Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-апрели № 205
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык ишке ашырылган автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү боюнча пилоттук (эксперименттик) долбоордун алгылыктуу жыйынтыктарына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Автотранспорт каражаттарына цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуудан алынган пайданын 91 пайызы республикалык бюджетке которулууга тийиш экендиги, пайданын 9 пайызы цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерин сатуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын эсебине жибериле тургандыгы белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги ушул токтомдон келип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 573 "Автотранспорттук каражаттарга цифралардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүү тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий газетасынын 2014-жылдын 15-апрелинде № 28 жарыяланды
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |