Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 151
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Жогоруда аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-статья.
"Кыргыз Республикасындагы жекече детективдик жана күзөт ишмердиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Too" газетасы, 1996-жыдцын 31-июлу, № 100-102) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
"Жекече детективдик ишмердигин жүргүзүүгө төмөнкүлөр укуксуз:
1) юридикалык билими жок же жекече тыңчы катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөн же болбосо оперативдик же тергөө болүнүштөрүндө үч жылдан кем эмес иш стажы жок жарандар;
2) психикалык оорулар, алкоголизм же баңгилик боюнча саламаттык сактоо органдарынын эсебинде турган жарандар;
3) атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган же жоюлбаган жарандар.
Жекече детективдик ишмердикти жүргүзүүгө талапкер болгон жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин органдарында жекече ишкер катары каттоодон өтүүгө милдеттүү."
2. 4-1-статьянын экинчи бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 5-статьянын төртүнчү жана бешинчи бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын.
4. 9-статья күчүн жоготту деп тааньшсын.
5. 10-статьянын биринчи бөлүгүнүн 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
6. 12-статьяда:
- "анын ичинде лицензиянын номери жана берген күнү" деген сөздөр алып салынсын;
- экинчи сүйлөм алып салынсын.
7. 13-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
8. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы жана жетинчи бөлүктөр менен толукталсын;
"Күзөт ишине ушул Мыйзамдын 10-статьясында белгиленген чектөөлөр жайылтылат.
Күзөтүлүүчү менчикке карата укуксуз кол салган адам укукту бузган жеринен күзөтчү тарабынан кармалышы мүмкүн жана ички иштер органына өткөрүп берилүүгө тийиш.".
9. 14-1-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 14-2-статьянын экинчи бөлүгүнүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) атайылап жасаган кылмышы үчүн соттуулугу алынбаган же жоюлбаган жарандар;".
11. 14-2-статьяда:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) күзөтчү катары иштөө үчүн атайын даярдыктан өтпөгөндөр же укук коргоо органдарында үч жылдан кем эмес иш стажы болгондор.".
- төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "Күзөт ишканасынын жетекчисине карата коюлуучу милдеттүү талапка жогорку билиминин болушу кирет.".
12. 15-2-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Детективдик жана күзөт ишмердигин жүргүзүүчү кадрларды атайын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун тартиби, ошондой эле окутуу программаларын иштеп чыгуу, бул статьянын биринчи бөлүгүндө аталган мекемелерди лицензиялоо жана алардын ишин контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке ашырылат.".
13. 16-статьяда:
- үчүнчү бөлүгүндөгү "лицензияга ээ болгон" деген сөздөр алып салынсын;
- төртүнчү бөлүгүндөгү "лицензиядан ажыратууга, ошолдой эле", "башка" деген сөздөр алып салынсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Окмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларьш ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Ушул Мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|