Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 142
"Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, А.А. Сасыкбаева, Н.В. Никитенко, Ж.Р. Сапарбаев жана Б.К. Калмаматов тарабынан демилгеленген "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунуштаган корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жьшдын 17-мартындагы №142 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч. Текебаев, А.А. Сасыкбаева, Н.В. Никитенко, Ж.Р. Сапарбаев жана Б.К. Калмаматов тарабынан демилгеленген "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасыньш Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карал чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.
Аталган мыйзам долбоорлорунун негизги максаты болуп өлкөдө сырткы видео байкоо тутумунун киргизилишин регламенттөөчү ченемдик укуктук базаны түзүү аркылуу Кыргыз Республикасында кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды киргизүү эсептелет.
"Сырткы видео байкоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Бул Мыйзам долбоорунун мазмуну анын 1-беренеде баяндалган предметине ылайык келбейт, ушуга байланыштуу жөнгө салуу предметин конкреттештирүү жана аны аталган мыйзам долбоорун кабыл алуунун максатына ылайык келтирүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүндө Мыйзамдын колдонулушу Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында сырткы видео байкоо тутуму менен жабдылууга тийиш болгон объектилерди пайдаланган юридикалык жана жеке жактарга жайылтылары белгиленген.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын бардык аймагында колдонулат. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун жана сырткы видео байкоо тутумун республиканын бардык аймагына киргизүү жөнүндөгү маселени кароо зарыл.
Баяндалган сунуштарды эске алуу менен Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүндөгү жобону кайра кароо зарыл деп эсептейбиз: "шаардык кеңеш" деген сөздөрдү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздер менен, "тиешелүү шаардын аймагында" деген сөздөрдү "тиешелүү аймактагы" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын сунушталган долбоорунда колдонулган түшүнүк аппаратын конкреттештирүү максатында 4-берененин 2-абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Видео байкоо - бул тартип бузууларды автоматтык аныктоо максатында визуалдык контролдоо же сүрөттөлүштөрдү автоматтык талдоо үчүн жана андан ары ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда колдонуу учүн сактоого багытталган оптика-электрондук түзүлүштүн жардамы менен ишке ашырылуучу процесс.".
"Жеке маалыматтар" терминине аныктама берилген Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин төртүнчү абзацынын редакциясын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык баяндоо менен кайра кароону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесин төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толуктоону сунуштайбыз:
"СВБТ материалдарын кармоочу (ээси) - ушул Мыйзамга ылайык СВБТдан алынган маалыматтарды топтоо жана сактоону контролдоочу мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар.".
6-беренени төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"6-берене. СВБТ милдеттери
СВБТ милдеттери болуп:
- жолдордо, көчөлөрдө жана элдер көп топтолгон жерлерде кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу жана бетин ачуу, бөгөт коюу, коомдук коопсуздукту, жол кыймылынын коопсуздугун жана жолдордо, көчөлөрдө жана эл көп чогулган жерлерде тартипти камсыздоо боюнча кошумча чараларды көрүү;
- СВБТ менен жабдылган объектилердеги мыйзамга каршы келген аракеттерди аныктоо максатында болуп жаткан окуяларды байкоо жана белгилөө;
- издөөдө жүргөн адамдарды жана объектилерди идентификациялоону ишке ашыруу;
- видео архивди көрүү аркылуу СВБТ менен жабдылган объектилердин аймагында болгон окуяны калыбына келтирүү.".
7-берененин экинчи абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз: "- коомчулук үчүн ачылган жерлер (аянтгар, базарлар, парктар, автомобиль жолдору, көчөлөр, кесилиштер, көпүрөлөр, темир жол өткөөлдөрү, унаа түйүндөрү, тоннелдер) жана аларга чектеш аймактар;".
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин бешинчи абзацын "автомобиль туруучу жай" деген сөздөрдөн кийин "жана токтотмо" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Ошондой эле көчөлөр Коомдук жайлар үчүн ачылган объектилердин тизмесине кошулбай калгандыгын белгилей кетүү зарыл, ошондуктан аны оңдоо керек.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 2-бөлүгү менен коомдук тартипти, адамдын, коомдун коопсуздуктугун камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын компетенциясын регламенттөө сунушталат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, функцияларынын ыйгарым укуктарына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы келерин белгилеп кетебиз.
8-берененин 3-бөлүгүндөгү "мэрдин сунуштамасы боюнча шаардык кеңеш" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
9-берененин 2-бөлүгүндөгү "ракурс жана көрүнүү бурчу" деген сөздөрдү "объектинин көрүнүү бурчун кыймылсыз же кыймылдуу видеокамерадан ар кайсы чекиттерден кароо менен аныктоо" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгүндө СВБТ түзүлүшүн колдонууга жана орнотууга кеткен чыгымдар СВБТ менен жабдылууга тийиш болгон объектинин ээсинин жеке каражатынын эсебинен ишке ашырылары белгиленген.
Бул ченем императивдүү мүнөзгө ээ, СВБТны орнотууга жеке менчик ээсинин мүмкүнчүлүгү жана каалоосу жөнүндө маселе сунушталып жаткан Мыйзам долбоорунда эске алынган эмес, ушуга байланыштуу ага карата жөнгө салуучу таасирдеги талдоо жүргүзүү зарыл.
10-берененин 2-бөлүгүндөгү "тилдер" деген сөз "объектиде видеобайкоо жүргүзүлүүдө" деген сездөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган (анын аймактык органдары) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн чараларды көрүү жолу менен бул Мыйзамдын аткарылышын контролдоону ишке ашырат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 104-беренесине ылайык аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын мыйзамдарды так жана бирдиктүү аткарышына көзөмөлдү прокуратура органдары жүргүзөрүн белгилеп кетүү керек.
Муну менен катар, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык укуктук ченемдик актылардын ишке ашырылышын контролдоону укуктук ченемдик актыларды кабыл алууга укуктуу субъекттер жүргүзөт.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинде анын талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик каралган.
Бул сунуштарды эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, каралып жаткан Мыйзам долбоорунун талаптарды бузгандык үчүн жоопкерчилик чаралары бөлүгүнө да тиешелүү толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Мыйзам долбоорунун 14-беренесинин l-бөлүгүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү зарыл, ушуга байланыштуу аны төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
Сырткы видео байкоо каражаттарынан алынган видео материалдардын ишенимдүүлүгүн жана сакталышын контролдоону ишке ашыруу механизми сунушталган Мыйзам долбоорунда көрсөтүлбөгөндүгүн кошумча белгилей кетүү зарыл.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын жогорулашын караган мыйзамдардын долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булактарын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзам долбоорун ишке ашырууга байланышкан иш-чараларды каржылоону Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, ведомстволорунун жана муниципаддык органдарынын тиешелүү жылга каралган республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде гана жүргүзүү зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна карата төмөнкүлөрдү билдиребиз.
Сунушталган Мыйзам долбоорунда "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин 21-пункт менен толуктоо сунушталат, ага ылайык ички иштер органдары (кызматкерлер) өздөрүнүн компетенциясынын чегинде сырткы видео байкоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган талаптарды белгилөөгө жана аларды андан ары сактоого милдеттүү.
Сунушталган редакцияда кайсыл талаптар жөнүндө сөз болуп жатканы түшүнүксүз, ушуга байланыштуу бул пункт тиешелүү редакциялык оңдоолорду талап кылат.
Ушуну менен бирге, эгер аталган талаптар ченемдик укуктук мүнөзгө ээ болсо, анда алар тиешелүү ченем чыгаруучу орган тарабынан бекитилиши мүмкүн, ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунда ыйгарым укуктуу органды конкреттештирүү зарыл экендигин белгилей кетүү зарыл.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 2-беренесин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз жана төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Бул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.".
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле аталган мыйзамдардын долбоорлору кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча чараларды белгилөөгө багытталгандыгын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Сырткы видео байкоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун берилген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.