Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 17-марты № 148
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкерлер үчүн квалификациялык экзамен өткөрүү жол-жобосун өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын "Адвокаттык иш жөнүндө" Мыйзамынын 8-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 "Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө Жободо:
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын (мындан ары - Квалификациялык комиссия) ишин уюштурууну жана тартибин аныктайт.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдындагы Квалификациялык комиссия тогуз адамдан төмөнкүдөй курамда түзүлөт: юстиция министринин орун басары, Юстиция министрлигинин адвокатура маселелери боюнча түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси, адвокаттардын коомдук бирикмесинин төрагасы, Юстиция министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы, адвокаттар жана Юстиция министрлигинин адвокатура маселелери боюнча түзүмдүк бөлүнүшүнүн кызматкери (комиссиянын катчысы).";
- 4-пунктундагы, 15-пунктунун биринчи абзацындагы жана 17-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 5-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө адамдардын, ошондой эле адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны квалификациялык экзамен тапшыруусуз алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;";
- 8-пунктундагы "тестирлөөдөн алынган жыйынтыктардын негизинде, башкача айтканда добуш берүүсүз" деген сөздөр "компьютердик тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгынын негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Квалификациялык комиссиянын мүчөсү Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбосо, өзүнүн өзгөчө (жекече) пикирин жазуу жүзүндө берет.";
- 12 жана 13-пункттары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"12. Квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкүлөр киргизилет:
- адвокаттардын коомдук бирикмелеринин мүчөсү болбогон адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) келип түшкөн даттануулар;
- адвокаттардын коомдук бирикмелеринин мүчөсү болгон адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата адвокаттардын коомдук бирикмелеринин караган даттануулары боюнча корутундуларына жарандардын арыздары жана кайрылуулары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) сот органдарынын жекече аныктамалары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) прокуратура органдарынын сунуштары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) мамлекеттик органдардын кайрылуулары;
- адвокатка карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын корутундусу.
Квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкүлөр киргизилбейт:
- адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) биринчи жолу келип түшкөн даттануулар;
- адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) байланыштуу адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга түшүндүрмө берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган даттануулар;
- Квалификациялык комиссиянын жыйынында мурда каралган жана алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болгондугуна байланыштуу жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген жана жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген даттануулар.
13. Адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) карата даттануулар Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү коомдук бирикмеге кароого жиберилет.
Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук бирикме бир айлык мөөнөттө арыз ээсине жооп жиберет. Аракеттерине даттануу келип түшкөн адвокатка карата тартиптик жаза чараларын көрүү зарылдыгы болсо, коомдук бирикме Квалификациялык комиссиянын кароосуна тиешелүү корутундуну киргизет.
Адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болбогон адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттануулар Юстиция министрлиги, ошондой эле Квалификациялык комиссия тарабынан каралат.
Кошумча текшерүү, башка мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алуу зарыл болгон учурда, Квалификациялык комиссиянын кароосуна даттануу киргизүүдөн мурда Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү аймактык юстиция органынын кызматкерлеринен жана коомдук бирикменин өкүлүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлөт (мындан ары - комиссия), тиешелүү аймактык юстиция органынын начальниги комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.
Адвокатка карата кызматтык териштирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматтык териштирүүнү жүргүзгөн комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлган жана анын төрагасы бекиткен кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн Квалификациялык комиссиянын кароосуна жиберилет. Мында даттануунун негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн арыз ээси жана ага карата териштирилүүгө алынган адвокат, комиссиянын корутундусу менен тааныштырылып, алардын колу менен ырасталышы керек.
Комиссиянын корутундусун кароодо Квалификациялык комиссиянын жыйынына арыз ээси жана адвокат чакырылбайт.";
- 5-глава төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"5. Квалификациялык экзамен өткөрүү тартиби
18. Квалификациялык экзамен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардын арыздары Юстиция министрлигинде топтолгонуна жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес Квалификациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Квалификациялык экзамен өткөрүү күнү, убактысы жана орду Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдарга квалификациялык экзамен өткөрүүгө кеминде 7 календардык күн калган мезгилге чейин квалификациялык экзамен өткөрүлүүчү күн, орду жана убактысы жөнүндө кабарланат.
19. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн Юстиция министрлигине төмөнкүдөй документтерди Квалификациялык комиссиянын кароосуна берүүгө тийиш:
1) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз;
2) тиешелүү түрдө толтурулган жана жеке өзү кол койгон кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) талапкердин Кыргыз Республикасынын жараны экендигин ырастаган жана өзүн күбөлөндүргөн документтери;
4) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) жогорку кесиптик билим алгандан кийин юридикалык адистик боюнча кеминде бир жылдык иш стажы бар экендигин ырастаган документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
7) фотосүрөт (өлчөмү: 4x6, кагазы - түстүү).
20. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга төмөнкү адамдар киргизилбейт:
- мамлекеттик же муниципиалдык кызматчылар;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылгандар, ошондой эле соттун чечими менен адвокаттык иш жүргүзүүгө тыюу салынган адамдар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар;
- жаманатты кылган жагдайлар боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулгандар.
21. Квалификациялык экзамен эки этап менен өткөрүлөт:
- жазуу жүзүндө (компьютердик) тестирлөө (мындан ары - тестирлөө);
- аңгемелешүү.
22. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн суроолордун тизмеги Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
23. Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроолору суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроо боюнча жооптун 1 вариантын тандап алып, аны тийиштүү түрдө белгилөөсү керек.
24. Тестирлөөнүн узактыгы 2 саат 30 мүнөттү түзөт. Талапкерлер компьютердик тестирлөөнү өз каалоосу боюнча тилди тандоо менен мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
25. Бөлмөдөгү бардык талапкерлердин өздүгү ырасталгандан кийин Квалификациялык комиссиянын катчысы аларга тестирлөө тапшырмасын аткаруу үчүн компьютерде иштөөнүн эрежелерин түшүндүрүп берет.
26. Ар бир талапкерге жеке шифр берилип, аны талапкер компьютерде атайын ал үчүн бөлүнгөн жерге терип киргизет.
27. Тестирлөө аяктагандан кийин талапкерге Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган тестирлөөнүн жыйынтыктары бар контролдук баракча берилет.
28. Тестирлөө баллдык система менен бааланат. Тесттин ар бир туура жообуна талапкер 1 балл алат.
29. Аңгемелешүүгө 77 жана андан жогору балл алган талапкерлер киргизилет. Квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүү үчүн керектүү болгон талапкердин кесипкөйлүк, ишкердик жана жеке сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүнү баалоо критерийлерин белгилейт.
30. Аңгемелешүү Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү аркылуу беш баллдык система боюнча бааланат. Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жалпы баллынын суммасынын орточо арифметикалык саны аңгемелешүүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет.
31. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы ошол эле күнү бир топтун бардык талапкерлери аңгемелешүүдөн өткөндөн кийин Квалификациялык комиссиянын төрагасы тарабынан угузулат.
32. Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан протокол түзүлүп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жыйын өткөрүлгөн убакыт жана жер, комиссиянын курамы, экзамен тапшыруучунун аты-жөнү жана тестинин шифри, квалификациялык экзамендин жыйынтыгын чыгаруу үчүн жазуу жүзүндөгү (компьютердик) тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгында топтолгон баллдын саны. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп, 80 жана андан жогору балл алган адамдар эсептелет. Баллдын жалпы санынын суммасы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкер топтогон баллдан жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча орточо арифметикалык баллдан турат.
33. Квалификациялык комиссиянын чечими экзамен тапшыруучуга квалификациялык экзамен өткөн күнү Квалификациялык комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин угузулат.
34. Экзамендин жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кызыкдар адам Квалификациялык комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанышы мүмкүн.
35. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга лицензия алуу үчүн арыз берген күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
Эгерде квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адам лицензия алуу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө кайрылбаса, анда квалификациялык экзамендин жыйынтыгы Юстиция министрлиги тарабынан жокко чыгарылат.
36. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адамга экзаменди кайталап тапшырууга бир жылдан кийин гана уруксат берилет.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнү жөнүндө маалымдар болуп, бирок аны тапшырууга келбеген адамдын документтери каралбастан кайра кайтарылып берилет.
37. Мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензиясынан ажыратылган адамга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө маселе лицензиясынан ажыратылган учурдан баштап үч жыл өткөндөн кийин Квалификациялык комиссиянын кароосуна киргизилиши мүмкүн.
38. Квалификациялык комиссиянын протоколунан көчүрмө бөлүк адвокаттын өздүк ишине тиркелет.
Адвокаттардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |