Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2014-жылдын 11-апрели № 210
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу
номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди берүүнүн жол-жоболорун тартипке салуу жана автоунаа каражаттарынын ээлерин идентификациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Автоунаа каражаттарына мамлекеттик каттоочу ысымдуу номердик белгилерди сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-сентябрындагы № 482 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 649 “Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2014-жылдын 15-апрелинде № 28 саны менен жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмү бөлүмүнө жүктөлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |