Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-октябрындагы № 666 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 162 токтому менен жактырылган |
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент (мындан ары - Департамент) билим берүү объекттерин материалдык камсыздоо, куруу, капиталдык жана учурдагы оңдоо, республиканын билим берүү мекемелерин окуу жабдуулары жана инвентарлар менен камсыздоо, билим берүү чөйрөсүндө тейлөө кызматтарын көрсөтүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук бөлүнүшү болуп саналат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департаменттин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.
4. Департамент юридикалык жак болуп саналат, анын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык тутумунда алыш-бериш жана башка эсептери, штамптары, бланктары бар, ага бекитилген мүлккө ыкчам башкарууну ишке ашырат.
5. Департаменттин юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257.
6. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде : Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, ондоо жана материалдык камсыздоо боюнча департамент;
расмий тилде: "Департамент по инвестициям, ремонту и материальному обеспечению при Министерстве образования и науки Кыргызской Республики".
7. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарды алууга, менчик мүлкүнө ээ болууга, өз милдеттери боюнча жоопкерчилик тартууга, сотто доочу жана жоопкер болууга, мыйзамдарда тыюу салынбаган бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- билим берүү мекемелерине билим берүү объекттерине капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
- билим берүү мекемелерин окуу жабдуулары жана инвентарлар менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылуу жана аларды материалдык камсыздоо.
9. Департамент милдеттерин аткаруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендерлерди уюштурууну жана өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы боюнча билим берүү объекттерин долбоорлоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери менен байланышкан иштерди аткарууга көмөк көрсөтүүнү;
- долбоорлоо, куруу уюмдары жана жабдууларды, курулуш материалдарын жеткирип берүүчүлөр менен келишимдерди түзүүнү;
- билим берүү уюмдарын жабдуулар жана инвентарлар менен материалдык камсыз кылууну;
- тартылган инвестициялардын эсебинен билим берүү объекттерин куруу жана кайра конструкциялоо, капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин жүргүзүү, кайра пландаштыруу, кайра профилдөө, материалдык камсыздоо боюнча билим берүү мекемелеринин тапшырыкчы функцияларын аткарууну;
- билим берүү мекемелерин тиричилик техникасы, электрондук техника, компьютерлер жана башка жабдуулар, отун (көмүр, мазут, альтернативдик отун) менен камсыз кылууну;
- билим берүү инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартууну;
- колдогу окуу аянттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча сунуштамаларга баа берүүнү жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине киргизүүнү;
- калктуу конуштардын демографиялык маалыматтарына жараша жаңы курулуштарга муктаждыктарын аныктоо менен курулуп жаткан жана токтоп турган объекттерге инвентаризация жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну;
- капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерине туура келген билим берүү объекттеринин тизмегин даярдоону;
- билим берүү мекемелери үчүн окуу жабдуулардын, инвентарлардын тизмегин даярдоону;
- капиталдык салымдар боюнча каражаттарды пайдаланууну эсепке алууну жүргүзүүнү;
- билим берүү инфратүзүмдөрүн өнүктүрүү программалары боюнча сунуштарды даярдоону;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук уюмдарынын материалдык-техникалык ресурстарга болгон муктаждыктарын иликтөө жана камсыз кылууну.
10. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан Департаменттин компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын каражаттарын, гранттарды тартууга;
- келишимдин шарттарын бузгандыгы, долбоордон четтөө, ченемдик укуктук актылардын, ченемдик-техникалык документтердин талаптарын сактабагандыгы, куруу-монтаждоо, оңдоо жана башка иштерди сапатсыз аткаргандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө материалдарды жана доолорду мамлекеттик органдарга, сот органдарына жиберүүгө жана зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга;
- белгиленген тартипте чет элдик инвестицияларды тартууга;
- жарманкелерге жана көргөзмөлөргө катышууга, адистештирилген жарманкелерди, симпозиумдарды жана семинарларды уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин иши менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн чет өлкөлөргө командировкага жиберүүгө жана чет өлкөлүк адистерди Кыргыз Республикасында кабыл алууга;
- өзүнүн кызыкчылыктарын укуктук жактан коргоону камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды ишке ашырууга.
11. Департаментти Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.
12. Департаментте директордун орун басары кызматы каралган, ал кызматка Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри тарабынан дайындалат. Директор жок учурда анын милдетин директордун орун басары аткарат.
13. Директор:
- Департаменттин ишин жалпы жетектейт жана анын милдеттеринин жана функцияларынын аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат;
- айрым иштерди аткарууга эмгек келишимдерин жана макулдашууларды түзөт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат, керсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат, ушул Жободо аныкталган функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерге кол коёт;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз иш алып барат, республиканын бардык мамлекеттик органдарында жана уюмдарында анын атынан чыгат, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
- мүлктөрдү, финансылык каражаттарды башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алат жана финансылык-чарбалык иш үчүн толук жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин сыйлайт;
- Департаментке зыян келтирген кызматкерлерди материалдык жоопкерчиликке тартат;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык кызматкерлерге тартиптик жаза салат;
- белгиленген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот, алардын укуктарын жана функционалдык милдеттерин аныктайт.
14. Департамент каржылоо билим берүү объекттерин куруу, капиталдык оңдоо жана материалдык-техникалык камсыз кылуу үчүн тартылган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
15. Департаменттин мүлкүн негизги жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле ага ыкчам башкаруу укугунда бекитилген жана Департаменттин балансында көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар түзөт.
16. Департаменттин негизги фонддорун, жүгүртүү каражаттарын алып коюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
17. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишинин жыйынтыктарынын операциялык жана бухгалтердик эсебин жүргүзөт, белгиленген формада статистикалык отчет түзөт, аньш тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Департаментти кайра уюштуруу же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. Департамент жоюлган учурда Департаменттин ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.