Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 128
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостору, 1996-ж., № 7, 85-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
24-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу салымдарын (анын ичинде кызамткерлер үчүн) өткөн ай үчүн эмгек акы каражаттарын банк мекемелеринен алган мөөнөттөрдө, бирок камсыздандыруу салымдары эсептелген айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен ай сайын төлөшөт. Камсыздандыруучулар юридикалык жакты түзүү менен 100000 (жүз миң) сомдон жогорку суммада эсептелген камсыздандыруу салымдарын төлөөнү юридикалык жактын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен гана жүргүзүшөт.».
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|