Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2013-жылдын 27-декабры N 17-р
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиев,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Ж.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Ж.Азарованын;
кайрылуучу тарап: К.К.Султановдун, Т.Ж.Насированын, З.С.Максутовдун, ишеним каттын негизиндеги К.К.Султановдун өкүлү A.M.Миронов, ишеним каттын негизиндеги Г.А.Эркебаеванын өкүлү Т.Дж.Саатов, ишеним каттын негизиндеги З.С.Максутовдун өкүлү Б.А.Сарыбаевдин;
жоопкер тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү К.С.Карабекованын;
котормочу - М.Э.Толобалдиевдин катышуулары менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1-, 6-, 8-, 9-, 10-бөлүктөрүн жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 4-, 18-, 19-, 37-, 42-беренелеринин талаптарын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот жыйналышында карады.
Жаран А.М.Мироновдун жарандар К.К.Султановдун, Т.Ж.Насированын Т.Дж.Саатовдун, Г.А.Эркебаеванын, З.С.Максутовдун кызыкчылыгындагы өтүнүчтөр ишти кароонун себеби болуп эсептелет.
Өтүнүчтөрдү кароонун негизи болуп, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын талаш ченеминин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде күмөндүүлүктүн пайда болуусу эсептелет.
Соттук отурумда ишти даярдаган судья - баяндамачы Э.Т.Мамыровдун маалыматын угуп жана иштин сунушталган материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 28-мартында жаран А.М.Мироновдон жаран К.К.Султановдун кызыкчылыгында "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн жарым-жартылай жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 2-, 3-, 4-бөлүктөрүнө карама-каршылыгын жана конституциялуу эместигин таануу жөнүндө өтүнүч түшкөн.
Берилген материалдар көрсөткөндөй, Ош областынын прокурорунун 2012-жылдын 16-октябрындагы токтому менен 2012-жылдын 16-октябрында Ош областынын Өзгөн райондук сотунун төрагасы К.К.Султановго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-, 2-пункттары менен каралган кылмыштардын белгилери боюнча жазык иш козголгон.
Ош областынын прокурору судья К.К.Султановго карата кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе боюнча "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүн колдонуп чечим кабыл алган.
2011-жылдын 13-июнундагы "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын редакциясындагы 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, судьяга карата жазык ишин козгоо тууралуу маселе боюнча чечим Башкы прокурор тарабынан кабыл алынган.
Бирок, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген толуктоо менен, судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу, Башкы прокурордон тышкары, ал ыйгарым укук берген областтык, прокурорлордун статусунан төмөн эмес Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна да берилген.
Арыз ээси, Ош областынын прокурору тарабынан судьяга карата жазык ишин козгоо тууралуу маселе боюнча жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим, ушул белгиленген Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет, Конституция жана көрсөтүлгөн мыйзам менен каралган судьянын көз карандысыздык кепилдиктери кандай учурларда болбосун жокко чыгарылышы же болбосо төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес. Судьянын көз карандысыздыгы, аталган конституциялык Мыйзамдын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, жоопкерчилик ким тарабынан болбосун судьянын ишине коркутуу аркылуу кийлигишүүгө тыюу салууну камсыз кылынат.
Арыз ээси, бул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 4-бөлүгүндө да бекитилгендигин белгилейт. Ошону менен бирге, арыз ээсинин пикири боюнча, укук колдонуу практикасынан, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашыруу иши боюнча жоопкерчилик, коркутуу аркылуу кийлигишүүгө уруксат берилерин белгилейт.
Мына ошентип, А.М.Миронов судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу берилген адамдардын чөйрөсүнүн кеңейиши, автоматтык түрдө кол тийбестик укугуна ээ судьялардын статусун төмөндөтөт, жана Конституциянын 94-беренесинин 2-, 3-, 4-, 9-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп божомолдойт.
2013-жылдын 23-августунда Конституциялык палатага ушундай өтүнүч менен жаран Т.Ж.Насирова кайрылган.
Т.Ж.Насирова "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугун берүү менен, судьяларды алардан көз каранды абалга койду деп эсептейт.
Т.Ж.Насированын пикири боюнча, жогоруда аталган "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Конституциянын 6-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген талаптарды сактабастан кабыл алган. Судьялардан көз карандысыздыгы Конституцияда бекитилген жана судьялар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийишет. Мамлекет, судьялардын көз карандысыздыгынын конституциялык жактан бекитилген принцибинен аны сактоону камсыз кылышы керек. Бирок, 2012-жылдын 10-августундагы "Кыргыз Республикасынын судьялардын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына киргизилген толуктоолор Конституция тарабынан кепилденген судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылбайт, жана Конституциянын 6-, 16-беренелерине жана 94-берененин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
2013-жылдын 29-августундагы Конституциялык палатага жаран Т.Дж.Саатов жаран Г.А.Эркебаеванын кызыкчылыгында 2012-жылдын 10-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоонун конституциялуулук эместигин таануу өтүнүчү менен кайрылган.
Т.Дж.Саатовдун пикири боюнча областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун судьяларга карата жазык ишин козгоо укугунун берилиши Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө жана 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет. Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык бардыгы мыйзам жана сот алдында бирдей жана судья өзүнүн статусу боюнча тараптарга караганда, ал эми жазык сот өндүрүшүндө - соттолуучунун адвокатынан жана прокурордон артыкчылык абалда турат.
Арыздын ээси областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлоруна судьяга карата кылмыш ишин козгоого укугун берүү менен, аны айыптоо тараптын алдында тикелей көз каранды абалга коет деп эсептейт. Анын үстүнө, "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык адвокатка карата жазык ишин козгоо укугу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна таандык болгондуктан жергиликтүү соттун судьясы өзүнүн статусу боюнча коргоочу тараптын алдында да төмөн турат. Баяндалгандарга байланыштуу Т.Дж.Саатов "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгү областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун судьяга карата жазык ишин козгоо укугун берүү Конституциянын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө, 94-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
2013-жылдын 1-ноябрында Конституциялык палатага жаран З.С.Максутов ушундай эле өтүнүч менен кайрылган.
З.С.Максутовдун пикири боюнча, судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин орнотуу, жарандарга жазык куугунтуктоо жүргүзүүгө ыйгарымдуу органдардын кызыкчылыгында, ага кысым көргөзүү максатында судьяга жазык жоопкерчилик механизмин колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн коргоп калуу максатын көздөйт.
Бирок, 2012-жылдын 10-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамында киргизилген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүндөгү толуктоо, судьяга карата жазык ишин козгоо укугу берилген субъекттердин алкагына Башкы прокурор менен катар, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун статусунан төмөн эмес алар тарабынан ыйгарым укук берилген прокурорлор да кирген.
З.С.Максутов, көрсөтүлгөн ченем судья сот адилеттигин жөнөтүүдө көз карандысыздыкты жана калыстыкты сактоо менен, ишти кароодогу катышуучулардын кимдир бирөө тарабынан кысымга алынбашы керек болгондуктан Конституциянын 94-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп, судьялардын жана сот бийлигинин бутактарын караган Конституциянын 94-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептейт.
2013-жылдын 12-августундагы, 3-сентябрындагы, 7-октябрындагы жана 11-ноябрындагы Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамалары менен арыз ээлеринин кайрылуулары өндүрүшкө кабыл алынган.
Аталган адамдардын талаптарынын бир түрдүүлүгү эске алынып, судья - баяндамачынын 2013-жылдын 11-сентябрындагы, 4-ноябрындагы, 12-ноябрындагы аныктамалары менен иштер бир конституциялык сот өндүрүшүнө бириктирилген.
Сот отурумунда Т.Ж.Насирова, К.К.Султанов, З.С.Максутов жана алардын өкүлдөрү A.M.Миронов, Б.А.Сарыбаев, ошондой эле Т.Дж.Саатов Г.А.Эркебаеванын кызыкчылыгында "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы № 167 Мыйзамы менен киргизилген толуктоону конституциялуу эмес жана Конституциянын 6-беренесине, 16-беренесине жана 94-беренесинин 1-, 2-, 3-, 4-, 9-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп таануу менен аларды канааттандырууну суранышат.
Жогорку Кеңештин өкүлү К.С.Карабекова кайрылуучу тараптардын дооматтары менен макул эмес жана аларды канааттандыруусуз калтырууну суранат.
Конституциялык палата иштин материалдарын изилдеп, тараптардын жүйөлөрүн талкуулап төмөндөгүдөй жыйынтыктарга келет:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата, кайрылууда козголгон конституциялуулугу күмөн саналып жаткан ченемдик укуктук актынын бөлүгүнө карата гана кайрылууда козголгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Мына ошентип, Конституциялык палатанын ушул иш боюнча кароо предмети болуп "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 30-беренесинин 1-бөлүгү эсептелет:
"30-берене. Судьяга карата жазык ишин козгоо, судьяны жазык жоопкерчилигине, сот тартибинде тарттырылуучу администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби.
1. Судьяга карата жазык ишин козгоо жөнүндө маселе боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (мындан ары - Башкы прокурор) жана ал ыйгарым укук берген областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлор кабыл алат".
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы (2010-жылдын 19-январындагы № 6 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, 2011-жылдын 13-июнундагы № 41, 2012-жылдын 26-майындагы № 66, 2012-жылдын 10-августундагы № 167, 2013-жылдын 11-июлундагы № 130 Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын редакциясында) мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынып, "Эркин Тоо" гезитинин 2008-жылдын 15-июлунда № 51 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам.
2012-жылдын 10-августунда № 167 кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы "Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 17-августундагы № 73-74 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам.
2. Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат, мамлекеттик бийлик Конституциянын 3-беренесине ылайык мамлекеттик бийлик бөлүштүрүү принцибине негизделет.
Мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлигине бөлүнүшү мамлекеттик бийликти уюштуруунун эң маанилүү принциптеринен жана укуктук мамлекеттин иштеши болуп саналат. Бийликтердин бөлүнүү принциби мыйзам чыгаруу иши мыйзам чыгаруу органы, аткаруу-тескөө иши аткаруу бийлигинин органдары, сот бийлиги соттор тарабынан ишке ашырыла тургандыгын билдирет. Ошону менен бирге бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактары өз алдынча жана салыштырмалуу көз карандысыз. Бийликтердин бөлүнүшү мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкаруу, сот адилеттиги сыяктуу функциялардын табигый чектелишине негизделет.
Сот бийлиги мамлекеттин укук коргоо жана укук колдонуу ишмердигинин түрү катары сот адилеттиги аркылуу ишке ашырылат.
Сот бийлиги мамлекеттик бийлик бутагынын бири катары укукту, мамлекеттик жана коомдук турмуштун укуктук негиздерин кандай болбосун бузуулардан ким аларды бузбасын коргойт. Судьяларга жарандардын жана юридикалык жактардын эркиндиктери, укуктары, милдеттери жана жеке менчик маселелери боюнча акыркы чечимди кабыл алуу милдети жүктөлөт. Так ошондуктан судьялардын көз карандысыздыгы ким сот адилеттигине жана адам укугун коргоого ээ болгусу келсе, бардык адамдарга мыйзамдуулуктун жана ажыратылгыс кепилдиктин белгиси болуп саналат.
Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот өндүрүшүнүн түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат (Конституциянын 93-беренесинин, 2-бөлүгү) жана судьялардын атынан чыгуучу сотторго гана таандык. ("Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгү). Ушуну менен бирге, Конституция ар кимге Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет (Конституциянын 40-беренесинин 1-бөлүгү).
Мына ошентип, соттук коргоо бардык башка конституциялык укуктар жана эркиндикке карата камсыздоо-калыбына келтирүү милдетин аткаруучу адамдын жана жарандын укугу менен эркиндигин мамлекеттик коргоонун универсалдуу укуктук каражаты болуп саналат. Бул укуктук каражат сот бийлигин алып жүрүүчү сот бийлигинин жана судьянын көз карандысыздык шарттарында гана майнаптуу жана таасирдүү боло алат. Так ушуга байланыштуу, Конституцияда судьялардын көз карандысыздык принциби бекемделген.
Судьялардын көз карандысыздыгы, кол тийбестиги, алардын Конституцияга гана жана мыйзамдарга баш ийүүсү, сот адилеттигин жүргүзүү боюнча ишке кийлигишүүгө тыюу салуу жөнүндө конституциялык жоболор судьянын укуктук статусун белгилейт жана мамлекеттик сыйлыктын көз карандысыз жана адилеттүү бутагы катары сот бийлигин бекемдейт (Конституциянын 94-беренесинин 1-, 2-, 3-бөлүктөрү).
Судьялардын көз карандысыздык принцибинин мааниси судья Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен жана ким тарабынан болбосун жана кандай себептер менен болбосун түз же кыйыр, эч бир чектөөсүз, башкалардын таасирисиз, катышуусуз, мажбурлоосуз, коркутуусуз, кийлигишүүсүз чечимдерди эркин кабыл алуунун реалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу шарттарын камсыз кылууга умтулууда турат.
Кыргыз Республикасынын эң жаңы тарыхы анын эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып, сот алардын иши ар дайым башка мамлекеттик органдардын көз алдында турган мамлекеттик мекемелердин, конкреттүү иштерди териштирүүнүн натыйжаларына мындай же башкача кызыктар болгон ар түрдүү деңгээлдеги кызмат адамдарынын жана жарандардын мамлекеттик уюмдарынын эсебине кирет. Ушундан улам, Конституцияда сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча иштерге кийлигишүүгө тыюу салуу жана судьяга таасир кылууда күнөөлүүлөр тууралуу ченемдери болгондугуна карабастан, сотторго таасир этүү үчүн пайдаланылуучу ыкмалардын жана усулдардын көп түрдүүлүгү бар.
3. Көз карандысыз жана калыс сот тарабынан ишти кароо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган бир топ эл аралык келишимдерде жарыяланган. Адам укуктарынын жалпы декларациясы ар бир адам өз укуктары менен милдеттерин аныктоо жана ага коюлган кылмыш күнөөсүнүн негиздүүлүгүн аныктоо үчүн толук теңчилик негизде анын иши ачык жана адилеттүүлүктүн бардык талаптарын сактоо менен көз карандысыз жана адилет сот тарабынан каралышына укуктуу деп карайт (10-берене), Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 12-январындагы № 1406-XII Жогорку Кеңешинин токтому менен кошулган, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт мыйзамдын негизинде түзүлгөн ар бир адамдын компетенттүү, калыс жана көз карандысыз сот тарабынан иштин ачык жана акыйкаттуу териштирилиш укугун бекемдейт (14-берене), Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 1-августундагы № 182 Мыйзамы менен ратификацияланган Адам укуктары жана негизги эркиндиктери тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Кызматташтык Конвенциясы, ар бир адам кандай иш болбосун кароодо көз карандысыз жана калыс сот тарабынан акылга сыярлык мөөнөт ичинде акыйкат жана ачык териштирүү укугуна ээ деп карайт.
Ошондой эле эл аралык актылардын жоболорун жалпылоо жолу менен БУУнун Генералдык Ассамблеясы 1985-жылдын 29-ноябрында жана 1985-жылдын 13-декабрында кабыл алынган резолюциялары менен БУУнун 7-Конгресси тарабынан кабыл алынган сот органдардын көз карандысыздыгынын негизги принциптерин жактырган. Аларда, сот органдарынын көз карандысыздыгы мамлекет тарабынан кепилденет жана өлкөнүн конституцияларында же мыйзамдарында бекитилиши керек.
Бардык мамлекеттик жана башка мекемелер сот органдарынын көз карандысыздыгын урматтоого жана сактоого милдеттүү (1-берене).
2006-жылдын 27-июлунда БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 41-пленардык отурумунда сотто ишти адилеттүү чечүүнүн негизги кепилдигинин жана тартиптүүлүктү камсыз кылуу негизи болуп саналган сот органдарынын көз карандысыздык принциби башында турган судьялардын жүрүм-турумунун Бангалор принциптери бекитилген.
Ушул принциптин мазмунунан судья сот органдарынын көз карандысыздык принцибин анын жеке жана институционалдык аспектилеринде сактап жана турмушка ашыруусу керек экендиги көрүнөт.
Мына ошентип, Кыргыз Республикасы сот бийлигинин көз карандысыздыгын конституциялык гана бекемдебестен, адам укугу жана эр-киндиги жаатындагы бир катар эл аралык укуктук актыларга кошулуу, кол коюу жана ратификациялоо аркылуу, ошондой эле БУУнун мүчөсү болуу менен ишти көз карандысыз жана калыс сот тарабынан кароону камсыз кылуу боюнча өзүнө милдеттенме алды.
Жогоруда айтылгандарга байланыштуу сот бийлигинин ээси катары сот бийлигинин жана судьянын көз карандысыздыгы, судьяга артыкчылыгы катары каралбашы керек. Ал соттук чечимдерди чыгарууда тышкы басымга каршы кепилдик болуп эсептелет жана судьяларга жүктөлгөн адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткарууга мүмкүндүк берүү зарылдыгы менен акталган.
4. Судьялардын көз карандысыздыгы жана кол тийбестиги жөнүндө айтканда, Конституциянын 95-беренесинин 6-бөлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталуучу, аларга сот тартибинде салынуучу жазык жана административдик жоопкерчиликке тартуунун өзгөчө тартибин карайт. Жоопкерчиликке тартуунун мындай өзгөчө тартиби, биринчи кезекте, судьяга кызмат адамдары жана башка органдар тарабынан болуучу кандай гана болбосун таасирлерди жок кылууга багытталган, жана жалпысынан соттук көз карандысыздык концепциясына таандык.
Судьялардын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин конституциялык бекитилген кепилдиги судьянын жоопкерчилигинин жоктугу катары каралышы мүмкүн эмес жана бардыгынын мыйзам жана сот алдында бирдейлиги жөнүндө Конституциянын 16-беренесин колдонуу жайылтылган субъекттердин эсебинен судьяларды чыгарууну билдирбейт. Жетиштүү негиздер бар болгондо жана мыйзамдарда белгиленген жол-жоболорду сактоо менен, судья кылмыш жоопкерчилигине кандай болсо, башка жоопкерчиликке ошондой тартылышы мүмкүн.
Бирок ал үчүн эгерде соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен, бул пикирлер же чечимдер кылмыштуу кыянаттык кылуунун жыйынтыгы катары белгиленбесе, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кабыл алынган же айтылган пикирлер же чечимдер үчүн бардык жоопкерчилик алынып салынат.
Жогоруда айтылгандан, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы № 167 Мыйзамы менен киргизилген толуктоолордун, бардыгынын мыйзамдын жана соттун алдында бирдейлигин белгилеген Конституциянын 16-беренесин бузгандыгы жөнүндө кайрылуу субъекттеринин аргументтери кабыл алынышы мүмкүн эмес.
Судьяга карата жазык ишин козгоонун өзгөчө тартиби, коомдогу кандайдыр бир өзүнчө туруштук берүүчү жана турукташтыруучу ролду аткарууга арналган сот бийлигинин өзгөчө статусунун тастыктоо жана процессуалдык кепилдиги болуп эсептелет жана алардын кызматтык статусу менен сот адилеттигин жөнөтүү боюнча маанилүү мамлекеттик функцияны жүзөгө ашыруу күчү шартталган.
Конституциялык палата, кылмыш жасагандыгына негизделген шектенүүлөр болгондо, колдонуудагы мыйзамга ылайык судьяга карата жазык ишин козгоо, судьянын ишине жана көз карандысыздыгына кийлигишүү болуп эсептелбегендигин белгилейт.
Конституцияда бекемделген так ушундай судьянын өзгөчө статусу эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамында (2008-ж. 09.07 редакциясында 30-беренесинин 1-бөлүгү) судьяга карата жазык ишин Башкы прокурор гана козгой алат деп аныкталган.
Мындай ыйгарым укукту Башкы прокурорго гана берүү, судьяга карата жазык ишин козгоо үчүн негиздердин бардыгы же жоктугу тууралуу юридикалык баа берүүгө укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөөнүн зарылдыгы менен шартталган. Мындай ченемдин болушу Конституциянын 94-беренесинин 3-бөлүгү менен макулдашылган жана судьяга таасир этүү мүмкүнчүлүгүн төмөндөткөн. Ушуну менен бирге судьяга карата кылмыш ишин козгоонун негизделгендиги үчүн жоопкерчилик Башкы прокурорго гана жүктөлгөн.
Бирок, мыйзам чыгаруу органы тарабынан "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө 2012-жылдын 10-августундагы № 167 "Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы менен киргизилген толуктоо боюнча судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу, Башкы прокурордон тышкары, ал тарабынан ыйгарым укуктар берилген областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору статусунан төмөн эмес прокурорлорго дагы берилген жана судьянын өзгөчө конституциялык-укуктук статусу теңештирилген, демек, судьяга карата кылмыш ишин козгоо тартиби өлчөгүс жөнөкөйлөтүлгөн. Ушуну менен бирге мыйзам чыгаруучу, судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугун ар кандай деңгээлдеги прокурорлорго берүү менен бардык соттордун судьяларынын бирдиктүү статус принцибине көңүл бурган эмес.
Айрым региондор алыс болгондуктан жана судьяга байланыштуу жазык ишин козгоо маселесин ыкчам чечүү максатында мыйзам долбоорун кабыл алууда келтирилген далилдер ишенимдүү эмес болуп саналат.
Айрым органдардын иш маселелери жалпыга маанилүү конституциялык принциптерге жана максаттарга каршы чечилбеш керек. Анын үстүнө, маалыматтык технологиялар кылымында маалыматты, документтерди берүү, алуу, алардын конфиденциалдуулугун камсыз кылуу өзгөчө кыйынчылык туудурбайт.
Сот тутумунда калыптанган коомдук-саясий пикир, мамлекеттик түзүлүштүн фундаменталдык негиздерин бузуу жана сот бийлигинин бутагынын көз карандысыздыгын жана кол тийбестигин азайтуу үчүн негиз катары кызмат кыла албайт жана кылышы мүмкүн эмес.
Судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу берилген субъекттердин чөйрөсүнүн кеңейиши, ушул укуктук каражаттарды жетишсиз майнаптуу колдонууга байланыштуу, прокуратура органдарына берилген бийлик ыйгарымдарынын маанилүү көлөмү судьянын көз карандысыздыгын азайтуу жана Конституциянын 94-беренесинин 1-, 2-, 3-бөлүктөрүн бузуусу үчүн шарт түзөт.
Атап айтканда, Конституциянын 104-беренесине ылайык прокуратура органдарына тергөөгө көзөмөл кылуу, мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоону жана сотто мамлекеттик айыптоону колдоо жүктөлөт. Демек, областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлору, райондун прокурорлору сыяктуу жазык сот өндүрүшүнүн активдүү процесстик субъекттери болуп эсептелет, алар судьяларга каршы жазык сот ишинин козгоо укугуна ээ экендигин эске алуу менен, кыянаттык кылуу коркунучу жогору ошондой эле судьянын дарегине негизсиз күнөөлөр болот.
Судьялык иммунитетти берүү сот бийлигинин өзгөчөлүгүнүн жана толуктугунун зарыл кепилдиги болуп саналат. Судьянын иммунитети судьяларды айрым юридикалык милдеттерди аткаруудан бошотуучу жана алардын конституциялык статусун камсыз кылуу максатында жоопкерчиликке тартуунун өзгөчө жол-жоболорун белгилөөчү жана алардын өз функцияларын талаптагыдай аткаруу ченемдеринин жыйындысынан турат.
Ушуну менен бирге судьялардын иммунитети абсолюттук болуп саналбайт жана аны жеңүүгө болбогон тоскоолдук катары түшүндүрүлбөш керек. Атап айтканда, судьялар жазык ишин козгоодон жана аларга карата ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу иммунитетине ээ эмес.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамы айыпталуучу катары тартылууга макулдук алуунун татаалдаштырылган жол-жобосун гана жана соттук тартипте салынган администрациялык жазалоону камтыйт.
Эгерде судья сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялык иммунитетке ээ болбосо, соттук чечимдердин туруктуулугу жана акыйкаттыгы менен байланышкан анын чечимдеринин юридикалык күчү, соттук талаш-тартышты чечүүнүн ошол деңгээлин камсыз кыла албайт.
Ошондой эле Т.Ж.Насирова жоопкерчиликти оордотуучу же болбосо жаңы милдеттерди белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акт кайтарым күчкө ээ болбогондуктан, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоону Конституциянын 6-беренесине карама-каршы келет деп эсептейт.
Ошентип кайрылуу субъекти Конституция менен кепилденген судьянын кол тийбестиги жана көз карансыздыгы мыйзам менен анын ичинде конституциялык мыйзам менен чектелүүсү мүмкүн эмес деп эсептейт.
Конституциялык палата "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоолор менен судьялардын жаңы милдеттери жана жоопкерчилиги белгиленбегендиктен кайрылган тараптын аргументтерин катачылык деп эсептейт.
Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоолор Конституциянын 6-беренесине карама-каршылыгы жок экендигин билдирет.
Айтылгандардын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 46-, 47-, 48-, 51-, 52-беренелерин жетекчиликке алып, Конституциялык палата
ЧЕЧТИ:
1. Башкы прокурор тарабынан областтардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорлорунун статусунан төмөн эмес прокурорлорго судьяга карата кылмыш ишин козгоо ыйгарым укуктарын берген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдик жобосу конституциялуу эмес деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ушул чечимден келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду мыйзам актыларына киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басмаларында, Конституциялык палатанын атайын сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы