Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 154
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
128-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 10, 442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
26-статьянын 2-бөлүгүндөгү «128-статьяда,» деген цифралар жана сөз алып салынсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомостгору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) томөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 6612-статья менен толукталсын:
«6612-статья. Кордоо
Кордоо, башкача айтканда адепсиз түрдө адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап кемсинтүү, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүү, кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Эл алдында чыгып сүйлөгөндө, элге көрсөтүлгөн чыгармада же жалпыга маалымдоо каражаттарында кордоо, -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз, кызмат адамдарына -эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз элүүдөн эки жүз, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүздөн жети жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Эл алдында чыгып сүйлөгөндө, элге көрсөтүлгөн чыгармада же жалпыга маалымдоо каражаттарында кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамын кордоо, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жетимиш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттин администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалышы -
эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».
2. 5561-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- экинчи абзац «667,» деген цифралардан кийин «6612-статьянын 3 жана 4-бөлүктөрү,» деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын;
- үчүнчү абзац «661» деген цифралардан кийин «6612-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрү,» деген цифралар жана сөздөр менен толукталсын.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|