Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 31-марты № 193
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргаз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолорду жана өзгөртүү киргизилсин.
1. 120-беренеде:
- 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) атайын салык режимин колдонгон ишкердик субъекттери менен бүтүмдөр түзүлгөндө.";
- 3-бөлүгүндө "рыноктук баадан" деген сөздөрдөн кийин "20 пайыздан көп" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын.
2. 153-берене төмөнкү мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
"37) "Турак жайларды куруучу'" - турак жай курулмаларынын курулушун ишке ашыруучу уюм жана/же жеке ишкер.".
3. 367-берененин 8-пункту "коомдук тамактануу" деген сөздөрдөн кийин "жана турак жайларды куруучу" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 368-берене төмөнкү мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Салыктык контракттын негизинде салык төлөөгө өтүүчү турак жайларды куруучулар үчүн ушул Кодекстин 369-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган мезгил салыктык мезгил болуп саналат.".
5. 369-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "ниеттенген салык төлөөчү," деген сөздөрдөн кийин "турак жайларды «куруучуларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын.
- 3-бөлүк төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Турак жайларды куруучулар менен контракт турак жай курулмаларын өзүнчө алганда ар бир объект боюнча, салык органдары менен салыштырып текшерүү актысынын негизинде салык милдеттенмелерин ар жыл сайын тактоо менен, ырааттуу 36 айдан ашык эмес мөөнөткө түзүлөт.";
- берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Турак жай куруучулар контракттын негизинде салык төлөөнүн режимин колдонууга, ошондой эле календардык жылдын ичинде контрактаты кайра түзүүгө укуктуу".
6. 370-беренеде:
- төмөнкү мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Турак жай куруучулар үчүн салык милдеттенмесинин суммасы турак жай курулмасынын жалпы аянты боюнча долбоордук документацияга жана/же турак жай курулушунун иш жүзүндөгү аянты боюнча аныкталат.
Турак жай куруучулар үчүн контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасын эсептөө төмөнкүдөй формула менен жүргүзүлөт:
СС =А х Бс х Зк, мында:
СС - контракт боюнча салыктык милдеттенменин суммасы;
А - долбоордук документация, техникалык паспорт жана/же чарчы метр менен иш жүзундөгү аянты боюнча батирдин жана/же турак үйүнүн жалпы аянты;
Бс -1 чарчы метри үчүн 900 сомго барабар болгон белгиленген салыктык ставка;
Зк - зоналык коэффициент ушул Кодекстин XIII бөлүмү менен белгиленген чекте колдонулат.";
- 3-бөлүктө "кайра түзгөндө," деген сөздөрдөн кийин "турак жай куруучуларынан сырткары," деген сөздөр менен толукталсын.
7. 371-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"371-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салыктык отчет берүү
1. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө ар бир айдын 15инен кийинки күнгө чейин ай сайын жүргүзүлөт.
2. Эгерде ушул беренеде башкасы каралбаса, турак жай куруучуларынын иши боюнча контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштө ай сайын ишке ашырылат:
1) биринчи 12 ырааттуу айда - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 20 пайызынан кем эмес өлчөмүндө;
2) кийинки 12 ырааттуу айда - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 30 пайызынан кем эмес өлчөмүндө.
Турак жай куруучулары контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.
3. Контракт түзгөн салык төлөөчүлөр бирдиктүү салыктык декларацияны, анын ичинде милдеттенмелерди аткаруу контракттын негизинде жүргүзүлүүчү иштер боюнча да берүүгө милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|