Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН
КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН
ЧЕЧИМИ
2014-жылдын 11-июну №33
жаран Бавабек уулу Замирбектин кызыкчылыгын көздөгөн Айнур Мукашевна Бекбоеванын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы:
төрагалык кылуучу - судья М.Ш.Касымалиевдин,
судьялар - Ч.А.Айдарбекова, М.Р.Бобукеева, Д.М.Макешов, Э.Т.Мамыров, А.О.Нарынбекова, Э.Ж.Осконбаев, Ч.О.Осмонова, К.С.Сооронкулованын курамында,
сот жыйналышынын катчысы: М.Э.Толобалдиевдин катчылыгы менен;
кайрылуучу тарап: жаран Бавабек уулу З. жана анын ишеним катынын негизинде өкүлү болгон А.М.Бекбоеванын;
жоопкер-тарап: ишеним каттын негизиндеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү М.И.Арзиевдин;
башка жак - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним катынын негизинде өкүлү М.И.Токтосуновдун катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциянын 97-беренесинин 1, 6-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 1, 4, 18, 19, 24, 37 жана 42-беренелерин жетекчиликке алып, ачык сот жыйналышында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын (мындан ары - Тартип уставы) 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти карады.
Ишти кароого жаран З.Бавабек уулунун кызыкчылыгын көздөгөн А.М.Бекбоеванын өтүнүчү себеп болду.
Ишти кароого негиз болуп Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүнүн талаш туудурган ченемдердин Конституцияга ылайык келүү жөнүндө маселеде күмөндүүлүк пайда болгондугу саналды.
Сот жыйналышына ишти даярдоону жүргүзгөн судья - баяндамачы М.Р.Бобукееванын маалыматын угуп, берилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
ТАПТЫ:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына (мындан ары - Конституциялык палата) 2013-жылдын 4-декабрында жаран З.Бавабек уулунун кызыкчылыгын көздөгөн А.М.Бекбоевадан Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 59 жана 93-беренелерине ылайык келбейт деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Сунушталган материалдарга ылайык, З.Бавабек уулу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги (мындан ары - УКМК) анык аскердик кызматтан 2011-жылдын 24-октябрындагы УКМК кенже офицерлеринин жолдоштук абийир сотунун пикирин эске алуу менен бошотулган.
Кайрылуучу субъект белгилейт, Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек. Арыз берүүчүнүн пикири боюнча, Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат (93-беренесинин 1-бөлүгү), ошону менен бирге Конституция жарандардын аксакалдар сотторун уюштуруу мүмкүнчүлүгүнө жол берет (59-берене). Конституция атайы бөтөнчө сотторду түзүүгө жол бербейт (93-беренесинин 3-бөлүгү). Андан тышкары, А.М.Бекбоева жолдоштук сотторду түзүү Конституцияда каралган эмес деп эсептейт.
Конституциялык палатанын судьялар коллегиясынын аныктамасы менен жаран З.Бавабек уулунун кызыкчылыгын көздөгөн А.М.Бекбоеванын өтүнүчү 2014-жылдын 14-январындагы конституциялык сот өндүрүшүнө кабыл алынган.
Соттук жыйналышта жаран З.Бавабек уулу, анын өкүлү А.М.Бекбоева өздөрүнүн өтүнүчүн колдоп, аны канааттандырууну суранышты.
Жоопкер-тарап Тартип уставынын талашылып жаткан ченемдери Конституцияга карама-каршы келбейт деп, кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранды.
Конституциялык палата тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, соттук жыйналышка катышкан башка жактын түшүндүрүүлөрүн угуп, төмөнкүдөй тыянактарга келди:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык палата кайрылууда ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Демек, бул иш боюнча Конституциялык палатанын кароосунун предмети болуп, төмөнкүдөй мазмундагы Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү саналат:
"Мындан тышкары, офицерлердин жана прапорщиктердин жорук-жосундары офицерлер менен прапорщиктердин жолдоштук абийир сотторунда каралышы мүмкүн. Офицерлер менен прапорщиктердин жорук-жосундарын жолдоштук абийир сотторунда кароо жөнүндө чечим сот түзүлгөн аскердик бөлүктөрдүн командирлери, ошондой эле алардын улук зардалдары тарабынан кабыл алынат.
Офицерлердин жана прапорщиктердин жорук-жосундарын жолдоштук абийир сотторунда кароо менен бир эле мезгилде ушул эле жорук-жосун үчүн аларга тартиптик жаза берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тыюу салынат.
Кызматын же аскердик наамын төмөндөтүү жөнүндө, кесиптик билим берүүчү аскердик билим берүү мекемесинен чыгаруу жана аскер кызматынан бошотуу жөнүндө жолдоштук абийир сотунун өтүнүчү боюнча чечим мындай укук берилген командир (зардал) тарабынан ага бул өтүнүч түшкөн учурдан тартып бир айлык мөөнөттө кабыл алынат".
1998-жылдын 7-августундагы № 116 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип Уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда бекитилген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 1998-жылдын 16-сентябрындагы № 133-140 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы мыйзам болуп эсептелет.
2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет болуп саналат (1-берененин 1-бөлүгү), анда мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибинде негизделет (3-берене).
Бийликтерди бөлүштүрүү мыйзам жаратуу, мамлекеттик башкаруу жана сот адилеттиги сыяктуу иш аракеттерди табигый чектөөгө негизделет.
Конституциянын 93-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Адилет сот тутумуна, сот өндүрүшүнүн тартибин, эрежелерин жана принциптерин кармоо менен, мыйзам тарабынан орнотулган процесстик таризде жарандык, жазык жана башка иштерди кароо жолу менен сот адилеттигин аткарып жаткан Жогорку сот жана жергиликтүү соттор кирет.
Талаш-тартыштарды жана карама-каршылыктарды чечүүчү башка бардык институттар адилет сот тутумуна кирбейт.
3. Аскердик кызмат - мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү, мамлекеттин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу боюнча милдеттерди аткарган аскердик кызматтардагы жарандардын кесиптик кызмат ишмердүүлүгү. Буга окшогон ишмердүүлүк мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгында жүргүзүлөт, ал эми аскердик кызмат өтөгөн адамдар, конституциялык маанидеги кызматтарды аткарышат, мына ушуну менен алардын атайын укуктук статусу, аларга карата болгон мамлекеттин милдеттеринин мазмуну жана мүнөзү жана алардын мамлекетке карата болгон милдеттеринин мүнөзү аныкталат.
Тартип уставы аскердик тартиптин маңызын, аскер кызматчыларынын өз милдеттерин аткаруусун, сыйлыктардын жана тартип жазаларынын түрлөрүн, аларды колдонуу боюнча командирлердин (зардалдардын) укугун, ошондой эле сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароо тартибин аныктаган негизги акт болуп саналат.
Аскер кызматчылары болуп саналган улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык аскердик кызматын Куралдуу күчтөрдүн жалпы аскердик уставдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде өтөшөт (17-берене).
4. "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы аскер кызматчыларына коюлган милдеттерди кандай гана шарттарда болбосун кыңк этпестен аткаруу зарылчылыгын бекемдөө менен, аскердик парздын маңызы аскер кызматчыларын тартиптүү болууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын так сактоого, командирлердин жана начальниктердин буйруктарын аткарууга милдеттендирүүнү камтыйт (25-берене). Аталган мыйзамдын жоболору менен ченемдик бирдикте Тартип уставынын жоболору бар, анда аскердик тартип бардык аскер кызматчылары тарабынан мыйзамдарда, аскердик уставдарда жана командирлердин (зардалдардын) буйруктарында белгиленген ирээттүүлүктүн жана эрежелердин бекем жана так сакталышы болуп саналат (Тартип уставынын 1-беренеси).
Тартип уставына ылайык, аскердик тартипти, коомдук тартипти бузганы үчүн аскер кызматчысы тартип жоопкерчилигин тартат. Муну эске алуу менен, Тартип уставы тарабынан орнотулган аскер кызматчыларын тартип жоопкерчилигине тартуунун эреже-шарттары өзүнчө өзгөчөлүккө ээ, ал аскер кызматчыларынын тартибине жогорулатылган талаптарды койгон аскердик кызматтын мүнөзү менен шартталат.
5. Командирдин (зардалдын) чечими боюнча аскер кызматчыларынын аскердик тартипти же коомдук тартипти бузган жорук-жосундары коомдук айыптоо максатында офицерлер менен прапорщиктердин жолдоштук абийир сотторунда каралышы мүмкүн (Тартип уставынын 53-беренеси).
Жолдоштук абийир сотунун негизги милдети - бул аскердик тартипти же коомдук тартипти бузуучуга коомдук таасир көрсөтүү, аскердик тартипти бекемдөөгө офицерлер менен прапорщиктердин түздөн түз катышуусу, кызматтык милдетти тиешелүү деңгээлде аткарууга ар биринин жоопкерчилигин калыптандыруу.
Аскер кызматкерине таасир этүү чарасын колдонуу жолдоштук абийир соту эмес, ыйгарым укуктуу адамдын чечими менен ишке ашырыла тургандыгы Тартип уставынын 53-пунктунун төртүнчү абзацы менен аныкталган, ага ылайык жолдоштук абийир сотунун чечими мына ушундай укук берилген командир (зардал) тарабынан кабыл алынат. Буга ылайык, күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө жолдоштук абийир сотунун чечими сунуштоочу мүнөзгө ээ. Ошондуктан, офицерлер менен прапорщиктердин жазыгын алдын ала караган коомдук органдын аталышындагы "сот" деген сөздүн болушу, жолдоштук абийир соту адилет сот органы же өзгөчө сот болуп саналат дегенди түшүндүрбөйт. Ушуга байланыштуу, Конституциялык палата кайрылуучу субъект тарабынан талашка түшкөн ченемдердин Конституциянын 93-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келет деп эсептебейт.
Конституциялык палата, арыз берүүчүнүн жолдоштук абийир сотторунун иштөөсүнө жол берилбеш керек деген далилдери негизсиз деп эсептейт, себеби Конституция, эреже катары, маанилүү жалпы мамлекеттик милдеттерди аткарган органдарды түзүүнү карайт. Буга ылайык, Конституцияда кандайдыр бир коомдук органды, анын ичинде жолдоштук абийир сотторун түзүү жөнүндө жобонун жоктугу, аларды түзүүгө жана ишин жүргүзүүгө конституциялык тыюу катары каралбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктун, 8, 9-бөлүктөрүн, "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 46, 47, 48, 51, 52-беренелерин жетекчиликке алып Конституциялык палата,
ЧЕЧТИ:
1. "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставынын 53-беренесинин 2, 3 жана 4-бөлүктөрүн Конституциянын 20-беренесинин 1-бөлүгүнө, 59- жана 93-беренелерине карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат.
4. Чечим Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Конституциялык палатанын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Жарчысына" жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы