Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 205 токтому менен бекитилген |
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын
өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163, 2019-жылдын 28-январындагы № 22, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 476 , КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 , 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу ушул Жобого ылайык онлайн-аукцион өткөрүү аркылуу, ошондой эле аны өткөрбөстөн жүргүзүлөт.
3. Автоунаа каражаттары үчүн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилердин тизмеги жана наркы жалпыга таанышуу үчүн расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин тизмеги жана наркы (мындан ары - 2-тизмек) ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык аныкталат жана жалпыга маалымдоо үчүн ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылышат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги - автоунаа каражатынын цифралардын жана/же тамгалардын атайын топтомун камтыган мамлекеттик каттоочу номердик белгиси;
онлайн-аукцион - ыйгарым укуктуу органдын сайтында өткөрүлүүчү цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди жеке адамдарга сатуу методу;
баштапкы баа - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин онлайн-аукциондо баштапкы белгиленген баасы;
онлайн-аукциондун кадамы - онлайн-аукциондун жүрүшүндө старттык бааны жогорулата турган кошумча баа жана онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан жарыяланган ар бир кийинки баа;
катышуучу - ушул Жобо менен онлайн-аукционго катышуу үчүн аныкталуучу, белгиленген тартипте каттоодон өткөн жеке адам;
жеңүүчү - онлайн-аукциондо жеңип алган катышуучу;
ыйгарым укуктуу орган - Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик;
тастыктама - цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу белгиленген формадагы документ/электрондук документ.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин ачык аукцион өткөрүү аркылуу сатуу
5. Тизмектин (ушул Жобонун тиркемеси) 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер онлайн-аукциондо сатылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 токтомдорунун редакциясына ылайык)
51. Онлайн-аукционго катышуу аркылуу Тизмектин 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алууну каалаган жаран ага кошумча катары 2-тизмекке ылайык тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүп, ыйгарым укуктуу органдын сайтында тиешелүү электрондук арызды берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
52. 2-тизмектин талаптарына шайкештигин текшерүүнү камтыган иштеп чыгуудан кийин ыйгарым укуктуу органдын сайтында түзүлгөн электрондук арыз төмөнкү маалыматтары камтыйт:
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги;
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин баштапкы наркы;
- онлайн-аукционду өткөрүү датасы.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Онлайн-аукционду өткөрүү жөнүндө маалымат, каттоо тартиби жөнүндө колдонмо ыйгарым укуктуу органдын сайтында аны өткөрүү датасына чейин 10 календарлык күндөн кечиктирилбестен жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7. Маалыматтык билдирүүдө төмөнкү маалымдар камтылышы керек:
- онлайн-аукционго чыгарылуучу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышын камтыган номердик белги;
- аукционго коюла турган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин баштапкы баасы;
- аукциондун кадамдарынын өлчөмү;
- аукцион өткөрүлө турган дата, убакыт жана формат;
- аукционго катышуу үчүн каттоо мезгили;
- өткөрүлө турган аукцион боюнча маалымат алуу мүмкүн болгон телефондун номери, дарек жана башка байланыш дайындары.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
8. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9. Онлайн-аукциондо сатылуучу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алууну каалаган Кыргыз Республикасынын жараны (мындан ары - жаран):
а) онлайн-аукционго катышуусун каттоо үчүн биринчи каттоо жол-жобосун аткарат, анын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу органдын сайтында жеке кабинетти түзүү үчүн төмөнкү реквизиттерди киргизет:
- мобилдик телефонунун номерин;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын колдонулуудагы паспортунун сериясын жана номерин;
- ыйгарым укуктуу органдын сайтында жайгаштырылган каттоо тартиби жөнүндө колдонмого ылайык кошумча маалыматтарды;
б) электрондук арызда көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини тандайт;
в) онлайн-аукционго катышуусун ыйгарым укуктуу органдын эсебине цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин баштапкы наркынан 30 пайыз өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө жолу менен ырастайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Онлайн-аукционго катышуу үчүн белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн жана онлайн-аукциондо катышуусу ыйгарым укуктуу органдын эсебине цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин баштапкы наркынан 30 пайыз өлчөмүндө кепилденген төгүмдү төлөө жолу менен ырастабаган жаран онлайн-аукционго катышууга киргизилбейт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Тизмектин 1-3-пункттарында жана 2-тизмекте көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгиге карата онлайн-аукциондогу кадам 2000 (эки миң) сомду, ал эми Тизмектин 4-пунктунда көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгиге - 500 (беш жүз) сомду түзөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү болуп, номердик белги үчүн башка катышуучу тарабынан 5 (беш) мүнөттүн ичинде жогорулатылбаган кыйла жогорку бааны берген катышуучу аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Онлайн-аукциондун жыйынтыгы онлайн-аукционду өткөрүү системасы тарабынан автоматтык түрдө түзүлүүчү отчетто чагылдырылат.
Отчетто онлайн-аукциондун жеңүүчүсү тууралуу, цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги, анын баштапкы жана акыркы наркы тууралуу, онлайн-аукциондун катышуучуларынын саны тууралуу, онлайн-аукциондун процессиндеги бардык катышуучулардын ырааттуу кадамдары тууралуу маалыматтар чагылдырылат.
Онлайн-аукциондун жыйынтыгы жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу органдын сайтында ал өткөрүлгөндөн кийинки күнү жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Онлайн-аукциондун жеңүүчүсү 3 жумуш күндүн ичинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги үчүн кепилденген төлөмдүн 30 пайызынан тышкары онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген жыйынтык баасын төлөөгө милдеттүү.
Эгерде онлайн-аукциондун жеңүүчүсү номердик белги үчүн ушул Жободо белгиленген мөөнөттө төлөбөсө, кепилденген төгүм кайтарылып берилбейт жана жеңүүчү болуп андан кийинки кыйла жогорку бааны сунуштаган кийинки катышуучу таанылат.
Бул катышуучу 3 жумушчу күндүн ичинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги үчүн ал өзү сунуштаган, онлайн-аукциондун жүрүшүндө белгиленген бааны, 10 пайыз болгон кепилдик төгүмдү чыгарып салуу менен төлөйт. Эгерде бул сумма көрсөтүлгөн убакыт ичинде төлөнбөсө, онлайн-аукцион болгон жок деп таанылат. Бул учурда ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын аныктайт.
Онлайн-аукциондо жеңүүчү болуп таанылбаган катышуучуларга төлөнгөн кепилдик төгүмү онлайн-аукцион аяктагандан кийинки 6 жумуш күндүн ичинде кайтарылып берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Сатылган номердик белги жөнүндө маалымат расмий сайтында жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө отчет аукциондун жеңүүчүсүнүн кагаз жүзүндөгү тастыктама жана/же электрондук түрдөгү тастыктама алуу укугун ырастоочу документ болуп эсептелет, анда төмөнкү маалымдар камтылат:
- жарандын аты-жөнү, туулган күнү жана жашаган жери;
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги;
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги сатып алынган датасы;.
- электрондук тастыктаманын номери;
- электрондук тастыктама үчүн электрондук санариптик колтамга;
- электрондук тастыктаманын аныктыгын текшерүү үчүн QR-код.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
18. Онлайн-аукцион төмөнкү учурларда болгон жок деп таанылат:
- эгерде онлайн-аукцион башталгандан тартып 30 мүнөттүн ичинде старттык бааны онлайн-аукциондун катталган катышуучуларынын ичинен эч кимиси ырастабаса;
- эгерде бир гана катышуучу каттоодон өтсө.
Ушул пункттун биринчи бөлүгүндө каралган учурлар болгондо, ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын жарыялайт.
Онлайн-аукционду өткөрүүгө тоскоолдук кылуучу системадагы, электр тогун берүүлөрдөгү бузулуулар жана башка форс-мажордук жагдайлар болгон учурларда, ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукционду өткөрүүнүн жаңы датасын, бирок 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен аныктайт.
Ыйгарым укуктуу орган онлайн-аукциондун катышуучусу тарабынан интернетке туташуулардагы бузулуулар үчүн жоопкерчилик тартпайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин аукционду өткөрбөстөн сатуу
19. Тизмектин 5-7-пункттарында көрсөтүлгөн номердик белгилер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аукцион өткөрүлбөстөн сатылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
191. Тизмектин 5-7-пункттарында көрсөтүлгөн номердик белгини сатып алууну каалаган жаран, ага кошумча катары 2-тизмекке ылайык тамгалардын өзгөчө айкалышын көрсөтүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
192. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. Кайрылуу учуруна карата каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги бар болгон, ошондой эле ал 2-тизмектин талаптарына шайкеш келген учурда, жаран:
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини көрсөтүп, арыз берет;
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин жыйынтык наркын төлөйт;
- паспортунун (ID-картасынын) көчүрмөсүн жана акы төлөнгөндүгүн тастыктоочу документти берет.
Ыйгарым укуктуу орган жаранга цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги сатып алынган фактын тастыктоочу сертификатты берет.
Жаран ошондой эле электрондук тастыктама алууга укуктуу, мындай учурларда жаран:
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини тандайт;
- каалаган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини тандоонун жыйынтыгы боюнча система көрсөтүлгөн номердик белги үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт;
- жаран алынган акы төлөө кодунун негизинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгинин наркын төлөйт;
- акы төлөөнү аяктоонун жыйынтыгы боюнча жарандын жеке кабинетинде сатып алынган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгиге электрондук түрдөгү тастыктама автоматтык түрдө түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
21. Тизмектин 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер 3 айдын ичинде кайталап өткөрүлгөн онлайн-аукциондордун жыйынтыктары боюнча сатылбаган учурда, аларды сатуу онлайн-аукционду өткөрбөстөн, алардын баасын Тизмекте белгиленген старттык баадан 20 пайызга азайтуу менен жүргүзүлөт.
Эгерде Тизмектин 5-7-пункттарында көрсөтүлгөн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер аларды сатууга алып чыккан күндөн тартып үч айлык мөөнөттүн ичинде Тизмекте белгиленген баа боюнча сатылбаган учурда, аларды сатып алуу наркы 20 пайызга азайтылат.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 токтомдорунун редакциясына ылайык)
211. Эгерде ушул Жобонун 21-пунктунда көрсөтүлгүн цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилер алардын наркы 20 пайызга төмөндөтүлгөн күндөн тартып алты айлык мөөнөттө калдык баасы боюнча сатылбаган учурда, аларды сатып алуунун наркы кошумча 30 пайызга арзандатылат.
21-пунктка жана ушул пункттун биринчи абзацына ылайык каралган наркын арзандатуу 2-тизмекте көрсөтүлгөн тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерине карата дагы колдонулат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
22. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин берүү жана тастыктамага болгон жеке менчик укугун башка жакка өткөрүп берүү тартиби
(Аталышы КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 22 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Жаран төмөнкүлөргө укуктуу:
- тастыктама алгандан кийин тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;
- цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини сатып алуу фактысын ырастоочу электрондук тастыктаманы кагаз жүзүндө басып чыгарууга жана аны электрондук тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн ыйгарым укуктуу органга көрсөтүүгө;
- электрондук тастыктамада көрсөтүлгөн цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алуу үчүн өзүнүн жеке маалыматтарын (аты-жөнүн, ИЖН) билдирүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
"Транспорттук каражаттардын регистри" автоматташтырылган маалыматтык системасында сатып алынган цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белги жөнүндө маалыматтар чагылдырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
24. Ыйгарым укуктуу орган үч жумуш күндүн ичинде кагаз жүзүндөгү тастыктаманы жана/же электрондук түрдөгү тастыктаманы берген адамга номердик белгини берет. Цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини алган күндөн тартып жаран аны каттоого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органда каттоого турууга милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452, 2024-жылдын 22-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
25. Жаран кагаз жүзүндөгү тастыктамага жана/же электрондук тастыктамага болгон менчик укугун башка жакка өткөрүп берүүгө укуктуу.
Кагаз жүзүндөгү тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн тараптар төмөнкүдөй документтерди берүү менен ыйгарым укуктуу органга кайрылат:
- тараптардын паспортун (ID-картасын);
- тараптардын тастыктаманы өткөрүп берүү жөнүндө биргелешкен арызын;
- тастыктаманы кайра тариздөө наркын төлөө жөнүндө квитанцияны.
Жогоруда аталган документтер берилгенден кийин ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тастыктаманы жаңы ээсине токтоосуз берет.
Электрондук тастыктаманы башка жакка тариздөө үчүн:
- сатып алуучу онлайн-аукцион системасындагы "Тастыктамаларды кайра тариздөө" кошумча тиркемесине электрондук тастыктаманын жана сатуучунун паспорттук маалыматтарын киргизет жана суроо-талапты сатуучунун ырастоосуна жиберет;
- сатуучу онлайн-аукцион системасындагы жеке кабинетинде булут электрондук санариптик колтамга аркылуу сатып алуучудан кайра тариздөөгө суроо-талапты ырастайт;
- электрондук тастыктаманы кайра тариздөөгө суроо-талап ырасталгандан кийин онлайн-аукцион системасы электрондук тастыктаманы кайра тариздөө үчүн акы төлөө кодун автоматтык түрдө түзөт жана сатып алуучуга акы төлөө үчүн жөнөтөт;
- сатып алуучу акы төлөгөндөн кийин сатып алуучунун жеке кабинетинде цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгини кайра тариздөөгө электрондук тастыктама түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 452 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобого тиркеме |
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу цифралардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин ТИЗМЕГИ ЖАНА НАРКЫ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 163 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Цифралардын айкалышы | Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы (даярдоо жана жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды эсепке албастан, сом менен) |
1 | 001, 777, 888, 999 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 50000 |
2 | 111, 222, 333, 444, 555, 666 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 30000 |
3 | 007, 100, 200, 300, 400, 500, 600, 700, 800, 900 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 20000 |
4 | 002, 003, 004, 005, 006, 008, 009, 010, 020, 030, 040, 050, 060, 070, 080, 090, 460, 470, 570 | Онлайн-аукциондогу баштапкы баасы 10000 |
5 | 015, 055, 077, 088, 101, 110, 202, 211, 221, 250, 330, 350, 505, 550, 707, 740, 750, 770, 808, 880, 909, 990 | 4500 |
6 | 011, 012, 013, 014, 016, 017, 018, 019, 022, 033, 044, 066, 099, 102, 103, 220, 303, 312, 404, 440, 606, 660 | 3000 |
7 | 121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 450, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 787, 797, 767, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989 | 1500 |
Эскертүү: Мамлекеттик каттоочу номер белгилеринин наркы салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.
|
| Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилерин сатуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Автоунаа каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу тамгалардын өзгөчө айкалышындагы номердик белгилеринин ТИЗМЕГИ ЖАНА НАРКЫ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-августундагы № 453 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Тамгалардын айкалышы | Наркы сом менен) |
1 | Бирдей айкалыштагы тамгалар, мисалы: AAA, BBB, DDD, XXX, RRR ж.б. | 30000 |
2 | Ар түрдүү айкалыштагы тамгалар, мисалы: NEO, MMA ж.б. | 12000 |
Төмөнкүлөргө жол берилбейт: 1) мамлекеттик органдардын же мамлекеттер аралык бирикмелердин аббревиатураларынын тамга айкалыштарын көрсөтүүгө; 2) адепсиз, уят же эки мааниге ээ болгон тамга айкалыштарын көрсөтүүгө; | ||