Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 150
2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
“Кыргыз Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |