Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №79
Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
«Адвокаттык иш жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобо;
- Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдарга карата кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүү тартиби.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын (мындан ары - Квалификациялык комиссия) ишин уюштурууну жана тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Квалификациялык комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, «Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) алдындагы Квалификациялык комиссия тогуз адамдан төмөнкүдөй курамда түзүлөт: юстиция министринин орун басары, Юстиция министрлигинин адвокатура маселелери боюнча түзүмдүк бөлүнүшүнүн жетекчиси, адвокаттардын коомдук бирикмесинин төрагасы, Юстиция министрлигинин алдындагы Коомдук байкоочу кеңештин төрагасы, адвокаттар жана Юстиция министрлигинин адвокатура маселелери боюнча түзүмдүк бөлүнүшүнүн кызматкери (комиссиянын катчысы).
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Квалификациялык комиссиянын курамы юстиция министринин буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Квалификациялык комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө адамдардын, ошондой эле адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензияны квалификациялык экзамен тапшыруусуз алууга талапкер адамдардын арыздарын карайт;
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
- адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардан квалификациялык экзамен алат;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) берилген даттанууларды, арыздарды жана кайрылууларды (мындан ары - даттануу) андан ары тиешелүү чечим кабыл алуу менен карайт;
- аракетине (аракетсиздигине) даттануу берилген адвокатка карата таасир кылуу чараларын көрүү жөнүндө юстиция министрине сунуш киргизет.
6. Квалификациялык комиссия өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик бардык органдардан жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты суроого;
- каралып жаткан даттануулардын, арыздардын жана кайрылуулардын маңызы боюнча жагдайларды аныктоо үчүн кызмат адамдарын жана жарандарды жыйындарына чакырууга.
7. Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде Квалификациялык комиссиянын төрагасы жыйынга катышса Квалификациялык комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
8. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардан квалификациялык экзамен алуу боюнча Квалификациялык комиссиянын чечими компьютердик тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгынын негизинде кабыл алынат.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Даттанууларды, арыздарды жана кайрылууларды кароо боюнча Квалификациялык комиссиянын чечими жыйынга катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде добуштар тең болуп калса, анда Квалификациялык комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Квалификациялык комиссиянын мүчөсү Квалификациялык комиссиянын чечими менен макул болбосо, өзүнүн өзгөчө (жекече) пикирин жазуу жүзүндө берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Квалификациялык комиссиянын чечими жыйындын протоколу менен таризделет. Жыйындын протоколуна Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.
11. Квалификациялык комиссиянын катчысы Квалификациялык комиссиянын жыйынын даярдайт жана иш кагаздарды жүргүзөт.
12. Квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкүлөр киргизилет:
- адвокаттардын коомдук бирикмелеринин мүчөсү болбогон адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) келип түшкөн даттануулар;
- адвокаттардын коомдук бирикмелеринин мүчөсү болгон адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата адвокаттардын коомдук бирикмелеринин караган даттануулары боюнча корутундуларына жарандардын арыздары жана кайрылуулары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) сот органдарынын жекече аныктамалары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) прокуратура органдарынын сунуштары;
- адвокаттардын аракеттерине (аракетсиздигине) мамлекеттик органдардын кайрылуулары;
- адвокатка карата жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын корутундусу.
Квалификациялык комиссиянын кароосуна төмөнкүлөр киргизилбейт:
- адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) биринчи жолу келип түшкөн даттануулар;
- адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) байланыштуу адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдарга түшүндүрмө берүү жөнүндө өтүнүчтү камтыган даттануулар;
- Квалификациялык комиссиянын жыйынында мурда каралган жана алар боюнча текшерүүлөрдүн толук материалдары болгондугуна байланыштуу жарандарга белгиленген тартипте жооп берилген жана жаңы жүйө-далилдер же жаңыдан ачылган жагдайлар келтирилбеген даттануулар.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болгон адвокаттын аракетине (аракетсиздигине) карата даттануулар Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү коомдук бирикмеге кароого жиберилет.
Даттанууну кароонун жыйынтыгы боюнча коомдук бирикме бир айлык мөөнөттө арыз ээсине жооп жиберет. Аракеттерине даттануу келип түшкөн адвокатка карата тартиптик жаза чараларын көрүү зарылдыгы болсо, коомдук бирикме Квалификациялык комиссиянын кароосуна тиешелүү корутундуну киргизет.
Адвокаттардын коомдук бирикмесинин мүчөсү болбогон адвокаттын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттануулар Юстиция министрлиги, ошондой эле Квалификациялык комиссия тарабынан каралат.
Кошумча текшерүү, башка мамлекеттик органдардан материалдарды сурап алуу зарыл болгон учурда, Квалификациялык комиссиянын кароосуна даттануу киргизүүдөн мурда Юстиция министрлиги тарабынан тиешелүү аймактык юстиция органынын кызматкерлеринен жана коомдук бирикменин өкүлүнөн кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлөт (мындан ары - комиссия), тиешелүү аймактык юстиция органынын начальниги комиссиянын төрагасы болуп дайындалат.
Адвокатка карата кызматтык териштирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Кызматтык териштирүүнү жүргүзгөн комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлган жана анын төрагасы бекиткен кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы жөнүндө корутунду тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн Квалификациялык комиссиянын кароосуна жиберилет. Мында даттануунун негизинде кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн арыз ээси жана ага карата териштирилүүгө алынган адвокат, комиссиянын корутундусу менен тааныштырылып, алардын колу менен ырасталышы керек.
Комиссиянын корутундусун кароодо Квалификациялык комиссиянын жыйынына арыз ээси жана адвокат чакырылбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Даттануу каралган күнгө чейин үч жумушчу күндөн кеч эмес мезгилде Квалификациялык комиссиянын катчысы арыз ээсине (арыз ээлерине) жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу берилген адвокатка жыйындын өтө турган күнүн, ордун жана убактысын маалымдайт.
15. Аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу берилген адвокат (мындан ары - адвокат) Юстиция министрлигинин кабарлоосу боюнча он күндүк мөөнөттө, бирок даттануу карала турган күнгө үч күн калган мезгилден кеч эмес мөөнөттө даттануунун маңызы боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.
Квалификациялык комиссиянын жыйынында адвокат даттануу боюнча өзүн коргоо иретинде ооз эки жана жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүгө, далилдерди келтирүүгө укуктуу.
Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу же квалификациялык комиссиянын жыйынына жүйөлүү себеби жок келбей коюу даттанууну кароодон баш тартууга негиз болуп эсептелбейт жана адвокатты жоопкерчиликтен бошотпойт.
Жүйөлүү себептери бар болсо, адвокат жыйынга бир жумушчу күн калган мезгилден кеч эмес мөөнөттө Квалификациялык комиссиянын жыйынына келе албай тургандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
16. Аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу берилген адвокатка карата таасир кылуу чарасын колдонуу жөнүндө акыркы чечимди Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын юстиция министри кабыл алат.
17. Юстиция министрлигинин чечимине бир айлык мөөнөттө сот тартибинде доо-арыз берилиши мүмкүн.
(Глава КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Квалификациялык экзамен адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдардын арыздары Юстиция министрлигинде топтолгонуна жараша, бирок 3 айда бир жолудан кем эмес Квалификациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Квалификациялык экзамен өткөрүү күнү, убактысы жана орду Юстиция министрлигинин буйругу менен аныкталат.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер болгон адамдарга квалификациялык экзамен өткөрүүгө кеминде 7 календардык күн калган мезгилге чейин квалификациялык экзамен өткөрүлүүчү күн, орду жана убактысы жөнүндө кабарланат.
19. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн Юстиция министрлигине төмөнкүдөй документтерди Квалификациялык комиссиянын кароосуна берүүгө тийиш:
1) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө арыз;
2) тиешелүү түрдө толтурулган жана жеке өзү кол койгон кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
3) талапкердин Кыргыз Республикасынын жараны экендигин ырастаган жана өзүн күбөлөндүргөн документтери;
4) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
5) жогорку кесиптик билим алгандан кийин юридикалык адистик боюнча кеминде бир жылдык иш стажы бар экендигин ырастаган документтин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
6) акыркы иштеген жеринен мүнөздөмө;
7) фотосүрөт (өлчөмү: 4x6, кагазы - түстүү).
20. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык экзамен тапшырууга төмөнкү адамдар киргизилбейт:
- мамлекеттик же муниципиалдык кызматчылар;
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылгандар, ошондой эле соттун чечими менен адвокаттык иш жүргүзүүгө тыюу салынган адамдар;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу барлар;
- жаманатты кылган жагдайлар боюнча укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардан бошотулгандар.
21. Квалификациялык экзамен эки этап менен өткөрүлөт:
- жазуу жүзүндө (компьютердик) тестирлөө (мындан ары - тестирлөө);
- аңгемелешүү.
22. Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшыруу үчүн суроолордун тизмеги Юстиция министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылат.
23. Компьютердик тест 110 суроодон турат. Тесттин суроолору суроонун өзүнөн жана жооптун төрт вариантынан турат. Талапкер сунушталган ар бир суроо боюнча жооптун 1 вариантын тандап алып, аны тийиштүү түрдө белгилөөсү керек.
24. Тестирлөөнүн узактыгы 2 саат 30 мүнөттү түзөт. Талапкерлер компьютердик тестирлөөнү өз каалоосу боюнча тилди тандоо менен мамлекеттик же расмий тилде тапшырат.
25. Бөлмөдөгү бардык талапкерлердин өздүгү ырасталгандан кийин Квалификациялык комиссиянын катчысы аларга тестирлөө тапшырмасын аткаруу үчүн компьютерде иштөөнүн эрежелерин түшүндүрүп берет.
26. Ар бир талапкерге жеке шифр берилип, аны талапкер компьютерде атайын ал үчүн бөлүнгөн жерге терип киргизет.
27. Тестирлөө аяктагандан кийин талапкерге Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлган тестирлөөнүн жыйынтыктары бар контролдук баракча берилет.
28. Тестирлөө баллдык система менен бааланат. Тесттин ар бир туура жообуна талапкер 1 балл алат.
29. Аңгемелешүүгө 77 жана андан жогору балл алган талапкерлер киргизилет. Квалификациялык комиссия адвокаттык иш жүргүзүү үчүн керектүү болгон талапкердин кесипкөйлүк, ишкердик жана жеке сапаттарын аныктоо боюнча аңгемелешүүнү баалоо критерийлерин белгилейт.
30. Аңгемелешүү Квалификациялык комиссиянын мүчөлөрү аркылуу беш баллдык система боюнча бааланат. Квалификациялык комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жалпы баллынын суммасынын орточо арифметикалык саны аңгемелешүүнүн жыйынтыгы болуп эсептелет.
31. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы ошол эле күнү бир топтун бардык талапкерлери аңгемелешүүдөн өткөндөн кийин Квалификациялык комиссиянын төрагасы тарабынан угузулат.
32. Квалификациялык комиссиянын катчысы тарабынан протокол түзүлүп, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт: жыйын өткөрүлгөн убакыт жана жер, комиссиянын курамы, экзамен тапшыруучунун аты-жөнү жана тестинин шифри, квалификациялык экзамендин жыйынтыгын чыгаруу үчүн жазуу жүзүндөгү (компьютердик) тестирлөөнүн жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгында топтолгон баллдын саны. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырды деп, 80 жана андан жогору балл алган адамдар эсептелет. Баллдын жалпы санынын суммасы компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкер топтогон баллдан жана аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча орточо арифметикалык баллдан турат.
33. Квалификациялык комиссиянын чечими экзамен тапшыруучуга квалификациялык экзамен өткөн күнү Квалификациялык комиссиянын бардык катышкан мүчөлөрү протоколго кол койгондон кийин угузулат.
34. Экзамендин жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кызыкдар адам Квалификациялык комиссиянын чечимине сот тартибинде даттанышы мүмкүн.
35. Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга лицензия алуу үчүн арыз берген күндөн тартып бир айлык мөөнөттүн ичинде Квалификациялык комиссиянын протоколунун негизинде адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия берилет.
Эгерде квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адам лицензия алуу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө кайрылбаса, анда квалификациялык экзамендин жыйынтыгы Юстиция министрлиги тарабынан жокко чыгарылат.
36. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган адамга экзаменди кайталап тапшырууга бир жылдан кийин гана уруксат берилет.
Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен өткөрүүнүн күнү жөнүндө маалымдар болуп, бирок аны тапшырууга келбеген адамдын документтери каралбастан кайра кайтарылып берилет.
37. Мурда адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензиясынан ажыратылган адамга квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүү жөнүндө маселе лицензиясынан ажыратылган учурдан баштап үч жыл өткөндөн кийин Квалификациялык комиссиянын кароосуна киргизилиши мүмкүн.
38. Квалификациялык комиссиянын протоколунан көчүрмө бөлүк адвокаттын өздүк ишине тиркелет.
Адвокаттардын өздүк иштери Юстиция министрлигинин архивинде белгиленген тартипте сакталат.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-февралындагы № 79 токтому менен бекитилген |
1. Бул Тартип «Адвокаттык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссия жөнүндө жобого ылайык иштелип чыккан жана адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдарга карата кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Кызматтык иликтөө адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензиясы бар адамдардын (мындан ары - адвокат) мыйзамдардын талаптарын бузгандыгынын фактысы боюнча же өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча, жарандарга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө кепилдик берүүнү камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
Жарандарга жана юридикалык жактарга юридикалык жардам көрсөтүү процессинде адвокаттардын мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы жөнүндө фактыларды жана маалыматтарды текшерүү жана баалоо кызматтык иликтөөнүн максаты болуп эсептелет.
3. Кызматтык иликтөөнү жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары - Юстиция министрлиги) буйругу менен таризделет, мында комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө корутунду берүүнүн мөөнөтү аныкталат. Комиссиянын курамына Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана адвокаттар кирет.
4. Төмөнкү булактардан алынган, мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы жана өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы жөнүндө фактылардын жана маалыматтардын бар болушу кызматтык иликтөөнү дайындоого негиз болуп эсептелет:
- адвокаттардын коллегияларынын президумдарынын жетектөөчү органдарынын (кесиптик бирикмелердин) кызматтык адамдарынын баяндамалары жана маалыматтары;
- юридикалык жана жеке жактардын арыздары, даттануулары жана кайрылуулары;
- укук коргоо органдарынын, сот органдарынын жана судьялардын маалыматтары жана сунуштары;
- адвокаттын мыйзам бузуусу жөнүндө маалыматтарды камтыган жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтар.
5. Кызматтык иликтөө жүргүзүп жаткан кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
- мыйзам бузууга тиешеси бар жагдайларды изилдөөгө;
- зарыл болгон документтер менен таанышып чыгууга, кызматтык иликтөөнүн материалдарына тиркөө үчүн алардан көчүрмө алууга;
- кызматкерлерди сурамжылоого жана алардан иликтенип жаткан мыйзам бузуунун маңызы боюнча жазуу жүзүндө түшүндүрмөлөрдү алууга;
- кызматтык иликтөөнүн айрым аракеттерин өткөрүү үчүн иштин жыйынтыгына кызыкдар болбогон башка кызматкерлерди ишке тартууга.
6. Өзүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жаткан адвокат төмөнкүлөргө укуктуу:
- ооз эки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- жагдайга тиешеси бар далилдерди келтирүүгө;
- ырастоочу фактыларды жана жүйөлөрдү баяндап, кызматтык иликтөө жүргүзүп жаткан адамдардын мыйзамсыз аракеттерине даттанып, Юстиция министрлигинин жетекчилигине кайрылууга.
Жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу адвокатты жоопкерчиликтен бошотпойт.
7. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй документтер берилет:
- кызматтык иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө корутунду;
- сурамжыланган адамдардын жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрү же алар менен жүргүзүлгөн баарлашуу тууралуу маалымат;
- документтерди текшерүү актылары;
- кызматтык иликтөөгө тиешелүү башка документтер же алардын ырасталган көчүрмөлөрү.
8. Кызматтык иликтөөнүн натыйжалары боюнча корутундуда төмөнкүлөр чагылдырылат:
- иликтөө жүргүзүлгөн негиз;
- иликтөөнү жүргүзгөн адамдардын аты-жөнү, ээлеген кызматы;
- кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн адвокаттын аты-жөнү, билими, адвокатура органдарындагы иш стажы;
- арыздын, даттануунун жана башка материалдардын кыскача мазмуну;
- иликтөө жүргүзгөн учурдагы комиссиянын ишинин баяндамасы;
- жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн натыйжалары;
- мыйзам бузуунун фактысы болгондугу же болбогондугу жөнүндө тыянактар.
9. Кызматтык иликтөөнүн натыйжалары жөнүндө корутундуга иликтөө жүргүзгөн комиссиянын мүчөлөрү кол коюшат. Комиссиянын тыянактары же анын айрым жоболору менен макул болбогон комиссиянын мүчөсү жазуу жүзүндө өзүнүн өзгөчө пикирин билдирет, ал актыга тиркелет.
Эгерде мыйзам бузуу аныкталса, тыянактар менен катар эле корутундуда мыйзам бузууга өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды жоюу жөнүндө сунуштар берилет.
Корутундуну кызматтык иликтөөнү өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы бекитет жана бул корутунду тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери боюнча квалификациялык комиссиянын кароосуна жиберилет.
10. Мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы же өзүнүн кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн адвокатка Юстиция министрлиги лицензия берүүчү орган катары төмөнкүлөрдү колдонууга укуктуу:
1) эскертүү берүү;
2) адвокаттык иш жүргүзүү укугуна берилген лицензияны алып коюу.
Таасир кылуу чарасын тандоо укугу Кыргыз Республикасынын юстиция министрине таандык.
11. Таасир кылуу чарасын тандоодо мыйзамдардын талаптарын бузуунун жана мыйзам бузуу болгон жагдайлардын оордугу эске алынууга тийиш.
12. Ар бир мыйзам бузууга бир гана таасир кылуу чарасы колдонулууга тийиш. Жүйөсүн көрсөтүү менен жазалоо жөнүндө Юстиция министрлигинин буйругу адвокатка кол койдуруу аркылуу жарыяланат.
13. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Кызматтык иликтөөлөрдүн актыларын эсепке алуунун журналын жүргүзөт, мында өткөрүлгөн кызматтык иликтөөлөр жөнүндө жана алардын натыйжалары боюнча көрүлгөн таасир кылуу чаралары тууралуу маалыматтар камтылат.