Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 210 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2012-жылдын 26-сентябры № 649
Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 1278-V "Автотранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоонун номерлик белгилерин берүүгө карата жаңы мамилелер жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында, Бишкек жана Ош шаарларында Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүү боюнча сынамык долбоор ишке ашырылсын.
2. Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин берүүнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Автотранспорт каражаттарга мамлекеттик каттоонун жеке (ысымдуу) номердик белгилерин пайдалануу берүүдөн түшкөн таза пайданын 50 проценти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке кириштелүүгө тийиштиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы:
- бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
- бул токтом күчүнө кирген күндөн 12 ай өткөндөн кийин сынамык долбоордун таасирине талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 28-сентябрында № 85 жарыяланды
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| Ж.Сатыбалдиев |