Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 3-апрели № 200
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чемимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-январындагы № 26 "Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануу тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана биринчи пунктта "катарында пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катарында пайдалануунун тартибинде:
мамлекеттик тилдеги тексттин аталышында жана тексттин 1-пунктунда "катары пайдалануу" жана "катарында пайдалануунун" деген сөздөр "катары колдонуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Биринчи вице-нремьер-министрдин милдетин аткаруучу, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу |
Дж.К. Оторбаев |