Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 141
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-статья.
"Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1997-ж, № 11, 537-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1 -статьянын 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
2. 2-статьяда:
1) жыйырманчы абзац "администратордун чыгымдары, администратор ала турган сый акча" деген сөздөн кийин "аудитор ала турган сый акча," деген сөздөр менен толукталсын;
2) жыйырма алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жоюлуучу көлөм - кредиторлордун талаптарын канааттандырууну камсыздоо үчүн сатууга арналган карыз тараптын активдери, ушул Мыйзамдын 86-статьясында каралган мүлктөн башкасы.";
3) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу жана отузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Активдердин жетишсиздиги - сот чыгымдарын, атайын администраторго төлөй турган сый акчага кеткен чыгымдарды, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган банкроттук процесси менен байланышкан башка сарптоолорду жабуу үчүн активдердин (күрөө предмети болуп саналган активдерди эсепке албаганда) жетиштүү санынын жоктугу менен мүнөздөлгөн карыз тараптын финансылык абалы.
Банкроттук процессин токтото туруу - карыз тарапка карата банкроттук процессин сот аркылуу белгисиз мөөнөткө токтотуу.";
3. 4-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын;
"5) атайын администрациялоо.";
4. 8-статьяда:
1) 4-пунктта:
бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Администратор банкроттук процессинин жол-жоболорун жүргүзүү үчүн бир эле мезгилде төмөнкүлөргө дайындалышы мүмкүн:";
төмөнкү мазмундагы бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- активдер менен камсыздалган экиден көп эмес чарбакер карыздар-субъекттерде;
- карыз тарап сот тарабынан ордунда жок деп таанылган шартта, ошондой эле, эгерде карыз тараптын банкрот болгондугу жөнүндө иш боюнча соттук чыгымдарды жабууга карыз тараптын мүлкү ачык эле мүмкүндүк бербесе же акыркы 12 айдын ичинде анын эсеби боюнча операциялар жүргүзүлбөсө, анда бештен көп эмес чарбакер карыздар-субьекттерде.";
2) 8-пунктта:
1-пунктча "кайра алынган" деген сөздөн кийин "же аракети токтотулган" деген сөздөр менен толукталсын;
Төмөнкүдөй мазмундагы пунктча менен толукталсын:
«8) банкроттук процесси токтотулганда.»;
5. 12-статьянын 9-пунктундагы "администратор тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
6. 17-статьяда:
1) 2-пункттун 12-пунктчасындагы "банктарды банкроттоодон тышкары" деген сөздөр алып салынсын;
2) 3-пункттун биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын
7. 21-статьянын 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Карыз тараптын активдери кредитке берилиши мүмкүн эмес.
Карыз тараптын активдери кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен (соттон тышкары тартибинде) же сот тарабынан (соттук тартипте) банкроттук процессинин жол-жоболорун өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде узартылып сатылышы мүмкүн.".
8. 22-статьянын 1 -пунктунун 4-пунктчасында "банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги юридикалык жана/же жеке жактардын банк эсептери менен салымдары боюнча маалыматтарды" деген сөздөр "банктык сырды түзгөндөрдү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 23-статьянын 5-пунктунда "он" деген сөз "жети" деген сөз менен алмаштырылсын.
10. 27-8-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пунктча менен толукталсын:
"7-1) бул Мыйзамдын 125-статьясында белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын атайын фондунун эсебине акча каражаттарын которууну ырастоочу документ;».
11. 28-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Эгерде карыз тарап соттук тартипте банкрот деп таанылса жана карыз тарапка карата банкроттук процессинин жол-жоболору өткөрүлсө, анда соттон тышкары тартибинде атайын администрациялоо жол-жобосу козголбошу мүмкүн.".
12. 30-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "кредиторлорго" деген сөздөн кийин "жана банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органга" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 31-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацында "үч" деген сөз "беш" деген сөз менен алмаштырылсын.
14. 52-статьянын биринчи абзацы "сот же кредиторлордун чогулушу менен (соттон тышкары тартибинде)" деген сөздөрдөн кийин "алты айдан ашык эмес мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын.
15. 66-статья төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) карыз тараптын жетекчилерин жана катышуучуларын Кыргыз Республикасынан чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга.".
16. 70-статьяда:
1) 6-пунктчадагы "же кредиторлордун чогулушунда" деген сөздөр алып салынсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-абзац менен толукталсын:
"6-1) ар квартал сайын кредиторлордун чогулушун өткөрүүгө жана иштин жыйынтыктары жөнүндө отчет берүүгө, ошондой эле чогулуштун чечими менен банкроттук процесстин чыгымдарын бекитүүгө, эгерде кредиторлордун чогулушу менен башка чечим кабыл алынбаса;».
17. 71-статьянын 2-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
18. 73-1-статьяда:
1) 1 -пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кошумча сый акчанын өлчөмү жана атайын администраторго төлөөнүн тартиби ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык кредиторлордун чогулушунда аныкталат (эгер банкроттук процесси соттон тышкары тартибинде өткөрүлсө) жана/же сот тарабынан (соттук тартипте) бекитилет.";
2) 4-пункттун биринчи абзацы "өлчөмүндө берилет" деген сездөрдөн кийин ", ордунда жок карыз тараптын же активдери жетишсиз чарбакер субъекттердин банкроттук процессин жүргүзүүнүн жол-жоболорун камсыздоочу атайын администраторго төлөөлөрдү кошпогондо. Ордунда жок карыз тараптын же активдери жетишсиз чарбакер субъектердин банкроттук процессин жүргүзүүнүн жол-жоболорун камсыздоочу атайын администраторго төлөөлөр ушул Мыйзамдын 71-статьясында каралган тартипте ишке ашырьшат." деген сөздөр менен толукталсын;
3) 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Активдер жетишсиз болгон учурда атайын администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген минималдуу эмгек акынын он ставкасынын өлчөмүндө бир жолу берилүүчү сый акча алат. Бул сумма банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунан төлөнөт.".
19. 86-статьяда:
1) 2-пункттун биринчи абзацы "негизделген укуктары," деген сөздөрдөн кийин "лизингдин буюмзаты, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык рекультивациялоо эсебиндеги акча каражаттары," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 6-пункт:
а) "атайын администратордун айлык акысын" деген сөздөрдөн кийин "аудитордун сый акысын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Банкроттук процессинин чыгымдары жоюлуучу өлчөмдү бөлүп алуудан түшкөн каражаттардын 50% көп эмес өлчөмүндө карыз тараптын каражаттарынын эсебинен кайтарылат.".
20. 91-статьяда:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кредиторлордун талаптары боюнча алынууга тийиш болгон төлөмдөрдү баалоо атайын администратор тарабынан жыйырма күндүк мөөнөттө жүргүзүлөт. Талаптарды кароонун жыйынтыктары жөнүндө атайын администратор аны тапшыргандыгы жөнүндө билдирип, заказдык каттарды жөнөтүү же тил кат алуу менен аларды өз колуна тапшыруу аркылуу кредиторду кабарлоого милдеттүү.";
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Карыз тараптын кызматкерлеринин пенсияларын, пособиелерин жана эмгек майыптыгы боюнча компенсацияларды төлөө үчүн арналган каражаттарды капиталдаштыруу менен бул каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүү ушул Мыйзамда каралган биринчи кезекке ылайык атайын администратор тарабынан жүргүзүлөт. Каражаттарды капиталдаштыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.".
21. 98-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасында "сот" деген сөз "банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 13-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"АЙЫЛ ЧАРБА (ФЕРМЕРДИК, ДЫЙКАН) ӨНДҮРҮШҮНДӨ ИШТЕГЕН ЖАКТАРДЫН БАНКРОТТУГУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ".
23. 123-статьяда:
1) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тарап ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен банкрот деп таанылышы мүмкүн.
Фермердик (дыйкан) чарбасы, жамааттык дыйкан чарбасы, ошондой эле башка айыл чарба ишканасы ошол чарбанын кредиторлорунун арызына ылайык соттун чечими менен банкрот катары таанылышы мүмкүн.
Ушул статьяда аталган чарбалар кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча соттон тышкары тартипте өзүлөрүн банкрот катары жарыялашы мүмкүн.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 3-5-пункттар менен толукталсын:
"3. Айыл чарба өндүрүшүндө иштеген карыз тараптын банкроттугу жөнүндө маселени кароодо айыл чарба өндүрушүнүн мезгилдүүлүгү жана анын жаратылыштык-климаттык жана айыл чарба ишин жүргүзүүнүн башка шарттарынан көз карандылыгы, ошондой эле айыл чарба ишинин тиешелүү мезгилинин аякташы менен айыл чарба ишканасы тарабынан алына турган кирешенин эсебинен кредиторлордун талаптарын канааттандыруу мүмкүндүгү эске алынышы керек.
4. Эгерде администрациялоонун максаттарына жетишүү табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө жагымсыз жаратылыштын-климаттык шарттардын натыйжасында мүмкүн болбогон учурда сот администратордун өтүнүч каты боюнча кредитордун макулдугу менен банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөтүн эки жылдан көп эмес убакытка узартууга укуктуу.
5. Айыл чарба өндүрүшүндө иштеген карыз тарапта активдер болсо, администратор тарабынан өндүрүштү же анын бир бөлүгүн, анын ичинде реабилитациялоо жол-жобосун өткөрүү же атайын администрациялоо жол-жобосун реструктуризациялоо ыкмасын колдонуу жолу менен сактап калууга чаралар көрүлүшү керек.".
24. 13-глава төмөнкүдөй мазмундагы 123-1-статья менен толукталсын:
"123-1-статья. Жоюлуучу өлчөмгө кирген активдерди сатуу
1. Айыл чарба өндурүшүндө иштеген карыз тараптын активдерин сатуу карыз тараптын активдерин бирдиктүү лот менен чыгаруу жолу аркылуу тооруктарда ишке ашырылышы керек.
2. Эгерде тоорук болбой калса же катышуучулардын бири дагы бирдиктүү лотту сатып албаган учурда андан аркы сатуу өзүнчө лоттор боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.".
25. 125-статьяда:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп табуу жөнүндө арыз кредитор (кредиторлор), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан кредитордук карызынын өлчөмүнө карабастан берилиши мумкүн, мында атайын администрациялоо жол-жобосун, анын ичинде атайын администраторго сый акы төлөөнү каржылоо боюнча чыгымдарды банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган арыз берүүчү болуп саналган учурлардан тышкары арыз берүүчү тартат. Атайын администрациялоо жол-жобосунун чыгымдарын каржылоо үчүн дайындалган акча каражаттары банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун эсебине арыз берүүчү тарабынан чегерилет";
2) 3-пункт "карыз тарапка карата" деген сөздөрдөн кийин "соттук тартипте" деген сөздор менен толукталсын.
26. 128-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
"Мындай карыз тараптарга карата соттук тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу гана колдонулат.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|