Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 31-январы № 26
Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу тартиби жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200, 2017-жылдын 20-январындагы № 37, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын "Интернет" түйүнүндө дарек катарында Кыргыз Республикасынын аймагында пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуунун тиркелген тартиби бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| А.Исабеков |
Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуу ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 200, 2017-жылдын 20-январындагы № 37, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө дарек катары колдонуунун тартиби (мындан ары - Тартип) "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26, 46-беренелерине ылайык иштелип чыккан жана товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдү, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштарын жана фирмалык аталыштарды "Интернет" түйүнүндө, анын ичинде домендик ысымда дарек катары жана даректештирүүнүн башка ыкмаларында Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Негизги түшүнүктөр.
Бул Тартипте пайдаланылган түшүнүктөр төмөндөгү мааниде колдонулат:
- IР - дарек, сандык формада берилген, "Интернет" түйүнүндө, анын ичинде домендик ысымда маалыматтын жайгашуу ордун аныктоочу дарек;
- домендик ысым - IР-даректин символдук берилиши (мисалы, www. Infoart.kg).
- КG - эл аралык стандартка ылайык Кыргыз Республикасынын эки орундуу сан түрүндөгү коду;
- аймак. КG - "Интернет" түйүнүнүн кыргыз сегменти үчүн бөлүнгөн домендик ысымдардын жыйындысы;
- администратор - домендик ысымдарды каттоочу жана домендик ысымдын бар экендигинин мүмкүндүгүн техникалык камсыз кылуучу уюм.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Тартиптин ченемдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белгилерге, тейлөө белгилерине, географиялык көрсөтмөлөргө, товар чыгарылган жердин аталышына жана фирмалык аталыштарга (мындан ары - өнөржай менчиги объектилери) жайылтылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын аймагында өнөржай менчиги объектилерин алардын укук ээлеринин уруксатысыз домендик ысымдар катары пайдалануу өнөржай менчиги объектисинин укук ээсинин өзгөчө укугун бузуу болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Өнөржай менчиги объектисинин укук ээсинин өзгөчө укугун бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти Домендик ысымдардын базасында алардын укук ээлеринин уруксатысыз өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош же бирдей домендик ысымды каттаган юридикалык же жеке жак тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Аймак. КGдеги домендик ысымдардын базасы аймак. КGде (мындан ары - администратор) домендик ысымдарды каттоо жана колдоо боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак тарабынан жүргүзүлөт.
7. Администратор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголуучу өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош домендик ысымды үчүнчү жактардын каттоосуна жана пайдалануусуна байланыштуу пайда болуучу укук бузуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
8. Домендик ысым катары Кыргыз Республикасынын аймагында корголуудагы өнөржай менчиги объектилерин пайдаланууга байланышкан талаш-тартыштар сот тартибинде каралат, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса.
9. Талаш-тартыштарды сотто кароодо доочу тарабынан төмөндөгү далилдердин бири көрсөтүлсө доо канааттандырылышы мүмкүн:
- домендин аталышы доочу укук ээси болуп эсептелген өнөржай менчиги объектиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин бирдей же окшош болсо;
- домендин аталышы өнөржай менчиги объектисинин укук ээсинин өзгөчө укугун бузуп катталса жана пайдаланылса.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-октябрындагы № 555 токтомунун редакциясына ылайык)