ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 150 «2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу» токтому

Редакция17.03.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2014-жылдын 17-марты № 150

2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

“Кыргыз Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 31-майында Минск шаарында кол коюлган КМШга мүчө мамлекеттердин чек ара жанындагы аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган катары аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев