КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 155
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
Адам укугу боюнча эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу жагында мамлекеттик органдардын иштерин жөнгө салуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17 жана 40-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 132 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |