Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 19-марты № 168
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизуү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Долбоор |
1-берене.
"Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
"8. Инвестициялануучу ишкана - Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн, анын ишине инвестор инвестицияларды салууну ишке ашырган чарбалык шериктик же коом.
9. Турукташтыруу режими - салыктык, салыктык эмес жана бажылык төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген учурда инвестор жана/же инвестициялануучу ишкана үчүн ыңгайлуу укуктук режим".
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Инвестициялар жана турукташтыруу режими жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Инвестициялык режимди жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын салык, бажы мыйзамдарына жана салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда инвестор, ошондой эле ушул статья менен белгиленген шарттарга жооп берген инвестициялануучу ишкана турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган кундөн баштап он жылдын ичинде кошумча наркка салыкты кошпогондо салыктарды төлөө боюнча өздөрүнө алда канча ыңгайлуу болгон шарттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте таңдап алууга укуктуу, бирок башка кыйыр салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү (мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга төлөмдөрдөн башка), ошондой эле бажы төлөмдөрүн (бажы жыйымдарынан башка) кошпогондо. Салык, бажы укук мамилелеринде, ошондой эле салыктык эмес укук мамилелеринде турукташтыруу режимин колдонуунун тартибин жана шарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Турукташтыруу режими турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол койгон инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын турукташтыруу жөнүндө макулдашуусуна кол коюлгандан кийин күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ынгайлуу шарттарды пайдалануу укуктарын чектөө үчүн негиз боло албайт.
3. Турукташтыруу режиминин укугуна төмөнкүлөр ээ:
а) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып үч жылдын ичинде жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталган 5 (беш) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен эквиваленттүү сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен инвестициялануучу ишкананын капиталына, анын ичинде инвестициялануучу ишкананын уставдык капиталына инвестицияларды салууну ишке ашырган инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана өзү; же
б) турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып беш жылдын ичинде жүгүртүүдөгү акциялардын санын көбөйтүү, турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча аныкталган 20 (жыйырма) миллиондон кем эмес АКШ долларына эквиваленттүү сом суммасындагы уставдык капиталды көбөйтүү жолу менен пайдалуу кендерди изилдөө, издөө, чалгындоо жана иштетүүгө байланышкан ишти жүзөгө ашырган инвестор, ошондой эле инвестициялануучу ишкана өзү ээ.
4. Бажы төлөмдөрүн (бажы жыйьгмдарынан башка) төлөө боюнча турукташтыруу режимин колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган экономика секторлорунда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келүүчү товарларды максаттуу пайдалануу түрүндө кошумча шарт белгиленет.
5. Инвестициялануучу ишканага инвестицияларды салуу боюнча инвестордун милдеттенмелерди аткарбагандыгы турукташтыруу жөнүндө макулдашууну бузуу жана инвестициялануучу ишканадан, инвестордон төлөнбөй калган салыктарды, салыктык эмес төлөмдөрдү, ошондой эле бажы төлөмдөрүн турукташтыруу режимин колдонуунун натыйжасында өндүрүп алуу үчүн негиз болуп эсептелет.
6. Акционерлердин же инвестордун жана/же инвестициялануучу ишкананын катышуучуларынын курамын өзгөртүү турукташтыруу режимин колдонуу укугун токтотууга жана ушул Мыйзамда белгиленген анын мөөнөттөрүнүн бүтүшүнө алып келбейт.
7. Экономика секторунун тизмегин өзгөртүү бажы төлөмдөрүн төлөө (бажы жыйымдарынан башка) боюнча турукташтыруу режимин колдонуу укугун токтотууга алып келбейт".
3. 4-берененин 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Салыктарды төлөө, анын ичинде кошумча наркка салык боюнча шарттарга карата турукташтыруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укук мамилелери инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат. Инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген турукташтыруу режими башка кыйыр салыктарды төлөөгө карата колдонулбайт.".
2. 298-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 5, 420-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5. Бажы жыйымдарын кошпогондо бажы төлөмдөрүн төлөо боюнча шарттарга карата турукташтыруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укук мамилелери инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.".
4-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж,, № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик органдар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн төлөмдөрдү кошпогондо салыктык эмес төлөмдөрдү төлөө боюнча шарттарга карата турукташтыруу режиминин колдонулушуна байланыштуу укук мамилелери инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат."."
5-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
Төмөнкүдөй мазмундагы 14-2-статья менен толукталсын:
"14-2-статья. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдарынын өзгөрүүлөрүнүн күчүнө кириши
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдарынын өлчөмүнүн жогорулашын кароочу ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор расмий жарыяланган күндөн бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет.".
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Иштеп жаткан инвесторлор жана ушул Мыйзамда белгиленген шарттарга жооп берген инвестициялануучу ишканалар турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып турукташтыруу режимин колдонуу укугуна ээ экендиги белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө бул Мыйзамдан келип чыккан ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|