Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 260 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-октябры № 666
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68, 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин ведомстволук бөлүкчөлөрү жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти жөнүндө жободо:
- 1-пункту "жайларды куруу" деген сөздөрдөн кийин ", реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункту "курулуш департаментинин" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментинин" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Департаменттин максаты социалдык-маданий багытындагы объекттерди, билим берүү, саламаттык сактоо жана инженердик инфратүзүм объекттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайларды куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо болуп саналат.";
- 9-пунктунун экинчи абзацындагы "куруу жана реконструкциялоо" деген сөздөр "куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пунктунда:
1-пунктчада:
экинчи абзацы "курулуш" деген сөздөн кийин ", реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
үчүнчү абзацы "куруу" деген сөздөн кийин ", реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзацы "курулуштун" деген сөздөн кийин ", реконструкциялоонун жана капиталдык оңдоонун" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзацы "курулуп" деген сөздөн кийин ", реконструкцияланып жана капиталдык оңдолуп" деген сөздөр менен толукталсын;
он экинчи абзацындагы "куруу менен жана реконструкциялоо" деген сөздөр "куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Инвестициялар, оңдоо жана материалдык камсыздоо боюнча департаментти түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Исаков |