Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731, 2019-жылдын 19-февралындагы № 57, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103, 2024-жылдын 25-мартындагы № 132 , 2024-жылдын 25-декабрындагы № 793 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Негизги жоболор
1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) ишинин тартибин жана уюштурулушун аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңеш консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
3. Координациялык кеңештин ишинин максаты адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо механизмдерин өркүндөтүүнү жана адам укугу чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну көздөйт.
4. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасы катышкан жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Координациялык кеңештин милдеттери
6. Координациялык кеңештин милдеттери:
- Бириккен Улуттар Уюмунун келишимдик органдарына Кыргыз Республикасынын адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткарганы жөнүндө улуттук баяндамаларын (мындан ары - улуттук мезгилдүү баяндамалар) жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине Универсалдык мезгилдүү серепти (мындан ары - УМС) даярдоо боюнча мамлекеттик органдардын иштерин координациялоо;
- мамлекеттик органдарга Бириккен Улуттар Уюмунун (мындан ары - БУУ) адам укугу жана УМС жаатындагы сунуштарын аткарууга көмөк көрсөтүү.
3. Координациялык кеңештин ыйгарым укуктары
7. Координациялык кеңеш өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында:
- Кыргыз Республикасында адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоонун жана коргоонун мамлекеттик механизмдерин өркүндөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери боюнча маалыматтарды чогултууда, изилдөөдө жана талдоодо мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтөт;
- БУУнун адам укуктары боюнча сунуштарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберет;
- БУУнун адам укуктары боюнча сунуштамаларын аткаруучу мамлекеттик органдардын иштерине мониторинг жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы БУУнун каттарын карайт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоочу мамлекеттик органдардын иштерин координациялайт;
- БУУнун тиешелүү комитеттеринде улуттук мезгилдүү баяндамаларды алып чыгууга ыйгарым укуктуу болгон Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын түзүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча мамлекеттик органдар менен коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын ортосундагы диалог үчүн мыйзамда белгиленген тартипте аянтча түзөт;
- БУУнун келишимдик органдарынын адам укуктары чөйрөсүндөгү сунуштамаларын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарын бекитет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103, 2024-жылдын 25-мартындагы № 132 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Координациялык кеңештин төмөнкүлөргө укугу бар:
- Координациялык кеңештин ишин жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдардан, мекемелерден жана уюмдардан керектүү материалдарды суроого жана алууга;
- Координациялык кеңештин отурумдарына мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз каранды эмес эксперттерди мыйзамда белгиленген тартипте чакырууга, Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча алардын пикирлерин жана сунуштарын угууга;
- көчмө отурумдарды өткөрүүгө.
9. Координациялык кеңештин чечими менен мыйзамдарда каралган учурларда Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн комиссия түзүлүшү мүмкүн.
Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн комиссияны түзүү жөнүндө чечим Координациялык кеңеш тарабынан жыйын өткөрбөстөн, сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Координациялык кеңештин ишинин уюштурулушу
10. Координациялык кеңештин ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары вице-премьер-министри башкарат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Координациялык кеңештин төрагасынын үч орун басары болот, алардын бири Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Координациялык кеңештин төрагасы (төрага жок убакта анын биринчи орун басары):
- Координациялык кеңештин отурумдарын өткөрөт;
- Координациялык кеңештин күн тартибин аныктайт;
- Координациялык кеңештин атынан чыгат;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
- Координациялык кеңешти башкаруу боюнча башка функцияларды аткарат;
- адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоо боюнча жумушчу топторду, Кеңешке жиберилген, жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт;
- Координациялык кеңештин катчылыгынын өкүлдөрүнөн жана/же адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин жоболорун аткаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоого тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле Кеңешке жиберилген, жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароодо тиешелүү жумушчу топтордун жетекчилерин аныктайт.
- Кыргыз Республикасында адам укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди изилдөө үчүн комиссиянын курамын бекитет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-ноябрындагы № 731, 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Координациялык кеңештин мүчөлөрү Координациялык кеңештин отурумдарына жеке өздөрү катышышат, күн тартибине сунуштарды киргизишет, жумушчу топтордун жана комиссиялардын иштерине катышышат.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү Координациялык кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча отурумдарга видео-конференц-байланыш аркылуу катыша алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 793 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Координациялык кеңеш өзүнүн ишин ушул Жобого, кабыл алган чечимдерине жана жыл сайын бекитилүүчү пландарга ылайык уюштурат.
Координациялык кеңештин планы мамлекеттик органдын өкүлү болгон Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн Координациялык кеңештин Катчылыгына расмий кат менен берилген сунуштарынын негизинде түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Координациялык кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча отурумдар видео-конференц-байланыш системасын колдонуу менен онлайн-форматта өткөрүлүшү мүмкүн.
Координациялык кеңештин иш планына, ошондой эле Координациялык кеңештин протоколдук чечимдерине ылайык тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана жооптуу адамдар алардын сапатына, өз убагында аткарылышына жана Координациялык кеңештин катчылыгына берилишине жеке жоопкерчилик тартышат.
Координациялык кеңештин жыйынына материалдар Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүү күнүнө чейин 10 жумуш күндөн кечиктирбей Координациялык кеңештин катчылыгына берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 793 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Координациялык кеңештин отурумунун күн тартибинин долбоору Координациялык кеңештин катчылыгы тарабынан отурумга чейин 7 күн мурда даярдалып, тиешелүү материалдар менен Координациялык кеңештин төрагасына берилет.
Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган отурумдун күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйын болуучу күнайжылдан 5 иш күндөн кем эмес мурда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет. Координациялык кеңештин отурумунун күн тартиби Координациялык кеңештин ага катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен отурумдун өзүндө бекитилет. Күн тартибине өзгөртүүлөр Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу менен киргизилиши мүмкүн.
17. Координациялык кеңеш чечимдерди Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү отурумга катышкан шартта, бирок Координациялык кеңеште каралып жаткан маселе компетенциясына кирген мүчөлөрүнүн катышуусу менен гана кабыл алууга укуктуу.
18. Координациялык кеңештин чечимдери ачык добуш берүү аркылуу, отурумга катышкан көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн өзгөчө ой пикири жазуу түрүндө баяндалат жана Координациялык кеңештин чечимине тиркелет.
19. Координациялык кеңештин отурумдарында ар бир маселени кароонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат жана ал протокол менен таризделет.
20. Координациялык кеңештин отурумунун протоколун Координациялык кеңештин катчысы жазат, ал жок учурда Координациялык кеңештин отурумунун төрагасы дайындаган башка киши жазат.
21. Протоколдо Координациялык кеңештин отурумунун күнайжылы жана күн тартиби, отурумга катышып жаткандар (Координациялык кеңештин мүчөлөрү, отурумга чакырылгандар), киргизилген сунуштар, киргизилген сунуштар боюнча добуштардын жыйынтыгы, ошондой эле Координациялык кеңештин акыркы жыйынтыгы жана ушул жыйынтык боюнча добуштардын натыйжасы көрсөтүлөт. Протоколго отурумдун төрагасы жана катчы кол коюшат.
Координациялык кеңештин кезектеги жыйынына чейин аткаруучу-органдын Координациялык кеңештин катчылыгына жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча маанилүү негиздер болгон учурда Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
23. Координациялык кеңештин чечимдери тиешелүү органдарга Координациялык кеңештин отурумдарынын протоколунан көчүрмө түрүндө берилет.
24. Координациялык кеңеш өзүнүн иши жөнүндө отчетту жыл сайын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
25. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык камсыздоону Координациялык кеңештин катчылыгы ишке ашырат.
5. Координациялык кеңештин катчылыгы
26. Координациялык кеңештин катчылыгы (мындан ары - Катчылык) Координациялык кеңештин жумушчу органы болуп эсептелет. Катчылыктын ишине макулдашуу боюнча коммерциялык эмес уюмдар тартылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Катчылыктын милдеттери:
- Координациялык кеңештин ишин уюштуруу;
- Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылуусун уюштуруу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Координациялык кеңештин катчылыгынын функциялары:
- Координациялык кеңештин отурумдарына даярдыкты уюштуруу;
- Координациялык кеңештин отурумдарына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоо;
- Координациялык кеңештин отурумунун күн тартибинин долбоорун даярдоо;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө болуучу отурумдардын болжолдонгон күн тартибин, мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ага кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө сунуштарын таратуу;
- Координациялык кеңештин отурумуна 5 күндөн кем эмес убакыт калганда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө отурумду өткөрүүчү күнайжыл, өткөрүүчү убактысы жана орду, кароого белгиленип жаткан маселелер жөнүндө кабарлоо;
- адам укугун коргоо маселеси боюнча маалыматтык-талдоо материалдарын чогултуу жана даярдоо, БУУнун келишимдик органдарына берүү үчүн улуттук жана мезгилдүү баяндамаларды Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берүү;
- Координациялык кеңешке жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка юридикалык жактардан керектүү маалыматтарды белгиленген тартипте чогултуу;
- өзүнүн функцияларын аткарууга керектүү маалыматтарды чогултуу, изилдөө, жалпылоо жана Координациялык кеңеш үчүн даярдоо;
- Координациялык кеңештин пландарынын жана чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
- (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасындагы адам укуктары жана эркиндиктери боюнча жана Кыргыз Республикасынын улуттук мезгилдүү баяндамаларын даярдоо боюнча окутуучу семинарларды, тренингдерди, курстарды уюштурууга көмөк көрсөтүү;
- БУУнун жана УМСнин келишимдик органдарына улуттук мезгилдүү баяндамаларды даярдоо үчүн жумушчу топтордун жана комиссиялардын иштерин уюштуруу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 453, 2019-жылдын 19-февралындагы № 57, 2021-жылдын 3-августундагы № 103 токтомдорунун редакцияларына ылайык)