Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы № 506 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 9-октябры № 634
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги
№ 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү
жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карама-каршылыктарды болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 9-апрелиндеги № 206 "Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция уюмдарын өнүктүрүү жана материалдык колдоо фондун пайдалануу жөнүндө жободо:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин казыналыктын региондук бөлүмүндөгү атайын эсебинде топтолот.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министр |
И. Чудинов |