын алкагында, төмөнкү инстанциядагы соттордун актыларын жогору турган сотторго даттануу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган.
Сот инстанцияларынын системасын, даттануунун ырааттуулугун жана жол-жоболорун, сот актыларын жогору турган сот тарабынан жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн негиздерин, жогорку инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктарын аныктоо менен мыйзам чыгаруучу тиешелүү соттун Кыргыз Республикасынын сот системасындагы ролун жана ордун эске алган. Мындай укуктук жөнгө салуу, Конституциянын 93-беренесинин жоболору менен шартталып, ушул эле берененин 4-бөлүгүндө "соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат" деген ченемге негизделген.
Бул менен бирге мыйзам чыгаруучу, катачылык менен кабыл алынган сот актыларын кайра кароонун, процессуалдык натыйжалуулуктун талаптарына жана соттук коргонуунун каражаттарын колдонууда үнөмдүүлүкө жооп берген, сот териштирүүнү созуу мүмкүнчүлүгүнө же негизсиз кайрадан башталышына жол бербеген, сот чечимдеринин адилеттүүлүгүн камсыз кылган институционалдык жана процедуралык шарттарын белгилеген.
Бул жагдай, сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка соттук актыларга даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат деп, Конституциянын 99-беренесинин 5-бөлүгүндө бекитилген ченемге негизделген.
Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу, жарандык процесстин алкагында, бузулган укуктардын таасирдүү түрдө калыбына келишинин механизмин түзүү максатында, ЖПКда сот актыларын кайра кароо жол-жоболорун караштырган: биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирбеген (апелляциялык тартипте) жана күчүнө кирген (кассациялык тартипте) актыларын кайра кароо боюнча сот өндүрүшү; мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра карап чыгуу боюнча иш жүргүзүү (көзөмөл инстанциясындагы сотто иш жүргүзүү, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жаңы пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароо).
Ошентип, мыйзам чыгаруучу, ар кимге анын ишин жогору турган сотко кайрылып, кайра каратуу укугун кепилдөө менен, бузулган укуктардын жана эркиндиктердин коргоо системасын жана мындай системадагы ар бир инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктарын мыйзамдуу түрдө бекиткен.
Соттун ыйгарым укуктары катары, каралып жаткан иштин укуктук тагдырын аныктоого багытталган анын укуктары жана милдеттери таанылат. Апелляциялык жана көзөмөл инстанциядагы соттордун ыйгарым укуктары конституциялуулугу текшерилип жаткан ЖПКнын 331- жана 356 -беренелеринде белгиленген.
4. Кыргыз Республикасынын укуктук системасында көзөмөл иретинде жарандык иштер боюнча сот актыларын кайра кароо институту, соттук коргонуу жана жогорку турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугунун чектелбестигин кепилдеген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-, 8-пункттары, 40-беренесинин 1-бөлүгү менен мааниси боюнча байланышкан 96-берененин жоболоруна негизделген. Конституциянын 96-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра кароону жүзөгө ашырат.
Көзөмөл сот инстанциясынын укуктук табияты мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларындагы катачылыктарды жоюуга багышталган. Мындан тышкары, жарандык-процессуалдык жөнгө салуу системасында көзөмөл сот инстанциясы биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттордун актыларын текшерүү жана катачылыктарын жоюудан башка, мындай актылардын адилеттүүлүгүн жана мыйзамдуулугун камсыздоонун кошумча кепилдиги катары каралат.
Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын жоболорунун өз ара байланышынан келип чыккан маанисине ылайык, мыйзам чыгаруучу, ЖПКнын 356-беренесинде Жогорку соттун соттук коллегиясынын ишти көзөмөл тартибинде кароодогу ыйгарым укуктарынын толук тизмесин көрсөткөн. Мында, конституциялуулугу талашылып жаткан 356-берененин 3-пунктчасына ылайык, көзөмөл тартибинде сот, эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга укугу бар экендиги аныкталган.
ЖПКнын 354-беренесине ылайык, Жогорку сот ишти көзөмөл тартибинде караган учурда, биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттор караган иштердин материалдары боюнча укуктун ченемдерин даттануунун же талаптын жүйөлөрүнүн чектеринде туура колдонгондугун текшерет.
Көзөмөл тартиптеги сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүгү болуп, бул стадияда далилдердин иликтенбестиги жана иштин жагдайларынын аныкталбастыгы саналат. Көзөмөл тартибинде сот, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын, далилдерди чогултуу же аларды кошумча текшерүү талап кылынбаган учурда, биринчи инстанциядагы сот аркылуу иштин жагдайлары толук жана туура белгиленип, бирок материалдык укуктун ченемдерин колдонууда ката кетирилген учурда гана жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга укуктуу.
Эгерде сот колдонууга туура келген мыйзамды колдонбой же колдонууга туура келбеген мыйзамды колдонсо, анда материалдык укуктун ченемдери туура эмес колдонулган, ал эми соттун чечими мыйзамдуу эмес деп таанылып, жокко чыгарылууга тийиш.
Бул менен бирге, ЖПКнын 357-беренеси сот актыларын көзөмөл тартипте жокко чыгаруунун жана өзгөртүүнүн негиздери болуп, укук ченемдеринин орчундуу бузулушу же туура эмес колдонулушу, соттук актылардын негизсиздиги эсептелерин белгилейт.
Көзөмөл инстанциядагы сот өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, сот актыларын жокко чыгаруучу жана өзгөртүүчү негиздер менен болгон өз ара тыгыз байланышын эске алышы зарыл. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын жокко чыгаруудагы жана өзгөртүүдөгү негиздер, сот чечиминин адилеттүүлүгү менен анын туруктуулугунун ортосундагы тең салмактуулукту бузбашы керек. Мындан тышкары, сот актысы формалдуу ой жоруулар боюнча алып коюлушу мүмкүн эмес (ЖПКнын 357-беренесинин 2-бөлүгү).
Демек, көзөмөл иретинде ишти кайра кароо тартиби, мыйзам менен шартталган өзгөчө учурларда гана ишке ашуусу мүмкүн. Ошентип, көзөмөл иретиндеги өндүрүш, укуктун үстөмдүгүн жана мыйзамдын бирдей колдонушун камсыздаган укуктук коргонуунун таасирдүү ыкмасы болуп таанылат жана көзөмөл инстанциядагы соттун ЖПКнын 356-беренесинин 3-пунктчасында белгиленген ыйгарым укугу соттук коргонуу укугун ишке ашыруунун бирден-бир механизми катары каралат. Демек, аталган ыйгарым укук, кайрылуучу тарап жактан белгиленген Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 8-пунктуна карама-каршы келет деп табууга негиз жок.
5. Конституция менен кепилденген соттук коргонуу укук, сот ишинде жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо үчүн, чечилүүгө тийиш болгон бардык маанилүү маселелерди дал биринчи инстанциядагы сотто натыйжалуу жана адилеттүү караштыруу үчүн мамлекет тараптан керектүү шарттарды түзүүнү көздөйт.
Апелляциялык өндүрүш, мыйзамдуу күчүнө кирбеген биринчи инстанциядагы соттордун актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү, биринчи инстанциядагы соттогу өндүрүштүн эрежелери боюнча ишке ашырылган экинчи инстанциядагы соттук өндүрүштү билдирет.
Апелляциялык инстанциядагы сот ишти кароодо, иш боюнча маанилүү болгон жагдайлардын толук аныкталышын жана далилденилишин, ар бир далилге өзүнчө жана далилдердин жыйындысына туура баа берилишин, чечимде келтирилген тыянактардын аныкталган жагдайлар менен далилдерге дал келишин текшерүүгө укуктуу. Мындай ыйгарым укуктар башка жогорку турган сот инстанцияларына салыштырмалуу, апелляциялык инстанцияга гана таандык.
ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы жана 356-беренесинин 4-пунктчасы менен, областтык соттун соттук коллегиясы апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурда биринчи инстанциядагы соттун чечимин, ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга укуктары бар экендиги көрсөтүлгөн.
ЖПКнын 333-беренеси жана 357-беренесинин 3-бөлүгү менен, биринчи инстанциядагы соттун чечими апелляциялык тартипте, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук актылар көзөмөл тартипте ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды карабастан калтыруу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу менен жокко чыгарылары каралган.
Ошентип, ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы жана 356-беренесинин 4-пунктчасы ЖПКнын 221- жана 223 -беренелери менен өз ара байланышта болуп, ишти кароодо апелляциялык жана көзөмөл инстанциядагы сотторго, эгерде мындай чечимди кабыл алууга себеп болгон жагдайлар биринчи инстанциядагы сотто текшерүүнү талап кылышпаса, арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга мүмкүнчүлүк берген негиздерди бекиткен.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар, бардык инстанциядагы соттордон ишти кароодо, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартиптериндеги даттанууларда жана талаптарда камтылган жүйөөлөрдөн көз каранды болбостон, арызды карабастан калтыруу же иш боюнча өндүрүштү токтотуу үчүн ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздерди текшерүүнү талап кылат.
ЖПКнын 221- жана 223-беренелеринде көрсөтүлгөн арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга мүмкүнчүлүк берген негиздер, мыйзам чыгаруучу тараптан, сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун камсыздоо, сот териштирүүнү негизсиз жүргүзүүгө жол бербөө жана негизинен процессуалдык үнөмдүүлүк, материалдык укуктун нормаларын бир түрдүү колдонуу максаттарында аныкталган.
Демек, Конституциянын башка ченемдери менен бирге өз ара байланышта каралуучу Конституциянын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялык-укуктук мааниси, мыйзам чыгаруучу көздөгөн жана бул ченемдерде камтылган максаттарды эске алуу менен, көзөмөл инстанциядагы соттун жана апелляциялык соттун ЖПКнын 331-беренесинин 3-пунктчасы жана 356-беренесинин 4-пунктчасы менен белгиленген ыйгарым укуктары, Конституцияга карама-каршы келишпегендигин билдирет.
6. Конституциянын 101-беренесине ылайык, сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз, эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Жогорку соттун Конституциялык палатасына суроо-талапты жиберет.
Бул конституциялык жобонун маңызы боюнча ченемдик укуктук акт Конституциянын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Конституциялык палатанын чечими менен гана Конституцияга карама-каршы келери аныкталат. Мындан соң Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны соттор тараптан колдонууга тыюу салынат. Ал эми, кайрылуучу талашып жаткан ЖПКнын ченемдери Конституциялык палата тараптан Конституцияга карама-каршы келет деп табылган эмес жана ЖПКнын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдери боюнча, соттордо алардын конституциялуулугу күмөндүүлүктү жараткан эмес.
Демек, Ж.Алиев тарабынан конституциялуулугу талашылып жаткан ЖПКнын беренелери Конституциянын 101-беренесинин 1-бөлүгүнө карама каршы келет деп таап берүү талабын текшерүүгө негиз жок.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,
ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 331-беренесинин 3-пунктчасы, 356-беренесинин 3-, 4-пунктчалары Конституцияга карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. Чечим акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
.