Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-марты № 178
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттигин жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 100 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттиги (мындан ары - «Ала-Тоо Финанс» ЧКА) жоюлсун.
2. «Ала-Тоо Финанс» ЧКАны жоюу боюнча жол-жоболорду аткаруу үчүн тиркемеге ылайык курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн.
3. Жоюу комиссиясы үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык «Ала-Тоо Финанс» ЧКАны жоюу боюнча иш-чараларды өткөрсүн.
4. Жоюу комиссиясына зарылдыгына жараша мамлекеттик органдардын жана башка мекемелердин тиешелүү адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу укугу берилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-апрелиндеги № 240 «Калктын ишке орношуусуна көмөк көрсөтүү жана кедейчиликти кыскартуу боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24 мартындагы № 178 токтомуна тиркеме |
Чаргынов К.С. | - Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Иманкулова Э.Т. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин финансы башкармалыгынын начальниги, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Майтпасов Э.Э. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын транспорт, байланыш, отун-энергетикалык комплекси жана туризм бөлүмүнүн башчысы; |
Бидинова М.А. | - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин финансы башкармалыгынын жетектөөчү адиси; |
Мусуратбеков И.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун чарбалык объекттер менен иштөө боюнча башкармалыгынын адиси; |
Шабданов Т.А. | - «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун юридика башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Пакиров И.Н. | - Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттигинин аткаруучу директору. |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-марты № 178
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттигин жоюу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 100 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун демөөрчүлүк жардамын оптималдаштыруу жөнүндө» токтомун көңүлгө алып, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдында «Ала-Тоо Финанс» чакан кредит агенттиги (мындан ары - «Ала-Тоо Финанс» ЧКА) жоюлсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)