Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-февралы № 69
“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Долбоор
1-берене. Мыйзамдын максаты жана принциптери
Ушул Мыйзамдын максаты мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда мамлекеттик каражаттарды пайдалануунун үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу болуп саналат.
Мамлекеттик сатып алууларды ишке ашыруу төмөндөгү принциптерге негизделет:
- жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата айкындык, ачыктык, мыйзамдуулук жана алакчылабагандык;
- сатып алууларды ишке ашыруу процессинде жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) ортосунда катышууну кеңейтүү жана атаандаштыкты өнүктүрүү;
-мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн тең жана адилет шарттарды түзүү.
2-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан жана башка мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген мыйзам тартибинде күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзам мамлекеттик сатып алуулардын жалпы укуктук жана экономикалык принциптерин белгилейт жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин жөнгө салат.
3. Ушул Мыйзам улуттук коопсуздук, коргонуу, мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана табигый кырсыктарга түздөн-түз байланыштуу мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салбайт, аларды уюштуруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
4. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алууларды бөлүктөргө бөлүүгө же ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн, конкурстун жол-жоболорун өткөрүүдөн качуу үчүн сатып алуулардын наркын төмөндөтүүгө укуктуу эмес.
5. Ушул Мыйзам эл аралык уюмдар тарабынан толук же жарым жартылай каржылануучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу алкагында иш жүзүнө ашырылуучу товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жөнгө салбайт.
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулуп, алар төмөнкү маанилерди билдирет:
аффилирленген адам - өзү иштеген уюмдар жана өзү кызматташкан же жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) өкүлү, уюштуруучусу, акционери, кызмат адамы болуп туруп уюмдар ортосунда сатып алуулар жөнүндө келишимдерди түзүүгө көмөк көрсөткөн же аларды түзгөн адам (адамдар); эгерде мындай сатып алууга катышуучулардын кимдир бирөөсү үчүнчү даражадагы туугандыкка чейин байланышта болсо, сатып алуу жол-жоболору боюнча чечимдерди кабыл алууга катыша алат;
валюта - Кыргыз Республикасынын эсептешүү акча бирдиги - сом же башка мамлекеттин эсептешүү акча бирдиги;
мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы - мамлекеттик сатып алуулар процессинин ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн жана отчеттуулугун камсыздоо максатында мамлекеттик сатып алуулар боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган түзгөн мамлекеттик маалыматтык система;
ички жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке ишкерлер же юридикалык жактар; мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай канааттандырылуучу, сатып алуучу уюмдардын товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрү;
мамлекеттик сатып алуулар - мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ушул Мыйзамда белгиленген методдор менен сатып алуучу уюмдун товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуусу;
мамлекеттик каражаттар деп төмөнкүлөр таанылат:
- сатып алуучу уюмдардын ишин жана капиталдык салымдарды ишке ашыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
- бюджет жөнүндө мыйзамда, мамлекеттик жана муниципалдык үлүшү 50 пайыздан ашкан акционердик коомдордун, мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн фонддордун жана башка чарба жүргүзүүчү субьекттердин «бюджеттен тышкаркы каражаттары» катары аныкталган каражаттар;
эгер келишимде каражаттарды пайдалануунун башка ыкмалары каралбаса, Кыргыз Республикасы катышкан, белгиленген тартипте укугуна кирген эл аралык келишимдин негизинде, чет өлкөлүк жардам катары берилген каражаттар;
- мамлекет тарабынан кепилдик берилген жана камсыз кылынган кредиттик каражаттар;
келишимди аткарууну кепилдик камсыз кылуу - келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн жеткирип берүүчүгө (подрядчыга) карата конкурстук документтерде каралган талаптар,
конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу - конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткаруу үчүн жеткирип берүүчүгө (подрядчыга) карата конкурстук документтерде каралган талаптар;
конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация - конкурстук табыштамада көрсөтүлгөн милдеттенмелерди аткарууну камсыздоонун кепили катары сатып алуучу уюмга берилүүчү, жеткирип берүүчү (подрядчы) тарабынан кол коюлган документ;
сатып алуулар жөнүндө келишим - сатып алуулардын жол-жоболорунун же алкактуу макулдашуунун натыйжасында түзүлүүчү сатып алуучу уюм менен жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда түзүлгөн келишим;
сатып алуучу уюм (сатып алуучу) - юридикалык жак статусуна ээ болгон, мамлекет же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биргелешип же өзүнчө акциялардын 50 жана андан ашык пайызына ээ болгон мамлекеттик же муниципалдык уюмдар жана мамлекеттик каражаттардын эсебинен түзүлгөн бөлөк чарба субьекттери ;
консультант - консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү көрсөтүүчү жеке же юридикалык жак;
консультациялык кызмат көрсөтүүлөр - зарыл болгон атайын кесиптик билимге, тажрыйбага жана тиешелүү квалификацияга ээ консультанттар тарабынан көрсөтүлүүчү, интеллектуалдык же консультациялык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр;
конкурс - тандап алуу, ал аркылуу ушул Мыйзамда каралган тартипте товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүнүн жеңүүчүсү аныкталат;
конкурстук табыштама - мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, жумуштарды ишке ашырууда жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) сунушу;
конкурстук документтер - документтер пакети, анын ичинде конкурстук табыштаманы даярдоо үчүн жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуучу уюмга берилүүчү, конкурстарды өткөрүү шарттарын, тартибин жана келечектеги келишимдердин шарттарын, алардагы ар кандай өзгөрүүлөрдү камтыган, документтер;
конкурстук мезгил - конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейинки мезгил;
баалоо критерийлери - конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн конкурстук документтерде белгиленген критерийлер;
лот - конкурстун өзүнчө предмети катары чыгуучу сатып алуунун бөлүнбөгөн предмети, аны баалоо башка лотторго карабастан жүргүзүлүүгө тийиш;
баалар мониторинги - маалыматтарды дайыма жыйноо, ал сатып алуулардын үнөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыздоо максатында чечимдерди кабыл алуу үчүн пайдаланылат;
конкурстук табыштамаларды баалоо - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык сатып алуучу уюм ишке ашыруучу мыкты сунушту тандоо;
баалоо отчету – тендердик комиссиянын конкурстук табыштамаларды конкурстук документтердин талаптарына ылайык келүүсүн баалоосунун натыйжасы;
бааланган нарк - арифметикалык каталарды, колдонулган жеңилдиктерди оңдоолорду, бардык сунуштардын бааларын бирдиктүү валютага которууну, ошондой эле конкурстук документтерде көрсөтүлгөн критерийлерди эсепке алган конкурстук табыштамалардын баасы;
босоголук суммалар - суммалардын (минимум жана максимум) өлчөмү, бир жылга чыгымдардын ар бир беренеси боюнча мамлекеттик сатып алуулар методун тандап алуу аныкталат. Босоголук суммалардын өлчөмү жана аларды колдонуу ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет;
жеткирип берүүчү (подрядчы) - контекстке жараша - сатып алуучу уюмдар жүргүзүүчү сатып алуулар жол-жобосунун ар кандай тарабы же потенциалдуу тарабы;
алдын ала квалификациялоо – жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) иш тажрыйбасын, финансылык, коммерциялык, өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала баалоо үчүн конкреттүү конкурс алкагында жүргүзүлүүчү жол-жобо;
протокол - сатып алуулардын бардык баскычтарын чагылдырган документтүү отчет;
жумуштар - курууга, кайра конструкциялоого, бузууга, имаратты, курулманы же объектти ремонттоого жана жаңылоого, анын ичинде курулуш аянтын даярдоого, чуңкур казууга, курулма тургузууга, жабдууларды же материалдарды монтаждоого, ички жана тышкы жасалгалоого байланышкан бүткүл иш, ошондой эле шаар куруу жана долбоордук-сметалык документтерди даярдоо, бургулоо, геодезиялык жумуштар, спутник аркылуу тартып алуу, сейсмикалык изилдөөлөр жана эгерде мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы курулуштун өзүнүн наркынан ашпаса, сатып алуулар жөнүндө келишимге ылайык аткарылуучу кошумча кызмат көрсөтүүлөр;
сапат менеджментинин тутуму- уюмдарды жетектөө жана башкаруу үчүн сапатка карата колдонулуучу тутум, ал түзүмдү уюштуруунун, өнүмдүн сапатын белгилөө, сактоо жана өркүндөтүү үчүн зарыл болгон жоопкерчилик ыйгарым укуктарын, методдорун, жол-жоболорун жана ресурстарды бөлүштүрүүнүн жыйындысын көрсөтөт;
стандарттык конкурстук документтер - алдын ала квалификациялык тандоо жана конкурс өткөрүүдө пайдаланылуучу документтердин пакети;
товарлар - ар кандай түрдөгү жана сыпаттамадагы эмгек өнүмдөрү, анын ичинде чийки заттар, буюмдар, жабдуулар жана катуу, суюк же газ абалындагы нерселер, электр энергиясы, ошондой эле, эгерде мындай кошумча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы товарлардын өзүнүн наркынан ашпаса товарларды жеткирип берүүдөгү кошумча кызмат көрсөтүүлөр;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - аткаруу бийлигинин тутумунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн мамлекеттик орган;
кызмат көрсөтүүлөр - ченелүүчү физикалык натыйжанын майнаптуулук даражасынын негизинде, анын ичинде бургулоо, топографиялык тартуулар, имараттарды, станоктор менен жабдууларды жыйнап-тазалоо; ташуулар; телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр; камсыздандыруу кызматтары; компьютерлерди долбоорлоо, орнотуу, учурдагы техникалык колдоо жана программалык камсыз кылуу; жарыялоо, бөлүштүрүү жана басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр; булганыч сууларды тазалоо; коопсуздук кызматынын кызматтары жана финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен чектелбестен, товарлардан, жумуштардан тышкаркы ар кандай мамлекеттик сатып алуулар.
4-берене. Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) берилүүчү жеңилдиктер
1. Ички жана чет өлкөлүк жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүнөн тышкары сатып алуу жол-жоболоруна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш.
2. Кыргыз Республикасында чыгарылган товарларды ички жеткирип берүүчүлөр сатып алганда, сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоодо сунушталган баага 20 пайызга чейин жеңилдиктерди бере алат.
3. Эгер сатып алуулар предмети Кыргыз Республикасынан ички подрядчылары жана чет элдик подрядчылар аткарышы мүмкүн болгон жумуштар болсо, сатып алуучу уюм ички подрядчыларга ал жергиликтүү эмгек ресурстарын 70 пайыздан кем эмес жана жергиликтүү чийки заттарды жана материалдарды 30 пайыздан кем эмес пайдаланган шартта 20 пайызга чейин өлчөмдө жеңилдиктер берилиши мүмкүн.
4. Ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер берилген учурда сатып алуучу уюм конкурстук документтердеги жана боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруудагы жеңилдиктердин өлчөмүн карап чыгууга тийиш. Жеңилдиктерди берүү жөнүндө жарыяланган кулактандырууну кийин өзгөртүүгө болбойт.
5. Ички жеткирип берүчүлөргө (подрядчыларга) карата жеңилдиктер берилген учурда сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды баалоодо жана салыштырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген методикалык нускаманы жетекчиликке алат.
5-берене. Мамлекеттик сатып алууларга катышуудан четтетүү жана ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) маалыматтар базасына киргизүү шарттары
1. Ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасы - келишим боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбагандыгы үчүн жана мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышуу эрежелерин бузгандыгы үчүн ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) реестри.
2. Ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына киргизилген жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар), ошондой эле, эгерде жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) уюштуруучулары, жетекчи курамынын мүчөлөрү сатып алуучу уюмдардын аффилирленген адамдары болуп саналса мамлекеттик сатып алууларга катышууга жол берилбейт.
3. Сатып алуучу уюм ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) маалыматтар базасына кошууну төмөндөгү учурларда демилгелейт, эгер:
1) мамлекеттик сатып алуулар келишими боюнча милдеттенмелерин аткарбаган жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) күнөөсүнөн улам келишимди бузуу демилгеленсе;
2) жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) өзүнүн конкурстук табыштамасында жалган маалыматтарды берсе;
3) эгерде жеткирип берүүчү (подрядчы) компаниянын жетекчиси же уюштуруучусу алдамчылык, коррупция же ушул бүтүмгө баргандыгы үчүн сот тарабынан жоопкерчиликке тартылса;
4) конкурстук табыштаманы кепилдөөчү декларация шарттары жеткирип берүүчү (подрядчы) тарабынан бузулганда.
Ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына кошуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
6-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы
1. Сатып алуучу уюмдардын кызматкерлерине жана конкурстук комиссия мүчөлөрүнө:
- мамлекеттик сатып алуулар чечимине карата сатып алуучу тараптын кимисинин болбосун кызыкчылыгында кандайдыр-бир таасир көрсөтүүгө;
- жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) катары катышууга же ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу сатып алууларда анын аффилирленген адамы болууга;
- аффилирленген адам (адамдардан) болууга тыюу салынат.
Сатып алуучу уюмдардын кызматкерлери жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан бул бөлүктүн жоболору бузулган учурда, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат, ал эми сатып алуулар жол-жоболору токтотула турат же сатып алуучу уюмдун же соттун чечими боюнча токтотулат.
2. Эгерде адам:
1) аффилирленген адам болсо;
2) акыркы эки жыл ичинде сатып алуулар жол-жоболоруна катышкан кандайдыр-бир жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) кызматкери болсо, сатып алуулар жол-жоболоруна байланышкан милдеттерди аткара албайт.
3. Эгерде уюштуруучусу (уюштуруучулары) же жетекчиси (жетекчилери) бир конкурска катышкан башка жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) уюштуруучусу, жетекчиси (жетекчилери) болсо, жеткирип берүүчү (подрядчы) менен сатып алуучу уюм сатып алуулар жөнүндө келишим же алкактык макулдашуу түзө албайт.
4. Сатып алуучу уюмдун кызматкери адистик өзгөчөлүктөрдү же конкурстук документтерди даярдоого жооптуу болсо же жеткирип берүүчү (подрядчы) акыркы эки жылда бул сатып алуучу уюмдун кызматчысы болсо жеткирип берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактуу макулдашууну түзө албайт.
5. Конкурстун бардык катышуучулары мамлекеттик сатып алуулар процессинде жана сатып алуулар жөнүндө келишимди аткарууда жүрүм-турум этикасынын негизги принциптерин сактоого тийиш. Алар Кыргыз Республикасынын Кылмыш - жаза кодексинде көрсөтүлгөн коррупция, алдамчылык, бүтүмгө келүү жана мажбурлоо сыяктуу укукка жат иш-аракеттерге аралашпоого тийиш.
6. Сатып алуучу уюм туунду компания болгон же сатып алуулар жөнүндө келишимдин бир предмети менен байланышкан бирдиктүү тапшырманы аткаруу процессинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жалданган биргелешкен кызматкерлери бар жеткирип берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактуу макулдашууну түзө албайт.
7. Ушул берененин 1-6 - бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн фактыларды сатып алуучу уюм аныктаган учурда, мындай жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) конкурстук табыштамалары четке кагылууга тийиш.
8. Ушул беренеге ылайык конкурстук табыштамаларды четке кагуу же конкурсту жокко чыгаруу, анын себептери сатып алуулардын жол-жоболору жөнүндө протоколдо чагылдырылат.
7-берене. Купуялуулук принциби
1. Эгер мындай маалыматты жарыялабоо мыйзамга каршы болсо, мыйзамдарды сактоону камсыз кылууга тоскоолдук кылса, мамлекеттин коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо, эгерде мындай маалыматты ачып берүү жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоол болсо, эгер мындай маалыматты ачып берүү жөнүндө токтом сот тарабынан гана кабыл алынбаса сатып алуучу уюм жеңүүчү аныкталганга чейин маалыматты ачып берүүгө укуксуз.
2. Конкурстук табыштамаларды иликтөөгө, түшүндүрүүгө жана баалоого байланышкан эч бир маалымат, ошондой эле келишимди түзүүгө карата сунуштамалар мындай түрдөгү маалыматтарды алууга расмий ыйгарым укугу жок адамдарга жайылтылбоого тийиш.
3. Сатып алуучу уюм менен жеткирип берүүчүнүн ортосундагы бардык талкуулоолор, кабарлоолор же сүйлөшүүлөр купуялуу мүнөзгө ээ. Тараптардын бири дагы экинчи тараптын макулдугусуз бөлөк адамдарга, мындай маалымат соттук териштирүү предмети болуп саналган учурларды кошпогондо техникалык, баа же башка маалыматты жарыялоого укуксуз.
8-берене. Кабарлоонун түрлөрү
1. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболоруна, анын ичинде ушул Мыйзамдын 9-главасында каралган даттануу жол-жоболоруна байланыштуу иштерди ишке ашырууда, сатып алуу жол-жоболору жөнүндө протоколду түзүүдө жазуу жүзүндө аткарылган документтер, чечимдер, арыздар жана маалымдоолор гана жарактуу деп таанылат. Кабарлоо, аны жасаган тараптан чыккандыгын жана кабарлоонун мөөнөтүн анык белгилөөгө мүмкүндүк түзгөн, жогоруда көрсөтүлгөн кабарларды кайра калыбына келтирүүнүн факсимилдик жана электрондук-санариптик ыкмасын пайдаланууга жол берилет.
2. Кабарлоолорду алмашуу ыкмалары жана аларды жиберүү мөөнөттөрү жөнүндө талаптар, маалымат алууга тең укуктуу болгон жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн жалпы талаптар болуп саналат.
3. Сатып алуучу уюм сатып алуу жол-жоболоруна катышууга жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) тартууда төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
1) кабарлоонун формасына карата талаптар;
2) коммерциялык сырды коргоону камсыздоо чаралары жана талаптары.
4. Сатып алуучу уюм берилген маалыматтын бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылат.
9-берене. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары төмөндөгүлөр болуп саналат:
1) сатып алуулардын тартибин жана жол-жоболорун камтыган, мамлекеттик сатып алуулар тутумунун иштеши үчүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
2) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды ишке ашыруу боюнча сатып алуучу уюмдардын ишин координациялоо жана жөнгө салуу;
3) аудиторлордун жана башка органдардын бузуулары табылган учурда, ошондой эле ведомстволор аралык комиссиялар даттанууларды караганда айыптык санкцияларды колдонуу;
4) сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин, ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасынын бирдиктүү республикалык реестрин түзүү жана жүргүзүү;
5) товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууда сатып алуучу уюмдарга көмөк көрсөтүү, окутуу жана консультациялык жардам көрсөтүү;
6) сатып алуулардын жол-жоболорунун, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында каралган даттанууларды жарыялоонун ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуу;
7) жүргүзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
8) мамлекеттик сатып алуулар тутумуна мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды киргизүү.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар табылганда төмөнкү чараларды көрүүгө милдеттүү:
1) сатып алуучу уюмду ушул Мыйзамга ылайык чечимди кабыл алууга милдеттендирүү;
2) сатып алуучу уюмду, анын мыйзамсыз чечимин кайра кароого милдеттендирүү же конкурсту жокко чыгаруу;
3) сатып алуулар процессин токтотуу;
4) эгер конкурстук документтер кулактандыру менен бирге жайгаштырылбаса, конкурсту жокко чыгаруу;
5) сатып алуулар жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык өзүнүн компетенциясынын чегинде чыгарылган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын көрсөтмөсү укук бузууларга жол берген сатып алуучу уюмдар тарабынан аткарылууга тийиш.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлери конкурстук комиссиянын курамына кирүүгө укуксуз.
10-берене. Сатып алуучу уюм
1. Сатып алуучу уюм сатып алууну ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнүн бөлүмдөрүнүн бирине (мындан ары-сатып алуу бөлүмү) жүктөйт жана ар бир конкурс боюнча өзүнчө, жаңы конкурстук комиссия түзөт.
2. Сатып алуу бөлүмү төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) мамлекеттик сатып алуулардын кезектеги финансы жылына же пландоонун башка мезгилине карата натуралай жана акчалай туюнтулган планын иштеп чыгат жана аны мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырат;
2) ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык сатып алуулар методун аныктайт;
3) ушул Мыйзамдын талаптарына алардын ылайыктуулугун камсыздоо максатында мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорунун өткөрүлүшүнө контролдукту ишке ашырат;
4) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мониторингин ишке ашырат (пландоо этабында, сатып алуулар планын түзүүдө, алкактуу макулдашуу түзүүдө жана келишимди тикелей түзүү методу менен сатып алууларда);
5) алдын ала квалификациялык документтерди стандарттык конкурстук документтердин негизинде иштеп чыгат жана алдын ала квалификациялоону өткөрөт;
6) стандарттык конкурстук документтердин негизинде конкурстук документтерди иштеп чыгат жана конкурстук комиссиянын бекитүүсүнө жиберет;
7) боло турган сатып алуулар жөнүндө кулактандырууну жарыялайт;
8) ушул Мыйзамдын 5-беренесинде каралган учурларда жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) мамлекеттик сатып алуулар жол-жоболоруна катышуудан четтетет;
9) ишенимсиз (ак ниет эмес) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) маалыматтар базасына киргизүүнү демилгелейт;
10) алдын ала квалификациялоо жана конкурстук документтердин түшүндүрмөлөрүн жана өзгөртүүлөрүн, конкурс алдындагы кеңешмелердин протоколун конкурстун катышуучуларына таратууну жүргүзөт;
11) мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында алдын ала квалификациялоо жана конкурстук документтерди жайгаштырат;
12) алдын ала квалификациялык тандоого жана же конкурска арыз берген жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) каттоону жүргүзөт;
13) конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө нускама берет, конкурстук табыштамаларды ачуу жол-жобосуна катышкан жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) каттайт жана конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачууну уюштурат;
14) сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзөт;
15) веб-порталда протоколдору автоматтык тутум түрүндө түзүлгөн, жайгаштырылган электрондук сатып алууларды кошпогондо, конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу протоколун, сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун жана конкурстун натыйжалары жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырат;
16) конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуучу уюмдун атынан келишимди же алкактуу макулдашууну жеңип алуучуга ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарат же конкурстук комиссиянын конкурстук табыштамаларды кошумча кароосу жөнүндө чечим чыгарат;
17) сатып алуучу уюмдун атынан сатып алуулар жол-жоболорунун бардык катышуучуларына келишим же алкактуу макулдашуу ыйгарылгандыгы жөнүндө маалымдоо жиберет;
18) ушул Мыйзамдын 40-беренесинде каралган учурларда конкурсту жокко чыгарат;
19) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды, жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды сатып алуулар жүргүзүлгөндүгү жөнүндө мезгилдүү (кварталдык, жылдык) жыйынды отчет берет;
20) конкурстук документтерди, жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) конкурстук табыштамаларын жана башка документтерди, анын ичинде электрондук мамлекеттик сатып алууларга тиешелүү болгон электрондук версияларды үч жыл ичинде жыйноону жана сактоону камсыз кылат.
3. Сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) конкурстук документтерде каралган критерийлерди бекитет;
2) конкурстук документтерде көрсөтүлгөн мөөнөттө ачуу автоматтык тутум аркылуу жүргүзүлгөн электрондук сатып алууларды кошпогондо, конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачууну жүргүзөт;
3) конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу протоколун түзүп ага кол коёт жана веб-порталга жайгаштыруу үчүн сатып алуу бөлүмүнө берет, конкурстук табыштамалар веб-порталда автоматтык тутум түрдө ачылган жана конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу протоколу веб-порталда автоматтык система түрүндө түзүлгөн жана жайгаштырылган электрондук ыкма аркылуу сатып алууларды жүргүзүү буга кирбейт;
4) ушул Мыйзамга ылайык конкурстук документтерде каралган жол-жоболорду жана критерийлерди пайдаланып, конкурстук табыштамаларды баалоону жүргүзөт, жеңүүчүлөрдүн рейтингин көрсөтүү менен конкурстун натыйжалары жөнүндө баалоо отчетун даярдайт;
5) жеңүүчүнү аныктоо маселеси боюнча чечим же сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжалары боюнча башка чечим чыгарат.
4. Конкурстук комиссиянын курамына кеминде үч адам кирүүгө тийиш. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн бири сатып алуулар боюнча тастыктамасы бар адис болууга тийиш. Сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн бардык адистеринин тастыктамасы болууга тийиш. Конкурстук комиссияга кирбеген, сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмүнүн адистери конкурстук жеңүүчүлөрүн аныктоодо чечим кабыл алышпайт.
5. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси сатып алуучу уюмдун сатып алуулар конкурстук комиссиясынын курамына кириши мүмкүн.
6. Сатып алуучу уюмдун жетекчиси, сатып алуу бөлүмү жана конкурстук комиссия мүчөлөрү ушул Мыйзамдын жол-жоболорун, мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы, ченемдик укуктук актыларды бузуулар үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот.
7. Эгерде бир нече сатып алуучу уюм бир эле товарларды мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууга ниеттенген учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мындай сатып алуучу уюмдардын атынан сатып алуу тартибин жана аны ишке ашыруучу органды аныктайт.
8. Сатып алуучу уюм өзүнүн ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү үчүн борборлоштурулган конкурстарды жүргүзүүчү ведомстволук уюмун өз алдынча аныктайт.
3. Мамлекеттик сатып алуулардын этаптары
11-берене. Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору
Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболору төмөнкү этаптардан турат:
1) сатып алууларды пландаштыруу;
2) конкурстук комиссияны уюштуруу;
3) ушул Мыйзамдын 20-беренесине ылайык алдын ала квалификациялоо зарыл болсо, конкурстук документтерди жана алдын ала квалификациялоо документтерин иштеп чыгуу;
4) кулактандырууларды жарыялоо;
5) конкурстук мезгил (конкурстук документтерди жана алдын ала квалификациялоо документтерин берүү, алдын ала квалификациялоо документтерин жана конкурстук документтерин түшүндүрүү жана өзгөртүү жана ушул Мыйзамдын 20-беренесине ылайык конкурстук табыштамаларды жана алдын ала квалификациялоого катышууга табыштама берүү) (тикелей келишим түзүү методу менен сатып алуулар учурларынан тышкары);
6) конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу тикелей келишим түзүү методу менен сатып алуулар учурларынан тышкары);
7) конкурстук табыштамаларды баалоо жана салыштыруу;
8) жеңүүчүнү тандоо;
9) келишимдерди түзүү.
12-берене. Сатып алууларды пландаштыруу
1. Сатып алуучу уюм, республикалык бюджет бекитилгенден кийин бир айлык мөөнөттө, бюджеттин же чыгашалар сметасынын негизинде кеминде бир жылдык мезгилге Мамлекеттик сатып алуулардын планын өз алдынча иштеп чыгат жана аны Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырат.
2. Сатып алуулар планы мамлекеттик сатып алуулар предмети, анын саны, болжолдонуучу баалар жана сатып алууларды жүргүзүү мөөнөттөрү жөнүндө маалымат камтууга тийиш.
3. Сатып алуучу уюм киргизилген өзгөртүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында милдеттүү түрдө жайгаштыруу менен мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө укуктуу;
4. Мамлекеттик сатып алуулардын жылдык планында (мамлекеттик сатып алуулардын такталган жылдык планында) каралбаган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жол берилбейт.
13-берене. Конкурстук комиссияны уюштуруу
1. Сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы конкурс өткөрүү жөнүндө кулактандырууну жарыялоо алдында буйрук менен түзүлөт.
2. Ырастоочу тастыктамасы бар, сатып алуулар боюнча адис бир жолудан ашуун конкурстук комиссияга кириши мүмкүн, бирок бир эле убакта бир нече конкурстук комиссиянын мүчөсү боло албайт.
14- берене. Конкурстук документтерди иштеп чыгуу
1. Сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен стандарттык конкурстук документтерди пайдалануу менен ар бир өткөрүлгөн конкурска конкурстук документтерди өзүнчө иштеп чыгат.
2. Конкурстук документтер төмөнкү маалыматтарды милдеттүү түрдө камтыйт:
1) конкурстук табыштамаларды даярдоо боюнча нускама;
2) ушул Мыйзамдын 27-беренесине ылайык, жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясы;
3) өздөрүнүн квалификациялык маалыматтарын ырастоо үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтүү далилдерди берүү;
4) сатып алуулар предметинин, сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык, сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн, анын ичинде техникалык адистешүүлөрүнүн толук сыпаттамасы, курулуштун бүткүл көлөмүнө карата, долбоорлук-сметалык документтер, долбоордук-техникалык чечимдер боюнча мамлекеттик экспертиза, пландар, чиймелер жана эскиздер, товардын саны; көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтар, товарлар жеткирилүүгө, жумуштар аткарылууга же кызматтар көрсөтүлүүгө тийиш болгон жер;
5) келишимди аткаруу мөөнөттөрү;
6) сатып алуучу уюмдун конкурстук табыштамаларын баалоодо пайдаланылуучу бардык критерийлердин, анын ичинде акчалай түрдө туюнтулууга тийиш болгон бардык критерийлердин сыпаттамасы жана ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жеңилдиктерди берүү. Дары каражаттарын баалоо критерийлери белгиленген ыкма менен далилденген, пациент үчүн олуттуу клиникалык коопсуздукту жана терапевттик таасирдүүлүктү жана кошумча терс реакциялардын төмөнкү коркунучун камсыз кылган критерийлерди камтууга тийиш. Өмүр бою колдонула турган инсулин жана ушул сыяктуу дарылык каражаттарды организмдин жеке көтөрө алуусу милдеттүү критерий болуп саналат. Дары каражаты менен дарылоонун жалпы курсунун эң төмөн наркы маанилүүлүгү боюнча дарылык каражаттарды тандоонун экинчи бир критерийи болуп калат;
7) сатып алуучу уюм зарыл болгон катары аныктоочу жоболор, алар кат жүзүндөгү келишимге киргизилет;
8) эгерде жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым лотторуна табыштамаларды берүүгө уруксат берилсе, конкурстук табыштамалар берилиши мүмкүн болгон сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын, кызматтардын лотторунун сыпаттамасы;
9) сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынан тышкары башка элементтерди камтууга тийиш болгон, ташууларга жана камсыздандырууга, бажы алымдарын жана салыктарды төлөөгө жана башка ушул сыяктуу чыгымдардын баасы;
10) конкурстук табыштаманын валютасы: конкурстук табыштамаларды чет өлкөлүк валютада берген учурда - чет өлкөлүк валютада көрсөтүлгөн конкурстук табыштамалардын бааларын салыштыруу ыкмасы, алмаштыруу курсун аныктоо ыкмасы;
11) конкурстук табыштаманын камсыз кылуунун жана келишимди аткаруунун формасы, суммасы жана башка негизги кепилдик шарттары, ошондой эле мындай кепилдиктердин мөөнөтү же конкурстук табыштаманы кепилдик кылуучу декларацияга кол коюу жөнүндө талап;
12) конкурстук табыштамаларды берүүнүн дареги, орду жана акыркы мөөнөтү;
13) жеткирип берүүчү (подрядчы) сураган, конкурстук документтердин жол-жоболорун түшүндүрүүгө коюлган жол-жоболордун сыпаттамасы, эгер мындай кеңешме өткөрүлсө, конкурс алдындагы кеңешмени өткөрүү датасы жөнүндө маалымат;
14) конкурстук табыштамалар күчүндө болгон мөөнөт; конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун так дареги, орду, датасы жана убактысы;
15) конкурстук табыштамаларды кароодо пайдаланылуучу жол-жоболор;
16) конкурстук табыштамалар жазылууга тийиш болгон тил же тилдер;
17) сатып алуучу уюмдун жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен тикелей байланыш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу, ошондой эле байланышты үзбөй кармоого жөндөмдүү бир же бир нече кызмат адамынын же кызматчыларынын аты-жөнү, ысымы, кызматтары жана дареги, ошондой эле байланышты кармап туруу ыкмалары;
18) сатып алуулар жол-жоболорун ишке ашыруунун жүрүшүндө жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алуучу уюмдун чечимдерине даттануу укугун берүү;
19) сатып алуулар боюнча келишимдин жалпы жана өзгөчө шарттары жана келишимдин формасы;
20) сатып алуулар жөнүндө келишим күчүнө кириши үчүн, анын ичинде ушул Мыйзамдын 50-беренесине ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоонун ар кандай шарттары жана каттоо үчүн талап кылынган болжолдуу мөөнөт.
3. Сатып алуучу уюм конкурстук документтерди иштеп чыгууга чейин жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда сатып алуулардын зарылдыгынын техникалык-экономикалык негиздемесине же долбоордук-сметалык документтерге же сатып алуу предметинин толук сыпаттамасы бар документтерге ээ болууга тийиш.
4. Бааларды төмөндөтүү методун колдонуу менен сатып алууларды жүргүзүүдө сатып алуучу уюм, бул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтан тышкары төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:
1) бааларды төмөндөтүү методун колдонуп катышуу үчүн катталууга тийиш болгон жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) минималдуу саны натыйжалуу атаандаштыкты камсыздоо үчүн жетиштүү болууга, бирок үчтөн кем болбоого тийиш;
2) бааны төмөндөтүү методу боюнча жол-жоболорду, анын ичинде тиешелүү маалыматты алуунун тартиби;
3) бул конкурска катышуу үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) катталууга тийиш болгон акыркы мөөнөт жана каттоо талаптары;
4) конкурсту ачуу датасы менен убактысы жана тооруктун катышуучулары идентификациялоого карата талаптар;
5) аны жабууну жөнгө салуучу критерийлер;
6) бааларды төмөндөтүү методун жүргүзүүнүн башка эрежелери, анын ичинде конкурска катышуучуларга берилүүчү тилдеги маалымат жана конкурстун катышуучулары бере алуучу табыштамалардын шарттары.
5. Сатып алуучу уюм жүргүзүлүүчү конкурстун конкурстук документтерин иштеп чыккандан кийин конкурс жарыялайт.
15-берене. Жарыялоо, конкурс жөнүндө кулактандыруунун мазмуну
1. Сатып алуучу уюм конкурс өткөргөн учурда тооруктар жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.
2. Конкурстук кулактандыруу төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) сатып алуучу уюмдун аталышы жана юридикалык дареги;
2) мамлекеттик сатып алуулар методу;
3) жеткирилип-берүүгө тийиш болгон товарлардын мүнөзү, тизмеги, саны жана жеткирилүүчү орду жана мөөнөтү, аткарылууга тийиш болгон жумуштардын мүнөзү, тизмеги, орду жана иштин мөөнөтү же болбосо алар көрсөтүлүүгө тийиш болгон кызматтардын мүнөзү, тизмеги орду жана мөөнөтү;
4) ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жеңилдиктерди берүү жөнүндө маалымат;
5) конкурстук табыштамаларды берүүнүн орду жана акыркы мөөнөтү;
6) конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун орду жана мөөнөтү.
16-берене. Мамлекеттик сатып алуулардын методдору
Мамлекеттик сатып алуулар төмөнкү методдор менен ишке ашырылат:
бир этаптуу метод;
кош этаптуу метод;
жөнөкөйлөтүлгөн метод;
баасын азайтуу методу;
келишимди тикелей түзүү методу.
17-берене. Бир этаптуу конкурс методу
1. Мамлекеттик сатып алуулардын негизги методу болуп бир этаптуу метод саналат. Бир этаптуу метод менен конкурс өткөрүүдө сатып алуулар жол-жоболоруна катышууну каалаган жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны чектелбейт.
2. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун бир этаптуу конкурс методу негизги метод болуп эсептелет жана баадан бөлөк башка критерийлерди белгилөө зарыл болгондо колдонулат.
18-берене. Кош этаптуу конкурс методу
1. Кош этаптуу конкурс методу төмөнкү учуларда өткөрүлөт, эгер:
- сатып алуучу уюм сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүктүү, техникалык мүнөздөрүн жана сапаттык көрсөткүчтөрүн алдын ала аныктай албаса жана сатып алууда сатып алуучу уюмдун муктаждыктарын көбүрөөк канааттандыруучу чечимди табуу үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен талкуулоо зарыл болсо;
- сатып алуулар предмети изилдөө, эксперимент, илимий корутундуну даярдоо же башка адистешкен кызматтарды көрсөтүү болуп саналса.
2. Кош этаптуу конкурс методу эки этапта жүргүзүлөт, мында:
1) биринчи этапта конкурстук документтерде жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга), конкурстук табыштаманын баасы көрсөтүлбөгөн сунуштарын камтыган, баштапкы конкурстук табыштамаларды берүүнү сунушташат. Конкурстук документтер сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнөн, ошондой эле жеткирип берүүнүн келишимдик шарттарынан жана жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясынан турууга тийиш.
2) биринчи этапта сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык баштапкы конкурстук табыштамалар, жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен алардын четтетилбеген баштапкы конкурстук табыштамаларынын ар кандай аспекттери боюнча талкуулоолорду жүргүзүшү мүмкүн. Эгер сатып алуучу уюм кандайдыр бир жеткирип берүүчү (подрядчы) менен талкуулоону өзүнчө же биргелешип жүргүзсө, ал мындай талкуулоолорго катышуунун бардык жеткирип берүүчүлөрүнө (подрядчыларга) ошондой эле шарттарды камсыздайт. Ар бир жеткирип берүүчү (подрядчы) менен өзүнчө талкуулоолор, эгер биргелешкен талкуулоолор жүргүзүүдө жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоол болсо гана уруксат берилет.
3) биринчи этаптын натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, анда эки этаптуу конкурстун биринчи этабын жүргүзүү орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар, аталышы (юридикалык жак үчүн), аты-жөнү (жеке адам үчүн) жана ар бир катышуучунун дареги көрсөтүлөт;
4) биринчи этапта табыштама берүү мөөнөтү аяктагандан кийин, бир эле табыштама берилсе же бир дагы табыштама берилбесе эки этаптуу тендер өткөрүлгөн жок деп таанылат.
5) эки этаптуу тоорук жол-жоболорунун экинчи этабында сатып алуучу уюм биринчи этапта конкурстук табыштамалары четтетилбеген бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчылга), сатып алуулардын кайра каралган шарттарын эске алуу менен баалары көрсөтүлгөн акыркы конкурстук табыштамаларын берүүнү сунуштайт;
6) сатып алуучу уюмга сатып алуу предметин алмаштырууга тыюу салынат, бирок төмөнкү жолдор аркылуу сатып алуу предметинин сапаттамасынын аспекттерин тактоого уруксат берилет:
- сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүндө баштапкы көрсөтүлгөн кандай аспект болбосун алып салуу же өзгөртүүлөр жана ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген ар кандай жаңы толуктоолор;
- эгерде мындай критерийлер сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү болсо, конкурстук табыштамаларды кароо жана баалоо үчүн адегенде көрсөтүлгөн ар кандай критерийлерди алып салуу, өзгөртүү же ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы критерийлерди кошуу;
- ар кандай алып салуулар, өзгөртүүлөр же кошумчалоолор жөнүндө кабарлоо жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) акыркы конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырууда маалымдалат.
3. Конкурстун катышуучуларына бирдиктүү талаптар коюлат. Эки этапта катышкан жана келишимди аткаруунун мыкты шарттарын сунуштаган конкурстук табыштама конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
4. Кош этаптуу методго катышууга акыркы табыштаманы берүү мөөнөтү аяктагандан кийин бир эле табыштама берилсе же бир дагы табыштама берилбесе же бир эле мындай табыштама ушул Мыйзамдын жана конкурстук документтердин талаптарына ылайык келет деп таанылса же конкурстук комиссия бардык мындай табыштамаларды четке какса, эки этаптуу конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылат.
19-берене. Жөнөкөйлөштүрүлгөн конкурс методу
1. Жөнөкөйлөштүрүлгөн конкурс методу максималдуу босоголук суммадан төмөн сумманы конкреттүү баяндоо менен атайын даярдоону талап кылбаган даяр товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырган учурда пайдаланылат.
2. Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандоону камсыздоо үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн методдогу конкурсту өткөрүүдө сатып алуучу уюм экиден кем эмес жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) товарларга, жумуштарга жана кызматтарга болгон конкурстук табыштамасын карайт. Ар бир жеткирип берүүчүгө (подрядчыга) бир гана конкурстук табыштаманы берүүгө уруксат берилет жана аны алмаштырууга уруксат берилбейт. Сатып алуучу уюм менен жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда жеткирип берүүчү (подрядчы) тапшырган конкурстук табыштамага байланыштуу эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт. Сатып алуучу уюмдун муктаждыктарын канааттандырган, эң төмөнкү бааны сунуштаган конкурстук табыштама алгылыктуу конкурстук табыштама деп эсептелип, конкурсту утуп чыгат.
20-берене. Бааны төмөндөтүү конкурс методу
1. Бааны төмөндөтүү методу менен конкурс өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Сатып алуучу уюм бааларды төмөндөтүү методу менен товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну төмөнкү учурларда өткөрө алат:
- эгер мындай товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр белгиленген сапат стандартына жана кызматтардын конкреттүү сыпаттамасына ээ болбосо;
-эгер натыйжалуу атаандаштыкты камсыздоо максатында жеткирип берүүчүлөрдүн атаандаштык рыногу үчтөн кем болбосо.
3. Бааны төмөндөтүү методундагы конкурс мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу реалдуу режимде өткөрүлөт, анда сатып алуучу уюм товар же кызмат көрсөтүүгө акы төлөөгө даяр болгон баштапкы бааны белгилейт, ошондуктан жеткирип берүүчүлөр баанын чегин акырындап азайтуучу сунуштарын беришет.
4. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоодо сатып алуучу уюм пайдалануучу критерийлер сандык жана акчалай мааниде туюнтулууга тийиш.
5. Эң аз бааны сунуштаган жеткирип берүүчү бааны төмөндөтүү методундагы конкурстун жеңүүчүсү болуп саналат. Эгер бир нече жеткирип берүүчү эң аз бааны сунуштаган болсо, башка жеткирип берүүчүлөрдөн мурда сунуш берген жеткирип берүүчү жеңүүчү болуп саналат.
21-берене. Келишимди тикелей түзүү методу менен сатып алуулар
1. Келишимди тикелей түзүү методу менен сатып алуулар - мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу, анда сатып алуучу уюм конкурсту өткөрбөстөн баа мониторингин жүргүзгөндөн кийин сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коёт. Жеткирип берүүчү ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
2. Келишимди тикелей түзүү методу менен сатып алууларды жүргүзгөнгө чейин сатып алуучу уюм кеминде эки жумушчу күн мурда мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына төмөнкү маалыматтар камтылган кабарды жайгаштырат:
- сатып алуу предмети жана анын көлөмү;
- сатып алуунун жалпы суммасы.
3. Сатып алуучу уюм келишим түзгөндөн кийин эки жумушчу күндөн кечиктирбей мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына төмөнкү маалыматтарды камтыган келишимди тикелей түзүү методу менен сатып алуулар жүргүзүлгөндүгү жөнүндө кабарды жайгаштырат:
- жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана юридикалык дареги;
- сатып алуу предмети жана анын көлөмү;
- сатып алуунун жалпы суммасы.
4. Сатып алуучу уюм төмөнкү учурларда келишимди тикелей түзүү менен сатып алууларды өз алдынча жүргүзүүгө укуктуу:
1) баасын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн сактоо менен жүргүзүлгөн конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 15 пайызынан ашпаган товарларды кошумча сатып алууну ишке ашыруу;
2) эгерде мурда башталган жумуштарды кеңейтүүгө же көлөмүнүн чоңоюшуна байланыштуу конкурстун негизинде түзүлгөн келишимдин наркынын 25 пайызынан ашпаган кошумча курулуш иштери же кызмат көрсөтүүлөрү ишке ашырылса жана ошол эле жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) ишке тартуу мурда аткарылган жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына карата натыйжалардын үнөмдүүлүгүн жана шайкештигин камсыз кылса;
3) жылына бир жолу минималдуу босого суммасына чейин чыгашалардын ар бир беренеси боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
4) жазык-аткаруу тутумундагы ишканалардын жана мекемелердин (пенитенциардык) товарларын сатып алуу;
5) өндүрүүчүлөрдөн же бул товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата интеллектуалдык же өзгөчө укуктарга ээ болгон конкреттүү жеткирип берүүчүдөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алса жана башка сатып алуу методун колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо;
6) токтоосуз калыбына келтирүүнү талап кылуучу, форс-мажордук жагдайлардын кесепеттерин локалдаштыруу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
7) эгерде жүргүзүлгөн конкурстар өткөрүлгөн жок деп таанылса жана конкурстук документтердин кайра каралган талаптарын эске алуу менен конкурсту кайталап өткөрүү келишим түзүүгө алып келбесе;
8) жагдайларга байланыштуу күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатып алууну жүргүзүүдө шашылыш зарылдык пайда болгондо, көрсөтүлгөн жагдайлар пайда болгон күндөн тартып бир айдын ичинде милдеттүү конкурс өткөрүү шартында ал жагдайларды алдын ала көрүү мүмкүн болбосо;
9) мөөнөтүнөн мурда тандоолорду жүргүзүү;
10) чет мамлекеттин аймагында өзүнүн ишин камсыздоо үчүн Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелеринин товарларды, жумуштарды, кызматтарды сатып алуусу.
22-берене. Алкактуу макулдашуу жол-жоболорун пайдалануунун шарттары жана тартиби
1. Сатып алуучу уюм конкурстардын натыйжалары боюнча төмөнкү учурларда алкактуу макулдашууга кол коё алат:
1) кандайдыр бир конкреттүү убакыттын ичинде белгисиз же көп жолу сатып алуу предметине ээ болуу зарылдыгы келип чыкканда;
2) кандайдыр бир конкреттүү убакыттын ичинде сатып алуу предметинин өзгөчө мүнөзүнөн улам шашылыш турдө мындай предмет зарыл болгондо.
2. Алкактуу макулдашууга кол коюу үчүн конкурс жүргүзүүдө сатып алуучу уюм кулактандырууда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүүгө тийиш:
алкактуу макулдашууну түзүү үчүн конкурс жүргүзүлөт;
алкактуу макулдашуу эки же андан ашуун жеткизип берүүчү (подрядчы) менен түзүлөт;
3. Борборлоштурулган сатып алуулар жүргүзүлгөн учурда алкактуу макулдашууну түзүү үчүн конкурс жүргүзгөн сатып алуучу уюмдун аталышын, дарегин, түзүлгөн алкактуу макулдашуунун негизинде башка сатып алуулар жөнүндө келишимдерди түзүүгө чечим кабыл алууга укуктуу болгон башка сатып алуучу уюмдардын дарегин көрсөтүү зарыл.
4. Алкактуу макулдашуу жазуу формасында түзүлөт жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) алкактуу макулдашуунун колдонуу мөөнөтү;
2) предметтин сыпаттамасы;
3) келишимге кол коюу учурунда ар кандай шарттар такталат;
4) сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү туралуу чечимди кабыл алуунун жүрүшүндө колдонулуучу жол-жоболор жана критерийлер.
5. Сатып алуучу уюм алкактуу макулдашуунун шарттарына ылайык бул алкактуу макулдашуунун тарабы болгон жеткирип берүүчү (подрядчылар) менен алкактуу макулдашууга ылайык келишим түзөт.
6. Эгер алкактуу макулдашууга ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык кол коюлса, анда жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны алар белгиленген критерийлерге ылайык келген шартта экиден кем болууга тийиш.
7. Сатып алуучу уюм бардык алынган конкурстук табыштамаларды баалайт, жеткирип берүүчүнүн (подрядчиктин) акыркы конкурстук табыштаманы берүүсү жөнүндө суроо-талапта баяндалган жол-жоболорго жана критерийлерге ылайык жеңүүчүнү аныктайт, сатып алуулар жол-жоболорунун протоколун түзүп, аны мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырат.
8. Алкактуу макулдашуунун жол-жоболорун пайдалануу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
23-берене. Конкурстук мезгил. Конкурстук документтерди берүү, түшүндүрүү жана өзгөртүү
1. Сатып алуучу уюм конкурс жөнүндө кулактандыруу менен бирге иштелген конкурстук документтердин пакетин мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырууга милдеттүү.
2. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору өткөрүлгөн учурда конкурстук документтер бардык тандалып алынган жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жиберилет.
3. Конкурстук документтерди берүү акысыз негизде ишке ашырылууга тийиш.
4. Жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөнгө чейин кеминде беш жумушчу күн мурда сатып алуучу уюмдан конкурстук документтердин жоболорунун түшүндүрмөсүн сурай алат. Сатып алуучу уюм мындай суроо-талапка үч жумушчу күндөн кечиктирбей жооп берүүгө жана суроо-талаптын булагын жарыялабастан жоболордун түшүндүрмө маалыматын мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырууга тийиш. Алдын ала квалификациялоо алдындагы жол-жоболор өткөрүлгон учурда сатып алуучу уюм суроо-талаптын булагын жарыялабастан ошол эле мөөнөттөрдө конкурстук документтерди берген бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жобону түшүндүрүп берүүгө тийиш.
5. Сатып алуучу уюм, техникалык өзгөчөлүктөр же негизги талаптар өзгөртүлгөндө өзүнүн конкурстук табыштамасын даярдоодо конкурстук документтерге киргизилген өзгөртүүлөрдү өз учурунда эске алууга жана конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү өткөнгө чейин үч жумушчу күндөн кечиктирбестен ар кандай учурда өзүнүн конкурстук табыштамасын өз учурунда жиберүү үчүн жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) мүмкүндүк берген мөөнөттө толуктоолорду киргизүү жолу менен, сатып алуулар предметин өзгөртпөстөн конкурстук документтерге өзгөртүү киргизе алат. Конкурстук документтерди өзгөртүү тууралуу маалымат, конкурстун бардык катышуучуларына милдеттүү түрдө билдирүү менен мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында жарыяланат жана катышуучулар үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.
6. Эгерде сатып алуучу уюм конкурстук документтерге тийиштүү кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен конкурс алдындагы кеңешме өткөрсө, бул жолугушуунун жүрүшүндө көрсөтүлгөн конкурстук документтерди түшүндүрүү жөнүндө суроо-талапты, ошондой эле алардын булагын көрсөтпөстөн бул суроо-талаптарга жоопторду камтыган протоколду түзөт. Конкурс алдындагы кеңешме өзүнүн конкурстук табыштамаларын даярдоодо конкурс алдындагы кеңешменин протоколун өз учурунда эске алууга жана конкурстук табыштамаларды тапшыруунун мөөнөтү өткөнгө чейин беш жумушчу күндөн кечиктирбестен, ар кандай учурда конкурстук табыштамасын өз учурунда жиберүү үчүн жеткирип берүүчүлөргө мүмкүндүк берген мөөнөттө жүргүзүлүүгө тийиш. Конкурс алдындагы кеңешменин протоколу токтоосуз түрдө мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырылат. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору жүргүзүлгөн учурда конкурс алдындагы кеңешменин Протоколу конкурстук документтерди алган бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) токтоосуз түрдө берилет.
24-берене. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү, формасы жана ыкмалары. Конкурстук табыштамаларды колдонуу, өзгөртүү жана кайра чакырып алуу мөөнөтү
1. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды берүү үчүн так датаны жана акыркы мөөнөттүн убактысын конкурстук документтерде белгилейт. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин алынган конкурстук табыштама ачылбайт жана анын жеткирип берүүчүсүнө (подрядчыга) кайтарылып берилет.
2. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды тапшыруу үчүн акыркы мөөнөттү белгилейт, ал төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
1) бир этаптуу жана эки этаптуу метод менен конкурс жол-жоболорун ишке ашырууда - боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин кеминде 3 жуманы;
2) жол-жоболорду жөнөкөйлөштүрүлгөн метод жана бааны төмөндөтүү методу менен ишке ашырууда - боло турган конкурс жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин кеминде 1 жуманы.
3. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн методу же методдору конкурстук документтерде сатып алуучу уюм тарабынан белгиленет.
4. Конкурстук табыштамалар:
1) кол коюу менен жазуу түрүндө,
2) кагаз жүзүндө берилген учурда чапталган конвертте;
3) электрондук формада берилген учурда - жөнөткөн уюм тийиштүү маалыматтын аныктыгын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыздоого тийиш.
5. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларды ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө кабыл алууга милдеттүү.
6. Сатып алуучу уюм ушул Мыйзамга ылайык конкурстук табыштамалардын корголгондугун, бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылууга жана аны конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуудан кийин гана кароону камсыздоого тийиш.
7. Ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурларда, сатып алуучу уюм конкурстук документтерге өзгөртүүлөрдү киргизсе, анда өзүлөрүнүн конкурстук табыштамаларына киргизилген өзгөртүүлөрдү эсепке алуу үчүн жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) убакыт берүү менен ал конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узартууга тийиш.
8. Конкурстук табыштамалар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде күчүндө калат. Мындай мөөнөттү эсептөө конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачкан күндөн башталат.
9. Конкурстук табыштамалардын иш-аракеттеги мөөнөтү өткөнгө чейин конкурстук табыштамаларга баа берүү үчүн убакыт жетишсиз болгон өзгөчө учурларда сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдөн (подрядчылардан) бул мөөнөттү конкреттүү мезгилге узартууну өтүнөт.
10. Сатып алуучу уюмдун суроо-талабы четке кагылган учурда жеткирип берүүчү (подрядчы) өзүнүн конкурстук табыштамасын кайтарып алуунун кепилдигин камсыз кылуу укугун жоготпойт.
11. Өздөрүнүн конкурстук табыштамаларынын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) конкурстук табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуунун колдонуу мөөнөтүн узартышат, банктык кепилдиктер берилген учурда өздөрүнүн конкурстук табыштамаларынын колдонулушунун узартылган мөөнөтүн жабуу үчүн конкурстук табыштамаларга жаңы кепилдикти камсыз кылууну беришет.
12. Жеткирип берүүчү (подрядчы) өзүнүн конкурстук табыштамасынын камсыз кылынышын чакырып алуу укугун жоготпостон, конкурстук табыштама берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин өзүнүн конкурстук табыштамасын өзгөртүүгө же кайра кайтарып алууга укуктуу.
25-берене. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболору
1. Сатып алуучу уюм сатып алуу жол-жобосун жүргүзүүдө татаал, кымбатка турган же чанда бир чыгарылуучу товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн мамлекеттик сатып алуу учурларында алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө укуктуу.
2. Алдын ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында алдын ала квалификациялык тандоону жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу жарыялайт жана алдын ала квалификациялык тандоого табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн - алдын ала квалификациялык тандоону өткөрүү жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап төрт жумадан кечиктирбей белгилейт.
3. Сатып алуучу уюм стандарттык конкурстук документтерди пайдалануу менен квалификациялоо алдындагы документтерди иштеп чыгат. Квалификациялоо алдындагы тандап алууну жүргүзүү жөнүндөгү кулактандыруу милдеттүү тартипте төмөндөгү маалыматтарды камтыйт:
1) сатып алуучу уюмдун аталышын жана дарегин;
2) жеткирип бериле турган товарлардын мүнөзүн, санын жана жеткирилүүчү ордун; аткарылууга тийиш болгон жумуштун мүнөзүн, санын жана иштей турган жерин же кызмат көрсөтүүлөрдүн мүнөзүн жана алар көрсөтүлө турган жерди;
3) катышуучулардын квалификациялык маалыматын аныктоодогу критерийлерди жана жол-жоболорду;
4) ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктер бериле тургандыгы жөнүндө билдирүүнү;
5) товарларды жеткирип берүүнүн же жумушту аяктоонун же кызмат көрсөтүүнүн графигинин ойдогудай же талап кылынган мөөнөттөрүн;
6) алдын ала квалификациялык тандоого табыштамалар бериле турган жер жана анын акыркы мөөнөтүн;
7) алдын ала квалификациялык жол-жоболордо пайдаланылуучу конкурстук табыштаманын текстинин тилин (тилдерин).
4. Сатып алуучу уюм алдын ала квалификациялык тандоону жүргүзүү жөнүндө кулактандыруу менен бирге алдын ала квалификациялоодогу документтер жөнүндө маалыматты, анын ичинде ушул берененин 3-бөлүмүндө белгиленген маалыматты мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында жайгаштырууга тийиш, ошондой эле:
1) алдын ала квалификациялык тандоого катышуу үчүн табыштамаларды даярдоо жана тапшыруу боюнча нускама;
2) ушул Мыйзамдын 27-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарынын критерийлерин жана баалоо жол-жоболорун баяндоо;
3) белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун ырастоо үчүн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан берилүүгө тийиш болгон документтүү далилдерди талап кылуу;
4) жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен байланышып турууну түздөн-түз колдоого ыйгарым укук берилген сатып алуу үчүн жооптуу адамдардын аты-жөнү, кызмат орду жана алар менен байланышуу жолдору.
5. Жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) сатып алуучу уюмдан алдын ала квалификациялоо документтерининин жоболорунун түшүндүрмөлөрүн сурап алышы мүмкүн. Сатып алуучу уюм суроо-талап алган күндөн баштап үч күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө алдын ала квалификациялоо документтеринин жоболоруна түшүндүрмө берет жана суроо-талап булагын жарыялабастан мамлекеттик сатып алуунун веб-порталында түшүндүрмөнү жайгаштырат.
6. Сатып алуучу уюм квалификациялоо алдындагы документтерде аныкталган шарттардын негизинде гана сатып алуулар жол-жобосунда андан аркы катышуу үчүн жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) квалификациялык тандоону жүргүзөт.
7. Мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосуна андан аркы катышууга квалификациялык тандоодон өткөн жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) гана киргизилет.
8. Сатып алуучу уюм чечим кабыл алган күндөн баштап 3 жумушчу күндөн кеч эмес мөөнөттө алдын ала квалификациялык тандоодон өткөндүгүнүн натыйжалары жөнүндө ар бир жеткирип берүүчүгө (подрядчыларга) билдирет.
26-берене. Конкурстук табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу
1.Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуунун өлчөмүн жеткирип берүүчү (подрядчы) тарабынан анын конкурстук табыштамасында сунуш кылынуучу товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгилейт. Конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну колдонуу мөөнөтү конкурстук табыштаманы колдонуу мөөнөтүнө дал келүүгө тийиш.
2. Конкурстук табыштаманы берүүдө жеткирип берүүчү (подрядчы) конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну конкурстук документтерди каралган өлчөмдө жана формада киргизүүгө тийиш.
3. Конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу, акчалай каражат, облигациялар, банк кепилдиктеринин депозиттери, көрсөтүүчүнүн депозиттик тастыктамалары түрүндө болушу мүмкүн.
4. Конкурстук табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуу төмөнкү учурларда үч жумушчу күндөн кечиктирилбей кайтарылып берилет:
конкурстук документтерде көрсөтүлгөн конкурстук табыштаманын колдонуу мөөнөтү өткөндө;
мамлекеттик сатып алуу келишимин түзүү жана бул келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылууну берүү, эгерде мындай кепилдикти камсыз кылууну берүү конкурстук документтерде каралса;
конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин конкурстук табыштама кайра алынганда;
сатып алуу жол-жоболору мамлекеттик сатып алуу келишими түзүлбөй туруп токтотулганда.
5. Конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу сатып алуучу уюм тарабынан төмөндөгүдөй учурларда гана кармалат:
жеңүүчүнүн конкурстук табыштамасында каралган шарттарда келишимге кол коюудан баш тартылганда;
келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылууну берүүдөн баш тартылганда;
конкурстук табыштаманы ачуудан кийин жана анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин кайра алынганда;
конкурстук табыштаманын шарттары конкурстук табыштама салынган конверт ачылгандан кийин өзгөртүлгөндө.
6. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылуу жөнүндө талаптын ордуна конкурстук табыштаманы кепилдеген декларацияга жеткирип берүүчүлөрдүн кол коюусу жөнүндө талапты белгилей алат. Жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) тарабынан бул декларация бузулганда сатып алуучу уюм ишенимсиз жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) маалымат базасына киргизүү жөнүндөгү сунушту демилгелейт.
27-берене. Жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтары
1. Келишим түзүү боюнча юридикалык укуктан тышкары сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө конкурстук документтерде жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациясынын деңгээлине карата төмөнкүдөй талаптарды белгилейт, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) иш тажрыйбасы жана товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүдө жеткирип берүүчүнүн аткарылган көлөмүн;
2) финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн болушу, чыгаша тартууларынын жоктугу, жетиштүү жүгүртүү каражаттарынын болушу;
3) техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн, керектүү жабдуулардын, квалификациялык кадрлардын, лицензиялардын (эгер иши лицензияланса) болушу;
4) Кыргыз Республикасында салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздарынын жоктугу (сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери болуп саналган, ошондой эле жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин ишке ашырбаган чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар болуп саналган шарттарды кошпогондо).
2. Жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) ушул берененин 1-бөлүгүндө баяндалган критерийлерге ылайык квалификациялык маалыматтарды күбөлөндүрүү үчүн документтик далилдерди же башка маалыматты берүүгө тийиш. Айрым учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча конкурска катышууда жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) үчүн ушул берененин 1-бөлүмүнүн 4-пунктунда белгиленген талаптар алынып салынат.
3. Ушул беренеге ылайык белгиленген ар кандай талаптар квалификациялык документтерде жана/же конкурстук документтерде баяндалат, бардык жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) бирдей даражада колдонулат. Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарына карата ушул Мыйзамда каралгандан тышкары эч кандай башка критерийлерди, талаптарды же жол-жоболорду белгилебейт. Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарын квалификациялоо алдындагы документтерде жана/же конкурстук документтерде баяндалган квалификациялык критерийлерге жана жол-жоболорго ылайык баалайт.
4. Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) басмырлоочу критерийлерди, талаптарды жана жол-жоболорду белгилөөгө тийиш эмес.
28-берене. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу
1. Конкурстук табыштамалар салынган конверттер конкурстук табыштамаларды тапшыруунун акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин жана конкурстук документтерде көрсөтүлгөн жерде токтоосуз ачылат. Конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган учурда аларды ачуу тийиштүү күнү жүргүзүлөт.
2. Сатып алуучу уюм кызыкдар тараптардын катышуусунда конкурстук табыштамаларды ачууну жүргүзөт, сатып алуулардын электрондук түрүнөн тышкары учурда, ачуу жол-жобосу веб-порталда автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
3. Конкурстук табыштамаларды ачууга бардык каалоочуларга катышууга уруксат берилет. Аудио жазууларды жана видео тартууларды жүргүзүүгө уруксат берилет. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди сатып алуучу уюмдардын режимдик, аскердик же жашыруун объекттеринде ачуу учурунда, аудио жана видео тартуулар сатып алуучу уюмдун макулдугу боюнча гана жүргүзүлөт.
4. Конкурстук табыштамалар менен конверттерди ачуунун жол-жобосуна катышкан адамдар конкурстук комиссиянын ишине кийлигишүүгө укуксуз.
5. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун жол-жобосунда жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) конкурстук табыштамалардын жоболорун түшүндүрүп берүүсү үчүн кайрылууга, ошондой эле берилген табыштамаларга байланыштуу катышуучулардын суроолоруна жооп берүүгө тыюу салынат.
6. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун жол-жобосунда жеңүүчүгө баа берүү жана аныктоо жүргүзүлбөйт.
7. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун жол-жобосунда төмөндөгүдөй маалымат угуза окулуп берилет жана/же белгиленет:
1) табыштамасы ачылган ар бир жеткирип берүүчүнүн аталышы жана дареги;
2) конкурстук табыштаманын баасы жана валютасы, сунуш кылынган арзандатуу жөнүндө маалымат, эгерде сатып алуу пердмети лотторго бөлүнсө - ар бир лоттун баасы;
3) конкурстук табыштамалардын кепилдигин камсыз кылуунун формасы, өлчөмү;
4) сунуштарды колдонуу мөөнөтү;
5) Кыргыз Республикасындагы салыктар жана башка камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жок же бар экендиги тууралуу маалымкатты берген уюмдун аталышы, маалымкаттын номуру.
8. Конкурстук комиссия конкурстук табыштамалар салынган конверттер ачылбаган жана ачуу жол-жобосунда угуза окулбаган, конкурстук табыштамаларды андан ары баалоого жана аларга карата өзгөртүүлөрдү кабыл алууга тийиш эмес.
9. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуунун жол-жобосунда окулган маалыматтар конкурстук табыштамаларды ачуу протоколунда белгиленет жана ачууга катышкан бардык жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү тарабынан ага кол коюлат. Конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуу протоколу конкурстук табыштамалар салынган конверттерди ачуудан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.
10. Электрондук метод менен сатып алууда ачуу протоколу автоматтык система түрүндө түзүлөт жана веб-порталга жайгаштырылат.
29-берене. Конкурстук табыштамаларга баа берүү жана салыштыруу, жеңүүчүнү аныктоо
1. Конкурстук табыштамаларга баа берүүдө жана салыштырууда ушул Мыйзамга жана конкурстук документтерге ылайык жол-жоболор жана критерийлер гана пайдаланылат.
2. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштамаларга баа берүүнүн жана салыштыруунун жүрүшүндө жеткирип берүүчүлөрдөн (подрядчылардан) конкурстук табыштамаларына түшүнүк берүүсүн сурашы мүмкүн. Түшүндүрүү жөнүндө бардык суроо-талаптар жана жооптор жазуу түрүндө берилүүгө тийиш. Конкурстук табыштамалардын маанисин өзгөртүү максатындагы эч бир суроолорго, сунуштарга, сүйлөшүүлөргө же уруксат берүүлөргө жол берилбейт. Конкурстук табыштаманы конкурстук документтердин талаптарына жооп бербегендей жасоого багытталган, мындай талаптарга кийин жооп берүүчү өзгөртүүлөргө жол берилбейт. Катышуучудан конкурстук документтерге ылайык талап кылынган, жетишсиз документтерди сурап алууга тыюу салынат.
3. Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык маалыматтарын конкурстук документтерде баяндалган квалификациялык талаптарга ылайык баалайт.
4. Сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы берген жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) макулдугу менен конкурстук табыштаманы кароонун жүрүшүндө табылган арифметикалык каталарды оңдойт.
5. Эгерде конкурстук табыштамалардын баасы эки же андан көп валюталарда көрсөтүлсө, анда бардык конкурстук табыштамалардын баалары конкурстук табыштамаларды ачкан күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эсептелет.
6. Сатып алуучу уюм, эгерде конкурстук табыштамада анда баяндалган мүнөздөмөлөрдөн, шарттардан жана башка талаптардан олуттуу четтебеген, анын талаптарына жооп берген, анча-мынча ылайык келбөөлөр орун алса, конкурстук табыштаманы талапка жооп берген катары карай алат.
Кабыл алынышы:
жеткирип берүү же жумуштардын предметине же көлөмүнө, сапатына же конкурстук документтерди аткарууга олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон;
келишимде каралган сатып алуучу уюмдун укуктарын же конкурска катышуучунун милдеттерин конкурстук документтердин жоболоруна каршы олуттуу түрдө чектеши мүмкүн болгон;
белгиленген талаптарга олуттуу түрдө жооп берген, табыштамаларды берген конкурстун башка катышуучуларын теңсиз шарттарга коюшу мүмкүн болгон четтөөлөр, эскертүүлөр жана маалыматтардын же документтердин жоктугу олуттуу деп эсептелет.
7. Сатып алуучу уюм баалоонун жүрүшүндө төмөндөгүдөй учурларда конкурстук табыштаманы четтетет, эгерде:
1) бул конкурстук табыштама берген жеткирип берүүчү (подрядчы) конкурстук документтерде белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербесе;
2) жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) табыштаманы кепилдеген декларацияга кол койбосо же конкурстук табыштаманын кепилдигин камсыз кылууну беришпесе (эгерде конкурстук документтердин шартты талап кылса);
3) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) салыктар же мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча же социалдык төлөөөр боюнча карыздары болсо;
4) конкурстук табыштамада сунушталган техникалык көрсөткүчтөр конкурстук документтердин техникалык өзгөчүлүктөрүнө ылайык келбесе;
5) бул конкурстук табыштама маани-мазмуну жагынан конкурстук документтердин талаптарына жооп бербесе.
8. Сатып алуучу уюм, эгер сатып алуучу предметке карата конкурстук табыштаманын баасынын өтө эле төмөндөгөндүгүн аныктаса жана ал жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) келишимди аткаруу жөндөмдүүлүгү шек туудурса, анда жеткирип берүүчүдөн (подрядчыдан) сатып алуучу уюм конкурстук табыштамага байланыштуу так маалыматты жазуу жүзүндө сураган шартта конкурстук табыштаманы жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) сатып алуу жөнүндө келишимдин позицияларын аткарууга жөндөмдүүлүгү шек туудурса, сатып алуучу уюм конкурстук табыштаманы четке кагат. Сатып алуучу уюмдун конкурстук табыштаманы четке кагуу жөнүндөгү ушул беренеге ылайык чечими, мындай чечимдин себептери сатып алуу жол-жоболорунун протоколуна киргизилет.
9. Конкурстук комиссия конкурстук документтердин талаптарынын маани-мазмунуна жооп берген, утуп чыккан конкурстук табыштаманы аныктайт:
1) эгерде баа бирден-бир критерий болуп саналса, эң төмөнкү баа;
2) эгерде конкурстук документтерде баа менен катар эле баа берүүнүн башка критерийлери каралса, белгиленген критерийлерди эсепке алуу менен кыйла төмөн бааланган нарк.
10. Эгерде конкурстун катышуучулары конкурстук табыштамаларды конкурстук документтеринин талаптарына жооп берген бирдей шарттар менен тапшырган учурда башка тастыктамалардан тышкары сапат менеджментинин тутумундагы тастыктамасы бар жабдып берүүчүнүн (подрядчынын) табыштамасы конкурстук табыштаманын жеңүүчүсү болот.
11. Ар бир сатып алуучу уюм конкурстун жеңүүчүсү менен сатып алуу жөнүндө келишим түзөрдүн алдында ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларында белгиленген талаптарга сатып алуунун ылайык келүүсүн аныктоо үчүн аудит жүргүзүүгө укуктуу, эгерде бир конкурстун сатып алуу суммасы (бардык лоттордун жалпы суммасын эсепке алуу менен) эң жогорку босого суммасынын беш эсе өлчөмүнөн ашса.
30-берене. Сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколу
1. Сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзүүдө сатып алуучу уюм сатып алуулардын жол-жоболорунун протоколун түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылууга тийиш:
1) ар бир лот боюнча сатып алынуучу буюмдун сүрөттөлүшү;
2) мамлекеттик сатып алуулардын методу жана аны тандоо үчүн негиздер, алкактык макулдашуунун жол-жоболору колдонулган учурда – алкактык макулдашуунун жол-жоболорун колдонууда сатып алуучу уюм жетекчиликке алган себептерди жана жагдайлардын баяндалышы;
3) конкурстук табыштамаларды тапшырган жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) аталышы жана дареги;
4) сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүүдө жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) коюлуучу конкурстук документтердин талаптары;
5) алдын-ала квалификациялоо жол-жоболорун жүргүзүү жана натыйжалары жөнүндө маалымат;
6) конкурстук табыштамаларды тапшырган жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындары жөнүндө маалымат;
7) конкурстук табыштамаларды тапшыруунун аяктоо мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалымат;
8) ар бир конкурстук табыштаманын баалары жана башка негизги шарттары;
9) берилген конкурстук табыштамаларды тандоо үчүн баалоо критерийлеринин жана негиздеринин баяндалышы;
10) конкурстук табыштамалардын колдонуу мөөнөттөрүн узартуу жөнүндө маалымат;
11) бардык конкурстук табыштамаларды четтетүү негиздери тууралуу маалымат, эгерде алар четтетилген болсо;
12) сатып алуулардын жол-жоболорунун натыйжасында сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлбөсө, келишимге кол коюлбаган учурлардагы негиз;
13) ички жеткирип жиберүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү үчүн негиз;
14) квалификациялоо алдындагы же конкурстук документтердин жоболорун жана аларга берилген жоопторду түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптарды жалпылап баяндоо, ошондой эле мындай документтердин ар кандай өзгөрүүлөрүн кыскача баяндоо;
15) коюлган даттануулар жана аларды чечүүнүн ыкмалары жөнүндө маалымат;
16)жол-жоболорду токтотуу жана жаңылоо жөнүндө маалымат;
17)эксперттерди тартуу жөнүндө маалымат;
18) жеңүүчү (лөр) деп жарыяланган жеткирип берүүчүнүн (лөрдүн) (подрядчынын (лардын)) аталышы (аты) жана дареги, баа жана сатып алуулар жөнүндө келишимдин башка негизги шарттары (алкактык макулдашуунун жол-жоболорунун шарттарында - алкактык макулдашуунун негизги шарттары тууралуу кошумча кыскача маалымат);
19) конкурсту жеңүүчүнүн рейтинги (конкурстун биринчи, экинчи жана үчүнчү орунун ээлеген катышуучусун);
20) ушул Мыйзамдын 29-беренесине ылайык өтө төмөн баа менен конкурстук табыштамаларды четтетүүнүн себеби;
21) ушул Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык сатып алуулар жөнүндө келишимди түзүү жөнүндө чечим;
22) ушул Мыйзамдын жоболоруна же мыйзам алдындагы актыларга ылайык сатып алуулар жол-жоболорунун протоколуна киргизүүгө зарыл болгон башка маалымат.
2. Сатып алуулар жол-жобосунун протоколуна конкурстук комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат жана ал сатып алуу бөлүмүнө берилет.
3. Тикелей келишим түзүү методу менен сатып алууда сатып алуу бөлүмү ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1 жана 2-бөлүмдөрүнөн сырткары сатып алуулар жол-жобосунун протоколун түзөт, ал төмөнкү маалымдарды камтыйт:
1) сатып алуу предметинин сүрөттөлүшү;
2) методду тандоо үчүн негиз;
3) мониторингдин натыйжалары;
4) жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчынын) аталышы жана дареги;
5) жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) квалификациясы жөнүндө маалымат;
6) сунуш баасы;
7) экспертти (терди) тартуу жөнүндө маалымат (эгер тартылган болсо).
4. Сатып алуучу уюм сатып алуулар жол-жобосунун протоколун түзөт жана аны үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат, ага купуялуу маалыматтан тышкары сатып алуулар жол-жоболоруна тиешелүү маалымат камтылат. Электрондук сатып алууларды жүргүзүүдө протокол тутум тарабынан өз алдынча мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында түзүлөт.
31-берене. Конкурсту жокко чыгаруу же конкурсту өткөрүлгөн жок деп таануу
1. Сатып алуучу уюм эгерде андан аркы алуунун зарылчылыгы жок болсо анда келишимди түзгөнгө чейин каалаган убагында мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун жокко чыгарышы мүмкүн.
2. Сатып алуучу уюм төмөнкү учурларда конкурсту өткөрүлгөн жок деп тааныйт:
1) бардык табыштамалар четтетилгенде;
2) конкурстук табыштаманын минималдуу баасы сатып алуучу уюм тарабынан сатып алууларды жүргүзүүгө бөлүнгөн суммадан ашып кетсе.
3. Сатып алуучу уюм конкурсту жокко чыгаруу же конкурсту өткөрүлгөн жок деп таануу тууралуу маалыматты бир жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыялайт.
4. Ушул берененин 2-бөлүмүнө ылайык конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм баалоо критерийлерин, техникалык өзгөчөлүктөрдү, квалификациялык талаптарды кайра карап чыгууга жана кайталап тоорук өткөрүүгө тийиш. Эгерде бул жол-жобо келишимди түзүүгө алып келбесе, анда сатып алуучу уюм ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүшү мүмкүн.
32-берене. Конкурстун жыйынтыгын жалпыга жарыялоо жана келишим түзүү
1. Сатып алуучу уюм конкурсту жеңип чыккан жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) аталышын жана ал тарабынан берилген бааны көрсөтүү менен алынган тандоо жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырат.
2. Эгерде сатып алуулар жол-жоболору ушул Мыйзамдын 5-главасына ылайык көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечими боюнча токтотулбаса, анда алынган тандоо жөнүндө маалымат мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылган күндөн баштап сатып алуучу уюм жеңип чыккан жеткирип берүүчү (подрядчы) менен келишимге төмөнкү мөөнөттө кол коёт:
- 7 жумушчу күндөн кийин, бир этаптуу жана эки этаптуу ыкма менен конкурстарды өткөрүүдө;
- 2 жумушчу күндөн кийин, жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен жана бааны төмөндөтүү ыкмасы менен конкурстарды өткөрүүдө.
3. Конкурстук табыштамасы жеңип чыкты деп таанылган жеткирип берүүчү (подрядчы) менен конкурстук табыштаманын шарттарына ылайык ушул берененин 2-бөлүмүндө белгиленген тараптарды эсепке алуу менен мамлекеттик сатып алуулар келишими түзүлөт.
4. Тандалып алынган жеткирип берүүчү (подрядчы) тарабынан сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коюлбаган учурда ушул Мыйзамдын 30-беренесинин 1-бөлүмүнүн 19-пунктуна ылайык конкурстун жеңүүчү рейтингинде экинчи орунду ээлеген жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен келишим түзүлөт.
4. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
33-берене. Консультациялык кызматтарды көрсөтүү
Консультациялык кызматтар тиешелүү квалификациясы бар юридикалык же жеке жактар тарабынан көрсөтүлөт.
34-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу методдору
1. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар төмөнкү методдор менен жүргүзүлөт:
1) сапаты жана наркы боюнча тандоо;
2) сапаты боюнча тандоо;
3) белгиленген бюджеттин шартында тандоо;
4) эң төмөн баа боюнча тандоо;
5) консультанттын квалификациясы боюнча тандоо;
6) тикелей келишим түзүү аркылуу тандоо.
2. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоонун негизги методу болуп сапаты жана наркы боюнча тандап алуу методу саналат.
3. Консультациялык кызматтардын сапаты жана наркы боюнча тандоо методунан тышкары методдорду колдонуунун шарттары жана өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
35-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жобосу
1. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) техникалык тапшырманы даярдоо;
2) чыгымдар (бюджет) сметасын даярдоо;
3) кулактандырууларды жайгаштыруу;
4) билдирилген жааттагы иш тажрыйбасы тууралуу берилген маалыматтын негизинде консультанттардын кыскача тизмегин түзүү;
5) конкурстук документтерди даярдоо;
6) сунуштарды кабыл алуу;
7) техникалык сунуштарды баалоо;
8) финансылык сунуштарды баалоо;
9) сапатын жана наркын акыркы баалоо;
10) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишим түзүү.
36-берене. Техникалык тапшырманы даярдоо
1. Техникалык тапшырмада тапшырманын максаттары, милдеттери, көлөмү, талаптардын баяндамалар жана отчетторду тапшыруу мөөнөттөрү, сурап-билүү маалыматы, анын ичинде тиешелүү изилдөөлөрдүн тизмеси көрсөтүлөт.
2. Эгерде техникалык тапшырманын максаттары билим берүү же кадрларды даярдоону жүргүзүү болсо, анда бул консультанттар кызмат көрсөтүүлөрдүн керектүү көлөмүн баалоо үчүн окуудан өтүүгө тийиш болгон кызматкерлердин саны тууралуу кеңири маалымат менен бирге өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Техникалык тапшырмада аны аткарууга керектелүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана иликтөөлөрдүн, болжолдонгон жыйынтыктоочу документтердин тизмеги, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш.
37-берене. Чыгымдардын (бюджет) сметасын даярдоо
1. Сатып алуучу уюм чыгымдардын (бюджеттин) сметасын түзөт, анда тапшырманы аткарууга зарыл болгон чыгымдар камтылат: кызмат көрсөтүүнүн убактылуу мезгили, уюштуруу-техникалык жактан колдоо көрсөтүү жана баштапкы материалдык-техникалык ресурстар.
2. Чыгымдардын (бюджеттин) сметасы үч бөлүмдөн турат:
1) кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө же сый акы;
2) орду толтурулуучу чыгашалар (тиешелүү түрдө чет өлкөлүк жана жергиликтүү деп бөлүнөт);
3) материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө чыгашалар.
38-берене. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандыруу
1. Потенциалдуу консультанттардын кызыкдарлыгы жөнүндө катты алуу үчүн сатып алуучу уюм консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө кулактандырууну мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында жарыялоого тийиш.
2. Консультанттардан алардын кызыкдардыгы жөнүндө катты алуу үчүн сатып алуучу уюм чакыруу кагазында мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында кулактандыруу жарыяланган учурдан тартып 10 күндөн кем эмес мөөнөттү белгилейт.
39-берене. Консультанттардын кыскача тизмегин түзүү
Сатып алуучу уюм консультанттардын кыскача тизмегин түзүүгө милдеттүү, ага тийиштүү конкурстарга катышууга кызыкдар экендиги жөнүндө катты жөнөткөн консультанттар киргизилет. Кыскача тизмекке үчтөн кем эмес консультанттар кирүүгө тийиш.
40-берене. Конкурстук документтердин мазмуну
1. Конкурстук документтер милдеттүү түрдө төмөнкү маалымдарды камтууга тийиш:
1) сатып алуулар, сунуштардын колдонуу мөөнөтү, ошондой эле датасы, убактысы (сунуштарды берүү үчүн дареги) жөнүндө маалымдарды камтыган чакыруу каты;
2) консультанттар үчүн маалымат;
3) техникалык тапшырма;
4) келишимдин шарттары.
41-берене. Консультанттар үчүн маалымат
1. Консультанттар үчүн маалымат төмөнкү маалымдарды камтууга тийиш:
1) тапшырманын кыскача баяндамасын, техникалык жана финансылык сунуштардын типтүү формаларын;
2) сатып алуучу уюмдардын консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жооптуу кызматкерлеринин аты-жөнүн, координаттарын;
3) тандап алууда колдонулуучу жол-жоболордун толук баяндамасын, анын ичинде: техникалык жактан баа берүүнүн критерийлерин санап өтүү, финансылык жактан баа берүүнүн толук баяндамасы, сапаты боюнча өткөрүлүүчү минималдуу балл жана финансылык сунуштарды элдин алдында ачуу жөнүндө маалыматтарды;
4) негизги кызматкерлер тарабынан тапшырмаларды аткаруу үчүн убакыттын эсептешүү чыгымдарын;
5) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн;
6) ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык кызыкчылыктардын чыр-чатагынан улам кызмат көрсөтүүлөрдүн келишими түзүлгөндөн кийин консультант жана анын туунду ишканаларынын бардыгы сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга укугу жоктугу тууралуу билдирүүнү;
7) техникалык жана финансылык сунуштарды электрондук ыкма менен же ар башка конверттерде чаптап берүү жөнүндөгү талаптарды кошкондо сунуштарды берүүнүн ыкмасын;
8) консультанттарга чакыруу кагазын алгандыгын тастыктоо жана өз сунуштарын сатып алуучу уюмга бере тургандыгын билдирүү зарылдыгы жөнүндө маалыматты;
9) сунуштар күчүндө боло турган мөөнөттө консультанттар негизги кызматкерлердин сунушталган курамына өзгөртүү киргизүү укугунун жоктугу жана сунуш кылынган чендерди жана жалпы бааны кармоо жөнүндө билдирүүнү;
10) консультант тапшырманы аткарууга кирише турган болжолдуу датаны;
11) сатып алуучу уюм тарабынан көрсөтүлө турган кызмат көрсөтүүлөр, имарат-жайлар, жабдуулар жана кызматкерлер тууралуу толук маалыматты;
12) тапшырманын этаптарын баяндоо, эгерде зарыл болсо тапшырманы улантуунун мүмкүн болушун;
13) чакыруу кагазында көрсөтүлгөн маалыматты түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап берүүнүн тартибин;
14) тапшырманын бөлүгүнө субподрядчылардын келишимин түзүүнүн шарттарын.
2. Сатып алуучу уюм консультанттар үчүн маалыматка кошумча билдирүүлөрдү киргизе алат.
42-берене. Сунуштар бар конверттерди берүү жана ачуу
1. Сатып алуучу уюм сунуштарды берүү үчүн акыркы мөөнөттүн так датасын жана убактысын белгилейт, бирок чакыруу-каты жөнөтүлгөн датадан 4 жумадан кем эмес.
2. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 5 күн калганда консультант сатып алуучу уюмдан чакыруу-катында келтирилген маалымдар боюнча түшүндүрмө берүүнү сурап алууга укуктуу.
3. Сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн аяктоо мөөнөтүнө чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен консультанттын суроо-талабына жооп берүүгө жана берилген түшүндүрмөлөрдүн көчүрмөсүн кыскача тизмекке киргизилген бардык консультанттарга жөнөтүүгө тийиш. Зарыл болгон учурда сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн аяктоо мөөнөтүн узарта алат.
4. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү өткөндөн кийин техникалык жана финансылык сунуштарга оңдоолор кабыл алынбайт. Техникалык жана финансылык сунуштар жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.
1) эгерде конкурстук табыштама кагаз түрүндө берилсе, анда ал ошол эле мезгилде өзүнчө жабык конверттерде берилет;
2) эгерде конкурстук табыштама электрондук түрдө берилсе, анда жиберип жаткан уюм тийиштүү маалыматтын аныктыгын, бүтүндүгүн жана купуялуулугун камсыз кылууга тийиш.
5. Техникалык сунуштар бар конверттер сунуштарды берүүнүн аяктоо мөөнөтү өткөндөн кийин конкурстук документтер менен аныкталган жерде ачылат. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү узартылган шартта сунуштар бар конверттерди ачуу тийиштүү күндө жүргүзүлөт. Конкурстук комиссия конверттерди ачууда ачуу протоколуна электрондук ыкма менен сатып алуулардан тышкары, консультант жөнүндө негизги маалыматтарды киргизет, анда ачуу протоколу тутум аркылуу автоматтык түрдө толтурулат. Ачуу протоколу конкурстук табыштамалар бар конверттерди ачуу күнүнөн кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырылат.
6. Финансылык сунуштардын конверти жабылган бойдон калат жана сатып алуулар бөлүмүнө берилет, ал жерде алар ачылганга чейин сакталат.
7. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү өткөндөн кийин алынган сунуштар бар конверттер ачылбайт жана консультанттарга кайтарып берилет.
43-берене. Сунуштарды баалоонун этаптары
1. Сунуштарды баалоо эки этап менен жүргүзүлөт: адегенде чакыруу-катында көрсөтүлгөн минималдуу өтүү баллын топтогон сунуштарды аныктоо үчүн техникалык сунуштар (финансылык сунуштар эсепке алынбайт, алар ачылбастан калтырылат) бааланат.
2. Техникалык сунуштарды баалоодон кийин, техникалык сунушу минималдуу өтүү баллын алган консультанттардын финансылык сунуштары бар конверттери кызыкдар тараптардын катышуусунда ачык жарыялоо менен ачылат.
Баалоо конкурстук документтердин талаптарынын негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
44-берене. Техникалык сунуштарды баалоо
1. Сатып алуучу уюм консультанттардын техникалык сунуштарын конкурстук документтерде көрсөтүлгөн төмөнкү критерийлердин жана баллдардын негизинде баалайт:
1) ушул жаатта консультанттын тажрыйбасы;
2) сунуш кылынган кызмат көрсөтүү методунун сапаты;
3) сунуш кылынган негизги персоналдын квалификациясы;
4) билимдерди берүүсү;
5) консультанттардын негизги персоналынын курамында - Кыргыз Республикасынын жарандарынын болуусу.
2. Сатып алуучу уюм ар бир сунушту квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келиши жагынан баалайт. Табыштаманы баалоону конкурстук комиссия ишке ашырат, ал квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага ылайык келүүсүн аныктайт жана тийиштүү баллды аныктайт.
3. Консультанттын сунушу эгерде сунуш конкурстук документтерде көрсөтүлгөн минималдуу өтүү баллын ала албаса четке кагылат, консультанттардын финансылык сунуштары бар конверттер жабылган бойдон кайра кайтарылат.
4. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун натыйжалары жөнүндө баалоо отчетун түзөт.
45-берене. Финансылык сунуштарды баалоо
1. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыктары жөнүндө билдирүүнү бардык консультанттарга жиберет. Сунуштары минималдуу өтүүчү баллды алган консультанттарга финансылык сунуштары бар конверттерди ачуу жол-жобосуна катышууга мөөнөттү көрсөтүү менен (ачуунун убактысы жана датасы) чакыруу жиберилет, ал билдирүү жиберилген күндөн баштап 1 жумадан кеч болбоого тийиш.
2. Финансылык сунуштары бар конверттер сатып алуучу уюмдун билдирүүсүндө көрсөтүлгөн белгиленген мөөнөттө жана жерде финансылык сунуштар бар конверттерди ачуу жол-жобосуна келүүнү каалаган консультанттардын өкүлдөрүнүн катышуусунда элдин алдында ачылат.
3. Консультанттын аталышы жана дареги, техникалык сунуш жана конкурстук табыштаманын баасы боюнча берилген балл жөнүндө маалымат угуза окулат, финансылык сунуштар бар конверттерди ачуу протоколуна киргизилет жана финансылык сунуштар бар конверттерди ачкандан кийин бир күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында жайгаштырылат.
4. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугун жана арифметикалык каталары жоктугуна текшерүү жүргүзөт, сунуштарды өз ара салыштыруу үчүн алардын наркы конкурстук документтерде көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат.
46-берене. Техникалык жана финансылык сунуштарды биргелешип баалоо
1. Жалпы баллды алуу максатында сатып алуучу уюм консультанттардын техникалык жана финансылык баалары үчүн алган баллын суммалап чыгат. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу түзүлөт, ал үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырылат.
2. Эң көп балл алган консультант сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырылат.
47-берене. Сүйлөшүүлөр жана келишимди түзүү
1. Баалоо процесси аяктагандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде сатып алуучу уюм эң көп балл алган консультантты келишим түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат.
2. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө методдорго, персоналга, сатып алуучу уюм тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын мөөнөттөрүнө, материалдык-техникалык ресурстарына тийиштүү маселелер жана келишимдин шарттары талкууланат. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда консультациялык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн консультанттарга сый акы төлөө жөнүндө маселе талкууга алынбайт.
3. Сүйлөшүүлөр кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, алардын наркына жана баштапкы баалоонун маанисине таасирин тийгизбеши үчүн техникалык тапшырманын же келишимдин шарттарынын баштапкы вариантын олуттуу өзгөрүүгө алып келбеши керек. Техникалык тапшырманын акыркы варианты жана макулдашылган методикасы келишимдин бөлүгү болуп эсептелген «Милдеттердин чөйрөсүнө» киргизилет.
4. Сунуштардын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө сатып алуучу уюм консультанттан бул мөөнөттү убакыттын айкын мезгилине узартуу жөнүндө суранууга укуктуу.
Өз сунуштарынын колдонуу мөөнөтүн узартууга макул болгон консультант сатып алуучу уюм менен макулдашуу боюнча, негизги персоналды квалификациясы бирдей болгон башкасына алмаштырууга укуктуу.
5. Эгерде негизги персонал катары сунуш кылынгандар тажрыйбасы жана квалификациясы жагынан ылайык келбесе, консультант сатып алуучу уюм тарабынан чыгарылып салынышы мүмкүн, ал эми тандап алуу процесси рейтинги боюнча экинчи орунду ээлеген консультантты ишке тартуу менен улантылышы же жаңы конкурс өткөрүлүшү мүмкүн.
6. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишим түзүү жөнүндө келише алышпаган учурда, сатып алуучу уюм мындай сүйлөшүүлөрдү токтотот жана сүйлөшүүгө рейтингдин жогорулугу боюнча андан кийинки консультантты сүйлөшүүгө чакырат же консультанттарга кайталап тандоо өткөрүлөт.
7. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жеңүүчү аныкталган күндөн 7 күн өткөндөн кийин келишимге кол коюлат.
8. Сатып алуучу уюм түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулар веб-порталында жайгаштырууга тийиш.
5. Даттануунун шарттары
48-берене. Даттануу укугу
1. Конкурстун жол-жоболорун жеткирип берүүчүлөр сатып алуулар жол-жобосунун бардык этабында көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияга мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы аркылуу даттанууга укуктуу.
2. Төмөнкүлөр даттануунун предмети боло албайт:
- ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык ички жеткирип берүүчүлөргө (подрядчыларга) жеңилдиктерди берүү;
- ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык сатып алуучу уюм тарабынан кабыл алынган чечими.
3. Даттануунун натыйжасында таламдары бузулган же бузулушу мүмкүн болгон жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) даттануунун жол-жоболоруна катышууга укуктуу. Даттануу жөнүндө билдирүү алган, бирок мындай жол-жобого катышпаган жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) кийин ушул сыяктуу даттануу укугунан ажыратылат.
49-берене. Даттанууларды кароо боюнча орган жана аны кароо жол-жобосу
1. Даттанууларды калыс кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү даттанууларды жана нааразылыктарды кароо боюнча көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияны (мындан ары - көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия) түзөт, ал коомчулуктун, мамлекеттик сатып алуулар жаатында сертификацияланган адистердин өкүлдөрүнөн турат. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жобону жетекчиликке алат.
2. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын катчылыгы катары мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чыгат.
3. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия даттанууларды алгандыгы тууралуу ошол замат сатып алуучу уюмга кабарлайт жана сатып алуулар жол-жобосун 10 күнгө токтотот. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия даттанууну сатып алуучу уюмдун жана даттануу берген катышуучунун катышуусунда карап чыгат. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия 7 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү жүйөлү чечимди чыгарат жана төмөнкүлөрдү камтыган чечимди мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырат:
- чечим кабыл алуунун себептеринин негиздемеси;
- даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган, баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар.
4. Кабыл алынган чечимде, эгерде мындай маалыматтарды ачуу жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыгына зыян алып келсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоолдук кылса, эгер андай маалыматтарды ачуу жөнүндө сот тарабынан токтом кабыл алынбаса ушул сыяктуу маалыматтар камтылууга тийиш эмес.
5. Эгерде жеткирип берүүчүнүн (подрядчынын) даттануусу негиздүү болсо, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия төмөнкү укук коргоонун бир же бир нече каражаттарын көрсөтүүгө тийиш:
1) сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттерди жасоого же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз жол-жоболорду колдонууга тыюу салуу;
2) сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук же жарым-жартылай жокко чыгаруу;
3) конкурстун жол-жоболорунун шарттарын бузган сатып алуучу уюмдун чечимин жокко чыгаруу;
4) сатып алуулар жол-жобосун токтотуу жөнүндө чечим чыгаруу.
6. Даттануу боюнча чечим, эгерде ал ушул Мыйзамдын 49-беренесине ылайык сот тартибинде даттанылбаса акыркы чечим болуп эсептелет.
7. Көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик сатып алуулар жаатында мыйзамдардын талаптарын сактоо предметине сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин даттанууну карай алат. Мындай учурларда көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталгандыгын көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия карап чыгуусу үчүн бул келишимди аткарууну 7 календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотот. Эгерде көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия сатып алуу ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүргүзүлдү деп тааныса, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссия даттануунун негиздүүлүгү тууралуу корутунду берет, катышуучу аны менен конкурсту жараксыз деп таануу үчүн сотко кайрыла алат.
50-берене. Сот тартибинде даттануу
1. Сатып алуу жол-жоболорун жүзөгө ашырууда келип чыккан жеткирип берүүчүлөр (подрядчылар) менен сатып алуучу уюмдун ортосундагы талаштар, ошондой эле ушул Мыйзамдын 48-беренесине ылайык кабыл алынган сатып алуучу уюмдун, көз карандысыз ведомстволор аралык комиссиянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жалпы юрисдикциядагы сотко даттанылат.
2. Ушул главанын жоболору жеткирип берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) бул Мыйзамга ылайык пикир келишпестиктерин алдын ала чечпей туруп сотко кайрылуу укугуна чек койгон катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Мамлекеттик сатып алуулар келишими
51-берене. Мамлекеттик сатып алуулар келишими
1.Мамлекеттик сатып алуулар келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда келишим (контракт) катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелген келишим, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдерин кошпогондо, ага тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
2. Сатып алуучу уюм келишимге кол коюлган күндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкү маалымдарды камтыган маалыматты мамлекеттик сатып алуулар веб-порталына жайгаштырууга тийиш:
- жеткирип берүүчү (подрядчынын) аталышы жана юридикалык дареги;
- конкурсту өткөрүү датасы;
- мамлекеттик сатып алуу предмети;
- товардын бирдиги үчүн баа;
- келишим боюнча сатып алуулардын жалпы суммасы.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдерге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.
4. Мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жүргүзбөстөн минималдуу босоголук суммадан жогору түзүлгөн мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим, ушул Мыйзамдын 21-беренесинде каралган учурлардан тышкары, ишке жараксыз деп таанылат жана бул келишим боюнча төлөнгөн бардык чыгашалардын орду ушундай чечим кабыл алган сатып алуучу уюмдардын жетекчилеринин эсебинен толтурулууга тийиш.
52-берене. Келишимди аткаруу үчүн кепилдикти камсыздоо
1. Сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүдөн (подрядчыдан) келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо талап кылышы мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-бөлүмүндө белгиленген кепилдикти камсыздоо депозиттер түрүндөгү накталай акчалай каражат, казыналык облигациялар, банк кепилдиктери, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, көрсөтүүгө берилген депозиттик сертификаттар, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген кепилдиктер, күрөөлүк камсыз кылуулар түрүндө берилиши мүмкүн. Сатып алуучу уюм келишимди аткаруунун кепилдигин камсыздоо катары аткарылган иштин актысынын жыйынтыгы боюнча ар бир төлөмдөн 10 пайызга чейин кармоо жөнүндөгү шарттарды келишимге киргизе алат. Кепилдикти камсыз кылуу келишимде каралган айыптан эки эсе өлчөмдө ашышы же келишимдин 10 пайыздык наркынан жогору болуусу мүмкүн эмес. Кепилдикти камсыздоо келишим боюнча милдеттенмелер аткарылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде жеткирип берүүчүгө (подрядчыга) кайтарылат.
53-берене. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негиздери
1. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге жеткирип берүүчүнү (подрядчыны) тандоо үчүн негиз болуп эсептелген сапаттар жана башка шарттар өзгөрүлбөгөн учурда, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимди аткаруу процессинде окшош сатып алынуучу товарларга, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө болгон баа азаюу жагына өзгөрүлсө, товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон бааны, тиешелүү түрдө келишимдин суммасын төмөндөтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тараптардын өз ара макулдугу боюнча жол берилет.
2. Ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 1 жана 2-бөлүмдөрүнө ылайык сатып алуучу уюм товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көбөйүү же азаюу бөлүгүнө кол коюлган келишимге өзгөртүү киргизе алат.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлгөн келишимге конкурсту өткөрүүдө жеткирип берүүчүлөрдү (подрядчыларды) тандоо үчүн критерий болуп саналган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
4. Келишимге кол коюу датасынан кийин товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көбөйтүүгө же азайтууга алып келе турган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы салыктарга, жыйымдарга же милдеттүү төлөмдөргө тийиштүү кандайдыр бир өзгөртүү болсо, сатып алуучу уюм тийиштүү түрдө келишимдин наркын көбөйтүүгө же азайтууга тийиш.
54-берене. Келишимдин колдонулушуш токтотуу
1. Келишимди түзүүдө тараптар негиз кылган жагдайлар олуттуу өзгөрүүлөр жана келишим түзүү учурунда көрө билүүгө мүмкүн болбогон өзгөрүүлөр келип чыкканда жана эгерде бул учурда келишимди аткаруу мамлекеттик кызыкчылыктарга карама-каршы келсе, мындай жагдайлар белгилүү болгондон кийин 2 жуманын ичинде сатып алуучу тарап келишимди бузат. Бул ченем мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө түзүлүүчү келишимде чагылдырылууга тийиш.
2. Эгерде келишим ушул берененин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн ушундай жагдайлардан улам бузулган болсо, тараптардын сарпталган чыгашаларынын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жүргүзүлөт.
3. Бардык милдеттенмелер аткарылганда.
55-берене. Келишим боюнча талаш-тартыштар
1. Түзүлгөн келишимди аткаруу менен байланыштуу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда келишимдин тараптары себептерди көрсөтүү менен башка тарапка дооматтарды берүүгө укуктуу.
2. Башка тараптын дооматын алган тарап, аны кароого жана доомат берилген күндөн баштап он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жооп берүүгө милдеттүү.
3. Эгерде доомат четке кагылса же ушул берененин 2-бөлүмүндө каралган мөөнөттүн ичинде ага жооп берилбесе, кызыкдар тарап сотко кайрылууга укуктуу.
7. Корутунду жоболор
56-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004жыл, № 9, 409-бер.);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2008-жылдын 1-августу, № 58);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 236 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2009-жылдын 4-августу, № 67);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2011-жылдын 15-июлу, № 57);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-декабрындагы № 235 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2011-жылдын 16-декабры, № 107);
- «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2012-жылдын 16-августу, № 71-72);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-майындагы № 84 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2013-жылдын 4-июну, № 46);
- «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамы («Эркин-Тоо» газетасы, 2013-жылдын 2-августу, № 65).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |