Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 137
Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
Бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарын, жеке жана юридикалык жактарды жер-кадастрдык маалыматтар менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) жөнүндө жобо бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасында жер кадастрын жүргүзүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 2-декабрындагы № 659 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |