Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 10-апрели № 206
“2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- “2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- 2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри жана Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |
| Долбоор |
1-берене.
2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) ратификациялансын
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына билдирсин.
3-берене.
Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-апрелиндеги № 206 токтому менен жактырылды |
1. 2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) (мындан ары – Макулдашуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча:
Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
2. Макулдашууну ратификациялоонун натыйжасында мүмкүн болуучу финансы-экономикалык жана башка кесепеттер тууралуу маселеси боюнча:
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) долбоору кызыкдар министрликтер жана административдик ведомстволор менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттери тарабынан каралган жана жактырылган (Бюджет жана финансы боюнча комитеттин 2013-жылдын 21-октябрындагы чечими, Социалдык саясат боюнча комитеттин 2013-жылдын 22-октябрындагы чечими, Эл аралык иштер боюнча комитеттин 2013-жылдын 28-октябрындагы чечими).
Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Саламаттык сактоонун жана социалдык коргоонун экинчи долбоору) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 464-б буйругу менен жактырылган жана 2013-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Дүйнөлүк банк Саламаттык сактоону реформалоонун 2012-2016-жылдарга “Ден соолук” улуттук программасын (мындан ары – “Ден соолук” программасы) ишке ашырууга финансылык колдоо көрсөтүүдө өнүктүрүү боюнча өнөктөштүн бири катары 13,5 млн. АКШ долларын берет, анын ичинде 55 % - кредит (жылдык 0,78%), 45 % - грант.
“Ден соолук” программасы калктын социалдык статусуна, гендердик айырмачылыктарына жана камсыздандыруу статусуна карабастан калктын бардык катмарына сапаттуу медициналык-санитардык жана профилактикалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылууга багытталган жана ал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тутумун реформалоонун мурдагы “Манас” (1996-2005-жылдар) жана «Манас таалими» (2006-2011-жылдар) улуттук программаларынын логикалык уландысы болуп эсептелет.
2006-жылдан баштап саламаттык сактоо тутумун реформалоо кеңири сектордук мамиленин (Sector Wide Approach - SWAp) алкагында төмөнкү принциптерди колдонуу менен жүргүзүлүүдө: сектор үчүн бирдиктүү Улуттук программа, саламаттык сактоо жагына артыкчылык берилген өнөктөштүк, донордук күч аракеттерди синхрондоштуруу, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу эл аралык өнөктөштөрдүн каражаттарын топтоо жана аларды сектордун чыгымдарына пайдалануу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Ден соолук” программасын ишке ашыруу боюнча өнүктүрүүдөгү өнөктөштөрдүн ортосунда Өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен билдирүүсүндө каралган эки тараптуу баалоо механизмин пайдалануу менен жылдык биргелешкен серептер аркылуу секторго жана координациялоо механизмдерине мониторинг жүргүзүү. Бул мамиленин жогорку натыйжалуулугун эсепке алуу менен “Ден соолук” программасын ишке ашырууда SWAp принцибин пайдалануу сакталды.
Каржылоо жөнүндө бул макулдашуу “Ден соолук” программасын ишке ашырууда Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын финансылык жардамынын шарттарын жана жол-жобосун чагылдырат: төлөп берүү механизмдерин, каржылоо каражаттарын тандап алууну, каржылоо каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчеттуулук.
Долбоордун аткаруучу агенти болуп Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эсептелет.
Каржылоо каражаттарынын тандап алынбаган калдыгын резервге коюу үчүн Алуучу төлөгөн комиссиянын максималдуу өлчөмү жылына бир пайыздын жарымын түзөт (1%дын 1/2).
Кредиттик каражаттардын тандап алынган калдыгы боюнча Алуучу тейлөө үчүн төлөгөн комиссия жылына бир пайыздын төрттөн үч бөлүгүн түзөт (1 %дын 3/4).
Төлөө мөөнөтү – 2023-жылдын 15-августунан тартып 2033-жылдын 15-февралына чейин.